Абдыкерим МУРАТОВ: «Ак калпагыбыз башыбыздан түшпөсүн»

Бир даанышмандан сурашат:

— Адам үчүн жараша турган кийимдердин ичинен эң эле ылайыктуусу кайсы кийим?

— Адам үчүн кийимдердин эң эле жарашыктуусу – адеп-ахлак кийими, — деп жооп бериптир ал.

Адамдын кийими жарашыктуу болсо, ал адеп-ахлак белгисидир. Мына ошол адеп-ахлак кийимдеринин эң алдында кыргыздар үчүн ак калпак турат.

 

АТАБЫЗ МАНАС КИЙГЕН АК КАЛПАК

«Манас» эпопеясында Бээжинге согушка жиберерде кырк жигитке Каныкей баштаган канизектер бүт керектүү кийимдерин даярдап берет. Эпосто алардын ар биринин даярдоо технологиялары, курамы, кийүү мезгили так көрсөтүлөт. Мисалы, ак калпак мындай жасалат:

• кедик койдун (уяң жүндүү кичине кой) жүнүн пайдаланат;
• кедик койдун тармал жүнүн колдонот;
• жүндү алуу үчүн койду таза жерге жыктырат;
• койдун жүнүн тасмалдатып кырктырат;
• тогуз жүз кемпирге тыттырат;
• кемпирлер жүндү тырмакка салып тытышат;
• келиндерге кесе бастырат;
• кыздарга кыя тиктирет;
• тогуз ай башта кылдатат (сорттойт, иргейт);
• уздан узга сындатат;
• сайса найза тешкис болот;
• чапса кылыч кескич болот;
• баары алтындан чоктолот (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 90).

Ушундай технологиялардан өткөндөн кийин гана кедик койдун тармал жүнү ысыктуу күндө ышынбай жоого кийүүчү жай калпак жасалат.

Эгерде калпак Каныкейдин билимине, кол өнөрчүлүгүнө чейин териден эле жасалып кийилген болсо, Каныкей кырк бийкеч менен кырк күн узанып отуруп, кийиз калпакты ойлоп тапкан, анын аппак тоо сыяктуу башка кийгизилген жагынын чокусуна кыпкызыл чок тагылган, астына капкара кең кыр салынган. Жусуп Мамайдын варианты боюнча бул калпакты кырк күн кийип жатсаң кыргагына кыр жукпайт, тигишине бит турбайт, Анжиандын ак шайысын, Наменгендин сурпун пайдаланат, кандагай менен каптатат, тармал ириктин жүнүн төрт талаа кылып кийизин жасатат, тигишине милте чаптырат, тышынан чыраш тарттырат, ичинен шайы ичтетет, жээгине кара карматат, борго кошуп болоттон, арасына ширетет, «бүйүрмөлүү оозу бар, бапык таккан боосу бар», «мылтык атса ок өтпөс, милте жанса чок өтпөс, чапса кылыч кесе алгыс, сайса найза теше алгыс» баш кийим болот. Каныкей мына ушул баш кийимди ойлоп таап, аны согуштук-аскердик максатта пайдаланууга ылайыктайт да, ак калпак деп ат коёт. Аскерлердин жоого ак калпак кийип кирген учурлары болгон, ак калпакчандар душманын сүрүп, алыстан эле аппак болуп калпактары көрүнгөн, дал ошол калпак алардын маанайын көтөрүп, кубат берген. Ак калпактарды көргөндө душман апкаарып турган. «Ак калпак» кыргыз аталган. Бата бергенде «башыңдан ак калпагың түшпөсүн» деп бата берген, жигиттерди намыстантуу үчун «ак калпагыңды алып, жоолук салынып ал» дешкен.

Эпосто калпактын бир топ түрү менен кездешебиз: 1. Манас калпак. 2. Бакай калпак. 3. Чоролордун калпагы. 4. Семетей калпак. 5. Аксакалдардын, байлардын калпагы. Демек, Каныкей ак калпакты ойлоп тапканда ар бир адамдын мансап даражасын, зоболосун эске алып, баш кийимдин бычымын ошого ылайыкташкан. Мына ошол Каныкейден башталган ак калпактын түрлөрү кийинки замандарда аябай өркүндөдү: туюк калпак, тилик калпак, талаалуу калпак, талаасыз калпак, айры калпак, оймолуу калпак, оймосуз калпак, жазуулуу калпак, шырыма калпак, хан калпак, карыя калпак, жигит калпак, чоро калпак, бала калпак, өспүрүм калпак ж.б. толгон түрлөрү чыкты.

 

БҮГҮНКҮ КҮН ЖАНА АК КАЛПАК

Бир жолу кыргыз журналисттери Түркиянын Ыстамбул шаарында чоң жыйынга туш келип калдык. Он эки миллион калкы бар шаар мэри, Межилис башканы (парламент спикери), ондогон депутаттар, министрлер, отуздан ашык мамлекеттен делегация катышып жаткан бул жыйында биз – ошол кездеги «Эркин-Тоо» газетасынын жана «Замандаш» журналынын башредакторлору Нурлан Шакиев экөөбүз улуттук ак калпак кийип барган экенбиз, баары эле биздин башыбызга таң кала да, суктана да тигилишет. Атүгүл Түркия депутаттарынын жетекчиси, Орусиянын мусулмандарынын муфтийи биз менен жакын келип, баарлашып, сүрөткө түшүп кетти. Аларды биздин жүзүбүз, бой-келбетибиз кызыктырган жок, аларды башыбыздагы ак калпагыбыз өзүнө тартты.

Дагы бир жолу ошол эле Түркиянын Анталиясынын Белдиби шаарчасындагы «Рихсос» отелинде эл аралык чоң жыйын өтүп жатты. Биз, кыргыз журналисттери, Темирбек Токтогазиев, Жолдошбек Бусурманкулов – үчөөбүз «тегерек үстөлдө» ак калпагыбызды баштан албай отурган элек. Бир убакта эртеси өзүнчө бөлүнүп келген Кыргызстанда иштеген Түркия атуулдарынын бири бизди таң кала карап калган, кийин айтып атпайбы, ак калпак кийген кыргыз боордошторум мага ушунчалык башкача ысык көрүндү деп. Ошол жыйындарды чагылдырган массалык-маалымат каражаттары – телевидение бизди көрсөтүп, газеталар биринчи бетине ак калпак кийген биздин сүрөттөрдү басты.

Дагы бир жолу Түркиянынын Осмон дөөлөтүнүн түбү негизделген Бурса шаарында жүргөн элек. Ушул күндөр болчу. Кыргызстанда «Ак калпак» күнү белгиленип калды. Бурсада ак калпагыбызды башыбызга кийдик да, шаар кыдырдык. Баары ээрчип кара калып атышты…

Эми дагы бир жолу. Ташкентте кыргыз маданий борборунун өкүлдөрү менен кыргыз ресторанынан тамак ичип чыктык, такси жок, жеке менчик машиналар албайт, башкача бир жылдар болчу. Көчөдө ары өткөн-бери өткөн машиналарга кол көтөрүп убарабыз. Бир убакта эски совет «Жигулиси» элүү кадамдай ары өтүп барып токтоду да, кайра буруп келди. «Отургула, жердештер» деди. Анан ал айдоочу менин башымдагы ак калпагымды көрүп өтүп кете албаганын, өзү токмоктук кожолордон болорун, Ташкентке келип жашап калганын жолдо айтып отурду. Жол кире да албады. Өзбекстанда ашыкча адам салуу деги эле мүмкүн эмес болсо да, автосуна алты адамды отургузуп келди. Ак калпак үчүн…

Жогорудагы өзүм көрүп-билген мисалдар кыргыз калпагынын керемет күчүн, адамдарды өзүнө караткан сыйкырын далилдөөчү фактылар…

Дал ушул кыргыз калпагы Анатолий Карпов шахмат боюнча дүйнө чемпиону болгон минуталарда анын башына кийгизилген, дал ушул кыргыз калпагы Эверестти багындырган альпинисттерге тоо чокусунда тартууланган. Бул сүрөттөр кезинде СССРдин эң башкы журналы болгон «Огонёк» басылмасын кооздогон.

Кыргыз калпагы… Дүйнөнүн кайсыл жеринде гана учурабайт да, аны кимдерге гана кийгизбедик?

Түштүктө Совет районуна бир жетекчи барып, убагында кыргыз салттарына, анын ичинде калпак кийүүгө катуу киришкен экен, мына ошол чөлкөм, азыркы Кара-Кулжа району калпак тигүү боюнча учурда өлкөбүздө эң алдыңкы орунда турат, ал жерде калпактардын, элечектердин ондогон жаңы түрлөрү ойлонулуп табылды…

Бирок ушул тапта ак калпагыбызды али да барктай албай келебиз: биринчиден, аны көрүнгөн жерде көрүнгөн кишиге тартуулай берип баркын түшүрдүк; экинчиден, калпак ашка-тойго, жамандык-жакшылыкка сүйрөлө берип, дежур буюмга айланды; үчүнчүдөн, ак калпактын товар катары сапатын бузуп, анын кийизин начарлатып, эптеп эле колдон чыгарып, барксыздандырдык. Эң негизгиси массалык эл топтолгон жерлерде, салтанат тойлордо, жаштардын үйлөнүү үлпөттөрүндө ак калпак кийүү салтын унуттук, шаар жерлеринде калпак кийип жүргөндөр дээрлик калбай баратат… А түгүл калпакты иттин башына кийгизип мазактагандар чыкты…

Ак калпак баштан түшпөсүн… Ак калпак тебелендиде калбасын… Ак калпагыбыз тегеренбесин…

А.Муратов, Фейсбук баракчасынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий