Кыргыздын улуу инсаны

Кыргыз эли Азия чөлкөмүндөгү элдердин ичинен эӊ байыркы эл экендигин тарых да тастыктап келет. Элдин улуу көчүн баштап, ак ниеттен кызмат кылган көсөмдөр эч качан унутулбайт, тарых барактарынан, кийинки муундун жүрөгүнөн өчпөс орун алат. Ошондой улуу инсандардын бири, өз доорунун саясий ишмери – Алымбек датка.

 

Улуу Көчтүн баштоочусу

Маматемин Эркебаевдин маалыматы боюнча, Алымбек 1800-ж. туулган. Ал эми Курманжан датканын коомдук-саясий ишмердигин изилдөөгө бараандуу салым кошкон Турсунай Өмүрзакова Алымбек датка 1799-ж. жарык дүйнөгө келген деп эсептейт.

Алымбек датканын басып өткөн жолун иликтегенде, саясий көз карашынын жана саясий ишмер катары калыптанышын эки этапка бөлүп карасак болот. Биринчи этабы 1800-жылдан 1827-жылга чейинки, тагыраак айтканда, Алымбек Асан бий уулу төрөлгөндөн Кокон хандыгынын ордосунда кызмат кыла баштаганга чейинки мезгилди камтыйт. Экинчи этабы – 1827-жылдан 1863-жылга, башкача айтканда ал Кокон хандыгына кызмат кыла баштагандан көз жумганга чейинки мезгил.

Алымбек датка Асан бий уулу (1799-1862-жж.) – кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. XIX к. 30-60-жж. башында Фергана жана Аркалык кыргыздардын арасында айтып бүткүс эмгеги менен жакшы таанылган, зор кадыр-баркка ээ болуп, улуттун сыймыгына айланган улуу инсан. Алымбек датка Алай өрөөнүндөгү адыгине уруу бирикмесинин манабы Асан бийдин уулу болгон.

Алымбек датка 1831-жылы Кокон ханы Мадалыдан датка наамын алгандан кийин ордонун саясый иш-аракеттерине активдүү катыша баштагандыгын академик Б.Жамгырчинов мындайча ырастайт: “1831-жылы Мадалы хан түндүк кыргыздарын жеӊип алуу аракетин жасаган, ал эми Алай кыргыздарынын үстүнөн хан бийлигинин орнотулушуна Алымбек каршылык көрсөткөн. Памир-Алай кыргыздарынын өз алдынчалыгын көздөп бир нече жолу Кокон хандыгына каршы чыккан”.

Белгилеп кетчү жагдай, Алымбек датканын Кокон хандыгындагы 30 жылга созулган (1831-1862) саясий ишмердигине саресеп салсак, анын атуулдук өзгөчө сапатына – кыргыз элинин кызыкчылыгына кайдигер карап тура албаган, эл тагдырына өзүн жоопкер сезген жана анын келечегине кам көрө билген инсандык касиеттерине күбө болобуз. Ал ордодон датка наамын алгандыгына карабастан, тизе бүгүп чөгөлөбөстөн, хандын саясаты кыргыз кызыкчылыгына каршы келсе тайманбастан, бир нече жолу бийликке каршы көтөрүлүшкө башчылык кылган.

Алымбек датканын хандыктагы таасири 1842-жылдан баштап, ордодогу хандарды тактан түшүрүп, такка коюп, хан көтөргөнгө катышкан саясий окуялардан көрүнүп турат. Ал хандыктын драмалуу турмушуна өктөм аралашып, көптөгөн катаал окуялардын күбөсү гана эмес, түздөн-түз катышуучусу да болуп, ордонун кооптуу оюндарын, саясий сырларын, түпкү максатын тереӊ түшүнгөн.

“Алымбек датканын калк камын жеген чыгаан саясатчы катары кадыр-баркы абдан өскөн учур жана анын мамлекеттик ишмердигинин туу чокусу XIX кылымдын 50-жылдардын аягы 60-жылдардын башына туура келет. Дал ушул жылдарда аркалык кыргыздар дагы аны жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгын коргой ала турган жол башчы катары колдошкону анык”, – деп белгилейт тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Өмүрбеков.

Алымбек датканын саясий иш-аракеттери жөнүндөгү маалыматтар Россия империясынын мезгилинде жазылган архивдерде кездешет. 1860-жылы Верныйдан чыккан Циммермандын тобу Токмок менен Пишпектеги Кокондун чептерин багындырат. Чүй өрөөнүн колдон чыгарбоо үчүн Малла хан ал жакка Алымбек менен Ташкендин беги Канаат шаа башчылык кылган аскерлерди жиберет. Р.Набиевдин ырастоосуна караганда, “Кокон армиясынын башкы командачылыгына Анжияндын акими Алымбек датка дайындалган”.

Ошондогу окуяларды хан сарайынын тарыхчысы Мулла Нияз Мухаммед минтип жазган: “Маллабек хан болгондо Алымбек сарайдагы эӊ эле таасирдүү төрөлөрдөн болуп калат. Ал бир мезгилде хандыктагы ири облустарга – Анжиян менен Наманганга аким болуп дайындалат. 1860-жылы Малла хан аны Куртка аркылуу Чүй өрөөнүнө Кокондун Пишпектеги чебин ээлеп алган орус армиясынын жылышын токтотуу үчүн жөнөтөт”.

Ушул эле учурду академик Б.Жамгырчинов мындайча белгилеген: “Алайдын көрүнүктүү өкүлү болгон Алымбек датка 1860-жылга чейин Наманган округунун башчысы кызматында болгон, ал өзүнө караштуу тегеректен көптөгөн аскер жыйнап, Канаатка жардамга чыккан. Чүй өрөөнүндө Түндүк кыргыздардын урууларынын арасында анын баркы кыргыз феодалдарынын башчысы катары өсүп олтурган. Ал Канаатка баш ийгиси келген эмес, ал эми кыргыз феодалдары башкы командачы катары Канаатты эмес, Алымбекти таанышкан”.

Алымбек Кетмен-Төбө аркылуу Нарын өрөөнүнө өтүп, Куртка чебине тыныккан. Бул маалыматты академик Б.Жамгырчинов мындайча тастыктайт: “Алымбектин таасири жеке эле Түштүктө эмес, Түндүк кыргыздарда да күчтүү болгон. Жолдо ага кыргыз отряддары Анжиян вилайетинен, Кетмен-Төбө, Куртка ж.б. жерлерден кошулуп олтуруп, анын аскерлеринин саны 12 миӊге чейин жеткен”. Кыргыз тарыхчысынын бул пикирин Ч.Валихановдун маалыматы толуктап турат: “Нарын дарыясынын, Сырт тоолорунун этектеринде көчүп жашаган кыргыздар Анжиян башкаруучусуна баш ийишет, ага Нарындагы жана Тогуз-Тородогу Куртка, Жумгал чептери да карайт”.

Кандай болгон күндө да, Малла хан менен Алымбек датканын ортосундагы мамиле сууган. 1861-жылы Малла хан орустарга каршы жүрүшкө чыкмак болот. Бирок кыргыздар ага катышуудан баш тартышат. Себеби Алымбек датка ошол учурдагы саясий кырдаалды түшүнүү менен караган. Ошондо Малла хан Алымбекти камакка алуу жөнүндө буйрук берет. Бирок ал Гүлчөдөн ары, аркалык кыргыздарга качып кетүүгө үлгүрөт. Арадан көп өтпөй, ордодогу кыргыз Кыдыр, түрк Кудайназар, кыргыз-кыпчак Алымкул Малла ханга каршы кутум уюштурушат, ыӊгайлуу кырдаалды колдон чыгарбаган Алымбек датка аларга келип кошулат. Ошол тушта, Кокон тарыхчылары жазгандай, 1862-жылы 24-февралда Малла хан өлтүрүлүп, балтыр эти толо элек Шах Мурад такка отурат. Хан жаш болгондуктан, Алымбек датка аталык милдетти аткарууга киришет. Алымкул Анжиянга, Кыдыр Маргалаӊга, Кудайназар Наманганга бек болуп дайындалышат.

Бул кезде Алымбек датканын кадыр-баркы болуп көрбөгөндөй жогорулап, Кокон хандыгынын эки тизгин, бир чылбырын өз колуна алып калган эле. Бирок кутумчулар арасындагы ырк жарым жылга жетпей бузулат да, кезектеги кутумда Алымбек датка өлтүрүлөт. Бул окуя 1862-жылдын жай мезгилинде болгон. Алымбек датка ошондо 63 жашта эле.

 

Агартууга айкын жол

Алымбек датка өз доорунун саясий ишмери катары гана карабастан агартуучу катары да бааласак болот. Ошол мезгилдеги катаал доордун жоосунан тикелей карама-каршылыкка барып, Курманжан датка энебиздей аялзатын даӊктуу тарыхый аренага алып чыгуу менен, Кыргыз элинин Улуттук маанайын көкөлөтүп, каарман духун чыйралтууда Алымбек датканын жасаган эмгеги эбегейсиз эрдик болгондугу мына ушинтип айдан ачык болуп олтурат. Курманжан датканын тарыхый майданга көтөрүлүүсү жөн жерден болбогонун таасын далилдөөчү дагы бир көрүнүш – бул Алымбек датканын прогрессивдүү эл aгартуучулук ролу зор. Ошол мезгилде эле билим баарынан жогору тураары датка үчүн маанилүү болгон. Саясий ишмердиги менен бирге татаал мезгилде агартуучулук ишине да көӊүл бөлүп, алыска көз чаптырган.

Алайдын даткасы, Анжияндын акими, Кокон хандыгынын вазири болуу менен парваначы деген өзгөчө даражага ээ болуп турган маалда бир нече жылдык катуу аракетинин үзүрүн өткөн кылымдын орто ченинде (50-жылдары) Ош шаарында, ошо тапта Орто Азия шаарларынын ичинен Кокон менен Бухарада гана салыштырууга ылайыктуу курулушу бар атактуу медресени куруп бүтүрөт. Медресе Ак-Буура суусунун оӊ жээгинде, азыркы борбордук базардын чыгыш тарабында жайгашып, чар тараптан келүүчүлөргө шарт түзүп берет. Алымбек датканын салдырган медресеси Фергана өрөөнүндө кылымдар бою өнүгүп келген ажарлуу курулуш куруунун эӊ мыкты үлгүсүндө жасалгаланган, өзүнүн салабаттуулугу жана кооздугу менен таӊ калтырган.

Медреседе үч жыл окушкан. Жыл сайын жүздөн ашуун окуучу ошо тапта атагы Фергана аймагына белгилүү мударистерден билим алып турушкан. Медресенин сабак окуучу бөлмөлөрү, намаз жайы, мударистер бөлмөсү жана 28 жатаканасы бар эле. Медресени жалпысынан үч адам башкарган: окуу башчысы, отун, суу күзөт жана медресенин каралышын камсыз кылуучу, о.э. медресеге ыйгарылып берилген вакифтик жердин, дүкөндөрдүн, устаканалардын башчысы. Айрым жаӊы табылган булактар боюнча медресенин карамагына кирген, башка жерге жайгашкан кол өнөрчүлүк жана кийим тигүүчүлүк бөлүмү да болгон экен. Алымбек датка Орто Азия мейкиндигинде биринчи болуп дин илиминен сырткары алгебра, табийгат таануу, тарых, астрономия, философия сабактарын окутууну баштаган. Мындайча айтканда, Кыргызстандагы университеттик билим берүүнүн негиздөөчүсү болуп эсептелет. Алымбек датканын медресеси кийинчерээк Ош бүтүрүүчүлөрүн иргеп, алдыӊкы билим алып чыгуучуларды даярдоочу жөрөлгөгө биротоло өткөн.

Бизге жеткен тарыхый документтер боюнча, 1859-жылы Алымбек датка өзүнүн менчигиндеги 1825 га. жерди, мурда медресе ишке киришкенден эле бөлүп берген жерине, малына, дүкөндөрүнө жана устаканаларына кошумча иретинде ыйгарат. Медресенин карамагына кирген мүлк ал кезде “вакф” мүлкү деп аталган. Тарыхчылар ырастагандай, Алымбек датка кыргызда биринчи болуп жер айдатып тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү менен тоют жана жем камдоо ыкмасын баштаган. Малды бордоп семиртип, саттырып, андан киреше алууну жолго койгон, медресе үчүн сүт азыктарын даярдаткан. Мындан сырткары дүкөндөрдөн жана устаканалардан медресе үчүн киреше түшүп турган. Эгерде талдап карасак, экономикалык системаны өздөштүрүп, толук чарбалык эсепти өзүн-өзү каржылоону кийиргенин көрөбүз.

Алымбек датканын өзү түздүргөн “Вакф-наме” боюнча (бул документ азыр бар) жалпы түшкөн кирешенин бир бөлүгү медресени кармоого жумшалып, андан соӊ онго бөлүнгөн: 1 – мутавалиге, 3 – мудариске, 1 – имамга, 1 – азанчыга, кароолчуга жана 4 бөлүгү окуучуларга. Мисалы: үч жыл окушкан биринчи тайпадагы окуучулар айына 5 сомдон, экинчи тайпадагылар 10 сомдон, үчүнчү тайпанын айына 5 сомдон окуу пулун алып турушкан. Эгерде ошо тапта 5 сомго бир кой келерин белгилесек, бул эмне акча экенин баамдоо кыйын эмес. Бизге жеткен документтер боюнча, медресенин карамагына кирген дүкөндөр менен устаканалар эле жылына 1500 сомдун айланасында киреше берчү экен.

Алайлык кыргыздардан чыккан Алымбек датка Асан бий уулу басып өткөн жолу, саясий-социалдык ишмерлиги жана алдына койгон максаты, маӊыз-мааниси, идеялык багыты, баалуулугу боюнча бир топ өзгөчөлөнүп турат. Анын саясий ишмер катары жүргүзгөн иш аракеттери, Кокон хандыгынын саясий турмушунда ээлеген ордун, ролун, кыргыз элинин улут катарында калыптануусуна, биригүүсүнө кошкон салымын аныктоо, тактоо жана баа берүү – саясат таануучулардын, тарыхчылардын атуулдук парзы.

Тыныстан АРЗЫБАЕВ,
Улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун илимий кызматкери,
“Кутбилим”, 31.07.2015
-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.