Калем: “Кыздарды эмес, кыргыздарды сүйөм”

Алтынбек Исмаилов “Таш күзгү” деп аталаган поэтикалык жыйнактын автору. Республикалык “Нурборбор” жана “Калемгер” адабий клубунун мүчөсү.

“Акын келечектен жарык издеп баратат…”

“Алтынбек барга бапыраңдап, жокко жонун тоскон карапайым калк тууралуу жасалма сөз желинен куралган ырлар жазып, бул жалган дүйнөдө «мен акынмын!» деп кыйкырып турса деле жарашмак, «Акын эмессиң!» деп эч ким айтмак эмес… айрыкча, акыны да, акими да көп, бирок уяты жок ушу заманда.
Алтынбек антпеди. Ал эштектерди алдагысы келбеди. Карапайым калктын кайгы-касиретин, азабы менен тозогун, күн чыккандагы кубанычы менен күн чыккандан кийинки түйшүгүн… жаап-жашырбастан, болгонун болгондой ырдады.”

Шайлообек Дүйшеев, КР  Эл акыны

Эки ооз сөз

– Шапалактай алгачкы жыйнакка эмне сыр каттың?

– Мезгил өткөн сайын, адабияттын агы менен карасын мурдагыга караганда жакшылап тааный баштайт экенсиң. Бара- бара чыгарманын көлөмүнө эмес мазмунуна, сапатына көңүл бура баштадым. Өзүмө жаккандарын иргеп алып, аз болсо да саз болсун деп ушул шапалактай китепке киргиздим. Себеби акын окурмандарын жана өзүн сыйлаш керек.

– Бирөөнү аябай сындап каласың, эми өзүң да окурмандардын элегине түштүң?

– “Себеби жок сындай бербей бирөөнү,
Сен өзүңдөн изде досум күнөөнү”,- дегендей мен бүгүнкү күндө элдин алдына чыгып алып, толук кандуу ” мен акынмын” деп айткандан алысмын. Аны окурмандар айтыш керек. Мезгил айтыш керек.

Эмне себептен сүйүү темасында ыр жазбайсың?

– Ыр жаза баштаган күндөн тарта, өзүмдүн бир принцибим бар. “Жазап жазбай, жашап жаз” деген. Ошол себептүү кандай ыр жазбайын жашап жазам. Мүмкүн кыздарга караганда кыргыздарды көбүрөөк сүйөттөрмүн. Чындап сүйүү келмейинче мен ал темага кайрылгым келбейт. Бирок кыргыздын ыйын, кыргыздын муңун жаза берем.

Ойлончу

Эх, кыргызым, ойлончу, эсти жебе,
Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
Тарыхты сен тарс атып салган менен,
Таңдайыңа сайылат эски жебе!

Какшап келем: доо кетип балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!

Уу чалканды мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!

Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип тангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!

Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!

Кусалык

Түйүлүп түйдөк жиптей көкүрөгүм,
Түшүнбөйм эмнегедир өкүнөмүн.
Көөдөндү кайра-кайра былчылдатып,
Кусалык, кыйнабачы өтүнөмүн?!

Жаралап жандүйнөнү жышып турган,
Жармашып жан алгычтай кысып турган,
Желкеге минген ойлор жарга такап,
Жүрөгүм муздап барат ысып турган!

Тегирмен талкалаган талкан болуп,
Тулку бой кайра катат калкан болуп.
Сыйыртмак салган сымал моюнума,
Сезимдер муунтушат аркан болуп!

Ашыктык, азап-муңбу? Аян кылып,
Айталбай алдастаймын баян кылып.
Капкара көөсү кетпес казанга окшоп,
Көңүлдү каптап турат караңгылык!!!

Түйүлүп түйдөк жиптей көкүрөгүм,
Түшүнбөйм эмнегедир өкүнөмүн.
Көөдөндү кайра-кайра былчылдатып,
Кусалык, кыйнабачы өтүнөмүн?!

Жаным сыздайт

Тырмап ойлор көкүрөктү тарактай,
Туталанам тытылган бир барактай.
Билбейм неге жаным сыздайт мынчалык,
Бүт мөмөсүн силкип салган дарактай!

Жатам алсыз жапыз тамда кырыман,
Жалыны жок үмүттөргө жылынам.
Түркүн ойдун аскасынан ашалбай,
Төбөм менен жерди сүзүп жыгылам!

Жазгүл Жамангулова, “Азаттык”, 13.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.