Орхон-энесай жазма эстеликтеринин арибинин кимдигин (идентичность) аныктаган “ТЕҢИР” түшүнүгү

Кыргыз арибинин кимдиги аныкталганына 125 жылдыгына карата

Томск мамлекеттик университетинин (Россия, 1984-жыл) №3-жатаканасында 5 улуттун балдары жашоочубуз. Якут Александр Степанов деген курсташым: “Илгери өзүбүздүн чопо-жазуубуз болгон, бирок Алтайдан Якутияга (Саха дечү) көчкөндө жоготуп алыптырбыз”, – деп мактанганда саны боюнча бизден аябай эле аз эл болуп туруп, өз ариби болгонуна таң калып, суктангам. 2-курстун аягында Саша сөз кылып мактанып жүргөн жазуу “Орхон-Енисей рун жазуусу” экенин жана ал жазуу “кыргыз” деген этноним алып жүргөн элге түзмө-түз катнашы бар экенин билдим. Эгер мурда “жаратман эл экен” деп Якут элине суктансам, “орхон-енисей рун жазуусу” жөнүндө билимимди толуктап алгандан кийин, программада жок болсо да ал сырдуу жазуулар жөнүндө мектептеги окуучуларга айтып берип бабалары менен сыймыктануу сезимин ойготкон якут мугалимдерге суктангам. Тилекке каршы, менин мектебимде мага андай маалымат беришкен эмес. Бүгүн болсо ар бир азербайжан эсинен чыгарбасын деп 5 манат деген акчасына (банкнот) жазууну түшүргөн Азербайжан мамлекетине суктанам. Тилекке каршы, менин мамлекетим аны жасай элек.

Окумуштуулар ариптин жаралышын кишизатынын тарыхында жапайычылыктан (варварства) цивилизацияга чоң секирик катары карашат. Ошондуктан жазуу пайда болгонго чейинки кишизатынын тарыхынын баскычын “тарыхка чейинки” деп аташып, жазуу менен кишизатынын накта тарыхы башталат деп эсептешет. Себеби, киши жазуу менен тарыхтын агымына аралашып урпактарына маалымат берүү, билим калтыруу мүмкүндүгүнө ээ болсо, урпактары өз учурунда өз төркүнүн (болмушун) аңдап-билүү, бабаларынын тарыхый-тажрыйбаларынын негизинде өсүп-өнүгүү мүмкүндүгүнө ээ болуп жатат, б.а. киши убакытты тизгиндеп түбөлүктүүлүк менен жуурулушат. Бүгүнкү күндөгү цивилизациялык жетишкендиктер, дагы жете тургандарынын себепкери мына ошол жазуу. Жазуу маалымат менен билимдин түбөлүктүү кампасы.

Жазуу өз келечегине кайдыгер болбогон элге өтө азгырык билим, маалымат берүү, алуу жана калтыруу каражаты. Ошондуктан өз арибин жарата албаган эл башка элдин арибин өздөштүргөнгө аракет кылышат. Мисалы бул макаланы жазып жаткан арипти “кириллица” деп аташат. Буну орустар жараткан эмес, Батыш славяндардан (болгар) өздөштүрүп алышкан. Өз арибин жараткан элдерди санасак колубуздун манжалары жетет. Мына ошол жаратман элдердин бири – биздин тектерибиз, БИЗ.

Кээ бир тарыхчылар Энесай кыргыздары менен Теңиртоо кыргыздарын ажыратып эки башка эл катары карап жүрүшөт. Андай эмес. Энесай жазма эстеликтери менен байланышкан эки эле факты ал ойду тандырат. Биринчиси, Энесай жазуусу менен Талас жазуусу бир жазуу системасына кирээри, бир доорго таандыгы. Ал тургай Карачур деген ат ошондогу кыргыздардын арасында кеңири таралган кишинин аты экен, эки жазууда тең кездешет. Экинчиси, лингивистер илимий иликтөөнүн негизинде энесай жазма эстеликтерде чегилген сөздөрдүн 77 пайызы бүгүнкү кыргыз тилинде жашап жатканын далилдеп чыгышты. Бул фактыны “элүү жылда эл жаңырат” деп кыргыздар айткандай соц-статистика боюнча ар-бир муундун тили сырткы таасирдин негизинде 30 %га чейин өзгөрүүгө учурай турган фактынын кесилишинде карасак, канчалык күчтүү аргумент экенин аңдайбыз. Бул эки факты менен топонимдер Улуу кыргыз каганатынын территориясы Түндүк Монголиядан Теңиртоого чейин созулганын далилдейт.

2015-жылы Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбэгдорж Кыргызстанга расмий сапары менен келгенде Кыргыз-Нур көлүнөн 3 термос суу ала келген экен, Президентке, Жогорку Кеңешке жана Улуттук университетке. Улуттук университеттин окумуштуулар кеңешинин отурумунда Монголиянын Президентине “ардактуу профессор” деген наам ыйгаруу аземинде, “Бабаларыңар даамын таткан суудан даам татсын деп бир термосту Улуттук университетке ала келдим,”- деген. Окумуштуулар кеңешинин мүчөөлөрү сүмөлөктүн даамын таткандай чыпалактары менен даамын татып жатканда мен бир чыны сууну бүт эле ичип алгам. Кыргыз-Нур көлүнүн суусунун даамы Ысык-Көлдүн суусундай жеңил туздуу экен. Менимче бул эки кыргыздын көлү тамырлаш. Бул окуяны сөз кылганымдын себеби, биздин кээ бир “билерман” тарыхчыларга караганда монголдордун Президентинин ишеними Монголиянын тарыхчылары Энесай кыргыздары менен Теңиртоо кыргыздары бир эл экенине күмөн да санашпаганын далилдегенин тастыктайын дегем.

Эми “орхон-энесай жазма” эстеликтерине кайрылсак, Авраамдын (исл. Ибрахим) дини деп коёт динтаанууда, санжыралары боюнча бир атанын балдары, өзүнүн өсүп-өнүгүүсүндө үчкө бөлүнүп бири-бири менен келишпеген, катышпаган тууган-душманга айланган бир тууган диндер. Булар: иудаизм (Муса пайгамбар), христиан (Иса пайгамбар) жана ислам (Мухаммед пайгамбар). Мына ошол Авраамдын дининдеги ыйык китептерде (Тора, Инжил, Куран) “Алгач СӨЗ болгон, ал сөз КУДАЙ болгон” деп айтылат. Анысы кандай, орхон-энесай таштагы жазма эстеликтеринде биринчи окулган, ал жазманын кимдигин аныктаган алгачкы сөз блгон. Ал сөз “ТЕҢИР” болгон.

Кудайды иудейлер “Яхве”, христиандар “Егово”, арабтар “Аллах” дешсе, биздин тектерибиз “Теңир” деп аташып табынышкан. Бүгүнкү күндө деле кыргыздар “Теңир”, “Алла”, “Кудай” түшүнүктөрүн синонимдер катары аңдап жүрүшөт.

Көчмөн тектерибиздин тарыхын изилдеген кээ бир окумуштуулар ислам динине чейин көчмөндөр “шаманчылар” болгон деп ырастап келишкен, жүрүшкөндөр да бар. Мисалы, Р.Безертиновдун “Тенгрианство – религия тюрков и монголов” деген эмгегинде көчмөн тектерибизди көп кудайга (политеи́зм) ишенишкен деген билимди таратып, кудайлардын санын 17ге жеткизиптир, б.а. табияттын кубулуштарынын баарын кудайдын катарына киргизип койгон. “Ташка тамга баскандай” деп кыргыздар акыйкатты тастыктагандай, мен ташка чегилген орхон-энесай жазма эстеликтерге таянып Р.Безертиновдун да, анын көз карашын бөлүшкөндөрдүн да биздин тектерибиздин ишеними жөнүндөгү билимдери туура эмес, “кыйшык” билимдер деп расмий ырастайм. Себеби орхон-энесай жазма эстеликтеринде Теңирден башка кудай чегилген эмес. Ооба, бир жолу “Умай” түшүнүгү кездешет. Бирок жазма эстеликтин контекстине ылайык Умай аялзаттын колдоочу пири катары чегилген.

Быйыл мына ушул биздин сыймыгыбыз болгон, кыргыздардын жаратман элге кирээрин дүйнөгө тастыктаган, дүйнөлүк маданияттын тарыхында татыктуу өз ордун ээлеп “орхон-енисей рун жазуусу” деген ат менен белгилүү болгон көчмөн жазуусунун кимдиги аныкталышына 25-ноябрда 125 жыл толот.

1893-жылы лингвист жана тарыхчы, профессор Вильге́льм Лю́двиг Пе́тер То́мсен (1842-1927, Копенгаген) Дания хандыгынын илимий Академиясынын кезексиз жыйынын чогултууну суранып, анда “орхон-енисей рун жазуусу” боюнча сенсациялык билдирүү жасаарын айткан.

XIX кылымга чейин эле Сибирде (Шибер), Түндүк Моголияда, Кыргызстанда “рун” жазуулары бар экенин Россиянын коомчулугу билишчү. Бирок аны менен кызыгып көңүл бургандар болгон эмес. Европанын “орхон-енисей рун жазуусу” менен такымдап кызыгып калгандарынын себеби Россия менен геосаясий өңүттө тирешүүсү. Бүгүнкү күндө ошондой тирешүү Украина маселесинин тегерегинде болуп жатат. Мына ушундай курч саясий кырдаалда орус-швед согушунда туткунга түшүп Сибирде жүргөн швед офицери Филлип-Иоган Страленберг мекенине кайтып келгенде “орхон-енисей рун жазууларынын” кээ биринин копияларын алып келип жарыялап, “Россииянын түндүгүндө жашаган фин-угор элдерге таандык болуш керек” деген божомолун айтат. Себеби фин-угор элдери орустарга кайнаса каны кошулбаган Европа элдеринин бири. Бул божомол Россия менен Европанын тирешүүсүнүн кесилишинде, “фин-угор элдери Россиянын түндүгүндө гана эмес Сибирге чейинки территорияны ээлешкен” деген геосаясий божомол жаралып, коомчулукта кеңири жайылып кетет. Ушул божомолду тастыктоо максатында Европа экиспедицияларды уюштуруп (фин Гейкел жетектеген), ошол учурдагы эң алдыңкы технологияларды колдонушуп, жазма эстеликтеридин копияларын алдырып, анын кимдигин аныктоого эң алдынкы окумуштууларын моблизациялашкан. Мына ошол окумуштуулардын бири Вильгельм Томсен 1893-жылы 25-ноябрда Дания илимдер Академиясынын кезексиз отурумунда “орхон-енисей рун жазуусунун” сырын ачкан арип аныкталганын, жазуу оңдон солго окулаарын жана биринчи чечмелеген сөз “Теңир” түшүнүгү болгонун жарыялап, Европанын “фин-угор элдерге таандык болуш керек” деген божомолу таш каап, “орхон-енисей рун жазуусу” кимдерге таандыгы аныкталып, “рун” деген грифи алынган.

“Рун” (гот. белгисиз) деген сөздүн орхон-энесай жазмаларына кошо айтылып калганына себепкер орус немиси, врач Д.Г.Мессершмид. Ал Петр I тапшырмасы менен Сибирде жашаган элдер тууралуу маалымат чогултуу үчүн экспедицияны жетектеп жүргөндө саймалуу таштарды көрүп, Европада белгилүү болгон “рун” жазуулары менен салыштырып, өзүнүн отчетуна “рун жазуулары” деп жазып кеткен экен. “Рун” жазуусу Европанын ар кайсыл бурчунан табылып (Германия, Шотландия, Дания жана Франция) бүгүнкү күнгө чейин кимдиги аныкталбай “сырдуу” бойдон калууда.

Ал эми “орхон” деген түшүнүктүн алдыда жазылып калуусунун себепкери боярдын уулу Семен Ремезов. 1696-жылы Россия империясынын чектеген жерлердин картасын чийип жүрүп, Талас дарыясын картага түшүргөндө жогорку агымына топографиялык белги катары “орхон ташы” деп белги коюп кеткен экен. Бул Семен Ремезовдун иш аракетинин бизге кызыктуусу, ал “рун” жазуусу боюнча адис болбогону менен Таластагы саймалуу таштар Орхондо, Энесайда көргөн саймалуу таштарга окшоштугун байкаганы. Бирок С.Ремезовду ал таштар кезек кездешкен (Орхон, Энесай, Талас) топографиялык белги катары гана кызыктырган.

Чындыгында энесай жазуусу орхонго караганда алда канча эрте жаралган. 1926-жылы Бакуда өткөн Түркологдордун съездинде ошол учурдагы түркологдордун эң авторитеттүсү С.Малов, П.Милиоранскийдин, “енисей арибин кыргыздар өздөрү уруулардын эн тамгасы катары колдонуп жүрүшкөн тамгалардын негизинде жаратышкан” – деген теориясын колдоп, “енисей жазуусу орхон – селенгин жазуусуна караганда эки-үч жүз жыл мурун VI кылымда пайда болгон” – деп далили менен расмий ырастаган. Бул ырастоо Борбордук Азия көчмөндөрү колдонгон арипти кыргыздар жаратканын, алардан орхон түрктөрү, уйгурлар, кийин Чынгыз хан (монголдор) өздөштүрүп алгандарын далилдейт.

В.Томсендин билдирүүсүнөн кийинки жылы 19-январда түрколог, этнограф В.В.Радлов (1837-1918) биринчилерден болуп Күлтегин эстелигин которгон. Албетте, В.Радлов ошол дордун талабына жана өзүнүн түрк дүйнөсү жөнүндөгү билиминин деңгээлине жараша таштагы “Көк Теңир” деген түшүнүктөгү “көк” деген сөздү сын атооч катары эмес, өң (синий, голубой) катары кабылдап “Небо” деген туура эмес котомосун берген.

Күлтегинге арналган эстеликте “Теңир” түшүнүгү 14 жолу кездешет. Бул факт “Теңир” Борбордук Азиянын көчмөндөрүнүн маданиятарынын өзөгүн түзгөн эң негизги баалуулук болгонун далилдейт. Ошону менен бирге, көчмөндөрдүн Теңирди кабылдоосунун табиятын да ачып, урпактарына бабаларынын ишенимин ачык таанып-билүүгө шарт түзүп берип жатат. Мисалы, Күлтегинге арналган эстеликте 14 жолу кездешкен Теңир түшүнүгүнүн 10 жолкусу “колдоочу”, 3 жолу “жазалоочу”, 1 жолу “тагдырды аныктоочу” Кудай катары чагылган. Бул тенденцияны орхон-энесай жазма эстеликтери жалпы жонунан да тастыктайт. Мисалы, мен иликтеген 27 жазма эстеликтерде “Теңир” түшүнүгү 68 жолу кездешип 41 жолу колдоочу, 21 жолу тагдырды аныктоочу жана 6 жолу жазалоочу жогорку күч катары чагылган, б.а. Теңир феноменинин болумушунун үч көрүнүшү: жаратуучу, колдоочу, жазалоочу жогорку күч катары берилген. Бул жерде өтө маанилүүсү, “Теңир” феноменинин болумушунун бир эле учурда үч кудуретке ээ болуусун чагылдырышы. Демек, орхон–энесай жазма эстеликтерди калтырган маданиятта Кудайдын кудурети бир эле учурда кишинин болмушун аныктоочу үч илик образы камтылган: жаратуучу, колдоочу жана жазалоочу. Бирок, жазма эстеликтерде көбүрөөк “колдоо” кудуретине басым жасалганы. Бул абал бизге көчмөндөр Кудайды негизинен “колдоочу” катары кабылдап табынышкан дегенди билдирет.

“Атына заты” демекчи кайсыл түшүнүк болбосун ал кандайдыр бир мазмунду чагылдырып ошол түшүнүктөр менен киши дүйнөнү таанып билет, мамилесин түзөт. Кудайды сүрөттөп жазуу, ал жөнүндө ой толгоо өтө кыйын. Себеби ал материалдык эмес, руханий кубулуш. Мына ушундай кубулуштардын табиятын элге түшүндүрүү үчүн, ошол эл билген, анын тилиндеги тигил же бул кубулушту чагылдырган түшүнүктөрдүн жардамы менен берүү ыкмасы бар. Теологияда (греч. theos – Кудай жана logos-окуу) пенденин тилинде Кудайдын сын-сыпаатын, кудуретин акыл менен аңдап-түшүндүрүүгө жол берген принципти катафатика (греч. katafatikos – оң, уруксат маанисинде) деп аталат. Мына ошол катафатикалык принципти жетекке алып метафоралык (греч. Мεταφορά – каймана маанисинде) усулду колдонсок, христиан дининдеги Кудайдын (Егово) мааниси “Сүйүү” деген, ал эми исламдагы “Алланын” мааниси “Кечиримдүү” деген түшүнүктөр менен ЖАРАТКАНДЫН табиятын чагылдырсак болот.

Чечмелеп кетели:

1. Егово – Сүйүү: Иса пайгамбар (Иисус Христос ) кишизатын ушунчалык сүйгөн анын тектик күнөөсүн өз мойнуна алып, бошотуп, киши өзү кылган күнөөгө гана жооп бере турган абалга алып келген. Негизги тараткан баалуулугу, “Возлюби ближнего своего как самого себя” деген принципти жашоонун негизи кылууга чакырган. Кыргыз маданиятында кездешкен “Атаңды өлтүргөнгө апаңды алып бер”, “Таш ыргытканга аш бер” деген сыяктуу лакаптар Иса пайгамбардан.

2. Алла – Кечиримдүү: Курандын ар бир сүрөсү, “Бисмилляхи Рахмани Рахим” деп башталат. Кыргызчаласак “Кечиримдүү (Ырайымдуу) Алланын аты менен” – деп которулат. Мухаммад пайгамбар киши кандай күнөө кылбасын күнөөсүн аңдап Алладан кечирим сурап 5 маал намазга жыгылса, Кечиримдүү Алла кечирип тозок отунан сактайт” деген ишенимди тараткан.

3. Теңир – Колдоочу: Орхон-энесай жазма эстеликтеринде чагылган “Теңир” түшүнүгүнүн мааниси “Колдоочу” деп ишенимдүү ырастайбыз. Жогоруда көрсөткөндөй жазма эстеликтерде 68 жолу кездешкен Теңир түшүнүгүнүн 41-колдоочу катары чагылган. Демек, орхон-энесай жазмаларын калтырган маданиятта Теңирди (кудайды) колдоочу катары кабылдашкан.

Авторитеттүү деген С.Маловдун ырастоосу боюнча Энесай жазмалары VI кылымдан баштап пайда болуп жатат. Бул факт ислам дини жарала электе биздин тектер таштарга Кудайды чегишип өздөрүнүн Ага болгон мамилелерин, кабылдоолорун бизге, “салтымдан, тилегимен айрылба” деп ташка (Энесай) мурас катары калтырып кетип жатышат. Мүмүкүн алар билгендир тарыхтын жүрүшүнүн бир баскычында алардын урпактарын өз тарыхынан, болмушунан жасалма түрдө ажыратышып манкуртташтырып салаарын? Мүмкүн алар ишенгендир, урпактары эртели кеч тектеринин ташка чеккен мурастарына кайрылышып бул дүйнөдөгү Теңир аныктаган жолун, ордун табаарын? Ким билет?! Эстейличи, Ч.Айтматов да “Ак кемесинде”, “Ала-Тоо менен Теңир-Тоом, элиме сепил, сеңир тоом!” деп, ээ балам, илгеркинин ыры бекер чыккан ыр эмес-ов!” – деп Теңир-Тоонун аты (Тянь-Шань (кытайча: Тянь – Кудай), Ала-Тоо (арабча: Алла – Кудай)) тарыхта келгин баалуулуктардын басымы астында өзгөрүүгө туш болуп тектик маңызынан өгөйлөнүп жүргөнүн эскертип кеткенин.

Кандай болбосун, жазма эстеликтеринде чагылган Теңирдин табиятына көз чаптыраардан мурун Батыш түркологдорунун энесай жазмаларына болгон терс мамилелеринин табиятына токтоло кетели. Менин жеке оюм боюнча, бир жагынан таш жазмалардын тилин, экинчи жагынан, энесай эстеликтердин өзгөчөлүгүн аңдап билбегендик Батыш түркологдордун ырастоолору энесай жазма эстеликтерине адилетсиз терс коомдук мамиле жаратып изилдөөчүлөрдү “үркүтүшкөн”. Мисалы, дүйнөгө белгилүү Батыш түркологдорунун бири француз Л. Базен энесай жазма эстеликтерин “…мазмууну жана иштелиши боюнча примитивдүү” десе, англиялык түрколог Дж. Клосон, “Окумуштуулар баяндоонун кичине болсо да маани-мазмуун табууга жана кээ бир тамгалардын фонетикалак манисин түшүнүүгө аракет жасашкан. Баардыгынын иштеринин ийгиликсиз болгонун мен жөнөкөй эле себеп менен түшүндүрүп берем, жазмаларда маани-мазмуун аз, же такыр эле жок”, – деп энесай жазма эстеликтерине сынбаа берип жатат. Албетте бул ойлорун энесай жазуусун орхондогу жазуулар менен салыштыруунун негизинде айтып жатышат. Ооба, энесай жазмалары тигил же бул маркумга эстелик катары коюлган майда таш мамыларына чегилген. Мисалы, Барсбекке арналган эстеликти алсак, плитанын узундугу – 185,5 см, жогорку бөлүгүнүн туурасы 43,5 см, жоондугу 20,5 см. Күлтегинге арналган аскадагы жазуунун негизинде ага ошондой талап коюу акылга сыйбаган иш.

Таш убакыттык ченеми боюнча туруктуу болгону менен мейкиндик ченеми боюнча өтө чектелген каражат. Таштын болмушунун бул өзгөчөлүгү кишини аны менен эсептешүүгө мажбурлап, түшүрө турган маалыматты тандоосун да, ага маалыматты чегүү стилин да аныктаган. Ошондуктан көчмөн-кыргыз маалыматты жазуунун өзгөчө усулун иштеп чыгуу зарылдыгынын алдында калып, жыйынтыгында энесай жазма эстеликтеринин тили жаралган, б.а. эмнени жана кандай формада чегүүнү киши эмес таш аныктайт. Ошондуктан энесай жазма эстеликтерден мазмунду издегендин өзү “примитивдүү” кубулуш. Мисал, Чакөлдөгү биринчи эстеликтин бийиктиги 1 м 52 см, туурасы 23 см. Жазманын төртүнчү сабында, “Эр эрдемдүүлүгүмдү элимдин кызматына бердим, теңири…” деп чегилген. Ал эми Барлыктагы үчүнчү эстеликтин бийиктиги 1 м 42 см, туурасы 58 см. Анда, “Теңирдикке, күнгө, жердеги элиме канааттанбадым” деген сап (үчүнчү) бар. Көрүп тургандай, арип чегилген таштын тилин билбөө бул чегилген сүйлөмдөрдөн эч маалымат ала албайт, бул биринчиден. Экинчиден, энесай жазма эстеликтери ташка чегилген кошоктордун фрагменттери. Ошондуктан энесай жазма эстеликтерден маалымат алуу үчүн кошоктун маани-маңызын, коомдогу кызматын билүү керек, б.а. кошоктун философиясын. Жогорудагы белгилеген эки жагдайды (таштын тилин, кошок) билбеши Батышчыларды “примитивдүү” деген ой корутундуга алып келип жатат. Менин оюм боюнча, мейкиндиги чектелген таштагы жазуудан мазмун издеген усулдун өзү “примитивдүү”. Бул оюбузду бир четинен тастыктоо максатында, экинчиден арибибиздин кимдигин аныктаган “Теңир” түшүнүгүнүн табиятын аныктоо үчүн энесай жазма эстеликтеринин фрагменттерине кайрылалы.

Эскерте кетели, таштагы жазмалар VI-VII кылымдарга таандык. Демек ислам дини пайда боло элек доор.

  1. Энесай. Хэрбисбаарыдагы эстелик. Эстеликтеги жазуу 9 саптан туруп, алтынчы сабындагы, “Элим, каныма, Теңири эгеме, аттигиниң канааттанбадым” – деп чегилген. Көрүп тургандай, Теңирди ЭГЕМ деп жатат. К.Сейдекматов “Кыргыз тилинин кыскача этимологиялык сөздүгү” деген китебинде бул түшүнүктүн төмөнкүдөй түшүндүрмөсүн берет: “эгем “кудай” деген сөзгө маанилеш эгем сөзү эге+м бөлүктөрүнөн турат. Анын “эге” уңгусу азыркы кыргызча ээ сөзүнүн байыркы кездеги формасы болсо, “м” биринчи жактын таандык мүчөсү. Ал мүчө уңгуга сиңип кетип, өзүнүн маанисин жоготуп койгон. Алгач эгем сөзү “менин ээм” деген түз маанисинде болгон. Мезгил өтүшү менен ал маанисин өзгөртүп, “кудайды” түшүндүрүп калган”.
  2. Энесай. Минусинск музейиндеги эстелик. 1903-жылы Тувадан табылып Минусинск музейине алып келинген. “Аттигиниң, Теңири кулубуз айрылдык, сизден” – деп чегилген. Бул жазмада киши Теңирдин КУЛУ деп жатат. “Теңирдин кулубуз” деген жагдай тексттин контекстине ылайык кишинин бул дүйнөгө келүүсү да кетүүсү да толугу менен Кудайдын ырайымынан көз каранды, өлүм “ак” деген билимди чагылдырып жатат, б.а. киши пенде “Аттигиниң”.
  3. Энесай. Тепсей тоосундагы аскадагы жазуу. Эстелик 11 жазуудан туруп “Теңир” түшүнүгү үч жолу кездешет. Бир жазууда эки жолу, “Кут Теңирден …тепсей Теңири” – деп чегилсе, дагы бир жазууда “…Теңириме жүгүнөм” – деп берилген. Кыргызга “кут” түшүнүгүн түшүндүрүүнүн кажети жок. Замандаш кыргыз да кут Кудайдан деп ишенет.
  4. Энесай. Тувадагы экинчи эстелик. Эстеликтеин экинчи сабында “Теңирим очок бизге” – деп чегилген. “Очок” түшүнүгү каймана маанисинде Теңирди жашоонун күл азыгы (материалдык жана руханий) болгон феномен катары көрсөтүүгө колдонулган. Демек, кыргыздар кишинин барлыгынын, кимдигинин, болмушунун себепкери Кудай экенин баса белгилеп жатышат.
  5. Энесай. Элегестеги эстелик. Жазуунун үчүнчү саптан баштап, “Көк Теңирде айга, күнгө канааттанбадым. Муң мага бат келди, бөлүндүм. …Аттиң ай Сизге жолугайын” – деп чегилген. Бул жерде да өмүрүнүн мезгилсиз үзүлүүсүн себебин Теңирден көрүп, ошол эле учурда киши өлгөндөн кийин Теңир алдына бараарына ишенишкенин чагылдырып жатат. Демек, Теңирди кыргыздар кишинин эки дүйнөдөгү болмушун аныктоочу Кудай катары кабылдап жатышат.

Замандаш кыргыз мейкиндигинде “кыргыздар ислам динине чейин шаманчылар болушкан” – деген ишеним көч алды болуп жүрөт. Бизге кызыктуусу, ал ишеним кайсыл булакка негизделген? Маселени мындай коюу академиялык менен диний чөйрөнүн өкүлдөрүн кыргыздын дүйнөкөрүмүндөгү анимизмдин (лат. anima, animus-“жан”, “рух”) көрүнүштөрүн тизмелеттире баштайт. Анимизм – аргумент эмес, ал баардык динде бар. Орхон-энесай жазма эстеликтери тектерибиздин ишеними монотеизмге (бир кудай) негизделгенин далилдейт. Эми жыйынтыктасак, быйыл 25-ноябрда кыргыз арибинин кимдиги аныкталганына 125 жыл болот.

Кыргыз арибинин кимдигин аныктаган алачкы сөз болгон.

Ал сөз ТЕҢИР болгон.

Асанбеков Нурзак, Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти

Соц тармактар:

Добавить комментарий