Инсандын бейити такталды

Полот хандын сөөгү – Эшен гузарда
Кадамжайдын Охна айлынан чыккан Исхак молдо Асан уулу тарыхта “Полот хан” деген ысым менен белгилүү. Архивдик документтер 1875-жылы жайында анын жетекчилиги менен көтөрүлүшкө чыккандар Кудаяр ханды ордону таштап, падышалык Россиядан калканч издеп качууга мажбур кылгандыгын, Насирдин хан болуп жарыяланганда зынданга салынып, кийинчерээк Чаткал тарапка качкандыгы, октябрда ал Коконду алганда Насирдин да Кожентке өтө качкандыгын, өлкө башына кыйынчылык түшкөндө көтөрүшчүлөр куралын падышачылык Россияга карай бургандыгын тастыктап, кыргыздардын Кокон хандыгындагы таасири күчтүү экендигин далилдеп турат.

Жакында Пүлгөн айылынын тургуну Гламидин Маматалиев бизге жолугуп, Полот хандын балдарынын бири Турганбай, андан Баит экендигин, Баит абанын балдары ага таяке болоорун, Полот хандын мүрзөсү Фергана облусунун Ахунбабаев районунун Эшен гузар айылында экендиги тастыкталгандыгын айтып калды. Журналисттер андайда кыя өтпөйт эмеспи. Сөзүн көңүл коюп уктук.

– Союз мезгилинде “Кыргызстан Россияга өз ыктыяры менен кошулган” деген улуу державага кулдук урган бүтүм бар эмес беле. Ошондон улам тарыхчыларыбыз падышалык Россияга каршы чыккан Полот хан сыяктуу тарыхый инсандын ысмын атоодон чочулап келгендиги да ачуу чындык. Бирок, эгемендик алгандан кийин жарык көргөн окуу китептерде анын ишмердүүлүгү, ысмы орун ала баштады. Биздин аймакта Полот хан тууралуу калган сөздөр эл арасында көп. Ыраматылык Баит тагабыз балдарына ” Биздин атабыздын күчүн пайдаланган Абдырахман аптабачы саратанда зынданга салат, Полот хан аерден качып чыгып, күздө экинчи мерте хан көтөрүлөт. Ал көп узабай эле Коконду ээлеп, орустар менен күрөшөт. Кийинки жылы кышында Полот хан куралы күчтүү орус армиясынан жеңилип, Исфайрам дарыясын бойлой жогору жүрүп отуруп, Чоң-Алайга жакын жерге жашынат. Анын лашкарлеринин көпчүлүгү Анжиан, андан кийин Асекедеги болгон урушта набыт болгон. Ага өзүбүздөн эле чыккан саткынчы барып: “Орустар Полот хан өзү келип колго түшпөсө, бостондун мадемин тобу кыргынга алынат деген шарт койду” деп айтат. Тууган-уругун бөөдө өлүмдөн алып калуу үчүн, ал колго түшүп берген экен” деп айчу экен.

Эгемендүүлүк алгандан кийин 2005-жылы Кадамжай районунун борбору Пүлгөн айылында райондун ошол кездеги акими Абдирашит Бостоновдун демилгеси менен жердешибиз Полот хандын эстелиги Аль-Бухари медресе менен кошо ачылган. Ошол мааракеге катышкан Өзбекстандын Эшен гузар деген айылынан келген Мурат аттуу ажыга барып келген адам: “Туугандар, Пулат хандын сөөгү биздин айылдагы мазарда коюлган. Анын урпактары болсо мен аларга көрсөтүп коёюн. Биз ошол мазарды зыярат кылчу жайга айландырсак деген ниетибиз бар” десе, уккандар ага биздин даректи айтыптыр.

Полот хандын урпактары, тууган-уругу чогулуп, Фергана облусунун Ахунбабаев районундагы Эшен гузар айылында бардык. Анын сөөгү коюлган бул мазарда жандык союп, жыт чагарып, куран түшүрүп кайттык. Жергиликтүү калк менен баарлаштык. Алар бул мазар жайгашкан аймак адегенде трактор паркы, кийин райПОнун карамагында тургандыгын айтышты. Эл оозунда ошол жер “Пулат хан маалеси”, эски мазар “Пулат хандын мазары” деп айтылат экен. Мурат ажынын жакын тууганы Абдыкахар деген адамдын айтуусунда ошол кез Кокон хандыгы жоюлуп, ал Россиянын колуна толугу менен өткөн учур болгон. Полот хан жазында Маргалаңдын борбордук базарында даргага асылат. Дарганын жиби үзүлүп, аман калат. Мындай учурда шарт боюнча тирүү калыш керек болчу. Бирок, М.Скобелов деген генерал кайрадан дарга асууга буйрук берет. Полот хан бешим намазын окуп алууну суранат. Анын акыркы талабы аткарылат. Өлүм алдында мусулманчылык милдетти аткаргандыгы үчүн рухий кайрат алганбы же душман алдында зоболосун түшүргүсү келбегенби, Полот хан дарга алдында түз басып барып, өзүн токтоо кармап барган экен.

Анын сөөгү эч кимге берилбейт. Хандын өтө жакын адамдары түн ичинде анын сөөгүн кайтарган солдаттардын чоңуна ири тартуу беришип, сөөктү сатып алышат. Алар Эшен гузардагы мечитке алып келип сууга алышат да, эски мазарга алып келишип, кийин тапканга жеңил болсун үчүн пия алманын түбүнө жашырышат. Полот хандын адамдары өздөрүнүн изин жашыруу үчүн туш тарапка тарап кетишкен экен.

Абдыкахар аксакалдын чоң атасы Полот хандын сөөгү коюлган мазардын айлана-тегерегин тосуп, өмүрү өткөнчө ага көз салып жүрөт. Жашы өйдөлөп, бели эңкейип калганда балдарына “Бул мазарга орустар менен кармашкан Пулат хандын сөөгү коюлган. Мен көз жумганда мени хандын жанына коесуңар” деген керээз калтырат. Ал киши дүйнөдөн өткөндө балдары анын айтканын аткарышат. Жанагы сөздүн атадан-балага өтүп калгандыгы, мазар жайгашкан жердин топурагы жаш балдардын жарасын айыктыруучу касиетке ээ болгондугу бул мазардын касиеттүү, ыйык жай деп эсептелип калгандыгынын себеби ошондон окшойт. Он жылдан мурда ошол айылдагы колунда бар бир адам соопчулук үчүн Полот хандын мазарын тургузган экен.

Ошол кезде коңшулар менен болгон мамиле анчейин болбой, бул маселеге анчейин көңүл бурулбай калып калган болчу. Азыркы акимибиз Асамидин Ташов Ахунбабаев районунун жетекчилери менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Абдыкадыр Орозбеков аксакалдын 120 жылдык мааракесине арналган иш-чаранын алкагындагы курулуп жаткан 120 объектинин бири катары аны да бүтүрүү тууралуу демилге көтөрүп чыкты. Быйыл райондун жетекчилери жана аксакалдар, бир катар ишкана- мекемелердин, айыл округдарынын башчылары чогулуп, 100гө жакын адам Эшен гузарга бардык. Бизди Ахунбабаев районунун жетекчилери, жергиликтүү эл күтүп турушуптур. Алардын да мазарды зыярат жасоочу жайга айландырсак деген максаттары бар экен. Бул айылдын башчысы Турдаалы аке айылдын жашоочулары акча топтоп, мазар жайгашкан жайды сатып алышкандыгын айтып калды. Биздин райондун жетекчилери мазарды реаблитациялоого, анын айлана тегерегин көрктөндүрүүгө атайын каражат бөлгөнүбүздү, ал ишти жакында колго ала тургандыгын билдирди. Өзбекстандык кошуналар да биздин демилгебизди колдой тургандыгын расмий түрдө айтышты. Бул обьект кудай буйруса күзгө чейин бүткөрүлөт.

Ошентип, Охналык Полот хандын руху эки элдин достугун чындоого, өз ара мамилесин жакшыртууга кызмат кылганы турат.

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.