Алдыңарды бала бассынбы же малбы…

Алдыңарды бала бассынбы же малбы… Эмнеге алмаштырабыз,тилчилер эмне дейт?

Кыргыз эли сөз баккан, сөз таптаган жана туура жерде сүйлөгөн эл болгону баарыбызга маалым. Ушуну утурлай “Алдыңарды бала бассын, артыңарды мал бассын” же “Алдыңарды мал бассын, артыңарды бала бассын”, деген каалоонун кайсынысы тууралыкка жакын экенин билгенге аракет кылдык.

Бул каалоонун кайсынысы туура экенин жана анын маанисин тилчи агай–эжелерибизден сурадык. Сурамжылоонун жообу так ушундай деп айтуудан алыспыз, бир гана анын маанисин түшүндүрөйүн дедик.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология илиминин кандидаты, доцент Сыдыкова Толгонайдын көз карашында, бул кыргыздарда көп айтылган алкыш сөз экенин айтып кетти:

“Менин көз карашымда “Алдыңды мал бассын, артыңды бала бассын” дегенди туура деп эсептейм. Анын мааниси артыңда ээрчитип жүргөн балаң болсун, артыңда туяк калсын дегени да. Алдыңда айдаган мал–жан ар дайым болсун. Кыргыз элинде аркасында туяк калды деген кандай гана жакшы. Мына баары ошого барып такалат”.

 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу, түрколог Эшкенов Дөөлөтбектин айтымында, келин жүгүнгөн учурда айтылган баталардын бири дейт:

“Алдыңкы этегиңди бала бассын, арткы (кийинки) этегиңди мал бассын” дегендей кыскарып калган. Келин жүгүнгөндө, улуулар аны “Алганың менен тең кары”, “Ак этек бол” деген баталар менен да алкашчу”.

 

Кыргыз улуттук университетинин филология илиминин доктору, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү, профессор Маразыков Турусбек бул батанын “Алдыңарды мал бассын, артыңарды бала бассын”, дегени туура экенин айтат:

“Бул философиясы терең болгон каалоо–тилек. Көпчүлүгү алмаштырып айтып жүрүшөт. Туурасы “Алдынарды мал бассын, артынарды бала бассын”, себеби адам каза болгондо эч качан аркасынан мал калбайт. Бир мисал айтайын, мындан кылым мурда Сарыбай деген адамдын сан жылкысы болгон экен. Малы суу ичкенде аккан суу да калбай калчудай көп болгон. Анан ошол киши каза болгондон кийин артыңдан мал баскан жок да. Ошондуктан артыңды бала бассын дейт. Учуңду улай турган, ордуңду баса турган адамдар болсун деп айтылат. Мал алдыңда болсун, малды айдагын деп “алдыңарды мал бассын”, делет. Астыга түшүп алып малды айдай албайсың да. Негизинен муну көп алмаштырып айтышат”.

 

“Бакдөөлөт” коомдук фондунун жетекчиси Мураталиев Мелистин айтымында, бирөөсү туура экинчиси туура эмес деген болбойт, мунун эки жагы тең өзүнчө маанини камтый турганын билдирди:

“Бул тема боюнча көп талкуулар болгон. Жеке мен экөөнүн тең тууралыгы бар деп ойлойм. Эгер логикага карап айтсак, малды астыга салып айдайт, ал эми балдары артта болгону тукум улайт, аркасынан туяк калтырат. Экинчиси, алдыңды бала бассын дегени – адамда бул жашоодо эң баалуусу анын тукуму, балдары, аны асырап, бапестеп алдына алганы. Мал–жан сенин дүнүйөң, сенин таянар байлыгың, алар артыңда болот”.

 

Белгилүү манасчы Рысбай Исаков, алдыңды мал бассын деген ойдо экенин, ырга салып жооп берди:

“Айдаганга бар болсун,
Алдың толо мал болсун.
Артыңдан балаң жайнасын,
Ал малыңды айдасын.
Алдыңда жайнап мал – жаның,
Арбысын арттан балдарың…”

Даярдаган Адил Төлөгөнов, “Кабар” КУМА, 07.03.2018-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.