Эгемберди Эрматов жөнүндө жети факты. Айылдан бакыт издеген акын

Акын, драматург, котормочу, журналист жана экс-депутат Эгемберди Эрматов жөнүндө жети фактыны окурмандарга сунуштайбыз.

Эгемберди Эрматов 1951-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунун Пум айылында туулуп, 2017-жылы 66 жаш курагында каза болгон.

Жетимчиликтин азабы. Жети жашында атасынан, 14 жашында энесинен айрылган. Кийин акын ал кездеги азаптуу өмүрүн эстегенде жетимдиктин кээрин жакшы эле тарткандыгын айтып кала турган. Анткен менен жаштайынан жабышкан мээнет акынды эмгекчил, өжөр кылып жараткандай сезим калтырат.

Басылмаларда калган өмүр. 1979-жылы Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтун аяктагандан кийин бир нече гезит-журналдарда эмгектенген. «Кыргызстан маданияты», «Кыргыз руху» гезиттеринде, «Мурас», «Тулпар» журналдарында адабий кызматкер, бөлүм башчы, баш редактордун орун басары, баш редактор болуп иштеген.

Бакытын айылдаган издеген акын. Журналистика, жазмакерлик жаатында бир топ тажрыйба топтогондон кийин борбордон Баткенге кайтып барган. Журналисттерге берген маектеринде, эскерүүлөрүндө элетке бир жагынан турмуш-шарттын айынан, экинчиси айылды, көз жетпеген мейкиндик менен талааларды, бой керген тоолорду сагынып кеткендигин айткан. Айылга барып, жер айдап, буудай эгип, жер-жемиш отургузуп, көчөт тигип, багбанчылыкты да өздөштүргөн экен.

Элеттеги педагог. Эрматов он жылдан ашык убакыт Баткен университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы Педагогика институтунда дүйнөлүк адабияттан сабак берген.

Чыгыш адабияты менен ооруган Эгембердиев. Чыгыш адабиятынын улуу классиги, сопучулук агымынын өкүлү Кожоахмат Ясавинин чыгармаларын кыргыз тилдүү окурмандарга тартуулаган. Андын сырткары, азербайжан акыны Низаминин «Жети сулуу» деген дастаны да акын тарабынан которулган. Муну менен бирге араб, перси, индия, кытай, япон адабиятынын классиктеринин ырларын кыргызчалап, аны «Чыгыш адабияты» деп аталган көлөмдүү хрестоматиялык окуу куралга топтогон.

«Депутат болуш кыйын экен». Эрматов 2010-жылдан тартып Кыргызстан социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Өзүнүн эскерүүлөрүндө Эрматов эл өкүлү болуу, өзгөчө жаш жогорулап калганда оңой эмес вазийпа экендигин айтканы бар.

37 жылдык чыгармачылыктын түшүмү. 1979-жылдан тарта акындын «Ак дил», «Шаар жана тоолук», «Өмүр издери», «Саймалуу таш», «Махабат», «Мухаммед пайгамбар» дагы бир топ ырлар жыйнагы жана поэмалары жарык көргөн.

Драматургияда тер агызып иштеп, «Аксаткын менен Кулмырза», «Жаңыл Мырза», «Кедейкан», «Туяктын ыры» чыгармаларын жараткан. Акындын ырларына Жумамүдүн Шералиев, Рыспай Абдыкадыров, Муратбек Бегалиев, Аскар Карыбаев сыяктуу обончу-композиторлор обон жазышкан.

Нургүл Максутова, “Sputnik-Кыргызстан”, 10.06.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий