Эркалы Өскөналиев: ЭНЕ ТИЛ КАЙРЫКТАРЫ

(поэма)

Өмүр чиркин, өтпөй кантип турбасын,
Көз сүзүлүп, көргө кирет бир башың.
Бала-чакаң жоктоп сени ошондо,
«Атакелеп!» кыргыздарча ыйласын!

 

Жандүйнөмдү жаркыраткан, агарткан,
Жалгыз гана Кыргыз Тилге сыйынам.
Жашоо-турмуш титиретип үшүтсө,
Жалынына ушу тилдин жылынам.

Кыргыз Тилде кызык кепти сүйлөшсөм,
Кыдыр даарып жолум шыдыр ачылат.
Күн өрттөнүп, таш куйкалап турса да,
Чаңкоом канып, суусаганым басылат.

Куу турмушуң кууратканда жүдөтүп,
Кыргыз Тилим кол булгалап чакырат.
Жашымды аарчып жаагым ылдый куюлган,
Жарпым жазып, жардам берет батыраак!

Эне Тилим энекемдей үйрүлүп,
Кут төгүлгөн дасторконун жайнатат.
Куурап калган бутактарым гүлдөшүп,
Мөлтүрөгөн мөмөлөрүн байлашат.

Кыялданып бак аралап баратсам,
Куштар дагы кыргызча так сайрашат.
Кыргыз көйнөк кийинишкен кыздардай,
Кызгалдактар жан-жагымда жайнашат.

Тээтетиги жашыл дөңдө жайылган,
Козу-улактар кыпкыргызча маарашат.
Эх, досум ай! Эшектер да атургай,
Өз тилинде айкырганды каалашат!

 

* * *

Кудуреттүү, кереметтүү, канаттуу,
Кыргыз Тилдей тил жок жарык дүйнөдө.
Кудай мени кыргыз кылып жараткан,
Кыргыз Тилин мүмкүн эмес сүйбөөгө!

Кыргыз Тилдин кудуретин карачы,
Кылымдарга кылчайып көр азыраак.
Жаактуулар “Манас” айтып жатканда,
Жамгыр төгүп жиберчү экен шатырап!

Улуу тилге Жер-Асман да багынып,
Улуп бороон, уук-кереге качырап.
Кар жаачу экен таңгалдырып жайында,
Коломтодо от күйчү экен чатырап!

Билбейм башка кудуреттүү тилди мен,
Кыргыз Тилге ийик сыяк ийрилем.
Жылуу-жумшак сөз сүйлөшүп кыргыздар,
Жыланды да чыгарышкан ийнинен!

Аталарым сөз сүйлөшүп олуттуу,
Токтотушкан уруш-чабыш, согушту.
Аксакалдар ак бата арнап сүйлөсө,
Баласыздар балалуу да болушчу!

Айланайын Кыргыз Тилим күчүңдөн,
Акынсынам сен бардыгың үчүн мен.
Аталарым айбарлуу сөз агытып,
Асманда учкан кушту жерге түшүргөн!

Тил жок биздин тилибизге теңешчү,
Жүрөгүмдөй бул тил мага керектүү!
Эй, Култегин! Жан дүйнөңдө жашаган,
Кудай тили — Кыргыз Тили эмеспи!

Кереметтүү, кудуреттүү, сыйкырдуу,
Укпаптырмын бөтөн дагы тил барын!
Миң жыл бою комуз чертип, кыйкырып,
Кыргыз Тилин келет даңктап ырдагым!

Жаздай сулуу, жай түнүндөй жылдыздуу,
Эне Тилдей тил жок аалам койнунда.
Көз сүзүлүп көргө башым киргиче,
Кыргыз Тилин сүйүү парзы мойнумда!

Курсагынан түшкөндө эле энемдин,
Сүтү аркылуу Эне Тилин эмгемин.
Ошондуктан, «ата тил» деп атабай,
Эң жогору баалайм Эне эмгегин!

Кыйшаңдашып Кыргыз Тилин чангандар,
Энелерин сыйлабаган айбандар!
Эмген сыяк орус катын эмчегин,
Буруу тилге аргындашып алгандар!

Жүзү кыргыз, жүрөгү орус дөдөйлөр,
Кыргыз Тилин дагы далай өгөйлөөр…
Кыргыз Тилге кыянаттык кылышып,
Кылыч шилтеп келишет чоң сөрөйлор!

Жаштар жайнайт дүнүйөгө кул болгон,
Жашоо Мүдөө — жалаң Акча пул болгон.
Маңкуртбектер, Маңкуртгүлдөр болгуча,
Жакшы эмеспи жайыттагы уй болгон.

Ушулардын мээси иштесе кичине,
Кыргыз Тили кирет эле түшүнө.
Түндүктөрүн түшүрө чаап кыйратып,
Түкүргүлө киргиздердин жүзүнө!

Депутаттар, министрлер, кыргызча,
Тамтаңдашып чалды-куйду сүйлөшөт.
Жарымы орусча сүйлөп жаткан сөздөрү,
Жарылдашып эл-журтка акыл үйрөтөт.

Татынакай, сулуу тилди булгаган,
Такайлардан жакшылык жок кыргызга.
Таасын айтып так билдирип оюңду,
Тайгаланбай, таза сүйлө кыргызча!

Орус тили — эл аралык тил дечи,
Эне Тилди андан артык баалаймын.
Англис тил — дүйнөлүк тил болсо да,
Ала-Тоолук тилде бакыт-таалайым!

Кыргыз Тилин сүйбөгөндөр кыйшаңдап,
Кыргызстанды сүйүп деле жарытпайт.
Кыргыздар көп киргиздерге айланган,
О, буларды даарыласаң айыкпайт!

Эне Тилин сүйбөгөндөр чынында,
Элин-журтун сүйүп деле жарытпайт.
«Маа демектен кыргыз эртең мал болсун!»
Маңкурттардын кабыргасы кайышпайт.

Мамлекет башкарышып жаткандар,
Мамлекет тилин сүйүп жарытпайт.
Мамлекет тилин жактап, сүйгөндөр,
Мамлекет саясатын аныктайт.

 

Мамлекет тилин жерип чангандар,
Мекенин да мээнип сүйө алышпайт.
Мээси таза мекенчилдер чыныгы,
Мамлекет тилин жерип чанышпайт.

Кыргызстандын жер-суулары, абасы,
Кыргыздардын жан-канына барабар.
Киши тургай мамлекет тилинде,
Сүйлөп турсун тоолор жана талаалар!

Адам тургай сүйлөп турсун кыргызча,
Ак калпакчан айыл-кыштак, калаалар.
Бак-дарактар, жайма базар, дүкөндөр,
Баары ушунун жан-канына барабар!

Бакылдашып Кыргыз Тилде сүйлөшсүн,
Бала бакча, мектеп, окуу жайлары.
Конок үйлөр, жолдор жана көчөлөр,
Койчу баары, Кыргызстан аймагы!

Мекемелер жазып-сызсын кыргызча,
Мээ чаңдатпай орус элдин тилинде.
Кыйынсынбай чоочун тилде чулдурап,
Кыргызча эле сүйлөчү эй, үйүңдө!

Өбүшсөңөр өбүшкүлө кыргызча,
Сөгүшсөңөр мейли өзүңдүн тилиңде.
Түн ичинде жарык төккөн чырактай,
Эне Тилиң күйүп турсун дилиңде.

Уккула эй, уйкудагы кыргыздар,
Уул-кызыңа канат тагып күүлөткүн!
Узун акыл тилеп бала-чакаңа,
Улуу Кыргыз Тилин таасын үйрөткүн!

Узап кеткен кылымдарга кылчайып,
Улуу Ырыбыз бардыгына шерденем.
Кыргыз Тилин билип деле кыйратпайт,
Өмүрүндө «Манасты» ачып көрбөгөн!

Аталарым сөз учуруп дембе-дем,
Асмандагы жылдыздарды сермеген.
Арабызда айланбаштар көбөйдү,
Атан төөдөй сөзгө маани бербеген!

Күмүш ээк карыялар калган жок,
Улуу Сөзгө уккандарды уюткан.
Ой чубасам, бирок, менде арман жок,
Ошол Отко жүрөгүмдү жылыткам!

Кыргыз-Ата тилин жакшы билбесең,
Какап-чакап, онтоп, араң сүйлөсөң.
Кыргыз элге чыккынчылык кылганың,
Кыргыз-Ата уулу эмессиң анда сен!

Эне Тилин жарытылуу билбесең,
Элдир-селдир, эптеп-септеп сүйлөсөң.
Кыргыз элге кыянаттык кылганың,
Кыргыз-Эне кызы эмессиң анда сен!

Кыргыз Тилди сөөмөй кезеп тилдесең,
Кыжырланып сөгүп-сагып, жиндесең.
Кызыталак кызматыңа чиренбе,
Ким болсоң да киши эмессиң, анда сен!

Эне тилди бузуп, булгап сүйлөсөң,
Эл-Журтту ага каршы үгүттөп, үндөсөң.
Кызсыңбы же эркексиңби баары бир,
Кыргыз элдин душманысың, анда сен!

Бөтөн калктын көчүктөрүн жалаган
бөлтүрүктөр чыгат экен арадан.
Башка тилди кемсинтпеймин, а бирок,
Басмырлаба өз тилиңди, садагам!

Орусия көзүн дале караган
ооматтуулар тилибизди аяган
жок кылайып! Мына ушу дөбөттөр,
Кыргыз Тилди жаман аңга камаган!

Эне тилим үчүн далай ыйладым,
Жүрөгүмдү жүз мертебе кыйнадым.
Өрттү кечип, сууга түшө беремин,
Өз тилиңе камчы үйрүбө, урганым!

Атаганат, татаал адам турмушу,
Алмустактан[1], бир ташы кем дүйнө ушу!
Кыргызстан кыр аша албай кыйраңдайт,
Кыргыз Тилдин жанмайынча жылдызы!

Кыргызым ай, качан күйөт жылдызың,
Кыргыз болбой баратышат, уул-кызың…
Кайран тилге калкан болор калдайган,
Кайып болду Түгөлбайың, Чынгызың.

Кыргыз үчүн кынсыз кылыч байланган,
Кайтып келбейт Касымбеков Төлөгөн.
Кыргыз болбой баратабыз кыйлабыз,
Кыргыз болуп туулсак да энеден!

Гезит жана радио, теледен,
Кыргыздар көп орус сөзүн элеген.
Алибетте, бул учурда кубанам…
А бирок да кыйрап уук-керегем,

Ушуларга жиним кайнайт кайрадан,
Атка окшоймун чунаңдаган, тебеген.
Эй, ушулар, душман болуп жатышат,
Эне тилге жебелерин мээлеген!

Башканы кой, жазуучулар, акындар,
журналисттер — тил дүйнөгө жакындар,
Кыргыз Тилин кыйып, кыркып жатышат
Кыйкырууга, бакырууга акым бар!

«Кыргызмын!» деп, эчен кейбир киргиздер,
Эл ичинде басып жүрөт сырайып.
Кыргыз эмес, орус эмес айбанга,
Кайбирде мен, карап калам муңайып.

Бечаралар, тирүүгө окшош өлүктөр,
Эне Тилин жактырышпайт кылайып.
О, мен үчүн, булар эчак өлүшкөн,
Жатышат эй, жалпайышып, тырайып!

Атаганат, татаал адам турмушу,
Алмустактан, бир ташы кем дүйнө ушу!
Кыргызстан кыр аша албай кыйраңдайт,
Кыргыз Тилдин жанмайынча жылдызы!

 

* * *

Кыргыз злим, тазалагын дилиңди,
Коркпой-үркпөй, коргой билгин тилиңди.
Этегине акчабайдын жыгылбай,
Эне Тилге арна, аппак сүйүүңдү!

Кыргыз Тили дүйнөдөгү кымбатың,
Кыл чайнаган, кыйын чакта кыйбасың.
Акча эмне?.. Бирде бар да, бирде жок,
А Кыргыз Тил санаалашың, сырдашың!

Өмүр чиркин, өтпөй кантип турбасын,
Көз сүзүлүп, көргө кирет бир башың!
Бала-чакаң жоктоп сени ошондо,
«Атакелеп!» кыргыздарча ыйласын!

Жашоо чиркин, өчпөй кантип турбасын,
Жүрөк чарчап, жер жазданат бул башың!
Уул-кыздарың, жоктоп сени ошондо,
«Апакелеп!» кыргыздарча ыйласын!

Кыргызым ай, жууп-сыгып дилиңди,
Кыйыктанбай, коргой билгин тилиңди.
Кытмырлардын кылтагына илинбей,
Кыргыз Тилге арна, аппак сүйүүңдү!

Жашоо-турмуш оңго-солго чимирди,
Жалпайтышты кыргызым ай, гүлүңдү!
Эртеңкисин улутуңдун ойлосоң,
Эне тилге арна, жүрөк-жүлүндү!

Эне тилиң уйпаланды, бүлүндү,
Төрдө эле, улагага сүрүлдү.
Энекеңдей Эне тилиң эң ыйык,
Ыза жутуп, ыйламсырап, күйүндү!

Акчабайдан алаңдабай, чочубай,
Ар-намыстан айрылба элим, кокуй ай!
Акбоз атка минип жолго чыгалы,
Арык-торук эшегиңди токубай!

Акча, акча, абдан керек, бу дагы,
Ансыз күйбөйт караңгы үйдүн чырагы.
Курдаштар эй, курсакка эле баш ийбей,
Жүрөктүн да сүйлөгөнүн угалы!

Укчу сөздү, Акыйкатка жанашчы,
Узартпачы, учу-кыйырсыз талашты.
Англис тил — аалам тили болсо да,
Англисче айтам кантип «Манасты»?

Эл аралык тилдерге сен болушпа,
Бакыт Кушу мынабу, Ата-Конушта!
Орус тилин төмөнсүнтпөйм, а бирок,
«Ой, булбулду» кантип ырдайм орусча?

Чет элдердин тилин жактап, жээликпе,
Чебелектеп, телтеңдебе, терикпе.
Кыргыз жаны кылдарында жашаган
комуз чертип, ырдайм кантип немисче?

Чындыкты айтам, сөзүмдү көп бөлбөгүн,
Чыйт түкүрүп, мени жаман көрбөгүн.
Кана айтчы, корей элдин тилинде
кантип толкуйм, Барпы акындын «Мөлмөлүн»?

Түркүм сырын караңгынын, жарыктын
иликтедим, талдап, тандап, каныктым.
Уккандарды жашытып, мен жапончо
кантип төгөм, «Курманбегин» Калыктын?

Ак булуттай каалгыган Анара,
Азын-оолак акыл сунам сага да.
Кыргыз элдин жомокторун жобурап,
Кытайча сен айта албайсың, балаңа!

Мидин менен Байдылданын ырларын
миң мертебе окуп-чокуп, жыргагын.
Эне тилиң эске түшүп ошондо,
Эртели-кеч келип турат ырдагың!

 

* * *

Кыргыз Тилим үчүн күйөм, өрттөнөм,
Аскадагы алгыр бүркүт көздөнөм.
Орус тилин жек көрбөймүн, а бирок,
Орус чалыш кыргыздарды жек көрөм!

Мейлиң талаш, үрбө бирок, канчыкча,
Мээни чагып ажылдаба, айтышпа.
Урпагына Улуу Кыргыз элинии,
Улуу тил жок, Кыргыз тилден артыкча!

Кыргыз Тилим сен үшүсөң, муздаймын,
Бир канаты жараланган куштаймын.
Аргымагың менмин, сүрөп турбасаң,
Атырылып, алга учуп чыкпаймын!

Ырга айлантып, кереметтүү тилимди,
Өмүр бою созо берем үнүмдү.
Өз тилимде жакшы ыр жаза албасам,
Өрттөп мени, сапыргыла күлүмдү!

Жасалгалап көп тил менен дилиңди,
Жакшы эмей, алган албан билимди.
Ээрчип кетпей бирок, бөтөн тилдерди,
Эне тилге тартуулагын, гүлүңдү!

Көзүм бардап, төгөрөккө үңүлдүм,
Кесепети тийип орус тилиңдин
Кемчонтойлор арабызда көбөйүп,
Керемети кемиди Эне тилимдин!

Кыргыз Тили — Айжарыгы иңирдин,
Күнжарыгы — илим менен билимдин.
Кыргыз Тилин өркүндөтө албасак,
Кызыктары сууй берет сүйүүңдүн!

Кызылдары өчүп калат гүлүңдүн,
Кымыздыгы cooлуп калат бүрүңдүн.
Кылымдарды кечип жашай берели,
Кыргыз Тилин кымыз сыяк шимиргин!

Кыргыз Тилге чөгөлөгүн, бүгүлгүн,
Кыз-келиндей таазым эткин, жүгүнгүн.
Ырыс-кешик босогоңдон төргө өтүп,
Ырахаты ысый берет сүйүүңдүн!

Кыргыз Тили аркылуу мол, тунукпуз,
Кыргыз Тили таңшып турса, улутпуз.
Кереметтүү тилибизди өксүтсөк,
Келесообуз, сокур, дүлөй, дудукпуз!

Кыргыз Тили шаңшып турса ар кайдан,
Кожомкулдай дөө балбанбыз, дардайган.
Кордоп, зордоп, булгай берсе тилиңди,
Кой-эчкиге айланабыз айдалган!

Кул болобуз чынжырланган, байланган,
Күңбүз анда, күн чак түштө жайланган.
Жорулардай, каргалардай жашайбыз,
Жондо жаткан өлүү тарпты айланган!

Булганып да, бөксөрүп да, тонолуп,
Тил байлыктан биз укмуштай кородук.
Эй, кыргызым! Кыргыз Тилиң эмне үчүн,
Билесиңби, баратканын жоголуп?

Бөтөн тилдин сөздөрүнө оронуп,
койколоңдоп, короздонуп, боёнуп.
Эй, кыргызым! Эне Тилиң таанылбай
бара жатат, акырындап жоголуп.

Тил жоголсо, айрылабыз баарынан,
Атка окшойбуз, бычып салган жаңыдан.
Атаганат, соолуп, чирип бүтөбүз,
Алмалардай күүлүп түшкөн шагынан!

Баарыңарды тил коргоого чакырам,
Чыңырамын, өкүрөмүн, бакырам.
Эгерде эртең, Эне тилим жоголсо,
Уу ичемин, муунам же атынам!

Жок, жок болбойт!.. Эне Тилим өлбөсүн,
Жамандыгын эки көзүм көрбөсүн!
Жакшылыгын гана арнап элиме,
Жаратканым, андай күндү бербесин!

Кыргыздар ай, жата бербей жашынып,
Кабыландай чыксаң боло качырып.
Кайран тилдин душмандары көбөйдү,
Качанкыга жашайбыз эй, басынып!

Качанкыга жашайт тилим кордолуп,
Келчи эмесе, келечекти ойлонуп…
Тил душмандын тилин сууруп алалы,
Тим койсок эй, жатышпайбы, чоң болуп!

Өлкөсүндө өгөйлөнүп өз тили,
Өйдөсүнөт, өпкөлөнөт чет тили.
Эгемен эл болгондугуң ушубу,
Эне тилиң кемсинтилди, өксүдү!

Азаттыкты алгандыгың, ушубу!
Жакалашып, тилибизди утуру,
Төшкө түртүп, төмөнсүнтө беришсе,
Төп сүйлөтпөй уул жана кызыңды,

Элейесиң, эртең өзүң түшүнбөй,
Эжигейдей эзип ичи-тышыңды,
Ушунчада тарткыла эй, тизгинди,
Уруп салат Манас тилдин кусуру!

Эне тилге душман четтен келген жок,
Эртегидей Маскөө буйрук берген жок.
Кыргыз тилге кыргыздар жоо болушту,
Күйөм, түтөйм, тышым жалын, ичим чок!

Жүзү кыргыз, жүрөгү орус дөдөйлөр,
Жүз мертебе Эне тилди өгөйлөөр…
Кыргыз тилге кыянаттык кылышып,
Кылыч шилтеп жатышат, чоң сөрөйлөр!

Уул-кыздары Улуу Кыргыз элинин,
Кыргыз болбой баратканга арданам.
Эки кыргыз теке маңдай отуруп,
Орусчалап сүйлөшкөнгө таң калам.

Кыргыздарга кыргыз акмак орусча
акыл айтып жатса, кыжыр келтирет.
Кылчактабай Орусия тарапка,
Качан деги жашайбыз эй, элчилеп?

 

* * *

О, мекендеш! Биздин Кыргызстанда,
Мамлекет тили — Кыргыз тили эмес.
Мыйзамыбыз кагаз бойдон баягы,
Мыйзамдарың өлүп жатат, тирүү эмес!

Жан-дүйнөмдү жаркыраткан, агарткан,
Жалгыз гана Кыргыз тилге сыйынам.
Жаратканга жалбаргандай жалбарып,
Таазим этем, бүгүлөмүн, жыгылам!

Башка тил жок, тилибизге теңешчү,
Башың сыяк бул тил сага керектүү!
Эй, Мартеке! Жан-дүйнөңдө жашаган
Машаяк тил — Кыргыз тили эмеспи!

Кылымдарды кезген диним — Кыргыз тил,
Кыргыз жолун арууланткан, жылдыз тил!
Жезди алтынга айландырган сулуулап,
Жерди огунда чимирилткен, чындык тил!

Кыргыз тили — жан-канымда жашаган,
Мен багынган, мен табынган Кудайым!
Ушу Улуу Кудайыңа сыйынып,
Улуу Кыргыз куунап жаша, ылайым!

О, элим ай! Уулуң менмин, муңайым,
Уруксат эт, сөз дүйнөңө кулайын!
Агар алтын, ак күмүштөн[2] асыл баа,
Ата-Баба уламасын[3] угайын!

Тим жатпастан, Чоң Казатка чыгайын,
Тил душмандын ичегисин чубайын!
Манас-Ата тирүү арбагы жылоолоп,
Улаңгайыр[4] тарых жолун улайын!

Көз жашымды Тилим үчүн сыгайын,
Көккө учуп, жерге конуп турайын.
Көз сүзүлүп, көргө башым киргиче,
Кыргыз Тилге жүрөгүмдү сунайын!

2012-жыл

[1]Алмустак — Асман жаралган, жер каймактаган, эң байыркы учур.

[2] Агар алтын, ак күмүш — чылк алтын, накта күмүш.

[3] Улама — улама сөз, санжыра, тарых ж.б.

[4] Улаңгайыр — абалкы, байыркы.

 

«Кыргыз тили»

Соц тармактар:

Добавить комментарий