Жети атаңа чейинки бабаңдын ысымы ымыркайга коюлбайт!

Асыкбек Оморов (Чын Темир)

Элибиз колдонгон миң багыттагы сөз казынасынын акыл менен рух маданиятына байланыштуу кыргыздын каада-салтын, наркын, жашоо салтын, жан дүйнөсүн, дилин, тазалыгын, сулуулугун, улуулугун, асылдыгын аныктоодо ар кыл, сан жеткис көп жактары бар. Ушул биз жогоруда айтып өткөн нерселердин бардык багытын билген адамды элибизде агартуучу деп коет. Чыгыш элинде, анын ичинде көчмөн калктарда эзелтен агартуучулардын атайы мектеби болгон эмес. Нарктуу, акылдуу сөздөр айтылып калса, аны эл арасында атайы ооздон оозго, муундан муунга өткөрүп, көчмөн элдер, айрыкча кыргыз эли ал жакшы аалымдык сөздөрдү каада-салт катары тутуп келген.

Мен мындан ары ушул кыргыз элинин байыркы каада-салттары, нарктары жана мыйзам катары кээ бир мусулманчылыктан мурун сакталып, ушул күнгө чейин жеткен салт тууралуу окурмандарга чечмелеп бермекчимин.

1. Ата
2. Бала
3. Небере
4. Чөбөрө
5. Чебере
6. Чыбыра
7. Кыбыра
8. Кыймылда
9. Кыңылда
10. Кылтыңда
11. Кымыңда
12. Кымылда
13. Кылчылда
14. Тыбыра
15. Тырсылда
16. Торсоңдо
17. Тарсылда
18. Жымыңда
19. Жылмыңда
20. Жылтылда
21. Чороңдо
22. Чорбоңдо.
23. Борсоңдо
24. Борсулда
25. Торсолдо
26. Корсоңдо
27. Арбаңда
28. Арсаңда
29. Эрбеңде
30. Элтеңде
31. Сертеңде
32. Сербеңде
33. Дердеңде
34. Өркөн
35. Өнүккөн
36. Өскөн
37. Өмүр
38. Карсылда
39. Жаркылда
40. Жарбаң

Муундардын аталышы
Илгертен кыргыз элинде мындай болгон: жаш балдарды кызга куда түшүрүп, кийин ал бала бой жеткенде салт менен болочок күйөө баладан “жети атаңды билесиңби?” деп сурашчу. Эгер жаш бала билсе, кызын берип, билбесе “сен али жашсың, ата-бабаларыңды үйрөнүп кел” деп кызын бербей коюшчу. Билген адам “атам – бул” деп атын айтып, андан ары улантып “чоң атам – бул”, “бабам – бул”, “жетем – бул”, “жотом – бул”, “зимин – бул”, “кубарым – бул” деп улантышаар эле.

Негизи кыргыздын каада-салты боюнча жети атага чейин, же тагыраак айтканда кубарыңа чейин кийинки жаңы төрөлгөн балдарга бабалардын аттары салт боюнча коюлбайт. Жети атага чейин арбактар күчтүү болуп, бала мерт болуп же майып болуп калат дешет.

Тарыхта мындай окуяларга бир мисал кылып, “Чыңгызхан” деген китебимдеги Батый-хандын экинчи баласы Токтохандын, Туудай Мөңкө Батый-хандын агасы Ногой чоң аталарына учураштырып келейин деген жерин алсак болот. Алар Крымды көздөй бара жатып жолдон агып жаткан дайранын жээгиндеги камыштардын арасынан камандарды көрүп келебиз деп жандоочу, сакчылары менен барат. Ошондо камыштын арасынан бир каман тогуз жашар Батыйдын ичин жарып өлтүргөн. Жашоодо мындай мисалдарды толтура келтирсе болот.

Эми мен муундардын атадан балага төмөн карай, баладан атага карай жогору аталыштарын атап кетейин:

1. Бала
2. Ата
3. Чоң ата
4. Баба
5. Жете
6. Жото
7. Зимин
8. Кубарың
9. Наркың
10. Задин
11. Зилин
12. Тегин
13. Кубат
14.Таяныч
15. Медет
16. Урук
17. Уруу
18. Оң канат
19. Өзөк
20. Өбөк
21. Жөлөк.
22. Асаба
23. Ураан
24. Улут
25. Ууз
26. Уютку
27. Уюл
28. Түймө
29. Туюк
30. Куюн
31. Саадак
32. Саатоочу
33. Устун
34. Түркүк
35. Уюк
36. Турпан
37. Курган
38. Урпак
39. Собол
40. Маңыз

деп ата-бабаларыбыз оозеки балдарына, урпактарына, жакын туугандарына айтып үйрөтүп келген. Бул аталган аттардын баардыгы кыргыз элинин оозеки түптөлгөн чыгармаларынын бири. Негизи кырыз элинин азыркыдай кенен жазуусу жок болсо да, айтылган сөздөрдү эс тутумуна тутуп келишкен улуу эл болгон. Жалпы кыргыздын 90 пайызынын көбү кум кулак болуп аталган, айтылган сөздөрдү эч унутпай, эс тутумуна сактап келген ата бабаларыбыз болгон. Ошондуктан, биз нарктуу элбиз. Кыргыздын каада-салтатры боюнча салыштырып айта келсек, деңиздей чыгарма жазууга болот. Мен азыр сиздерге бир кашык суусун тартууладым.

«Көк асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 20.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.