Мидин Алыбаев тууралуу кызыктуу 10 факты. 42 жаш, сейрек талант, «таш коргон»

Учурда 100 жылдыгы белгиленип жаткан көркөм сөз чебери Мидин Алыбаевдин адамдык жана жазуучулук өзгөчөлүктөрү тууралуу 12 факты сунуштайбыз.

Лириканын, сатиранын, котормонун жана драманын чебери өз убагында эмнеге бааланбай калган деген суроо өзүнөн-өзү жаралган учурлар да жок эмес.

Туулган жери туура эмес берилип келет. Мидин Алыбаев бул жарык дүйнөдө 42 жыл гана өмүр сүргөн. Буга чейинки окуу китептеринде, адабий изилдөөлөрдө, хрестоматияларда, ар кандай маалыматтамаларда Мидин Алыбаев Жумгал районунун борбору Чаек кыштаганда туулган деп айтылып-жазылып келсе, жакында Кыргыз Республикасынын эл мугалими, маданиятка эмгеги сиңген ишмер, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев анын 1917-жылы ноябрь айынын алгачкы он күндүгүнүн биринде Жумгал районундагы Миң-Теке жайлоосунун Кайың-Суу конушунда жарык дүйнөгө келгенин жазып чыкты.

Мидиндин аты Мидин эмес экен.Болочок акындын атасы Алыбай кепке чечен, оокатка тың жылкычы болсо, апасы Бегим уз, оймочу, чебер аял болгон, кымызы өзгөчө ичкендерди тамшандырчу экен. Бала төрөлгөндө чоң атасынын досу Сулайман молдо азан чакырып атын Асамидин коёт да, асыранды бала катары өз уулу Маматемир Сулаймановго берет, анда үч жашка чейин чоңоёт, аларга боор бербей койгондо кайра чоң атасы алат да, ысымын Мидин деп аташат.

Беш жашында жамактап ырдаган. Мидиндин апасы куяңдап ооруп, байкелери аял албай, ооруган белин эптеп көтөрүп оокат кылып аткан Бегим апасына бала агаларын какшыктай мындай ырдаптыр:

«Атың – Бегим,
Оорулуу болду белиң.
Же сенде жок келин!»
Ошол кезде ал беш гана жашта экен.

Мидин – парашют менен секиргенде… Акын 1938-1940-жылдагы орус-фин согушуна катышкан. Бир жолу самолёттон секирип, шамалдын багытын туура эмес эсептеп алып, жалгыз бой кемпирдин тамаркасына түшүп калат да, бутун сындырып, ал жерде бир топ күн жатып, анан аскердик бөлүгүн таап барат. Ошондо сынган бутунан кийин сылтып басып жүрчү.

Көп аял алган, бирок бир да аялы менен жаман айтышып ажырашпаган. Мидиндин биринчи аялы Гүлнара – элге таанымал казак кызы эле. Экинчи аялы – атактуу акушер болгон, андан Анара аттуу кызы бар. Үчүнчү аялы – Жыпариза, ал эжекебиз да колунан калемин түшүрбөй жазып келди. Андан Мидиндин төрт кызы, Медер аттуу уулу тукумун улап жүрөт. Айтмакчы, Мидиндин экинчи аялы акушер катары акындын үчүнчү аялы Жыпаризанын төрөтүн кабыл алган, ал ошондо жарык дүйнөгө келген Медердин киндик энеси болгон.

«Мидиндин таш коргону». Өткөн кылымдын 2-жарымындагылар азыркы Эркиндик проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги, ал кездеги Дзержинский бульварындагы, атактуу женпеддин маңдайындагы «Люкс» дүр-дүйнө дүкөнүнүн ыптасындагы жертөлөөдөгү ашкана, сыракана тууралуу жакшы билишет. Бул жерге акын-жазуучулар жана алардын кеп-сөзүн тыңшагысы келгендер көп келчү. Тегерек-чети таш менен кооздолуп, ортосунда оргума чыгып турган бул жерди «Мидиндин таш коргону» атап, көпчүлүктүн кездешчү, айрымдардын «баш жазуучу» жайына айланган…

Владимир Маяковскийге акындык отчёт жазган. Алыбаевдин «Владимир Маяковскийге акындык отчёт» деген ыры өз кезегинде да, бүгүнкү күнү да бир кыйла оргиналдуулугу менен айырмалант. Акын өнөрдүн ыйык милдети, кыргыз жазуучуларынын чектелген ой жүгүртүүлөрү, чыныгы адабият жана халтурщиктер тууралуу Маяковскийдин стилин туурап, ыр саптарын сындырып, эркин ыр формасында поэма жазган. Дал ушул поэманын таасиринде, Байдылда Сарногоев «Мидинге кат», Эсенгул Ибраев «Мидинге кат», Жолоочу Рысбаев «Бизге керек бир Мидин» деген чыгармаларын жазган.

«Мидин айткандай…», «Мидин мындай дегендей…». Ушундай сөздөр кыргыздар арасында узак жылдардан бери айтылып келет. Чын эле андай оозеки айтылып келген окуялардын бир тобу Алыбаевге таандык болсо, бир тобу ойдон чыгарылып, бир адамдын айланасына топтолуп айтыла бергендей. Мидин кандайдыр бир күлкүлүү жоруктарды көрсөтүп, эл ичинде куйкум сүйлөп, так, таамай, таасирдүү кеп айтып, же кимдин бирөөгө бир куплет ыр чыгарып кете берген да, анысы эл арасында ооздон оозго көчүп айтылып жүргөн. Бул жагынан бир дагы кыргыз акын-жазуучусу Мидиндей «советтик кыргыз фольклорунун» башкы каарманы болгон эмес. А түгүл «кайра куруу», «демократия» дегендер башталган учурда «Мидиндин эшек дептери» деген ат менен жарыялоого «кол барбай» турган чыгармалар да жарыяланып кетти. Алардын баары эле Мидинге таандыкпы, же андай эмеспи, ал эми текстолог адистердин иши.

Эмне үчүн көп чыгармалары жарыяланбай калганы тууралуу ой жүгүртүп… Мидин жана ичкилик… Таланттуу лирик жана сатирик акындын көзү өткөндөн кийин гана «Ачылбаган кат» (1964), «Жарык көрбөгөн каттар» (1964) деген көлөмдүү китептери чыккан. Аларга кирген аңгемелери, очерктери, фельетондору анын кара сөздө да дурус иштегендигин айгинелейт. Албетте, Мидин Алыбаевдин китептери өз убагында басылбай келгендиги анын ичкилик менен жакын болгондугуна байланыштуу. Дагы бир досу Райкан Шүкүрбеков менен бөтөлкөлөш болуп, жумуштан бир нече жолу чыгарылган, шаардан кетип, Жумгалда да көп жүрүп калган. Устаты жана өкүл атасы Аалы Токомбаев бир нече жолу аракет кылып да ичкиликтен оолактата албай койгон. Ошол эле кезде ичкиликти таштап, «сасык сууну» жыттабай койгон күндөрү да болгон. Бирок «ичет» деген каргы мойнуна тагылып, китептери басмалардын пландарынан сүрүлүп калган.

Өлүм табышмагы. Алыбаевдин 1959-жылдын 3-декабрындагы (айрым булактарды 9-декабрь) капыс жерден өлүмгө учурашы да азыркы күнгө чейин табышмак бойдон, жандырмагы жок келет…

Абдыкерим Муратов, “Sputnik-Кыргызстан”, © пресс-служба мэрии города Бишкек, 18.12.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий