Он эки жылдан бери чыкпай турган томдуктар

Салижан Жигитов адабияттын кайсы салаасына кайрылбасын, андан өрнөктүү дегидей иштерди жасап, сөз менен ойду туюнтуунун үлгү болорлук мисалдарын артына калтырып кетти. Анын поэзиядагы, прозадагы, котормодогу, адабият таануу теориясы, сын жаатындагы эмгектери ушул азыр да кызыгуу менен окулат.

 

Убада берилгенди узак күтөбү?

Өкүндүргөнү, улуу ойчулдун көзү өткөндөн кийин чыгарылчу эмгектери кендирди кескен каражаттын жогунан чыкпай турат. Кылымда бир жаралчу улуу таланттын жазгандарынын жаңы муунга жетиши кыйын ишке айланууда.

2006-жылдын 11-февралы ушул азыр да көз алдымда. Салижан акенин үйүнүн жанында тигилген боз үй, казганактаган эл, улуу инсанды кайтпас сапарга узатууга келген көпчүлүк. Салижан аке топураган көпчүлүктү анча жактырчу эмес, бирок анын талантын сыйлагандар, жан жыргаткан азилдерин, курч кептерин, анан да калеминен чыкканды калтырбай окугандар арбын экен, эл көп чогулган.

С.Жигитов тууралуу китеп. 16.3.2012.

Мына андан бери арадан билинбей 12 жыл өтүп кетти. Асыл ойчулдун сексен жылдыгы деле билинбей, андан бери дагы эки жыл колдон суурулду. Ошол улуу устатты узатуу, кийин эскерүү учурларында айтылган көп томдуктарын чыгаруу иши негедир кечеңдеп, кийинки кездери сөз болбой деле калды.

Жубата турган нерсе — устатынын сабактарын чогултуп Алым Токтомушев китеп кылып чыгарып, өкүттүү дүйнө, аз өтпөй артынан өзү да бу жарыкчылыкты таштап кете берди.

Таберик китептин чыгышына көмөк-жардамын аябаган ал кездеги өкмөт башчыга ыраматы Алыке ыраазылыгын айтып түгөтө албаганына, устатынан эстелик окурман колуна тийгенине ал кишинин кантип кубанганына китептин бет ачарына катышкандар күбө.

Убакыт деген ушул экен, кечээки көргөн бүгүн жок, Салижан Жигитовдун өмүрлүк жары Кимия эженин, жалгыз уулу Акбардын да көзү өтүп кетти. Чыгат деген китептердин кол жазмасы ушу тапта жазуучунун жалгыз кызы Салиманын колунда, ал болсо алышкан оору менен алек.

Чыкчу китептер бу жалганды таштап кеткен Салижан Жигитовго эмес, артында калган тирүүлөргө керек. Зарыктырган ал китептер чыгып калса жок эле дегенде кыргыз тилинде өрнөктүү текст жаратууга болорун ырастап берүүгө жарамак. Ырды кантип жазыш керек, сын кандай болот, котормочу, кара сөз – кагаз менен калемге өч жазарман журтка сабак, улуттун бүгүнкүсү менен эртеңкисине кабатыр интеллигенция өкүлдөрүнө жардамчы, элим деген азаматтын үстөлүнөн түшпөс китептер болмок.

Салижан Жигитовдун жоктугу ушу 12 жыл ичинде кадимкидей сезилди. Көпчүлүктүн көөнүндөгү акыйкатты айтыш деле кыйла оор иш окшобойбу, Салижан Жигитовдон кийин кемчилигибизди көзгө сайып, ачуу акыйкатты алдыга жайчу азамат деле көрүнбөйт.

Иши кылып, Салижан Жигитовдун китептери чыгып калса биздин коомдук аң-сезимибизде кыйла өзгөрүүлөр болмок, илгери-кийин окуган ойлорду кайра таразалап, өткөндөн сабак алып, келечек багытыбызды дагы бир ирет аныктап алышыбызга өбөлгө түзүлүп калар беле деген ой.

 

Узакка созулган иш

Салижан Жигитовдун көзү өткөн соң эмгектерин чогултуп чыгаруу боюнча оболу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде демилге көтөрүлгөн.

Улуу устаттын сүймөнчүк шакирти, белгилүү ишкер Разак Сайдилкановдун айтмында, алгач иш демдүү башталган, түйшүгү түмөн жумушту Салижан Жигитовдун дагы бир шакирти, белгилүү акын жана илимпоз Абдил Шерматов ишке ашырган:

Ишкер Разак Сайдилканов.

— Кол жазмаларын Салима менен Кимия эжеден алып, аны папкаларга бөлүп “чыгарганча сенде болсун” деп Сулайманга алып барып бергем. Кол жазма Сулайманда болчу, ал “бир сыйра карап бериңиз” деп Кеңеш Жусуповго бериптир. Анан ал киши биз билбей калган, таппай калган нерселерди кошуп, анан ошол папкалардын ичиндегилерди хронологиялык тартипте мазмунун түзүптүр. Бул иш көп убакытка созулуп кетти.

Анан бир күнү “эмне болду” деп Сулайманга барсам: “Салима алып кетип калды” дешти. “Силер басып жата берет экенсиңер. Өзүм чыгарам” деп. Барып кол жазманы кайтарып алып келдим. Анан бир жолу Салима келди, күздүн күнү эле, мен Түркияга кетмек элем. Кол жазмалар менде эле. “Байке, кол жазмаларды мага бериңиз. Мен чыгарам”.

“Сен кайсы акчага чыгарасың, айланайын?” десем “менин акчам бар, мага бериңиз” деди. Анан «макул» деп ошондо Салимага бергемин. Менде биринчи мүмкүнчүлүк болору менен Салижан агайдын китептерин чыгарууну мен өзүмдүн парзым деп эсептейм. Эч ким чыгарбаса, эртеби-кечпи өзүм чыгарам.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Таалайбек Абдиев ушу тапта окуу жайы Салижан Жигитовдун тандалмаларын чыгарууну көздөп жатканын ырастап, маселенин баары барып-келип каржыга такалып жатканын жашырган жок.

Профессор Т.Абдиев.

— Бул эмгектердин чыкпай жатышы бир жагынан, албетте, акча маселесине барып такалат. Экинчиден, бул жерде автордук укук маселеси да бар. Анткени Салижан Жигитовдун кызы Салима Жигитованын колунда атасынын бардык кол жазмалары турат. Кыргыз-түрк “Манас” университети Салижан Жигитовдун эмгектерин, чыгармаларын чыгарып беребиз деп убагында иреттеп бериш үчүн Кеңеш Жусупов агайга берген экен.

«Тандалмаларын бир том кылып чыгарып берели» деп университетте маселе көтөрүлдү. Биринчи проректор Кулмурзаев агай мени өзүнө чакырып: “Кызы менен байланышсаңыз, жок дегенде бир томдук кылып тандалмаларын чыгаралы” деген. Бирок негедир Салима университетке келип агайга жолуккан жок. Эми бул жерде ал кишинин чыгармаларын, бардыгын эмес, өтүмдүүлөрүн бир томдукпу, эки томдукпу, ал китептерди чыгарып койсо, ал китептер сөзсүз сатылат.

Атасынын китептерин өзүнчө чыгарууга аракеттенген Салима Жигитова соңку кездери оору менен алышып, убактысы болбой жатканын, шарты чыкса эле 8 томдукту чыгарууга демөөрчү издей турганын айтты.

— Даяр эле болчу, жаткан да. Анда Сулайман Кайыпов ректор болуп турган. Жатты, жатты, анан “комиссия түзөм, ана-мына” деп чыгарбай койду. Билбейм, мен өзүм аябай ооруп атам. Онкология жагынан, дагы диабетим бар. Азырынча ден соолук жагынан начармын. Азыр араң-араң өзүмө келип атам. Жок, ойдо бар, мен деле чыгарайын деп турам. Ден соолук жакшы болбой атпайбы. Себеби «демөөрчү болуп бересиңби» деп кыдырыш керек, бир топ кишилер менен сүйлөшүш керек. Алардын көз карашы, шарты кандай, кандай шарт менен акча берет? Азыр эми капитализм да. «50% түшкөн акчаны мага бересиңерби» деп, ар кандай сөздөр болуп атат.

Техникалык жагынан чечилген, илимий, анан көркөм чыгармалары санарипке өткөрүлгөн. Анан азыр каражат эле жок болуп атат. 8 томдук болду. Бүт баары кыргызча, котормолору. Эң акыркы эмгеги — “Адабият теориясын” жазып аткан. Баары бар, «сюжет деген эмне, пролог, эпилог, кульминация» деп, орус-кыргыз тилинде жазып аткан. Ошону аябай шашып көп иштеген, анан ооруп калды.

 

«Жаңы заман» келди, китептер кантти?

Ошентип маселенин баары чогулуп келип каржы деген каадалуу маселеге байланууда. Коомдук турмуштагы аракет-кыймылдын баки-жогу улуу-урматтуу акчага байланарын, мамлекеттин гана көзүн кароого көнүп алгандарга бул заманда кыйын болорун чейрек кылым илгери эле Салижан Жигитов “Жаңы заман келатат, биз кантебиз?” деген маегинде кемелине келтире сыпаттап берген. Ошо жаңы заман тушунда устатынын жазгандарын чыгарууга дилгир Разак Сайдилканов каржы маселесинен баштаган ишин аягына чыгара албай отурат.

Салижан Жигитовдун жаңы заман тууралуу ойлоруна, коомдук-экономикалык өзгөрүүлөрдү кылдат туюп, анын тереңде катылган маани-мазмунун так чечмелеген терең талдоолоруна коомубуз дагы эле муктаж.

Публицист, журналист Эсенбай Нурушев. 16-сентябрь, 2010-жыл.

Айтылуу публицист, журналист Эсенбай Нурушев Салижан Жигитовдун эмгектеринин барк-баасы мезгил арылаган сайын тереңдей берет деген ойдо.

— Эми Салижан агайдын өзүнүн чыгармачылыгынын жалпы илимий жолдорун алсак, өзү айткандай, бул жерде бир нече “коён” бар. “Көп коёндун артынан кубалап жүрүп, бирөөнө да жете албай калдым, кысталак” деп арман кылчу эле.

Мына адабиятчы жагын алганда, 1924-жылдан баштап, ага чейинки маалыматтар, «кыргыз адабияты кантип пайда болгон» деген чоң эмгектери, макалалары бар. Ошондо башка адабиятчылардын баамы жетпеген, башка адистер айтпаган көп маалыматтар, эл биле элек кызык жактары бар.

Жалаң адабият теориясынан алганда да шумдук жактары бар. Ал эми адабий сын макалалары, талаш-тартышка катышкан макалаларычы? Адабий сын, жалпы адабиятчылар боюнча бул кишинин теориялык макалалары жалаң илимий негизде сыпатталып, шөкөттөлүп, ошонун негизинде жазган абдан оригиналдуу, кайталангыс ойлору бар. Кыргыз адабиятынын тарыхы, адабият деген эмне, аны кантип түшүнөбүз, бу көркөм адабият деген кыргызда кантип жаралган — ошонун жолун көрсөткөн уникалдуу чоң эмгектери бар.

Жалаң сынчылыгын алганда деле бул эми шумдук да. “Акындарга үч суроо”, анан сынга байланыштуу “Ала-Тоо” журналында чыккан макалалары, кийин китептерине үзүл-кесил жарыяланган. Ошолордун өзүндө деле табылгыс бир талант экени, тапкыр ойчул киши экени көрүнүп турат.

Салижан агайдын жалаң котормо өнөрүн өзүнчө сөз кылса болот. Бул бир доктордук диссертацияга татыктуу “коёндун” бири. Назым Хикметти, Мустай Каримди, Антуан де Сент Экзюперини шумдук которгон. Мындай окуп олтурсаң кыргыз эле жазган болуш керек деп ойлоп коёсуң, авторунун аты менен «которгон Жигитов» дегенди алып койсоң. Ушунчалык кыргызга жеткиликтүү, жетимдүү кылып которуп салган. Мындай талант котормочулар жагында сейрек кезигет. Бул бир жагы.

Экинчи жагы – поэзиясын алалы. “Аз жазса да саз жазды” деген принцип ушул кишиде болгон. Бардык ырларын, анын ичинде поэмаларын, мындан тышкары кара сөз “Күн тууду”, анан бүтпөй калган романы – ушулардын баарын чыгарып койсо, көркөм адабият, аңгеме, повесть, поэма, жөнөкөй ыр, пародия деген эмне — ушунун баары ачылмак. Классикалык пародиянын үлгүлөрүн жазган. Ошолору сабак, анан кичине бир санат болот эле.

Анан эң башкысы — бул киши өмүр бою коомдук-социалдык деп коёбуз го, ушул кыргыздын көкөйүндө, азыркыга чейин айтылып жүргөн маселелерди көп козгоп өттү. Ошолордун баары эми калып кетсе эч ким билбей калат. Аларды кайра алып чыгып коюп койсо болот эле.

Анан мен бир нерсени айта кетейин. Салижан агайдын 8 томдугу бар деп уккан элем. Анын баарын чыгарыш албетте, барып-барып акчага, каражатка такалат. Учурунда ушуну ыраматы Эгемберди Эрматовго айттым эле. “Колуңан келип турат, чыгарып койбойсуңбу” деп. “Шумдук болот эле, сонун болот эле” деп ал да айткан. Колуна тийбей жүрүп бул да өтүп кетти.

Ушундай чакта жакшы бир демөөрчү табылбаса же жогорто турган бирөөлөр колго албаса, Салижан агайдын артында калган мурасын элге жеткирүү дагы бир топ заманга артка жылып калабы деп ойлоп каласың кээде. Колубуздан эчтеке келбейт, ушинтип арман кылып жүрө берет экенбиз.

С.Жигитовдун «Күн тууду» аттуу китеби.

Канткен менен Салижан Жигитов сындуу ойчулдар кыргыз кыйырында саналуу гана. Жарыкчылык менен кош айтышкандан кийин андайлар кылымда бир жаралчу руханий таберикке айланып кетерин эске алганда, күттүргөн томдуктардын жарыяланышы барып-келип улуттук ар-намыска байланышкан маселеге айланып баратат.

Бекташ Шамшиев, “Азаттык”, 07.02.2018-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий