Анжыяндык кыргыздардын өтмүшүнө бир назар: Алымкул аталыктын жана Мусулманкулбийдин тарыхтагы ролу, бүгүнкү абалы

Анжыян аймагы, анда жашаган элдердин, анын ичинде кыргыздардын тарыхы көп кырдуу окуяларга, мамлекетке жана элге кызмат кылган тарыхый инсандарга бай экендигине көөнө тарых өзү күбө. Тарых издери «Капка бекитилген шибегедей» кайсы бир күнү жарыкка чыгат экен. Аймактан чыккан улуу тарыхый инсандарыбыз Алымкул аталык жана Мусулманкулбий сыяктуулар. Бул эки инсан бир атанын балдары болушуп, жашаган доорлору өлкөнүн келечегин аныктап турган, замандын оюш-кыйыш курч саясий окуяларды камтыган мезгилге туура келет. Куштун эки канаты сыңары бул азаматтар, бир ойдо, идеяда өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн, элдин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн. Экөөнүн кыргыз өтмүшүндөгү ролу жана жасаган иштери, мүдөөлөрү диалектикалык байланышта болуп, бирин бири коштоп турат.

Алымкул аталык боюнча кененирээк изилдеген өзбек окумуштууларынын эмгектери (Анжыян мамлекеттик университетинен, профессор Р. Шамсутдинов) жарык көрүп, илимий-практикалык конференциялар өткөрүлүп, талкууга алынып, материалдар элге жайылтылган. Окумуштуу Р. Шамсутдинов «Алымкул аталык» темасына байланышкан илимий эмгектеринин библиографиясы өтө бай, Кокон хандыгы доорундагы жазып калтырылган материалдарды, тарыхый булактарды камтыйт, Алымкул аталыктын тарых-таржымалы, жасаган иштери, бийликке кандай келиши, Орусия падышачыл баскынчылары менен күрөшү, хандыктагы бийлик төбөлдөрү, бийлери менен болгон мамилелери, алардын айрымдары эмне себептен жазалангандыгы тууралуу маалыматтардан турган, 2001-ж.ж.. Ташкент шаарында басмадан чыккан «Ёлкин» («Жалын», 2014-ж.ж.. кыргыз тилине которулган, демөөрчүсү Акматов Мамасалы) деген тарыхый романында кеңири чагылдырылган.

Казак туугандардан изилдөөчүлөр (Абдырахман Отеген) Алымкул аталыктын туулган жерине, бүгүнкү Анжыян облусунун Коргон-Төбө районун Дыйкан-Чек массивинин Таштак (эскертме: айрым булактарда аталыктын туулган жери Жала-Кудук районунун Исанов айылы деп ката жазылып калган) жана Токтогул айылдарына келип, урпактары менен жолугушуп, маалыматтарды топтоп эмгектери жарык көргөн (Мис., Абубекир С. «Коканнын сонгы ханы — кыпшак Алимкул Хасанби (Амирлашкер)».-Б., 2016.) жана аларда Шымкент облусунун босогосуна Алымкул аталыктын эстелигин куруу демилгеси көтөрүлгөн.

Кыргызстанда Алымкул аталык тууралуу окумуштуулар Т. Кененсариев, Т. Топчуев, К.Молдокасымов, Б.К. Абытов, Т.Н. Омурбеков, Б. Адылбекова ж.б. илимий эмгектери, макалалары бар. Окумуштуу Т. Кененсариев «Еще раз об Алымкуле лашкер башы» (2016-ж.ж.., 7-ноябрь) деген илимий макаласында Алымкулдун тарыхтагы ролун жогору баалап, төмөнкүдөй жазат: «Алымкул Лашкер башы стоял в государственной должности Кокандского ханства около семи лет, точнее с 1858 г. до его смерти в 1865 году. Сначала был в партии Малабек хана (1858-62). Во время смуты 1862-63 годов он смог проявит себя умным правителем и успешным военоначальником, который сумел сохранить независимость Кокандского ханства от Бухарского Музаффара. После изгнания бухарского эмира с пределов Ферганы 9 июля 1863 года был проведен в Жармазаре, в окрестностях Маргелана, судьбоносный курултай, который вернул Кокандское ханство в норму существующей традиции и тем самым была сохранена былая государственность народов Ферганской долины, Ташкентского оазиса, Южного Казахстана и Кыргызстана. На том курултае была собрана народная масса в 5-10 тыс. чел., в том числе известные государственные мужья и родоправители Маргелана, Андижана, Оша, Коканда, Шахрихана, Намангана, Чуста и других земель.

По данным «Тарих-и Фаргона» Исхаккана Жунайдулла Ходжа оглы (Ибрата) и других источников, в курултае участвовали много народ и знаменитых личностей. Алымкул лашкер башы проявил щедрое гостеприимство. Всем участникам было распределено множество халатов и других подарков. Курултай продолжался около 3-4 часов. В конце Алымкул обратился к присутствующим и напомнил им, что “все беспорядки в ханство происходили из-за того, что население государства не признает единого государя – хана. Поэтому мы должны признать одного избранного человека в качестве законного государя”. Тогда один из известных улама из Коканда Зиявуддин Магзум встал и предложил стать ханом Коканда Алымкулу лашкер башы. Однако Алымкул, уважительно отклонив это предложение, указал по традиции избрать ханом человека из ханского рода. После долгого обсуждения курултай остановился на кандидатуре Султан Сейита, сына Малабека. Фактически, и Алымкул тоже думал о нем. После этого Султан Сейит был провозглашен ханом, с поднятием на белом войлоке». Автор өзүнүн эмгектеринде Алымкул аталык өз заманын бир эле зор эл башкаруучусу, колбашчысы гана эмес, келечекти көрө билген Кашкар, Бухара эмирлиги хандары, Орусия падышачылыгынын өкүлдөрү ж.б. менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн акылман дипломат болгонун белгилейт.

Ал эми окумуштуу-тарыхчы Б.К. Абытов (2018-ж.ж.. 18-май) «Алымбек Датка жана Алымкул аталык: соратники в политике или непримиримые конкуренты» темадагы илимий макаласында: «Однако по авторитету, масштабу деятельности и политическому весу в ханстве, среди населения и поддерживающих этнополитических сил Алымкулу аталыку было далеко до уровня Алымбека датки», деп мүнөздөп, жазат.

Кыргыз, орус, өзбек жана казак окумуштуулары зар какшап кыргыздан чыккан лашкер башы Алымкулду бир эле кокон хандыгынын калкынын эмес, Арто Азия элдеринин көз карандысыздыгы, эркиндиги үчүн, Орусия падышачылыгынын басып алуу аракеттерине күрөшүп курман болгон колбашчы, баатыр-тарыхый инсан экендигин баалап жатышса, бизде ал инсанды саясий интригалардын терс каарманы катары көрсөткөн бүдөмүк ойлор, пикирлер да жок эмес.

Кыргызстанда «Алымкул аталык» темасы коомубуздун кыска чөйрөсүндө илимпоздордун изилдөөсүндөгү жана полемикасынын чордонундагы объект катары каралып, чектелип турат. Алымкул аталыктын тарых-таржымалына, анын бейнеси, тарыхтагы ролу жөнүндө кеңири калк катмарында тегерек стол, диспут ж.б., илимий чөйрөдө талкууга алынган конференциялар ж.б. уюштуруу иштери жетишерлик деңгээлде жүргүзүлө элек. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Ош шаарынан маркум журналист агабыз Сабыр Буркашев Алымкул аталык бир эле Кокон хандыгынын эли эмес, бүтүндөй Орто Азия элдерин, жерин Орусия падышачылыгынын басып алуу аракеттерине каршы чыгып курман болгондугу, ал инсандын тарых-таржымалына өкмөт тарабына көңүл бөлүп, коомчулукка жайылтуу өтүнүчү менен өзбекстан Республикасынын Президенти И. Каримовго кат менен кайрылган. Же болбосо Алымкулдун урпактары кыйын чыкпай калдыкпы…?, ал инсанга айкел тургузуу ойлорубуз акебиз жазган катына жооп болбогондой, орустар айткандай «крик души» бойдон турган кезеңи.

Албетте, Анжыян кыргыздарынын өтмүшүнө кайдыгер карабаган мекенчил инсандарыбыз да бар. Алардын бирөө «Доор аяны» телеберүүсүнүн алып баруучусу, журналист Султан Абдырахманов. Ал киши өзбекстан чек аралары жабык болуп турган кезде, өз демилгеси менен өзбекстанга жол таап, Анжыян облусунун Коргон-Төбө районуна келип, элге жасаган эмгеги менен даңазалуу, Жалал-Абад шаарын негиздеп, өсүп өнүгүшүнө чоң салымын кошкон Мурзакул болуштун урпактары менен жолугуп, Алымкул аталык боюнча материал даярдап, атайын телеберүүгө чыгарган.

Анжыян аймагынан чыккан дагын бир эр азаматтарыбыздын бири Мусулманкулбий. Кокон хандыгынын тарыхында эки Мусурманкул деген ат кездешет. Биринчиси айтылуу миңбашы, аталык Мусурманкул, экинчиси 1871-74-ж.ж. (эскертме: 1973-76-ж.ж. «Кокон көтөрүлүшү», «Полотхан көтөрүлүшү» деген ат менен тарыхта орун алган) Кокон хандыгында элдик көтөрүлүштүн башчыларынын бири Мусулманкулбий. Экоо тең анжияндык кыпчактардан деп айтылат. Тарыхта калган бул адамдардын образдары залкар жазуучу Тологон Касымбековтун «Сынган кылыч», «Кел-кел» тарыхый романдарында чагылдырылган. Бүгүнкү күндө бул инсандын тарых таржымалы, бейнеси толук изилденбегени байкалат.

Мусулманкулбий аралашкан тарыхый окуяларга көңүл бура турган болсок: 1860-70-жылдардын аралыгында Орусия падышачылыгы Орто Азияны Ташкент шаарына чейин басып алган, анын натыйжасында Кокон хандыгынын аймактары тарып, казынага түшө турган кирешелер кескин түрдө кыскарган. Казынаны толуктоо максатында Кокон ханы Кудаярдын буйругу менен элге кошумча салыктар салынган. Салыктардын оордугунан, хандын ырайымсыздыгынан эл кедейлешип, оор абалда жашап калган. өлкөдө саясий абал да начар абалда болгон. 1865-ж.ж. Кудаярхан үчүнчү жолу такка отургандан кийин кыргыз, кыпчак жааматтын бийликтен четтетип, алардын кыжырдануусун пайда кылган. Анын натыйжасында кыргыз-кыпчак бийлери башында турган ханга каршы элдик толкундоолорго алып келип, көтөрүлүштөр чыккан. 1872-жылы кыргыз-кыпчак бийлери ханды алмаштыруу максатын көздөп Самаркандан Алим хандын (1800-1809-ж.ж. Кокон ханы) уулу Ибрагим бектин баласы Полотбекти тандашат да, аны хан көтөрүү менен Кудаяр ханга каршы күрөшүүгө чечим чыгарышат. Полотбек көнбөй койгондон кийин Самарканддан кайткан кутлук-сейит Шер датка, кыргыз-кыпчак Мусулманкулбий жана найман Мусабек бий Ташкентте курамалык Абдымомундун үйүндө конуп калышат. Анын үйүндө жүргөн Полотбекке окшош Исхакка өтө көңүл буруп калышат. Шер датка менен Мусулманкул бийдин “Хан” болуп көтөрүлүштүн жетекчиси болуп берүү сунушуна Исхак макул болот. Коноктор Исхакты алып Наманган тарапка аттанышат. Ташкендеги болгон жолугушууну-окуяны өзбек тарыхчысы Хайдарбек Бобобеков (“Исён” илимий макала, Шарк юлдузи” журналы (1989жыл, 11-саны) төмөнкудөй жазат: “Мусулманкул деген кыргыз-кыпчак уруштан (эскертме: хандын жазалоочу желдеттери менен болгон уруштан) качып, бир канча кыргыздар менен кеңешип канзаада табуу үчүн Бухарага (эскертме: башка булактарда Самарканд) Полотхандын алдына барышат. Полотхан кабыл кылбаптыр. Андан түңүлүп, үргөнчкө Махамад Алихандын уулу (Кокон ханы – 1822-42-ж.ж.) Муззафархандын алдына барып, калк биригип сизди ата тактынызга отургузууга патаа окуп, бизди жөнөтүштү, бүтүн калайык сизди күтүп, муктаж болуп турат дешти. Муззафархан: “Сиз кыргыз калкынын акыбетиннер жок, Каландархан акамды да алып барып, Мургзар кыштагында өлтүрүп койдуңар, Алхамдулилло авкот бахузур”, — деп жооп айтат.

Мусулманкул аргасыздан Ташкентке келди. Мухсинбай уулу Абдулмомундун үйүнө конду. Анда молдо Исхак деген кыргыз бала Номдонг деген жерде насыпай сатуучу экен. Абдулмомун (Мусулманкулга кайрылып): “Эй, акмак кыргыз, ушул кыргыз баланы Полотхан деп алып барсаң, иш жүзүнө ашканда Бурхон-Тохур”, — деп айтат экен. Мусулманкул макул болуп, ошол кыргыз баланы алып, Аблиг үстүнү ашып, Чуст үстүнө келип кошунга кошулду. Кыргыздар сүйүнүп, маареке өткөзүп, ак кийизге салып хан көтөрүштү». (өзб. ИА Чыгыштаануу институту, қол жазма, инв. № 3753, 156—158-беттер)”.

Маалыматтарга караганда 1873-жылы жаз айларында Шер датка, Мусулманкул, Мусабек, Сулайман удайчы жана Абдымомундун коштоосунда Искак-Полот бек Ала-Букага келет. 1873-жылы жайында 29 жаштагы Искак «Полот хан» деген ат менен Аксынын Сафид-Буланында, кийизге салынып хан көтөрүлөт. Көтөрүлүштүн жүрүшүндө Абдымомун, Мусулманкул сыяктуу бийлер түздөн-түз жетекчилик кылышты. Чартак беги Кедейбай датка менен Жаңы-Коргондун беги Алимдин жазалоочу отрядын Сафид-Булан менен Ала-Буканын ортосунда талкалайт. Бирок Кокондон жазалоочу аскерлери менен чыккан Абдырахман аптабачы начар куралданган көтөрүлүшчүлөрдү Аксы, Ала-Бука , Чаткал тарапка чегиндирет.

1874-жылы июль айында Искак-Полот хандын айланасына көптөгөн кыргыз, кыпчак уруулары, өзбек дыйкандары көтөрүлүшкө кошулат. Тарыхчы Кушбек Үсөнбаев көтөрүлүштүн жүрүшүн төмөнкүдөй мүнөздөп: (Присоединение Южной Киргизии к России. Фрунзе, «Киргосиздат», 1960., 69-б.) «1874-жылы июлда чаткалдык кыргыздар көтөрүлдү. Алардын башында Мусулманкул (Кокондун мурунку лашкери кыргыз Алымкулдун тууганы) жана Полот хан турушту. Мусулманкул Момунду, башкача айтканда бир кезде Полот хан үйүндө кызмат кылган курамалык Абдымомун аталыкты Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө макул кылдырды» деп жазат. Т. Кененсариев “Кыргызстандын Орусияга каратылышы” (- Б., 1997.) эмгегинде Мусулманкулга тиешелүү бардык пункттарда эскертме катары Алымкул аталыктын жакын тууганы экендигин көрсөтөт.

1874-жылдын 1-августуна чейин Сафед-Булан, Чартак, Жаңы-Коргон чептери алынды, Касан шаарын жана чебин Полот хандын колу согушсуз ээлеген. Полот хандын кошууну Намангандан алыс эмес Төрө-Коргон чебин талкалап, Наманганга жүрүш жасоого даярданып туруп калды. Кудаяр хан жакшы куралданган, Абдрахман аптабачы башында турган жазалоочу аскерин жиберди. Абдырахман аптабачы менен көтөрүлүшчүлөрдүн жашыруун сүйлөшүүлөрү жүрүп жатты. “Пулат-хан” тарыхый повестинде (Газиев А. Пулат-хан. Историческая повесть /Ред.-сост. В. Воропаева. Бишкек, 2010.) бир сүйлөшүүнүн мазмуну төмөнкүдөй сүрөттөлөт: «Афтобачи был мрачен как никогда, ему не хотелось сражаться с восставшим народом. В то же время он понимал в случае неудачи хан не пощадит его. Надо одержать победу. Один из главарей повстанцев, Мусульманкул направил ему письмо. «Сынок,- писал он: -Твой отец Мусульманкул был подло казнен проклятым Худояром. Неужели ты забыл об этом? И вот я, тоже Мусульманкул, такой же кыпчак, как и ты, говорю тебе: брось собаку Худояра и переходи к нам». Автобачи прочел, поиграл желваком и бросил письмо в огонь» (119-бет.).

Төрө-Коргон алдында катуу салгылашуу болуп, көтөрүлүшчүлөр жеңилип, көп адам колго түшөт. Автор Бобобеков Х. төмөнкүдөй жазат: “Төрө-Коргон айланасында салгылашуу болду. Бул салгылашууда “Мусулман кыргыз” курман болду, 300гө жакын кыргыз колго алынды, Полотхан тоого качты, башчылардын бири болгон Момун Чаткалга кайтты жана ошол жерде орус аскерлери тарабынан колго алынды” (“Исён” илимий макала, Шарк юлдузи” журналы (1989-жыл, 11-саны). “Пулат-хан” тарыхый повестинде төмөнкүдөй айтылат: “Мусульманкул был убит. Обьезжая поле битвы, Автобачи опознал труп Мусульманкула и велел похоронить с почестями, как батыра. Остальные тоже спещно захоронили во избежании распространение заразы от разлагающихся трупов”(121-бет). Демек, Мусулманкулбий 1874-жылы август айында Төрө-Коргон алдында cалгылашууда өлгөн. Көтөрүлүштүн жүрүшү кийин күч алып, Орусия падышачыл баскынчыларына багытталып кеткендигин тарыхый маалыматтардан бизге белгилүү.

Мусулманкулбий Алымкулдун жакын тууганы экендигин илимий булактардан сырткары элдик санжыраларда да жолугат жана Алымкул аталыктын жакын туугандырынын урпактарынын бири – ОшМУда профессор И.Г. Кенжаевтин, Мусурманкулдун түздөн түз урпактарынын бири Анжыяндын Коргон-Төбө районунун Токтогул айылынын тургуну Ювашев Сыдыктын маалыматтары бекемдейт. Алымкул аталык менен Мусулманкулбийдин туулган жери азыркы Анжыян облусунун Коргон-Төбө районуна караштуу Таштак айылы эсептелет. Илгертен «Алымкулдун таштагы» деп аталчу экен. Ал жерде бүгүнкү күндө Алымкул урпактары Ташматтын балдары жана жакын туугандары жашайт. Тарых иликтөөчү Гыламидин Абдрахмановтун «Улуу Эл урпактары» (2015-ж.ж.., Бишкек ш.) деген китебинин 2-бөлүмүндө Кыргыздын кыпчак уруусунун санжырасында, анын ичинде таз уругунун таралыш-таржымалында Алымкул аталык менен Мусулманкулбийдин санжырасы, урпактары дээрлик толук бойдон көрсөтүлгөн. Таз уругунун Эрке сары бутагынан «какшык», «шилекей» жана «карынчы» топторунун урпактары Анжыян Коргон-Төбө районунун Таштак, Токтогул айылдарында жана Жалал-Абаддын Сузак районун Комсомол айылдарында, Бишкек шаарында бар.

Ювашев Сыдыктын айтуусу боюнча: «Биз Алымкул аталыктын бир тууганы Сары дегенденбиз, Сарынын баласы Мусулманкулбий, андан эки уул Молдо Садык казы жана Дөүт, Дөүттүн баласы Жоош – менин чоң атам. Атам Эшбайдын айтууларына караганда бабавыз Асанбий Анжыян айланасында кыргыз-кыпчактардын бийи катары элге кызмат кылган экен, анын өзү жашаган Таштак айылында «зынданы» болуп, ал зындандын тарыхый орду бар. Анын баласы Алымкул жана небереси Мусулманкул кыйын чыгып, аларда мамлекетке, элге кызмат экен. Алымкул Мусулманкулду дайыма бирге алып жүргөн, Ташкендин алдында Алымкул душман огунан оор жараат алып жатып калганда, алдына жакын туугандары Метер паңсат менен Дос (кийинчерээк ажы болгон) кирет, аларга «орус эми басып алат, балдарым Ташматты, Эшматты таап Кашкардын ханы Жакыпбек Байдөөлөттүн алдына кеткиле»— деп керээзин айтып жан берет экен. Мусулманкул Кокон ханы Кудаярга каршы чыгып, бүтүн журтту көтөрөт. Намангандын Төрө-Коргон деген жеринде өлөт. Көтөрүлүшчүлөрдүн башчысы Мусулманкул өлгөнүн уккан Абдырахман аптабачы кейип, өкүнүп: «кыргыз кыпчактын дагын бир кыйынын өлтүрүп алдым» деген экен. Мусулманкулдун чоң уулу Молдо Садык казы жаштайын зирек болгондуктан, аны Кокондогу чоң медресеге окутушат. Акылы тың, чыйрак чыккан баланы эр жетип калган кезинде мударистердин бирөөсү атаң Кудаярханга каршы чыгып согушуп жүрөт, сен биз менен калгын, сага ушул жерден кызмат беребиз дешет. Садык көнбөстөн Кокондон кетүүнү чечет. Кайда барасың? — деп сурашса, туугандарыма барам деп чыгып кетет экен. Мусулманкулдун баласы Кокондо экендиги Кудаярга жетип, аны өлтүрүү үчүн артына желдеттер жөнөтүлөт. Язаван деген жерде желдеттер менен кармашып, бирөөсүн өлтүрүп, Садык качып кетет. Андан нары түз эле ата-жайына, бир тууганы Дөүттүн алдына Таштакка келет экен. Иниси Дөүт аны үйлөп-жайлап жардам берет. Кийинки убактарда Токтогул айылында (мурдакы Шамалбак участкасында) жашап, Мурзакул болуш доорунда аймагыбыздын казысы болуп, болуш ата менен бирге элди башкарат экен. Молдо Садык казыга тиешелүү болгон казылык мөөрү, вакф кылынып берилген жерлердин кагаздары совет доорунда кыйла сакталып турду».

Алымкул аталык менен Мусурманкул бийдин санжырасы
Алымкул аталык менен Мусулманкул бийдин санжырасы

Жогорудагы маалыматтарга саресеп сала турган болсок: Алымкул аталыктын тарых таржымалы, бейнеси тууралуу эмгектерди, булактарды элге кеңири жайылтуу, сиңирүү максатында мамлекеттик органдарда, илим изилдөө борборлору бар тармактарда, тарых багытындагы адистиктерде ЖОЖдордо, массалык-маалымат каражаттарында ж.б. комплекстүү пландардын алкагында иш-чараларды жүргүзүү зарыл; Кокон хандыгынын негизги калкы болгон кыргыздардын, өзбектердин жана казактардын ошол убактагы мамлекеттүүлүк көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн Алымкул аталыктын мамлекеттик ишмердүүлүгү, тарыхтагы ролу алкагындагы маалыматтарды жайылтуу жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо, Кыргызстан, Казакстан жана өзбекстан элдерин достук, биримдик мамиледе болууда чоң рол ойнойт; Мусулманкулбий Кокон хандыгында ханды алмаштыруу үчүн аракет кылган жана чечүүчү рол ойногондордун бири болгондуктан, ал бир эле уруунун бийи катары эмес, өз мезгилинде Кокон өлкөсүндө жогорку деңгээлдеги таасирдүү фигуралардын бири болгон; Мусулманкулбий кыргыз кыпчак урууларын, өзбектерди, тажиктерди камтыган көтөрүлүштүн активдүү башчыларынын бири болгондуктан, ал этностук курамы ар түрдүү болгон — жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн инсан; Мусулманкулбийдин тарых таржымалы, бейнеси терең изилденип кыргыз тарых барактарында татыктуу орун алуусу абзел.

Улан Чотбаев,
ОшМУнун юридика факультетинин бүтүрүүчүсү,
5 илимий макаланын автору,
Москва шаарында эмгектенет.

Соц тармактар:

Добавить комментарий