Тилекматтын түпкү насили ким болгон?

“Жакшы адамдын досу көп, жакшы аттын ээси көп”

Көлдүк Тилекмат акенин аты аталып калганда, анын тегерегинде көптөгөн талаш-тартыштар, жоромолдор бар экенине ынандым. Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окутуучусу Фарида Аксыбекова Тилекмат акенин атасы Жылкыайдардын түпкү насили түштүк тараптагы оң кыргыздарда деген божомол айтат.

Ош областынын Кара-Кулжа районунан кайсы бир жылдары атайын өкүлдөр келип,” Тилекмат аке биздин урпак'” деп кеткендиктерин “Ысык-Көл кабарлары” гезитине “Улуу инсан Тилекмат аке” деген макаласында жазып чыккан. Ош мамлекеттик университетинин доценти, журналист Маматемин Эркебаевдин “Заман” гезитине (март, 1996-жыл) “Тилекмат элчи” деген темада жазып чыкканын негиз кылып Ф.Аксыбекова төмөнкүчө жазат: “Байкоого караганда, бул вариант чындык сыяктанат. Анда Жылкыайдардын атасы Ош областынын азыркы Кара-Кулжа районунун (мурдагы Совет) Ажыке өрөөнүндө жашаганы, 1800-жылы жарык дүйнөдөн көзү өтүп, сөөгү ошол Ажыке өрөөнүнө, Сары-Булак айылында коюлган. Аты Алымбек, атасынын аты Кампир, анын атасы Төлөк, Төлөктүн атасы Торойчу, анын атасы Сары Баргы, Жылкыайдардын энеси Күмүшай (Айымжан).

Күмүшай Кажабагыттагы (Какшаал) даңктуу бийдин кызы болгон. 1795-1800-жылдары Кашкарды бийлеген Солто, Черик, Белек ж.б. урууларынын беш бегинин бири мына ушул Алымбек деген бек болгон. Душмандары Алымбекти жок кылып, анын карамагындагы аймакты ала турган болгондо Алымбек түн жамынып качып чыгат. Ошондо Күмүшай Алымбектин экинчи аялы”,- дейт.

Дагы бир маалыматта, Тилекматтын урпагы болгон Оболбек Аблаков “Акылман, элчи Тилекмат аке” деген китебинде: ” Санжырачылардын 1990-жылдын 13-20 октябрында Ысык-Көлдөгү Тилекмат айылында өткөн кароосунда Тилекматтын вариантын: “Беш бектин бири болуп, Кар-Кулжанын Ажыке өрөөнүнөн барган Кампар уулу Алымбек бий дайындалган. Кийинчерээк кытайлар менен Торугарт ашуусунда катуу согушта Алымбек бий жарадар болот. Ал кансырап алы кетип, аялы Айжаркынга аманатын айтат. Досу Боорсок бийге барып жардам сурап, “боюңдагы баланы аман-эсен көз жарып, эркек төрөсөң атын Айдар, кыз төрөлсө өзүң бил” деп табыштап, “аман-эсен болсом кайтып келермин”, – дейт. Айжаркын аман-эсен төрөп, Боорсок бий асан чакырып, Алымбек досунун айткан аманатын аткарып, балага Айдар деген ат коет. Боорсок бий кызы Күмүшайга Бирназар бий менен куда болушуп, “келип алып кетишсин” деп кабар берет.( “Бийиктик”, Бишкек – 2009-жыл, 108-бет.)

Оболбек Албаков ушул эле китебинде дагы бир маалыматты баяндайт: “Боорсок бий кызы Күмүшайдын: “Айжаркынды мага кошуп бер” деген суранычын атасы эки кылбай, Айжаркынды кызына кошуп жөнөтөт. Айжаркын өңөрүп келе жаткан бешиги баласы менен сууга түшүп агып кетет. Айдардын өлүү же тирүүсүн билмейинче кетпесин айтат. Бирназар бий көчтү токтотуп, жигиттерин суунун агымы менен чаптырып, караңгы түшүп, бешиктеги баланы таппай калышат. Эртеси таң атканда дарыянын жээгинде, токойдун четинде чоң кара таштын үстүндө бешиктеги баланы мүйүздүү бугу кайберен эмизип жатканын көрүшөт. Алар жетип калганда кайберен токойго кирип кетет. Ошол кара ташты азыркыга чейин “Жылкыайдардын кара ташы” деп аташат экен. Бирназар бий чоң той берип, Айжаркынды өзүнө нике кыйдырып, Айдарга асан чакыртып Жылкыайдар деп ат коет”. (108-109- беттер).

Жылкыайдардын чоң атасы болгон Белектин үйлөнүшү жөнүндө бир – эки ооз, учкай сөз кылып өтөйүн.

Белек аялы Айжаркынды алып кетээрде, Айжаркын атына минип алып, куржунун салынып, атасына: “Берчү батаңды бер! Мен дагы бараткан элден жакшылык көрөйүн, жакшы тукум берейин, мээримимди төгөйүн, эл кереги үчүн өлөйүн деп баратам” дегенде, атасы аргасыз алаканын жайып бата берип, кызын узатыптыр. Ошол Айжаркын Белектен: Алдаяр, Алдаш, Токой, Токоч, Саты деген беш бала, ал эми Белек өлгөндөн кийин, кайнагасы Боокеден алтынчы баласы Токобайды төрөгөн экен. Алдаш баласы: “Айланайын энекем, башта бешөө элек, эми алты болбодукпу, кудай бизге бербедиби, энемдин чачпагын өзүм көтөрөм!” деп атын Токобай койдуруп, ак боз бээ сойдурганда, энесинин бүт тулку бою эрип, балбырап араң ордунан туруп: “Айланайын, Алдашым! Укум-тукумуң кем болбосун, өрттөй өссүн, күндөй мээримдүү болсун, эки дүйнөдө ыраазымын”- деген тура. Ошентип “Токобай, Белексейит, Торгой Кыдыксейит” деген жана Алдаштын айкөл мыктылыгын баамдаган эл: “ат качырбас боз айгыр”, дешип жеткире баалашыптыр (253 – бет). Ойроттор менен кыргыздардын чабышында эл түндүктөн түштүккө карай жер ооду журт которгондуктан, кыргыздар бытыраңды-чачкын болуп калгандыгы тарыхый чындык. Ошол кезде Кара-Кулжага көчүп кеткен бугуларды издеп, туткундан кутулган Бөрү баатыр Ысык-Көлгө келсе, досу Жамангул жок, элден уккан имиштер боюнча Кара-Кулжага келет. Бөрү баатыр Жамангулдун каза болгонун угат. Белекке жолугуп, Белек Бөрүнүн аман-эсен келгенине чоң той берип, улак тарттырып, ат чаптырат. Бөрү келген күндөн баштап Белектин кулагынын кужурун алып, Белектин айылын Ысык-Көлгө көчүрөт”. (253- бет).

Бул жерде сөз болуп жаткан талаштуу инсан Жылкыайдар кимдин баласы?.. Белек менен Бирназардын алган аялдарынын аттары жогоруда айтылган уламыштар боюнча Айжаркын менен Күмүшай мезгили боюнча ар кандай, тактыкка жооп бербейт. Айжаркындын атасы Боорсок бий бирде кызын Белекке турмушка берет, экинчи келтирилген окуяда кызын Бирназарга берип, Күмүшайга Айжаркынды кошуп жатканы эки анжы ойду туудуруп, күмөндүү кылат. Жылкыайдардын энеси Күмүшай (Айымжан) деп айтылат. “Кыргыз санжырасы” деген (“Ала Тоо” журналынын редакциясы, Бишкек, 1994-жылдагы) жыйнагындагы Шералы Мамырбаевдин “Мүйүздүү эне” деген санжырасында: “Бирназар бийдин тонсуз балдары: Бүргүжал, Жылкыайдар, Айбаш, Түлөбай, Багыш” деп көрсөтүлөт. Ошол “тонсуз баладан” Жылкыайдар, андан Тилекмат, Тилекматтан Чыныбай.” (249- бет).

Кыргызда илгертеден бери “тонсуз балдар” деп бакма балдарды айтып келгени бар.

Ушул эле китепте Сыргак Сооронкулов “Бердике беш берен” деген санжырасында: “Бердике баатырдын атасы Сырдыбайдын агасы Борукенин Шаботосунун тукумунун бир жигити Көлгө барып колукту алып келет. Бир күнү келин дайынсыз жоголуп кетет дейт. Көрсө желеден бир бооз бээни токуп минип, төркүнүнө кетиптир. Таластан жол жүрүп отуруп Көлгө барганда бир жылкычыга жолугуп, сырын айтат. Анда жылкычы: кыргыздын кызы кош каат бойдон атасынын үйүнө качып барса уят болот, боюңдаң бошогуча менин үйүмдө жүрө бер, бошонгонунда алып барамын”! – дейт.

Келин уул төрөйт, атын жылкычы Жылкыайдар деп коет. Жылкыайдардан – Тилекмат. Өз заманында бугуларды Ормондун кунунан куткарып, каарын чачкан Тезек-Төрөнү артынан ээрчитип келип Стамбектин кызына үйлөнткөн ошол го. Ошол көрөгөч Тилекматтын баласы Чыныбай хан болсо, саруу туугандарына боор тартса, бабаларынын арбагы ыраазы болгондур. Хан болгонуна негиз болуп Чыныбайдын түпкү атасы Турсунхан, деп Таластагы 90 жаштагы чоң санжырачы Эсенбай молдонун айтуусунан пайдаландым”-деп жазат. (229-бет).

Ысык-Көлгө барган саруу, кытай, кушчулар Бердике баатырдын аскерлеринин көп бөлүгүн түзүшкөн. 18-кылымдын аягында калмактар кыргыздарды чыгыш Тянь-Шандан кууп, Анжиан тарапка сүрүп таштаган. Бердике, Атаке, Эр Солтоной, Итим баатыр, Жайыл баатыр, көлдөн Темир баатыр ж.б. кыргыздын түндүк жерлерин ойроттордун бийлигинен куткарып, тынчтыкты орнотууга жетишишкен. Жылкыайдардын насили Чыныбай өз доорунда Көлдө хан болуп туруп, саруу туугандарына жан тартып, көлдөгү Жуукунун жерин бөлүп бергени бекер эмес чыгар, деген сөз эл арасында ушул күнгө чейин айтылып келет экен.

Таластан Көлгө барып отурукташып калган Мөндөк баатырдын уулу Мамажан менен Тилекмат чечендин Чыныбайы замандаш болуп тургандыктан эки Кемин, жогорку Чүй, Тянь-Шандагы, Көлдөгү саруу, кытай, кушчуларды чогултуп, Жуукунун өрөөнүнө туугандарын чогулткандыктан Саруу , Тилекмат айылдарында алардын урпактарынын жашап турушу чындык. Чыныбайдын чоң атасы саруудан энесинин боюна келгенин, Мөндөк уулу Мамажан менен туугандаш болгонунун далилине С.Сооронкуловдун жазганы чындыкка жакын.

Кытайлык кыргыз санжырачы Үсөйүн ажынын “Ажыбек баатырдын өлүмү жана ашы” деген санжырасында: “Бугулар Черикти чабабыз дегенде Турдуке менен Абдыраман туруп: “Атамбегим бара жаткан жолунда Чоң Карач, Кичи Карач дегендер бар. Чоң Карачка алды менен учурап абалды айтып, элчиликке келгендигинди билдирип, бир көөкөр менен бир чачпараны жыртыш деп ага бергин, ошол киши аркылуу Боромбай менен көрүш. Ал киши биз менен куда-сөөк жана Тилекмат баатыр деген бар, зили “черик”, узун, кара киши, аны менен сүйлөшүп, бир чачпараны ага бергин, өзүң билип кепке жараша кеп айт, жолуң болсун, Чериктин жана баатырдын арбагы колдосун” дейт. (117-бет)

Бул жерде Тилекмат “Черик” уруусуна таандык болуп айтылып жатат.

Кеч кирип баратканда бир топ кишиге учурайт, айтып берген берекесине карап Атамбек: “Тилекмат баатыр аманбы?” деп көрүшөт. (118-бет).

1854-жылы Ормон хан Ысык-Көлдү чаап алам деп согуш баштаганда, Тилекмат түн жамынып Таластагы кушчу, саруу элинин бийи Ажыбекке, Ат-Башы, Арпадагы черик уруусунун Улук бийине кезигип, алар менен сүйлөшүп, согушка киришпөө иштери үчүн элчиликке жөнөтүлөт. Ажыбек бий Тилекматтын келгенин сүйүнүү менен кабыл алып, ызааттап меймандап, ага кайрылып: “Мергендин ажалы зоодон, баатырдын ажалы жоодон, хандын ажалы жакын туугандарынан. Сак болуп, даяр тургула. Биз эки элге тең калыс элбиз”- деп узатат Тилекмат акени”. (55-56- беттер).

Тилекматтын Таласка саруулардын бийи Ажыбекке, түпкү насили Шабото, анын бир тууган иниси Алчикенге чоң энеси Таластан качып келип черик жылкычынын үйүндө төрөгөнүн билгендиктен, тайманбастан эки элге элчиликке барышы бекер эмес ко. Мезгил өтүп, заман алмашты, ар кимиси ар кандай божомолдор менен сөз учугун улап, кээ бир убактарда тарыхый мезгилди (хронологияны) такташпастан, ар кимиси өз алдынча божомолдоп талашып-тартышып келе жаткан учурлары жок эмес. Бирок талаштан тактык жаралары чындык.

Жылкыайдардын сөөгү тактыкка дал келбеген маалымат боюнча Ажыке өрөөнүнүн Сары-Булак айылында эмес, Ысык-Көлдүн Түп районундагы Талды-Суу деген жеринде коюлганын көлдүк бугу уруусу менен саруу урууларынын өкүлдөрү мен барганымда тактап айтып беришти. Муну Тилекматтын урпагы болгон Оболбек Аблаков да жокко чыгарган жок. Жылкыайдардын теги кайсы урууга тийиштүү, кимдин насили, уруулар арасында саруубу, черикпи, сары баргыбы деген талаштарга, санжырачы С.Сооронкуловдун топтоп, жазган маалыматтары так жооп бере алат десе болот.Ал эми келечектин иши.

Кайнарбек Бийлибаев, санжыра иликтөөчү.

Автор тууралуу: Кайнарбек БИЙЛИБАЕВ – белгилүү комузчу, обончу, санжыра иликтөөчү. 1970-жылдары Т.Сатылганов атындагы филармонияда “Гүлкайыр” аттуу кыргыз эстрада ансамблинде, кийин ал жоюлгандан кийин өз алдынча эстрада ансамблдеринде чыгармачыл жолун уланткан. Ошол убакта чыгарган бир нече обондору Жана күүлөрү кыргыз радиосунун алтын фондусуна кабыл алынып, ушул убакка чейин уктурулуп жүрөт. Андан кийин Ленинграддагы жогорку профсоюздук мектебин аяктап, көп жылдары профсоюздук кызматты аркалап, 1987-жылдан баштап Кемин районунун Орловка шаарчасындагы Кыргыз тоо-кен металлургиялык комбинатында өрттөн сактоо башкармалыгында төрагалык кызматын жетектеп келди. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин коомдук иштерге жигердүү аралашып, жазуучулук кесипти аркалоодо. 2003-жылы алгачкы “Адашуу” аттуу повести коомчулукта жылуу кабыл алынган. Ушул тапта “Жанкороз” аттуу көлөмдүү романын бүтүп, Арстанбек туурасында кандидаттык диссертациянын үстүндө иштөөдө. Бишкек шаарынын тургуну.

«Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.