“Жамийла” повести тууралуу кызыктуу 15 факты. Москвада жаралган кыргыз повести

Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повести кыргыз адабиятчылары Кеңешбек Асаналиевдин сөзү менен айтканда “чыгармачылык бешенесин ачкан жаш кезинин шедеври, колго бир тийген асыл заты”, Камбараалы Бобуловдун айтуусунда “сүйгүнчүктүү чыгармасы, көкүрөк баласы, айдыңдуу талаада эч кимден тартынбай бардык үнүн созуп ырдаган жаштык ыры”.

Мына ушул чыгарманын айланасында фактыларды жыйноого айтматовтаануучу, адабиятчы жана педагог Абдыкерим Муратов жардам берди.

Бүгүн “Жамийла” ошол повесть тууралуу 15 фактыны сунуштайбыз.

“Жамийла” Москвада жазылган.Жаш жазуучу Чыңгыз Айтматов Максим Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунда окуп жүргөн 1956-1958-жылдарда, Тверь саябанындагы батирде жашаган кезде бул шедевр чыгармасын жараткан.

Чыгарма кыргызча жазылган.Айтматов алгачкы аңгемелерин орусча жазып, орус тилиндеги басылмаларга чыгарып келсе, “Бетме-бет” жана ушул “Обон” повесттерин адегенде кыргызча жазган. Кийин кайра орусча жазууга өткөн.

Александр Твардовский аталышын оңдоп койгон. Жазуучу “Обон” повестинин орус тилиндеги вариантын Москвадагы “Новый мир” журналына алып барганда анын редактору “Джамийла” деп атын оңдоп, анан журналдын 1958-жылдагы №8 санына (3-32-беттер) чыгарган.

Адегенде “Обон” деген ат менен жарыяланган. Аны кыргызча “Ала-Тоо” журналы 1958-жылы №10 санына басып чыгарган. Чыгарманын аты Даниярдын Жамийлага август түнүндө ырдап берген ырынан улам ушундай аталган.

Мухтар Ауэзов ак жол каалаган. Ошол кезде СССРде эң кадырман казак жазуучусу Ауэзов 1958-жылы 23-октябрдагы “Литературная газетага” Айтматовго жана анын “Жамийласына” ак жол каалаган макаласын “В добрый путь” деген ат менен чыгарат.

Луи Арагон жогору баалаган. Ошол кезде жалпыга таанымал француз жазуучусу Арагон “Жамийла” повестин “Дүйнөдөгү махабат жөнүндөгү эң сонун баян” деп атап, ал тууралуу макаласын 1959-жылы апрелде Парижден басып чыгарган.

Жазуучуга Лениндик сыйлыкты алып келген чыгармалардын бири. “Повести гор и степей” деген китеби үчүн Айтматовго 1963-жылы 21-апрелде СССРдеги эң жогорку сыйлык – Лениндик сыйлык ыйгарылган. Ал китепке орус тилинде жазылган “Кызыл жоолук жалжалым”, “Биринчи мугалим”, “Бото көз булак” деген чыгармалары менен бирге “Жамийла” повести да кирген. Бул сыйлык кыргыз жазуучуларынын ичинен биринчи жана акыркы жолу да ушул китепке бирилген. Ушул эле жылы ноябрь айынан тартып ушул китептин арты менен жазуучу Адабият жана искусство боюнча Лениндик сыйлыкты ыйгарып берүү комитетинин курамына кирген.

Повесттеги стилдик жаңылык. Окурмандар үчүн повестти күтүүсүз нерсе – бүт сюжеттин биринчи жак – өспүрүм бала Сейит тарабынан баяндалып берилиши эле, бул кыргыз адабияты үчүн жаңылык гана болбостон, ошондон кийин бул ыкманы көптөгөн жаш жазуучулар туурап чыккан.

 


“Жамийла” кинофильминен кадр

Кыргызстан Жазуучулар союзундагы ташбараң. 1959-жылы 16-январда Фрунзе шаарында Жазуучулар союзунда “Жамийла” повестинин тилине арналган партиялык талкуу жыйыны болуп, анда 23 адам чыгып сүйлөп, чыгарманын тилин талдоого караганда авторго “согушта жүргөн күйөөсүн таштап кеткен бузулган аял” тууралуу дооматтар айтылып, жаш жазуучуну келекелеп да, сындап да чыгышат. Эки гана “жаш бала” – кийинки белгилүү сынчылар Камбаралы Бобулов менен Кеңшбек Асаналиев повестти жана анын авторун коргоого алган.

Жазуучуну жер караткан чыгарма. Ошол жыйынды жазуучу кийин атактуу болгондо мындай эскерет: “Жамийла” повести жарык көргөндө аттуу-баштуу, өзүбүздүн эле жазуучубуз аны абдан катуу сынга алды. Повестимди партиялык жыйында, коомчулуктун алдында талкалап салды. Ал өзүнүн повестке койгон дооматында адабий чыгармалардын маани жана мазмунун коммунисттик партиянын саясатына ылайыкташтыруу керектиги, соцреализмден алыстабоо, идеологиянын башкы нугу тууралуу айтып отуруп, акыры үй-бүлөдөгү ажырашуу иши коммунисттик партия тарабынан талкууланчу чоң нерсе экенин айтты. Партия негизинен үй-бүлө биримдигин сактаган элемент экенин баса көрсөтүп, акыры менин повестимде ушундай идеяларга дал келбеген сюжеттин болгонун белгиледи”… “…Менин жан дүйнөмдү өрттөгөн ушундай сөздөрдү эмне кыларымды билбей, аргасыз тыңшап отурдум. Кишилердин баары мени карап, каткырып күлүп жатышты. Айрымдары мени түрткүлөп, чымчылап да жиберди…” “…Аларга жооп бербей, аргасыз күлүп гана кутулдум. Бирок чындыгында, мындай окуя менин көңүлүмдө өмүр бою калды…”

Каармандардын прототиптери да бар. Бул тууралуу жазуучунун “Балалыгым” деген баянында мындай деп айтканын окуйбуз: “Алысыраак туугандарыбыздын эки уулу тең фронтко кеткен. Алардын улуусу аскерге алынардан мурда жаңы эле үйлөнгөн. Анда согуш башталганы калган экен. Ал жашына карабай армиянын катарына чакырылган. Чыгармадагы Жамийланын күйөөсүнүн турмуштук негизи – прототиби мына ошол жигит эле. Кийин бул эки бир тууган фронттон кайтпай калды. Жамийланын прототиби болсо өтө шайыр, ийкемдүү жаш келин эле. Ал Шекерден эмес, коңшу айыл көк-сайлык. Даниярдын прототиби эвакуациялангандардын бирөө болучу. Жаңылбасам, Казакстанда төрөлгөн, балдар үйүндө чоңойгон адам эле. Ал узун бойлуу, олбурлуу, көп сүйлөбөгөн, түнт жигит болчу. Бир топ согуш жарадарлары менен бирге Шекерге жиберилиптир. Баарынын эле согуштан алган жараттары жеңил болбогону менен эптеп жумуш кылса болот эле. Даниярды “өкмөттүн баласы” дешчү. Сол буту менен аксап басчу”. Андан ары жазуучу – бала Сейиттин прототиби алар качып кеткенден кийин артынан кууп барып, экөөнү станциядан таап алганын, кол кармашып кетип баратышканын, аларга жолугуп сүйлөшкөнүн, Карагыз энесинин эмне айтканын, алардын берген жообун да жазат.

Бул кара сөз эмес – ыр. “Жамийланы” талдаган адабиятчылар анын лиризмин жогору баалашты, лиро-романтикалык повесть дешти, өзгөчө “Август түнү” окуясын поэтикалык эпизод, прозадагы поэзия деп, чыгарманын бир дем менен окуларын өзгөчө белгилешти.

Бир айдын бестселлери. 2012-жылы Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повести Улуу Британиянын эң ири Waterstones китеп сатуу тармагы тарабынан август айынын эң мыкты китеби катары табылган. “Жамийла” Айтматовду жана кыргыздарды, кыргыз адабиятын дүйнөгө тааныткан чыгарма. Повесть орусча чыгары менен бүт дүйнө жүзүнө которула баштады, кыргыз деген эл бар экенин, Айтматов деген жазуучу чыкканын дүйнө окурмандары биле баштады, жазуучуга да зор канааттануу берди. Кыргыз адабиятынын дүйнөлүк аренадагы арымы дал ушул чыгарма менен башталды.

Данияр менен Жамийланын сүйүүсү көркөм өнөрдүн башка формаларында жашоосун улантты. Кинодо “Жамийла” деген фильмди 1969-жылы Поплавская тарткан. Оператору – Кадыржан Кыдыралиев. Жамийланын ролун Наталья Аринбасарова, Даниярдын ролун Сүймөнкул Чокморов, Сейиттин ролун Насредин Дубашев ойногон. Дагы бир фильм 1994-жылы Моника Теубер (Кыргызстан, Германия, АКШ) тарабынан тартылган. Театрда повесттин негизинде Нурмаханов инсценировка жазып, Абдыкалыков сахналаштырган. Операда 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында Раухвергер музыкасын жазган “Жамийла” операсы ушул повестин негизинде коюлган. Музыкада казак композитору Илья Жакановдун “Даниярдын ыры”, “Жамийланын ыры”, Бек Борбиевдин “Жамийла” деген обондору ырдалып жүрөт.

Жамийла менен Даниярдын кийинки жашоосу уланып жатат.Каармандардын повесттен чекити коюлгандан кийинки тагдыры тууралуу да чыгармалар жазылды. Мурзапар Үсөн “Сейит” деген повестинде (“Ала-Тоо” журналы, 2016, №10) Москвадан санавиация менен Казакстанга келген Сейиттин ал жерден Данияр менен Жамийлага жолугуусу баяндалат.

Абдыкерим Муратов, “Sputnik-Кыргызстан”, 12.08.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.