«Манас» – кылымдар санжырасы

Ак кар баскан Ала-Тоонун боорунда бир төөнүн эки өркөчүндөй чогуу жашап, эриш-аркак күн кечирген казак менен кыргыз тарыхтын узун кербенинде үзөңгүлөш да, үндөш жүргөн. Ошондуктан Мухтар Ауэзов менен Чыңгыз Айтматов, Кенен менен Осмонкул, Жамбыл менен Токтогул, Чокон Валиханов менен Боронбай сыяктуу эки элдин чыгаан уулдары төш түйүштүргөн. Тарыхы гана эмес, тагдыры да катар өрүлгөн боордош журтту бириктире турган касиет-баалуулуктар аз эмес. Ошолордун бири жана уникалдуусу – «Манас» дастаны.

 

Алаш ураандуу алп Манас

Казактын улут устаты Ахмет Байтурсун уулу баатырлар дастаны тууралуу «Мурунку жортуулдук заманда эл дене эсебинде болгондо, баатырлар жан эсебинде болгон. Элдин баатырлары кандай болсо, элдин руху да ошондой болгон» деп жазган. Учу-кыйыры жок Улуу талааны, эбегейсиз мейкиндикти ат туягы менен багындырган, күндүн батышына дуулдап жортуп, дүйнөнүн келбетин алда канча жолу өзгөрткөн баатыр бабаларга жоруктагы акындар күч-жигер берсе, каармандык эпос ар-намысын камчылаган. Эпикалык акыл-эстүү көчмөнгө эл камы үчүн от менен сууга түшүүгө тайманбаган каарман эр-азамат үлгү болду, ошентип кылымдар алкагында жоокер түркүлөр арасында кынтыксыз кейипкер – баатыр культу калыптанды.

Тууган жерди кыраан куштай коргоп, тууган элин боз торгой жумурткалаган байманалуу өмүргө баштай турган жеңүүчү баатыр бейнесин чоң ышкы менен ырдаган жомокчу – ырчылардын мартабасы качан да жогору болгон. Бардык көчмөн элдердин орток мурастары «Коркут ата китеби», «Огузнама», «Манас» сыяктуу улуу эпосторубузда Байкалдан Балканга, Алтайдан Альпы тоосуна чейин жорткон жоокер элдин шаңдуу жоругунун жөнөкөй сүрөтү гана эмес, элибиздин руху, терең акылмандык ой жүгүртүүсү катар сакталган. Ошол себептүү түркү элдери ааламда теңдеши жок телегейи деңиздей эпосту жаратты, акындыгы менен даңкы чыгып, адамзат маданиятына асыл казынаны белек кылды. Ошол берметтердин ичинен Гиннестин рекорддор китебине кирген «Манас» ырынын түгөл түркү үчүн баасы өзгөчө зор экендиги белгилүү. «Манас» – кыргыздын улуу эпосу гана эмес, түркү элдеринин эпикалык мурасынын да алпы. Телегейи деңиз бул дастандын көлөмүнө дүйнөдө бир да бир эпикалык чыгарма теңдеше албайт. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдон жазылып алынган ырдын көлөмү 250 000 саптан турат. Бул Фирдоуси «Шахнамасынан» 2 эсе, Гомердин «Илиадасынан» 16 эсе көп. Ага Саякбай Каралаевден жазылып алынган Манастын баласы менен небересин бейнеленген «Семетей», «Сейтек» ырларын кошсоңуз, тоону козголто турган, деңизди толкута турган, токойду үргүлөтө турган акындыктын көркөм кудуретин тааный аласыз.

Энциклопедиялык сыпаттагы, эпикалык тыныштагы эпостун аркы башаттары өтө тереңден тамыр алат. «Мурункулардан калган сөз: Каракан, Угуз хандан кийин Аланча хан уругунан Байгур, Уйгур дегендер (болгон) экен» деп эсте жок эски замандан санжыра баштай турган дастан Манасты:

«Артык тууган Манастын,
Аркы атасы – Карахан.
Карахандан тараган.
Киндик каны тамган жер,
Алтай деген жер экен»
, – деп тааныштырат. Ошентип аркы Алтайлык тамырдан башат алып, түпкү тегин Карахан, Огуз хан менен байланыштырган алп Манас жаалданган бир маалында:

«Атам – Жакып, Манасмын,
Аркы уругум – Алашмын!»

деп улуу бабаларына сыйынат.

«Алаш, алаш болгондо,
Ала тай ат болгондо,
Тамгасыз тай, энсиз кой болгондо» деген уламыш сөз казак, кыргыз, каракалпак сыяктуу бир атадан тараган калктарга орток ураан болгон. Ошондуктан дастанда:

«Аркы атабыз Алаш – деп,
Намысыңа талаш!» – деп,
Алты жүз аргын, найманды,
Эт тартууга жайлады.
…Түбүнөн бөтөн тууппу,
Түрктү кудай уруппу?!
Алаш хан экен атабыз,
Алышпай кантип жатабыз»
, – деп Алаш ураанын туу кылып көтөрөт. Ошондой болгондо, учурда жүз жылга толгон Алаш автономиясынын урааны Алаш хан менен Манас баатыр заманынан жалгашып, урпактан-урпакка жеткени доо туудурбайт. Бул өңүттө тарыхий ырлар, уламыштар, санжыраларды жүйөлүү өздөштүрүү аркылуу ата мекендик тарыхтын дарек корун байытууга болот. Тек гана «Манас» ырынын өзүндө түгөл түркү элдерине тиешелүү канчалаган тарыхий окуялар, жер-суу аттары, түп-теги бир кейипкерлер бар десеңизчи.

Эгер «Манас» эпосун адамзаттын акыл-ой казынасына кошулган алп мурас десек, ушул ырдын өзөгүндө баатыр бабаларыбыз тууралуу өмүр таржымалдарынын өрүлүп, саймаланганын байкайбыз. «Манас» ырында жалпы алты Алаштын, түгөл түркү элинин биримдиги даңазаланат. Тек гана кыргыз тарыхына тиешелүү гана эмес, казакка байланыштуу да көптөгөн маалыматтар, даректер келтирилет.

«Ортоктош болгон нойгут бар.
Аркасы тийген найман бар,
Коңшулаш жүргөн коңурат,
Үйүрлөш жүргөн үйшүн бар.
Аралашкан алчын бар,
Аргындан Каракожо бар»
, – деген саптар эпос менен этностун бирдиктүү организм экендигин көрсөткөндөй. Ошондуктан төл тарыхыбызды чет өлкөлүк саякатчылардын жол жазмалары менен архивдерден гана издебей, каармандык ырлардан, алтын уламыштарыбыздын аркагынан издөө, эс-тутумубузду жаңылоонун бир жолу болсо керек. Бул өңүттө акылман элибиз жараткан ооз эки адабияттын үлгүлөрүн тарыхий дарек иретинде колдонуу, илимий изилдөөгө айландыруу – бүгүнкү күндүн талабы.

 

Инсандар таалими

«Манас» ырын алгач ирет жазып алып, ааламга тааныткан көрнөктүү чыгыш таануучу окумуштуу, сейрек жаралган инсан Чокон Валиханов болсо, аны олуттуу изилдөө объектиси кылган, советтик зыяндуу идеологиянын кызыл отунан чабалекейдей канаты менен суу сээп коргоп, капаста калтырып койбой кайра жарыялануусуна жол ачкан Мухтар Ауэзов болчу.

Чокон Валиханов жазып алган эпостун бир көркөм бөлүгү «Көкөтөйдүн ашы» ыры узак жылдар бою тарых коюнунда жоголуп кеткенде, аны көз майын чырак кылып, таап алган, ырга экинчи өмүр тартуулаган академик Алкей Маргулан болду. Ошентип, казак элинин үч алп инсаны дүйнөдөгү эпикалык чыгармалардын алпы, түркү элдеринин сыймыгы «Манас» ырына бекем коргон болду. «Манас» ырын Чокон 1856-жылы Ысык-Көл экспедициясында Каркыра жайлоосунда өткөн жыйындарга катышып жүрүп, Боронбай бийдин айылында жазып алат. Бул тууралуу Чокон «Жунгария очерктери» аттуу эмгегинде: «Манас» – кыргыздардын бардык мифтеринин, жомокторунун, уламыштарынын бир мезгилге келтирилген жана бир адамдын – баатыр Манастын айланасына топтоштурулган энциклопедиялык жыйнагы. Бул талаа «Илиадасы» сыяктуу нерсе. Кыргыздардын жашоосунун түрү, үрп-адаты, адеп-ахлагы, географиясы, диндик жана медициналык билими, алардын эл аралык алакасы бул зор эпопеяда чагылдырылуусун тапкан» деп баа берет.

Академик Алкей Маргулан чыгыштын жарык жылдызы, окумуштуу Чокон жазып алган ырдын тили чечен, көркөмдүгү орошон чырайлуу болушуна казак менен кыргыздын боордоштук, туугандык сезими өзгөчө таасир кылганын далилдеп, дастанчы Чокон Валихановго ак пейили менен аңтарылып, ал эми В. Радловго келгенде басаңдап калгандыгын айтат: «Кыязы эки окумуштуу да бир ырды бир ырчыдан (Назар) жазып алганга окшойт. Мазмуну жагынан эки жазманын ортосунда артык ажырымдык жок. Ажырым ырчынын тек гана кандай эргүү менен айтканы, жазып алуучунун кандай ыкма колдонгондугу менен билинет. В.Радловдун жазып алуусунда айрым көркөм сүрөттөр менен катар, ырдын агымы жүйөлүү түрдө баяндалбай, кээде үзүлүп, кээде кыбырап калат. Чокондун жазуусундагы буркураган жыттар, көркөм бейнелер мында сейрек учурашат. Кыязы, Чоконго ачкан жан сырын ырчы В.Радловго ачпаган, куулукка салып, «Көкөтөй» ырынын көп жерлерин калтырып айткан, анын ичинде Көкөтөйдүн насыят сөзү такыр жок. Көч жолу, аш берүү, ашка чакыруу, аттарды сыноо сүрөттөрү Чокондун жазып алганындай кенен айтылбай, кыска-кыска чарпып жазылган».

Кеңеш өкмөтү доорунда «Манас» эпосун илимий жактан изилдөөнүн пайдубалын кеңейткен атактуу сөз зергери, залкар жазуучу Мухтар Ауэзов болгону бардыгыбызга маалым. Ал Чокон Валихановдун чыйырын жаңылап, Манас таанууну жаңы сапаттык деңгээлге көтөрөт. Кеменгер Ауэзов Ыбырай Абдрахмановдун Сагымбай Орозбаковдон жазып алган эпосунун нускасы менен алгачкы жолу 1928-жылы Фрунзеде таанышат. Академик-жазуучунун Манас таанууга кошкон чоң эмгектеринин уникалдуусу – «Киргизский героический эпос «Манас» деген көлөмдүү изилдөөсү. Монографиялык эмгектин биринчи нускасы 1934-жылы пайда болгон. Автор ар кандай саясий-идеологиялык тоскоолдуктарга байланыштуу анын өзөгүн өзгөртпөй, ар жылдары редакциялоо аркылуу эселеп өңдөп, болоттой курч кылып, өткүрдөй түшкөнү байкалат.

Бул фундаменталдуу изилдөөсүндө М.Ауэзов эпикалык мурасты түгөл түркүлүк мейкиндикте изилдегенде гана чыныгы натыйжага жетүүгө боло тургандыгын баамдап, концептуалдык сонун ыкма сунуштайт. Ырды Күлтегин, Тону-Көк мурастары менен бирдиктүү изилдөөнү сунуштап, эпостун чыгуу тегин эзелки Кыргыз хандыгы менен жуурулуштурат.

«Манас» эпосунун пайда болуу доорун атайын бөлүм кылып талдап, бул эпостун алгачкы сюжети IХ-Х кылымдардагы Кыргыз каганаты доорунда жаралышы мүмкүн деген пикирди билдирип, маанилүү идеяны сунуштайт. Ошондой эле, жалпы түркүлүк баатырдык эпос сюжеттеринин эски үлгүлөрү Орхон-Енисей тексттеринен башат алуусу мүмкүн деген пикирин билдирип: «Таш жазууларда Күлтегин эпостогу каармандардай жеңилүүнү билбеген баатырлардай болуп чоңоет. Баяндоодо хронологиялык ырааттуулук сакталган: Күлтегиндин он алты жаштан кырк жети жашка чейинки негизги эрдиктери, өмүрүнүн акыры сүрөттөлөт. Мында баатырдык эпостун сюжетине окшоштук бар» деп жазат.

Ошентип «Манас» ырынын көөнө түркүлүк тамырына илимде алгачкы ирет жарык түшүргөн кеменгер окумуштуу 1952-жылы 8-июнда Фрунзе шаарында өткөн жаңжалдуу талкууда «Манас» ырын идеологиялык чабуул жасагандардан билимдүүлүк менен коргоп, анын өмүр сүрүшүнө кепилдик алып берди. Москвадан «Манасты» зыяндуу, буржуазиялык, динчил, калкка жат эпос деп жарыялап, эпосту жок кылууга өкүм чыгарганы келген профессор Александр Боровков баштаган топ максатына жете албай калды. Ошол күнү «Манас акталды!» деген сүйүнүчтүү акжолтой кабар Фрунзеден ашып, бүткүл боордош элди кубантты. Мынакей, бул да Мухтар Омархан уулунун айкөл жазуучу гана эмес, алаштын азуулуу көк жалы экендигин көрсөтүүчү дагы бир мисал.

Эл башчынын демилгеси менен курулган Эл аралык Түркү академиясы агайын элдер арасында алтын көпүрө болгон касиеттүү мурастар менен чыгаан инсандардын чыгармаларын жайылтып, таалим берүүнү алдыңкы муун улут кеменгерлеринин жолун бүгүнкү күнгө жалгап, аброй менен аткарып келет. Академия чоң көлөмдөгү «Манас» энциклопедиясын жана «Манас» сөздүгүн жогорку сапат менен жарыкка чыгарды. Бул – руханий биримдикке өбөлгө. Мынакей, миң жылдыктардын санжырасындай – “Манас” дастаны. Манасты кайта, кайта окуйлу.

Дархан КЫДЫРАЛИ, Эл аралык Түркү академиясынын президенти,
“Кыргыз туусу”, 23.11.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.