«Гүлсарат» повести тууралуу 9 факты. Танабай ата узак жашаган эмес

Чыңгыз Айтматовдун «Гүлсарат» повести коомду өзгөртүүнү ойлогон коммунист Танабай Бакасов тууралуу татаал психологиялык чыгарма.

Тоталитардык-коммунисттик доордун арааны жүрүп турганда ошол коомдун былык жактарын ачып көрсөтөт. Повесть адам менен жылкынын татаал байланышын чагылдырган чыгарма болуу менен өз кезегинде жалпы советтик адабиятты реформалоого таасирин тийгизди. Бүгүн жазуучунун ак ниет адамдын режим менен күрөштө жеңилүүсүн жана илгери үмүтүн чагылдырган «Гүлсарат» повести тууралуу 9 фактыны сунуштайбыз.

«Гүлсарат» повестинин темасын жазуучу өз биографиясынан алган. Чыңгыз Айтматов жаш чагында Жамбыл (Олуя-Ата) шаарындагы зооветеринардык техникумда окуду. Ошондо шаарда маршал Буденныйдын буйругу менен 1947-жылы уюшулган жылкы заводу боло турган, техникумда теорияда окугандарын практикада сынап көрүү үчүн Иван Григориевич деген мугалимдин жетекчилиги менен студенттер ошол жерде жылкылар тууралуу алгачкы илимий маалыматтарга ээ болгон. 1946-1948-жылдарда Кыргыз айыл чарба институтунда окуу менен ал маалыматтарын тереңдетти. Аны бүтөр менен Кыргыз мал чарбачылыгы илим-изилдөө институтуна караштуу Таластагы асыл тукум завлдуна зоотехник катары жиберилет. Ошол чарбада ал өзү да ат минип, жылкычылар менен коюн-колтук аралашып жүрдү да, кийинки чыгармасына материалдарын тапты. Автордун: «Жаныбарым, Гүлсары» повести бир кыйла даражада автобиографиялуу. Каармандардын көпчүлүгү турмушта бар, мага жакын адамдар. Гүлсары да болгон: дубандан чыккан атактуу жорго эле, кала берсе аты да Гүлсары болчу», – деп айтканы бар.

Повесттин жазылышы жана басылыш тарыхы. Чыгарма орус тилинде жазылган. Биринчи жолу «Новый мир» журналынын 1966-жылдын март айындагы санына «Прощай, Гульсары» деген ат менен жарыяланган. Китептик варианты 1967-жылы Москванын «Молодая гвардия» басмасынан ошол эле ат менен басылып чыккан.

Кыргызчасы көпкө күттүргөн чыгарма. Бул повесттин «Танабайдын келиши» деген чакан бөлүмү «Советтик Кыргызстан» газетасынын 1968-жылдын 22-июнундагы санына басылган бойдон калган бөлүктөрү чыкпай калат. Ал арада автордун бул чыгарманы кыргызчалоого чолосу жок, бир топ жыл өтүп кетет. 1978-жылы гана, арадан он эки жыл өтүп, айылдашы Ашым Жакыпбековдун котормосунда бул чыгарма «Гүлсарат» китебине киргизилип, кыргыз окурмандарына котормо аркылуу жетет.

СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. «Прощай, Гульсары» повестине 1968-жылдын ноябрь айында өлкөнүн мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылат. Бул сыйлык СССРдеги Лениндик сыйлыктан кийинки экинчи орундагы барктуу сыйлык эле.

Төрт аты бар бир эле чыгарма. Повесть элге төрт аты менен тараган: биринчиси – «Кош, Гүлсары» («Прощай, Гульсары»), экинчиси – «Жаныбарым, Гүлсарым», үчүнчүсү – «Гүлсарат», төртүнчүсү – «Гүлсары». Кызыгы, төрт аты тең жылкынын ысымы менен байланышат.

Чыгарма эмне тууралуу экенин автор мындай түшүндүрөт: «Бул повестте мен биздин өлкөнүн тарыхындагы абдан татаал мезгилге мүнөздүү кырдаалды чагылдырганмын. Ал – кээ бир жетекчилердин практикалык аракеттери биздин коомдун түзүлүшүнө база болгон принциптер менен кайчылаш келип турган учур болчу. Андай жетекчилер ар кандай жолдор менен адамдарда тил алчаактык, өзү билбестик, демилгесиздик, ойсуз аткаруучулук сыяктуу сапаттарды жайылтууга аракеттенишкен». Мына ушул идеяны чечүү үчүн жылкычы коммунист Танабайды ортого алат, анын жан бирге аты Гүлсарыны кошо алып жүрүп отурат, досу, чечкинсиз парторг Чоронун, авторитар жетекчилер Сегизбаев, Кашкатаев, Алданов, Ыбрайым ж.б. каармандардын образын берет.

Жаныбардан жанданган Гүлсары. Жазуучунун кыл калеминен Танабайдын минген аты Гүлсары адам сыяктуу ыйлайт, ыр угат, кубанат, кайгырат. Бул адам кыргыз менен жаны бир болуп калган жылкыга өзүнүн жанын кошот. Гүлсары менен Танабай кан-жаны бир макулукка айланат. Адам жылкыны «жаныбарым» деп турат. «Жаныбар» темасын ошентип атаган. «Гүлсарат» бүтүндөй советтик социалисттик коомдун тарыхый трагедиялык жолунун схемасын адам жана ат аркылуу тартып берет.

Танабай ата жана Танабай каарман. Адабий чыгармага негиз болгон Танабай 1903-жылы Кара-Бууранын Шекер айылында, анын аялы Бүбүжан 1928-жылы Арчагул айылында туулган экен. Чыңгыз бала чакта айылдык кеңеште катчы болуп жүргөндө Танабай ат багар болуп иштептир да, жакшы сөздөрүн айтып, жакшы аттарды тандап берип жүрчү экен. Танабай ата менен Бүбүжан апа Аманкул, Анаржан, Байысбек, Жумабү, Күлжакан аттуу эки уул, үч кыздуу болушат. Анаржан кадимки «Бетме-беттеги» Ысмайылдын уулу менен түтүн булатып, үч уул, алты кыздын энеси болот. Танабай атага кудай 54 жаш ыраа кылган экен, 1957-жылы жарыкчылык менен кош айтышат. Албетте, жазуучу бир адамдын тагдырын эле жазып салбайт, бир тагдыр бир чыгарма жазууга түрткү болот.

«Гүлсарат» – искусствонун башка формаларында. Повесттин негизинде 1968-жылы «Мосфильм» киностудиясында «Бег иноходца» («Жоргонун жүрүшү») деген фильм тартылган. Ал режиссёр Сергей Урусовскийдин дебюту болгон. Тасмада Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Фарида Шарипова, Капар Алиев, Нурмухан Жантурин башкы ролдорду ойногон. Экинчи жолу Кыргызстанда 1983-жылы Замир Эралиев устаты Сергей Герасимовдун колдоосу менен «Гүлсаратты» тартмай болот. Танабайдын образын аткарууга Сүймөнкул Чокморов тандалат, бирок катуу ооруп калып, ордуна Болот Бейшеналиев сунушталат, ал да оңдуу болбой, казак актеру Анвар Молдобеков чакырылат. Бирок кино ар кандай себептер менен акыр аягына чейин тартылбайт. Дагы бир фильмди Жамбул облусунун Талас районунда туулган режиссёр Ардак Амиркулов тартты. Ал «Кош бол, Гүлсары» («Прощай, Гульсары») фильми. Кинонун сценарийин Ерлан Нурмухамбетов жана Ержан Рустембеков жазган. Башкы ролдорду Догдурбек Кыдыралиев менен Райхан Айткожанова ойногон. «Ardfilm» (Казакстан) студиясында 2008-жылдарда тартылган.

Чыгарманын негизинде көптөгөн спектаклдер даярдалып, элге көрсөтүлгөн. Алардын бирин Искендер Рыскулов инсценировкалап, Ош театрында коюлган. Соңку учурда ушул эле театр бул чыгармага дагы бир жолу кайрылып, ошол «Гүлсарат» спектакли менен Түркиянын Конья шаарында бир жума гастролдо болгон.

Абдыкерим Муратов, © Sputnik / Табылды Кадырбеков,
“Sputnik-Кыргызстан”, 24.02.2018-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий