З. Ажыматов: “Жарык жана ыр издейм”

Бул жолку коногубуз “Жалгыздык” жана “Мелмил” деп аталган поэтикалык жыйнактардын автору акын Заирбек Ажыматов. Ал 1976-жылы Аксы жергесинде туулган. Кесиби боюнча журналист. “Алыкулдун ак боз ат” сыйлыгынын лауреаты жана Жаштар сыйлыгынын дипломанты.

Балалыктагы эңсөө жана өксүк

Адатта мен лирикага көбүрөөк басым таштайм. Мунун тамыры тереңде. Атам каза болуп калгандан кийин апам турмушка чыгып кетти. Бала болуп туруп аталык да, энелик да мээримге канбай калгам. Балалык күндөрүмдө ээн жерлерге барып алып, “апа”, “ата” деген сөздү кыйкырып кайра- кайра кайталап алганды жакшы көрчүмүн. Азыр ойлосом ошол кездеги эңсөө, мээрим издөө менин лирикалык ырларымдын жаралышына шарт түзгөндөй болот. Бир кездерде мен “эне” деген сулуу аялзатынын образын көз алдыма жаратып алган болсом, азыр чоңойгондо да ошол сулуу аялзатын издеп, анын асыл жактарынын кыялымда сүрөттөп жазып келем.

Апаке

Эх апаке, апакем ай, апам ай,
Эмгегиңе татыр эмгек жасабай.
Тентип жүрөм, жарык издеп,
Тек гана бир жөн адамдай жашабай.

Тири шумдук кездер коштоп ыргагын,
Тирүүлүгүм- азабым да, жыргалым.
Баарын сага айтып туруп апаке,
Шолоктоп бир келет анан ыйлагым.

Казак келин

Жүргөн жерим дайыма азап менин,
Андай азап, жарпымды жазат менин.
Жүрөк ооруйт, жатканым оорукана…
Жүрөгүмө чок салды казак келин.

Келбей жатты кечигип жарым дагы,
Келбей турду күйөөсү анын дагы.
Чогуу күтүп аларды терезеде,
Чоктой ысык бир сезим тамырлады.

Жүрөгүмө бул күндө жылдыз жанды,
Жүр мени эстеп, бир чекке сыйгыз жанды.
Сен аркылуу урматтайм бүт казакты,
Мен аркылуу сүйөсүң сен кыргыздарды.

Мекенчил болуп барам…

Соңку кездерде Ата- мекен, эл- жерди даңазалаган ырларга басым таштап бараткандай болом. Кыргыз коомундагы бул кайдыгерлик заман жана адамдардын мекен алдындагы милдетин унутап калганы акын катары мени ойго салып келет. Ата- журт жөнүндө көп толгонуп ыр жаздым. Албетте, атуулдук тема десе эле кыргыз коомундагы жаман жактарыбызды жаза берүү зарыл эмес, болгону биз элдин духун көтөргөндү үйрөнө албай жатабыз.

Падыша эл

Көтөр башты улутташым, кандашым
Көкүрөктө улуу намыс кайнасын
Ар бир кыргыз аманаты Манастын
Хан тукуму кулга айланып калбасын

Көк теңирге, ай-ааламга тийишкен
Байкуш болбо башты төмөн ийип сен
Бизге теңир берген улуу тоолорду
Бүт дүйнөнү карасын деп бийиктен

Күң кылбасын келген-кеткен коногу
Кыргыз кызы күндөй баркы жогору
А жигиттер, мырзасыңар ар бириң
Тексиз,нарксыз кул жүрүштү коелу

Каршы туруп катаалдыктар ыргытса,
Качырып кир, тарыхтарга турмушка
Бүтүндөй бир тилиң эмес улуу журт
Бир да сөзүң унтулбасын кыргызча

Бүжүрөбөй көтөр башты жаркылдап
Нур чайысын жан дилиңе алтын жаап
Сен падыша, падышасың эй, кыргыз
А тоолоруң теңир берген алтын так.

Улутбуз биз!

Түндүк-түштүк сай-сай деп чектегениң,
Түпкү атаңдын арбагын тепсегениң.
Бийлик үчүн мырзалар, бийлик үчүн,
Биримдигин элиңдин экчебегин.

Бир бүтүнгө айлансак улутбуз биз,
Бирикбесек улутту куруттук биз.
Кыр-кырлардан топтолгон жыйын эмес,
Кыргыз деген улутбуз, улутбуз биз!

Өрттөй көрбө быкшытып өзөгүңдү,
Өлтүрбөгүн өзүңдү өз элиңди.
Ата-энеңден, жарыңдан, балдарыңдан,
Артыгыраак сүй журтту, мекениңди!

Өксүбөсүн бир бооруң, жатындашың,
Өмүр көксөп эч бир ок атылбасын.
Кыргызстандын жеринде сакта кудай,
Кыргыз каны эч качан чачылбасын.

Зобололуу уул-кызың чыгаан болсун,
Зор биримдик биз үчүн курал болсун.
Кокту-колот, сай-сайга бөлүнбөгөн,
Кыргыз деген бир гана ураан болсун!

Жазгүл Жамангулова, “Азаттык”, 10.11.2009

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.