Биз билген жана билбеген Мидин

Кыргыз совет адабиятынын өзүнүн куйкум сап сатиралык ырлары, татынакай лирикалары, көрүүчүлөрдү күлкүгө тундурган драмалары менен байыткан акын Мидин Алыбаевди кимдер гана билбейт. Анын атын укканда эле көңүлдөрүндө күлкү түнөп, лирикаларын тамшануу менен окушуп, обонго салып ырдап жүрүшөт. 42 гана жыл өмүр сүрүп жашап, көзү өтүп кетсе да артында аябагандай баалуу адабий мурас калтырып кетти.

Анын китептери дүкөндөрдүн текчелеринде кардар күтүп турчу эмес. Мейли малчы, дыйкан болобу сатып алышып, аярлап окушуп ыйык нерселериндей сакташаар эле. Өзүм күбөмүн, 1959-жылдын октябрь айы болуш керек эле, мурдагы Совет көчөсүнүн азыркы Алыкул Осмонов атындагы китепкана турган жерде китеп дүкөнү бар болчу. Бир күнү ошол жерге жумуштап келсем, алдында бир топ жазуучулар китептерин окурмандарга өздөрү сатып жатышыптыр.

Мидин турган столдун жанында окурмандар көп топтолушуп, китептерин бат эле талап кетишкендей болду. Мидикең болсо, ар бир аларманына ыр менен каалоотилек жазып, автограф берип жатты. Ыраазы болгон окурман анын жанынан жылмайып күлүшүп, жакшы маанай менен узап кетип жатышты. Башка акын-жазуучулардын столунун жанында алармандар аз топтолушуп, китептери өтпөй жаткандай көрүндү мага. Акындын мындай сүймөнчүлүккө ээ болушуна анын энесүтү менен кошо келген кайталангыс таланты себепчи болгонбу деп ойлоймун.

Ушул макаланы баштап жатып, акындын өмүр башаты болгон балалык чагы жөнүндө жаза кетүүгө ниет кылып, Мидин тууралуу замандаштарынын, калемдештеринин эскерүүлөрүн окуп чыгып, эч маалымат ала албадым. Көрсө, мен “Минип жүрүп атын издеген” деген макалда айтылган болуптурмун. Иш кагаздарымды аңтарып иретке салып жатып, мындан көп жылдар мурда машинкага басылып эскирейин деп калган кол жазмага тушугуп калдым. Ал кол жазма жээним Сабырбек Кулманбетовго таандык эле.

Сабыкем да жазмакер, чукугандай сөз тапкан, кепке, сөзгө жакын адам эле. Чейрек кылымдан ашуун райондук “Демилге” гезитинде редактор болуп иштеген. Мидинди ээрчип көп жүргөн, анын куйкум сөздөрүн уккан куйма кулак инсан болучу. Кол жазманы бир сыйра көздөн өткөрүп окуп чыгып, эскерүүнү калыбынан бузбай ал кишинин айтуусунда берүүнү туура көрдүм.

Мидикем өзүнүн төрөлгөн мезгилин эскерип, “Авроранын” залпына аралаш туулган баламын” деп калчу. Мидин 1917-жылы ноябрь айынын алгачкы он күндүгүнүн биринде Жумгал районундагы Миң-Теке жайлоосунун Кайың-Суу конушунда жарык дүйнөгө келген. Кайың-Суу тоо ылдый шаркырап аккан суусу, суу бойлоп адамдын көз жоосун алып өскөн тал, кайыңды, четин, долоносу менен көрктүү ажайып кооз жер.

Мидиндин атасы Алыбай чукугундай сөз тапкан чечен, алпейим адам болгон. Жаш кезинде жергиликтүү байлардын жылкысын багып, оокат өткөргөн. Шайдоот, шамдагай жигит катары элге таанылган. Кийин совет бийлиги учурунда “Чаек” колхозуна биринчилерден болуп мүчөлүккө катталып өтүп, колхозчу болуп жылкычылык кесибин уланткан. Мидиндин энеси Бегим колунан көөрү төгүлгөн уз, оймочу, бычмачы, улуттук кийимдерди бабына келтирип тиккен жана жасаган иши менен айылына кадырлуу, жамактап кубулжутуп сөз сүйлөгөн кошокчу болуптур. Анын кымызын “Бегимдин кымызы” дешип эңсеп келип ичишип, кең пейилин, эмгекчилдигин, кандай гана иш болбосун майын чыгара жасаганын эл дайыма айтат экен.

Мидин төрөлгөндө чоң атасынын кыйышпас досу Сулайман молдо азан чакырып, атын Асамидин деп коюптур. Сулайман молдо ырымдап ымыркайды уулу Маматемирге асырап алууга сурап берет. Маматемир Сулайманов кийин кедей-кембагалдардын балдарын окуткан мугалим болгон. Агартуу ишинде үзүрлүү эмгеги эске алынып, “Кыргыз ССРинин мектептерине эмгек сиңирген мугалим” деген наамга татыктуу болуп, бактылуу карып, дүйнөдөн кайткан.

Чоң атасы Кубат небереси Асамидинди үч жашка чыккыча көрбөйт. Бир күнү досу Сулаймандыкына барат. Айылдагы аксакалдар уй-мүйүз тартып кымыз ичип отурушкан болот. Асамидин чоң атасын тааныгандай чуркап келип, алдына отура калат. Ошол бойдон турбай коёт. Баккан аталары чакырса барбай, чоң атасынын алдына ого бетер кыналып отура берет. Чоң атасы Кубат:

– Сулайман мен сенден бала алган жокмун, бердим. Акыреттик достук антымды актадым. Мен баланы эмес, үч жыл көрбөй сени сагынып сага келсем, бул жаман минтип алдыма отуруп албадыбы, – деп жашыгансып кетет.

– Кубат, кой жашыба. “Бөрү баласы ит болбойт” деген сөздүн чындыгы ушул. Небереңди алып кет, мен таарынбаймын. Атын Мидин деп өзгөртүп, тоюңа чакыр, – деп Сулайман молдо Асамидинди чоң атасына өңөртүп жиберет. Кубат кубанычы койнуна батпай, небересин алып үйүнө келет.

Балага бапестеп жаңы союлган жылкынын этин беришип тойгузушат. Бала тамак жегенден кийин эле эти ысып, оозунан ак көбүк чыгып, куса баштайт. Алы кетип, кумсарып соолуйт. Эси чыккан атасы Сулайман молдого киши жиберип алдырат. Молдо келсе бала көзүн ачпай, соолуп жатат. Баланы алдына алып отуруп, тамырын кармап, маңдайын басып, үйгө келгенден кийин эмне тамак бергендигин сурайт Сулайман молдо. Тигилер жаңы союлган жылкынын эле этин беришкендиктерин айтышат. Сулайман молдо:

– Кокуй, бул макүрөө эт жеген турбайбы. Бул балага аныңар жакпайт, – дейт.

Көрсө, балага уурдап келип союшкан жылкынын ич этин беришкен экен. Бала ошондон улам арууркап ооруган турбайбы. Молдо дем салып дарылагандан кийин тез эле оңолуп, калыбына келет. Көрсө, өз атасы Алыбай уурдап келип сойгон жылкынын ич этинен наристе балага беришип, арууркатышкан турбайбы.

Чоң атасы Кубат эл чакырып, мал союп, той өткөрүп, небересинин атын өзгөртүп Мидин коюшат. Сулайман молдонун батасын алып, аны аттап-тондоп узатышат. Мидин чоң атасы менен бир жатып, бир туруп, сүйлөсө тили бал, укканын унутпаган баамчыл, чынчыл, жазганбай сүйлөгөн бала болуп чыга келет.

Бегим апа бели ооруп, куяңы күчөп, басып туруусу кыйындап, оорулуу болуп калат. Мидиндин улуу агалары эр жетип калышса да, үйлөнбөй жүрүшөт. Казан-аяк кармаган ургаачы бүлө жок энесинин кыйналып жүргөнүн баамдаган Мидин агаларынын көзүнчө:

– Атың Бегим,
Оорулуу болду белиң.
Же сенде жок келин,
– деп жамактайт.

Ушул какшык жамакталган сөздү айткан Мидин беш эле жашта экен. Ошентип Мидикең ыр дүйнөсүнө беш жашында кошулган экен. Октябрь революциясына жашташ Мидин, адегенде айылдык мектепте окуп, кат-сабатын жоюп, анан борборубуздагы алгачкы окуу жайы болгон – педагогикалык техникумда окуусун улантат.

Ошол кезде республика үчүн кадрларды даярдоонун чордону болгон техникум илим-билимге суусаган жаштарды койнуна алып, тарбиялап чыгарды. Ал ушул жерде адабий чөйрөгө аралашат. Ырлары республикалык басма сөздөргө жарыяланат. Акындык кесипти аркалаган Мидин өзүнүн курч сатиралары менен эл оозуна тез алынып, талант катары элге-журтка белгилүү боло баштайт.

Мидиндин алгачкы ыр жыйнагы “Бактылуу жаштык” деген ат менен 1937-жылы жарык көрүп, окурмандарга тартууланган. Мидин анда жыйырма эле жашта болгон. Мындай куракта китеп чыгарган таланттар Казакстан менен Орто Азия чөлкөмүндө саналуу гана болсо керек. Жаш акындын “Бактылуу жаштыгы” окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, жыйнактын жетишкен жана кемчилик жактарын белгилеп көрсөтүшүп, улуу муундагы жазмакерлер өз сунуш-пикирлерин айтышкан эле. Ошол кезде таанымал акын болуп калган Кубанычбек Маликов:

– Мидиндин тунгуч ырлар жыйнагы жүрөгүнөн сызылып чыккан ысык толкундар, көңүлдү көтөрүп, үмүт арттыра тургандай толкундар, – деп айтып келип, жыйнактын айрым кемчиликтерине да токтоло кетет.

Мидиндин замандашы жана калемдеш курбусу Райкан Шүкүрбеков белгилегендей, алардын чыгармачылык башаты пед-ехникумдун дубал гезити болгон “Үмүттүү жаштан” башталат. Бир күнү Аалы Токомбаев баштаган акын-жазуучулар педтехникумга келишип, дубал гезитке чыккан жаш таланттардын ырларын көздөн өткөрүп окуп жатышып, Алыкул менен Мидиндин ырларын айрыкча бөлүп мактагандыгын кошо келген Жусуп Турусбеков эскерет:

– Мидинди адабиятка киришкенде эле Мидин болуп калган деп айтуу туура эмес. Ал деле башка жазмакерлердей эле көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, чыгармачылык өнөрдүн азаптарын тартты.

Анын “Бактылуу жаштык” ырлар жыйнагы идеялык-тематикалык жагынан да, көркөм туюнтуу каражаттарынын колдонулушу боюнча да өзүнчө жаңы сапаттар менен айырмаланып көрүнө алган жок.

Педтехникумда окуу, редакцияларда иштөө, Финляндиядагы согушка катышуу, эл арасында болуусу чыгармачылыгына шык жаратып, талантына талант кошту. Ал жыйнактан жыйнакка өсүү жолунда болду. Акын Мидин кийинчерээк “Ырлар жыйнагы” (1947-жыл), “Жаңы ырлар” (1949-жыл) деген поэтикалык китептерин чыгарды. Ушул эки жыйнак Мидиндин чыгармачылык жолунда анын ийгилигин көрсөткөн бурулуш мезгилин аныктаган китептер болду.

Акындын дагы бир белгилеп кетерлик ийгилиги – фольклор менен профессионал поэзия салттарын айкалыштыра билип, аны өз чыгармачылыгында билгичтик менен колдоно билүүсүндө болду. Ала-Тоого арнап далай акындар делбеленип ырлар жазышты. Бирок ошолордун ичинен Мидиндин “Ала-Тоо” деген ыры өзүнүн шаңдуулугу менен айырмаланып тургансыйт. Кана эмесе, угуп көрөлү:

Кереметтүү сен атасың-энесиң,
Салыштырып сага ким жер теңесин.
Көңүл толкуйт, көркөмүңдү көргөндө,
Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң.
Ырым менин, сенин демиң эмеспи,
Шыктанамын минип кыял кемесин.
Карааныңдан кагылайын Ала-Тоо,
Калкып жаткан кандай сонун немесиң.
Качан жүрөк кагышынан танганда,
Бир тартылып өтүп кетер элесиң.

Кандай гана керемет ыр. Окуй баштаганда эле ак мөңгүлүү Ала-Тоонун элеси көз алдыңа келе калат. Ал эми “В.Маяковскийге акындык отчёту” анын жаңычылдык багыттагы көз караштарын чагылдырган чыгарма болуп эсептелет. Мидин Алыбаевдин махабат темасындагы лирикалары бат эле өчүп калчу сезимдерден кокусунан жаралып калган ырлар эмес, ал өзүнүн түбөлүктүүлүгү менен айырмаланып турат. Ошол ырларынын бирин окуп көрөлүчү:

Таң салкын, сулуу тыптынч уктап жатат,
Төгүлгөн кара чачы жаздык жайнап.
Көшүлгөн көркөмүнө көөнүм толуп,
Ойготпой ойго кетип турдум байкап.
Бүркөлөт кээде жарк деп кашын керет,
Эки эрин эп келишип, бүлк-бүлк этет.
Түн бою чырак тиктеп отурду эле,
Түшүнө алда нелер кирсе керек.

Мынакей, уйкудагы сулуунун элестүү портрети. Акын чеберчилик менен ырында сүрөтүн тартып койду. Же дагы бир сүйүү темасындагы ыры:

Кыйнабачы, жүрөктөгү жарадай,
Кылгырбачы, койчу мени карабай.
Же күлүп кой, же кирпигиң ирмечи,
Куса болдум сагынычым тарабай.
Үн жок, сөз жок, томсоросуң турасың,
Ыйлап, ыйлап улутунган баладай.

Ушул ыр улуу муундагы адамдардын отуруштарда ырдай турган сүйүктүү ыры болор эле. Мидин Алыбаевдин кыргыз поэзиясына кошкон салымы махабат ырлары менен сатиралары болду. Окурмандар жатка айтып, зыяндуу көрүнүштөр менен күрөшүүдө колдонор курал болуп келген сатиралары 1957-жылы чыккан “Ак чүч” деген жыйнагына топтолуп, эл арасына тез эле сиңип кеткен эле. “Ак чүч”, “Кошоматчы”, “Бюрократ”, “Тилекмат” деген сатиралары концерттерде жатка айтылып, “Чалкан” журналында жарыяланган “Осмонаалы лөкүй”, “Дүжүр бука” аттуу фельетондору өз доорунун жүгүн көтөргөн мыкты чыгарма катарында бааланып, айтылып жүрдү.

Ал калемин адабияттын башка жанрларында да сынап көрдү. Ал “Курорттогу окуя”, “Зоотехник Буйлашов” аттуу көп актылуу, “Жантектин “керээзи” деген бир актылуу пьесаларды жазды. Бир нече аңгемелери, очерктери, фельетондору 1964-жылы жарык көргөн “Жарык көрбөгөн каттар” деген жыйнагына топтолду. Ал котормочулукка да белсенип киришип, А.Пушкин, Ф.Шиллер, В.Маяковский, С.Маршак, С.Михалков, К.Симоновдун чыгармаларын кыргызча сүйлөттү.

Мидин Алыбаев сатиранын жаңы түрлөрүн: эпиграмма, достук, азил, пародияларды жазуунун чебери катарында кыргыз журтчулугуна таанымал болду. Акындын 1957-жылы жазылган “Адабияттын парады” окурмандар арасында сенсация жараткан эле. Ал бул достук азилинде калемдеш, замандаш бир топ акындардын, жазуучулардын чыгармачылык дараметтерин ачып көрсөтүп, сынга алган. Анда эмесе, Касымалы Баялиновго жазган азилин окуп көрөлү:

Жаңыртып эмгек берсе деп,
Жалпы элдин турса оюнда.
Миңдеген сиздин окуучу,
Милдетти такса моюнга.
Көп олтуруп алдыңыз,
Көгөргөн көлдүн боюнда.

Аалы Токомбаевге арнаган азили:

Аалыкем эл акыны,
Элүү бир жаштагы.
Бирок, күчөп эми чыкты таскагы,
– Карылыктын алды ушу, – деп.
Кара сөздөн баштады.
Этек жагын ырдап кетпесе экен,
Эсине түшүп жаш чагы.

Бул достук азилдерди калемдештерине сын тагуу, алардын кемчилик жактарын шылдыңдоо үчүн жазылган деп түшүнүүгө болбойт. Акындын негизги билдирмекчи болгон ою – жалаң гана жакшылык максатты көздөйт. Ушул жерде дагы бир айта кетүүчү нерсе, Мидин тээ отузунчу жылдардын аягында Жусуп Турусбековду азилдеп:

Өйдө тартат каламы,
Ылдый сүйрөйт арагы, 
– деп жазган экен. Бирок, тилекке каршы, бул оңбогон ачуу сууга өзү да алдырып коюп жатпайбы. Мидиндин чыгармачылык өсүшүнө ушул жинди суу көп тоскоолдук кылбадыбы. Акын:

Бош койдум чачым тарабай,
Боюм кеттим карабай.
Тууганга душман көрсөткөн,
Тукумуң курган арак-ай,
– деп өзүнө-өзү капа болуп, жазганы бекеринен эместир. Акындын талантына маашырланып баа берген Борбордук Комитеттин биринчи катчысы Исхак Раззаков Мидинди кабыл алып, кеп-кеңештерин айткан. Ал кезде мындай абройго чыгармачыл адамдардын бирин-экиси гана арзыган. Ал өзүнүн кырк эки жыл жашаган өмүрүндө “Бактылуу жаштык” (1937-жыл), “Ырлар жыйнагы” (1938-жыл), “Ырлар жыйнагы” (1947-жыл), “Жаңы ырлары” (1949-жыл), “Ак чүч” (1957-жыл), “Мидин” (1961), “Кызыл жылдыз” (1971-жыл) ыр китептерин окурмандарына калтырып кетти.

Ал жүргөн жерлер күлкүгө толуп, оозунан чыккан учкул сөздөрү эл оозунда унутулбай айтылып, жазган ырлары обонго айланып ырдалып, эл кенчине айланган. Мидин кыргыз барда түбөлүк өчпөс болуп жашай берет. Макалабызды Мидикемдин замандаш курбусу Райкан Шүкүрбековдун төмөнкү ыры менен аяктайлы:

Кайра сени кайдан эне төрөсүн,
Сен өзүңчө кайталангыс немесиң.
Кайран жүрөк кагышынан каларда,
Көргөндүрсүң кең Тянь-Шань элесин,
Ар бир үйдө китеби бар – Мидин бар,
Анда эмесе Мидин өлдү дебесин.

Шабданбек КУЛУЕВ, КР эл мугалими, маданиятка эмгеги сиңген ишмер,
КР Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири,
“Кыргыз туусу”, 27.11.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий