Гулназар Келди (тажик акыны)

КУМУРСКА

Дан артынган кумурска
жеркампадан дубалда тик өөдө карай барат жылып,
Тээ Сулайман доорунан чыккансып…
Мен – бекерчи, ал – жапаакеч эмгекчи,
оор жүктүү жылып барат,
астанамдан көздөгөнү – асман тарап
караңгынын түпкүрүнөн
күн желеси көктү көздөй тарткандай,
көөдөнүмдө жүрөк лак-лак
Кумурскадан көз алууга күч калбай
күбүрөдүм : “О жараткан!
Бу карыптын сапары – оор, зор сапар,
күч берегөр, жеткирегөр, колдойгөр!…”
Ал аңгыча,
Кумурска
жарым жолдон оонап түштү, бетаалай!
Күн төбөдөн орго кулап түшкөнсүп
караңгылык каптай түштү көзүмдү,
касыреттен кабыргам чарт сөгүлдү!
Турпатымды ыза ширеп,
Кумурска эмей
өзүм кулап кыялымдын сересинен
ылайда калгансыдым…
Мен көзүмдү араң ачтым , күч менен-
О Жараткан,
кайра дагы баратыптыр жүк менен:
оор жүктүү жылып барат,
астанамдан көздөгөнү – асман тарап,
караңгынын түпкүрүнөн
күнжелеси көктү көздөй тарткандай…

Эси-дартым ээрчип аны жылып жатты,
сабырымдын чаңырыгы бугуп жатты,
парасатым терге айланып,
чачтарымдын талы сайын чыгып жатты…
Шыбырадым: “ О, Жараткан!
Бу карыптын сапары – зор…”
Жалынч-келмем жармы чыгып оозуман
жарым жолдон кайра дагы оонап түштү
кайран кумурскам.

…Кечке таяп, түн жыттанган кез эле,
а кумурска убаракеч – коногум.
Шорго бүткөн бу шордуунун мээнети
маанайымды арман болуп ээледи,
көөдөнүмдү көөдөй союл камчылап,
көз жаш эмес жүрөктөн кан тамчылап…
Ташынган кургурум – ай!
Ах, кыярган кыялым менин!..

 

МАС БОЛГОНДОГУ ЫР

Жашоо кайда, башка кайда, мен кайда?
Арманымды кимге айтам?
Башкалар соо мен гана масмын,
Башкалар өөдө мен гана пасмын,
Кудай урсун, мен гана масмын!
Өзүмө кой менин мастык ырымды,
Арманым соо, аны билген соолор жок
соолор жоктон мен масмын,
достор жоктон мен масмын!

Жаракат алсам ыракат алаар сен болсоң,
Балекет тапсам берекет табаар сен болсоң,
Бир жыргап алчы!
Бир жыргап алчы!
Не дейин эми?
Масмын,
тазмын,
азмын,
жыласмын
Ушунчалык масмын – ов, масмын,
Кудай урсун, масмын, мен масмын!..

 

МААНАЙ

Жаз кулпунат…А бирок
бөрткөн гүлдү туурабады жүрөгүм
музчеңгелде кала берип бул ирет…
Кыялыма кыз илеби серпилген жок
ырдаса да ырчы куш ышкын ырын.
О Жанегем!
Картайыпмын!
Да эч кимдин чатагы жок бул муң менен…

 

* * *

Уктап жаткан эл ойгонду дооштон
Те чекеде,
Те шаардын таң сөгүлчү жагында
Чоочун доош коңгуроолуу кербен өтүп баратты…
Не кербен бу?
Чала уйку топ
(дүүлүктүрмө собол козгоп)
кан жолдогу чаңга жете келишти.
Эй! Не кербен бу?

Зарыкты үн:
“Напси тоёр жүк артынган кербенби?”
Жалооруду дагы бир үн:
“Көңүл кушу, жан ырааты келгенби?”
Онтоо чыкты өңгөчтөн:
“Балким , бул жүк – азаттык?”
Аң-таң калган чала уйку топ
Сурады бир ооздон:
“Азаттык?”
“Ичмеликпи?”
“Киймеликпи?”
Кайра өңгөчтөн онтоо чыкты:
“ Азаттык. Болгону ушул.”
Аң-таң болгон чала уйку топ
Аң-таң бойдон кайра уйкуга киришти…

 

ДАРАК СЫРЫ

Бөтөлкөлөр бошогон жерде
бошоткондор той болгон жерде
тамырларым жыйырманчы албуут кылым кыртышында.
Жаш кылымдын жаңы күнү бутактарым кош колдоп
тартып туру бүгүн-түндөн келечекки Жашылдыкка.
Күрөөмдө ойноп каны кошок жыттуу өткөндүн
А башымда аруушоокум үмүт-ою эртеңдин
Кабыктарым саар-кечтин бөзүнөн,
Мөмөлөрүм жаңы-эскиси аралаш,
Бой-турпатым баш-аяктын өзүнөн
ымыркаймын,
карыямын,
тамандамын,
асмандамын,
жалбырагым желпинип жаңы кылым эпкинине
тартмак мени бейпилдиктин мейкинине
жетмек анан бейпилдиктин мейкинине…
Жаш кылым! Эй, жаш үмүттүн ак бешиги!
Апаат күздө чачылтпачы бариктерим,
Арам бутка басынтпачы данектерим,
Күнөөлөргө кабылтпачы, күнөөлөргө…
Тамырларым жыйырманчы албуут кылым кыртышында
каныма түс берген гүл да ЖЫЙЫРМАНЫН тулкусунда!

Тажик тилинен кыргызчалаган ШААМЕРЧЕМ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.