Фатима Абдалова, акын: “Ырларымды балдарым да аярлайт”

Турмушта таланттын ар түрү бар. Ырды адамга таасир бергидей кылып жазуу да чоң талант, шык, өнөр. Ошол өнөр кай бирлердин канында кайнаса, айрымдардын жүрөгүнө тынчтык бербей аргасыздан жаздырат. Бүгүн биз акын Фатима Абдалова менен чыгармачылык турмуш тууралуу сөз кылдык.

– Фатима айым, ырды акын болуш үчүн жазасызбы же жөн гана жан дүйнө жаңырыгыбы?
– Бала кезден баштап ыр жазып калдым. Ал убакта акын болом деген ойдо жок болчу. Бул мага табияттан берилген белек экен. Өзүнөн өзү калыптанды. Чындыгында акын болоюн деп максат койгон эмесмин. Бирок, ырларды жазып жүрчүмүн. Ошол эмгек, талант өзү максатка жетеледи. Тагдырымды акындык сапарга алып келди. Кээде олтуруп, “Эмне үчүн ыр жазам? Эмнеге дегенде ыр жазуу өзүнчө чоң түйшүк, эмгек. Эми ушунун мага кереги бар беле? Мага аялдык түйшүгүм деле жетишерлик эле го”-дейм. Тереңдеп ойлоп көрсөм аргасыздан ыр жазат экенмин. Сен жаза турган ойлор сенин күнүмдүк жашооң аркылуу жан дүйнөңө кирип байыр алып, анан аны кайра сыртка чыгарууга мажбурлайт экен.

– Поэзия сүйүүчүлөрү билбеген кандай мүнөзүңүз бар. Себеби чынчыл акын бүт өмүрүн, тагдырын калеми аркылуу поэзиясында чыгылдырат эмеспи?
– Мендеги башкы мүнөз бул чынчылдык, боорукерлик. Кээ бир акындарды көрүп калам, ошол сапатка жооп бербейт. Акындар чынчыл изги болбосо жакшы поэзия чыкпайт. Ырда чыныгы турмушту чагылдырып жатканга чынчылдык мүнөздөр түрткү болууда.

– Кимдин ырын окуганда көзүңүзгө жаш, же көөдөнүңүзгө жылуулук аласыз?
– Бизде не деген залкар акындарыбыз өткөн. Алыкул Осмонов баштаган таланттардын чыгармаларын нечен ирет окуп, көптөгөн таасир алдым. Анан да Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Сагын, Майрамкан эжекелерибиздин ырларын окуганда жан дүйнөңө жетип, кубантып же болбосо кейитип турган сезимдерге туш болом.

– Акынга ар бир ыры төрөп алган баласындай дешет. Балдарыңыз ырларыңызга кандай мамиле кылышат?
– Чындыгында өзүм башынан эле китептеримди, гезитке чыккан ырларды кесип алып сактап көнгөм. Ошондон уламбы балдарыма да ошол адатым сиңип калгандай. Балдарыма “Менин кагаздарымды тытпагыла, абайлагыла! Бул менин баалуу эмгегим”-деп айтып турчумун. Азыр ойлосом алар да аяр мамиле кылып көнүшүптүр. Кээде азыр сагынып калган учурларда сүрөт көргөнсүп гезит беттерине чыккан ырларымды окумай адатым бар. Балдар да аярлап кармашып, менден уруксат сурап окуп калышат. Ырларым үчүн балдарымды урушкан деле күндөрүм болбоптур. Абдан этияттык менен мамиле кылышат.

Назгүл Эсенгулова, «Кереге» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.05.2012-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Фатима Абдалова, акын: “Ырларымды балдарым да аярлайт”

  • 09.01.2015 at 11:37
    Permalink

    Вузда окуп жүргөндө өтө назик, үлбүрөгөн гүлдөй жумшак кыз эле.Турмуш аксатып койду.троллейбус айдаган жигит мунун теңи эмес эле.Кечээги маралдай келин бүгүн улгайган аял болуп калганына да ишенбейсиң

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.