Тенти ОРОКЧИЕВ: «Көзүм тирүүсүндө «Алтын казынадагы» маектерим китеп болуп чыкса дейм»

– Тенти аба, эртең менен Ботаникалык бакта чуркап жүрүп, быйыл 80 жашка чыгып калыптырсыз. Сексендеги карылык кандай экен? Али деле чуркап жүрөсүзбү?

– Карылык адамды моюн сундурбай койбойт экен. Азыр чуркабайм. Деген менен мурдагыдай күн сайын эрте туруп, бакты аралап, эски Көк-Жар конушуна чейин барып, бир-эки сааттай жөө басып келем. Бир күнү бара жатып баскан кадамымды санап көрдүм. Төрт жарым миң. Ары-бериси 9 миң кадамдын тегерегинде. 5-6 чакырым болот. Жайында үйдөн саат таңкы беш жарымда чыгып кетем. Азыр, кыш күндөрүндө саат жетиде чыгам. Үйүбүз Э.Гиреев атындагы ботаникалык бакка жакын, Иса Ахунбаев атындагы көчө менен Жапар Шүкүров атындагы көчөнүн кесилишинде. Кытайдын макалы бар: «Алтымыштан ашканда ай сайын, жетимиштен ашканда жети (апта) сайын, сексенден ашканда саат сайын карыйсың» деген, анын сыңарындай, сексенден ашкан жайыбыз бар. Ал эми, орустар «движение – жизнь» дейт, кыймылдап, ден соолугумду сактаганга аракет кылып жатам.

Бул күндөрү эмне менен алек болуудасыз?

– Иш көп. Чыгармачылык иштер. Бирин улантып жатып, чарчай баштасам, башкасын алып, жаңы дем менен кыйласын жазып салам. Жакында Кыргыз Республикасынын баатыры, Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Таштанбек Акматовдун кызы Назира мага кайрылды. «Байке, атам менен классташсыз, бир журналист кыздын «Классташтар» деген рубрикасы бар экен, ал ошого макала жазып берсинчи деп өтүнүптүр» – дейт. «Болуптур», – деп жазууга киришип кеттим. Таштанбек – жердешим, сегиз жылдыкты чогуу бүтүргөнбүз. Аным макала эмес, узун очерк болуп жатат, бир китептик. Жакында аяктайм. Ичинен каалаган үзүндүсүн алышаар. Мурда да, скульптор Тургунбай Садыков тууралуу макала жазып баштап, ал макалага батпай, китепке айланган. 240 беттик кылып чыгарганмын. Бул да ошондой боло турган түрү бар. Негизгиси, юбилейиме карата мүмкүнчүлүк болсо, атайын 2 томдук жыйнагымдымаектеримди жана ырларымды өз алдынча, болбосо, экөөнү бириктирип, 1 томдук чыгаруу ниетим бар. Ушуга кол-жазма түрүндө сакталып турган радиомаектеримди жана жарыялана элек ырларымды даярдоодомун.

Эң башкысы, быйыл – улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы. 1978-жылы Айтматовдун 50 жылдыгы Советтер Союзундун учурунда бийик деңгээлде белги-ленип жатканда кыргыз радиосунун тапшырмасы менен Чыкеңдин тууган жери Шекер айылына Бишкектен барып, маек уюштуруп, кыргыз радиосунан дароо уктурганбыз. Ошондон тартып 2008-жылы ал кишинин көзү өткүчө 21 радиоуктурууну даярдаганмын. Ар бири жарым, бир, бир жарым, эки сааттык маектер, көркөм баяндар. Айрымдары кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» алынган. Бирок, ташка (кагазга) басылгандын орду бөлөк, китепканаларга таралат, бирөөлөр издесе таап алат, ушул дүйнөлөрүм жарык көрсө, Айтматовдун 90 жылдыгына да, өзүмдүн 80 жылдыгыма да сонун белек болмок.

Карылык деген кыйын экен. Өмүрүңдүн өтүп жатканын сезип, «бул өмүрдө эмне кылдым» деп көп ойлоносуң. Жүрүп-жүрүп келип эле жок болуп кетет экенсиң. Көзүмдүн тирүүсүндө жыйган-терген кол жазмаларымды китеп кылып чыгарып, корректурасын өз көзүм менен окуп, редакциялап, элге калтырып кетсем деймин. Кыргыз радиосунда иштеген учурумда 300 сааттан ашуун радио маектерди эфирге чыгарыптырмын. Китепке басылса 10 томдон ашат. Кыргыз радиосунун «Алтын казынасында» 250 сааттан ашкан маектерим сакталып турат.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго кайрылганмын «мурда жарык көрбөгөндөрүнүн ичинен тандап алып, эң болбосо, 2 же 3 томун чыгарып бергилечи» деп. «Акчабыз жок», – дейт.

Эми, Кыргыз Республикасынын Президентине кат жазып, кайрылсамбы деп жатам. Мен катардагы көп жазуучулардын биримин. Бирөөлөргө керек, бирөөлөргө керек эмес экенмин. Ал эми Айтматов жана башка да кыргыздын улуу инсандары менен жүргүзгөн маектерим элге, келерки муунга керек экендигине ишенем. Радиодон угуп жатышкан замандаштарым бул туурасында жылуу пикирлерин билдиришүүдө.

Тенти аба, оозду куу чөп менен сүрткөндөй да эмессиз. 2014-жылы «Улуулардын сөзү – акылдын көзү», 2016-жылы «Аталар сөзү – теңирдин деми» (Залкарлар менен маектер), 2017-жылы «КТРКнын кыштарын кынашкандар» деген аталышта ра-диомаектер, көркөм очерктер жана макалалар топтомуңуз китеп болуп жарык көрүптүр. Булардан мурда да элибиздин адабий, маданий ишмерлери жөнүндө жазган китептериңиз жарыкка чыгыптыр.

– «Турар» басмасы 2011-жылы «Асылдардан асыл сөз» деген даректүү баяндарымды 500 нуска менен 500 беттик китеп кы-лып чыгарган. Анын жарык көрүшүнө толук демөөрчүлүк көрсөткөн басманын директору Тилек Мураталиевге дагы бир жолу терең ыраазычылыгымды билдирем. Өзүмдө 1 гана даанасы калды. Сага эстеликке бере албайт да экем. Китепке Кусейин Карасаев жана Түгөлбай Сыдыкбеков менен болгон үч-үчтөн, Касымалы Баялинов, Александр Игнатьев, Темиркул Үмөталиев, Мамасалы Абдукаримов, Зияш Бектенов, Асылбек Алтымышбаев жана башка кыргыздын асыл инсандарынан бир-бирден маектери кирген.

«Улуулардын сөзү – акылдын көзүн», аты узун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) Материалдарды даярдоо жана полиграфия башкармалыгы демөөрчүлүк кылып чыгарып берди. 150 даана болсо да, ка-газга түшүп калганы үчүн Кыргызпатенттин жамаатына жана ошол кездеги жетекчилигине абдан ыраазымын. Ушул китебим элге кеңири маалым болбогондуктан, өзүмдү өзүм жарнамалоого аргасызмын. Бул жыйнак да уникалдуу. Анда Турдубүбү Тыныстанова, Аалы Токомбаев, Токтоболот Абдымомунов, Азамат Алтай, Тенти Адышева жана башка инсандар менен жүргүзгөн маектерим оруналган. Баса, мында келерки жылы 95 жылдыгын атап өткөнү жаткан, өз гезитиңер – адегенде 1924-жылы Ташкент шаарында «Эркин Тоо» аталышы менен жарык көргөн «Кыргыз Туусуна» тиешелүү Кусейин Карасаев менен болгон «Эркин Тоону» кантип чыгарганбыз» деген маегим бар.

«Аталар сөзү – теңирдин деми» жыйнагымды, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия чыгарып берди. Мында да К.Карасаев, Т.Сыдыкбеков, З.Бектенов сыяктуу улуу инсандар жана мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун жубайы Турдубүбү Тыныстанованын эскерүүсү жана башка мурда жарык көрбөгөн маектерим бар. Теңир жалгасын, Улуттук комиссия Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын утурлап дагы бир маектер, радиоэсселер, көркөм баяндар жыйнагымды басмага даярдап жатат.

«КТРКнын кыштарын кынашкандар» жыйнагыңыз мурда ар кандай аталып келген Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) 30-40 жылдан иштеген инсандар жөнүндө экен. КТРК демөөрчү болгон чыгар.

– Кайдагы демөөрчүлүк. Муну КТРКнын 80 жылдык юбилейине арнап даярдай баштаганмын. 2011-жылы. Ар кимдер «жардам берели» деп убада берген. Майнап чыкпаган соң өзүм чыгардым. 2016-жылдын аягында жарык көрдү.

Жыйнактаг ы биринчи маек Абилезим Ниязов менен турбайбы. Ал киши менен жолугушуп да, телефон аркылуу баарлашып да турупсуз. Каржы тартыштыгынан китептин чыкпай жатканын кулак кагыш кылдыңызбы?

– Айткан эмесмин. Андай ой менде такыр болгон жок. Анткени, биз советтик тарбияда өскөн адамдарбыз. Мындай китептерди чыгарууга мамлекет, тактап айтканда, КТРК милдеттүү болчу, совет мезгилинде, бул мыйзам ченемди көрүнүш эле. Илим Карыпбековго кайрылганымдын себеби – ушул. Китеп чыккан соң, аны апарып бергенимде Абилезим Ниязович аябай ыраазы болду. Абилезим ага кыргыз радиосунда 1954-жыл-дан баштап кырк жыл эмгектенген. Ал киши – диктор, мен – радиожурналист, көп жылдар чогуу иштештик. Абилезим Ниязовичти чыныгы интеллигенциянын каймактарынын бири десем болот. Жүрүм-туруму, адамгерчилиги бардыгыбызга үлгү болду. Кыргызстандан СССР телерадиокомитетинин улуттук тилдерде радиоуктуруу боюнча «кесипкөй диктор» макамын алгач ирет алган – Абилезим Ниязов. Былтыр август айында дүйнөдөн кайтканын билесиң. Жөнөкөйлүгү ошол – 1959-жылдан баштап Кыргызтелерадиокомитетинин дикторлор корпусуна жетекчи болду, комитеттин директору Асанбек Токомбаев менен 21 жыл бирге иштешиптир, эмгек сиңирген деген наамы жок экендигин жерге койгондо билдим.

Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылсам деп жатасыз. Президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Абилезимович Ниязовго кайрылып көрбөйсүзбү.

– Бул этикалык жактан туура болбой калат. «Атаңыз менен чогу иштешкенмин, китепке чыгарганмын» деп айтмакмынбы? Чыңгыз Айтматовго тиешелүү мурастарга мамиле мамлекеттик маанилүү иштердин катарына кирет. Ошондуктан мамлекет башчыга сөзүм жетсе дейм. КТРКнын азыркы жетекчисине өпкөм кара казандай. Радионун «Алтын казынасындагы» маектеримди күн сайын, кээде күнүнө эки ирет эфирге чыгарат. 2-3 минуталык маектер эмес, 1 сааттык, 2 сааттык

маектер кетип жатат. Мүмкүн, «Алтын казынага» кирген дүйнөлөр мекеменин менчиги чыгар. «Калемакы төлөнөбү, төлөнбөйбү? Кыргызпатентке кайрылып жөн-жайын билип албайсызбы?» деген кеңешти ар кимдер айтып жатат. КТРКдан күн сайын өзүмдүн маегимди өзүм угуп, сүйүнүп, бир жашап калам. Ушул жерде бир нерсени кошумчалап койсом дейм. Радиоуктуруунун чоң баалуулугу – угарман маектештин өз үнүн угуп жатат. Канча жыл мурда өтүп кеткен адамдардын да үнү тасмада жазылып, кийинкилерге мурас болуп калды. Дегинкиси, телерадио жетекчилиги абалыбызды сурап да койбойт. Акчага муктаж эмесмин. Шүгүрчүлүк. 16 миң сом пенсия алам. Мурда «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» кезимде 8 миң сом пенсия алчумун. 2011-жылы «Даңк» медалын алган соң, пенсиям эки эсеге көбөйгөн.

Тенти аба, ыр китептериңизди кошкондо жыйырмадан ашуун китебиңиз жарык көрүптүр. Кыргыз радиосунда отуз жыл иштеп, андан кийин «Манас» радиосу , «Манас жаңырыгы» телерадиокомпаниясы менен иштешип, «Таберик» аттуу телеберүүнү алып барган жана башка элибизге сиңирип жаткан эмгегиңизге карасак, «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» же «Кыргыз Республи-касынын Эл акыны» деген ардактуу наамга татыктуу болуп калгандайсыз. 80 жылдыгыңызга карата КТРК же Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, андан соң жогорку жактагылар көңүл буруп калаар. Менин жеке пикиримде, жогоруда аталган төрт радиомактер жыйнагын Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына сунуштоого татыктуу сыяктуу.

– Сый-урматты, атак-наамды ким жек көрөт? Артында аты калат. Бирок, зат калганы андан да жакшы. Чыңгыз Айтматов жана башка чыгаан инсандар менен мурда жарык көрбөгөн радиомаектерим китеп болуп басылса, мен үчүн чоң олжонун бири – ошол.

“Кыргыз туусу”, 13.02.2018-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.