Адилеттикти аздектеген Мойт аке

Бир кезде Ыйык-Көл деп аталган байыркы Ысык-Көлдөн не деген акылмандар, илебине жан пенде чыдабаган баатырлар, алдын-ала айтканы айтканындай келген олуялар, улууну урматтап, кичүүнү сыйлаган жөн-жай асыл адамдар чыкпаган. Жалпы кыргыз журтунун ичинен биринчи жолу АКЕ деген аталыш да Көлдөн чыгып, Көлдө гана жүздөгөн жылдардан бери сакталып келатат. Бул – кыр-гыздын улуттук менталитетинин эң жогорку наамы.

Быйыл жаз айларынын биринде Тоң аймагындагы ыйык жайлардын бири катары эсептелген Манжылы-Ата мазарында болдум. Боз чаптар сырдуудай сезилди. Ага кыргыз жергесинин бардык булуң-бурчтарынан жылыга эл келип зыярат кылып табынып, болуп өткөн же алдыдагы пендечилик күнөөлөрүнөн арылуу психологиясында Жаратканга сыйынуу, көзү өткөн касиеттүү адамдардын кабырларына барып алардын арбактарына Курани Каримден дубаларды окуу менен шейиттердин ыйык мазарларына баш ийип, жаш төгүп, ички буктарын чыгарып, жан дүйнөлөрүн тазартып, жеңилдеп кетишет экен.

Ушул жерден Көлдөгү акелердин аксакалы Мойт акенин көрүстөнүндө болуп, сооп издегендердин катарында дуба түшүрдүк. Эски топонун алдына кийинчерээк орнотулган кара таштын бетинен кыскача “Мойт аке” деген жазууларды окугандан кийин ар кандай ойго келдим. Мен билгенден Алдаяр уулу Мойт аке Көлдүн күңгөйүндөгү аймакта (азыркы Орто-Өрүктү) болжолу 1745-50-жылдардын аралыгында жарык дүйнөгө келген. Анан кайдан жүрүп Көлдүн тескейине сөөгү коюлуп калган деген суроо туулат.

Жашынан кеп-сөзгө жакын, куйма кулак санжырачы, айылынын сөөлөттүү карыя акыны Кулумбай уулу Молдокматтын кара сөздөн ырга айланган саптарынан мисал келтире кетели:
Алдаяр – Мойттун атасы,
Атанын тийип батасы.
Насыят жана нуска айткан,
Кебинин болбой катасы.
Нуска айтып элге жагыптыр,
Оң-солду колго алыптыр.
Мүнүшкөр, сынчы аталып,
Куш үндөп, бүркүт салыптыр, – десе, жалпы эли сыйлап олуя туткан Мойт акенин акырет кетер алдындагы керээзин акын төмөндөгүчө ырга кошкон:
Мойт аке катуу ооруптур,
Шум ажал аңдып тооруптур.
Канетсин, кайран асыл ай!
Керээзин айтып болуптур:
– Өлүм ак неге кайгырам,
Элиме керээз калтырам:
Түбөлүк жатчу жайымды
Манжылы барып каздырсын.
Казганда менин жайымды
Ак казан чыгат асылган.

Атанын айтканы урпактар үчүн жазылбаган мыйзам болгондугун ар бир кыргыз атуулу жакшы билет го. Ал эми олуялык чанда гана пендеге берилген алигиче сыры белгисиз ыйык шыбагадыр. Жогоруда айтылган касиеттүү ата сөзү жерде калбаптыр. Мойт аке көз жумганда анын сөөгүн Көлдүн күңгөйүнөн төөгө жүктөп жол азабына карабай тескейдеги Манжылы-Ата ыйык мазарлар жайына алып келип, өзү келип көрсөтүп кеткен узун дөбөнүн бийик кырына коюшканда, казган жерден чындыгында эле тулгага асылган ак казан чыккандыгы эл оозунда атадан балага айтылып келатат.

Учкул канат убакыт андан бери канатын эсепсиз сабалады го.

Доорлор алмашты, эл-жер өзгөрдү, бирок, олуя ата сөзү көөнөрбөдү. Урпактары 1997-жылдын октябрында Мойт акенин 250 жылдыгын жалпы элдик эскерүү катары белгилешти: туулуп-өскөн жери Орто-Өрүктүгө Мойт аке мечитин куруп, анын жанындагы чакан мунарага эстелик ташын орнотушту, ыр-дастан чыгарышты.

Бу жалган дүйнөдө пендесине өтө сейрек берилген олуялык ка-сиеттин ары жагында эзели сыры ачылбай келаткан эмне деген өлбөс-өчпөс нарк-насил менен өнөрдүн өзөгү жатат. Бабабыз Мойт акенин мүнүшкөрлүгү, саяпкерлиги, сынчылыгы, элди өзгө менен жатка бөлбөгөн калыстыгы, орошон ойлуу даанышмандыгы менен сөзгө чебер чечендиги менен эмдигиче укумдан-тукумга айтылып келаткан өлбөс-өчпөс накыл-насаатын филология илиминин доктору, профессор Акеш Иманов өзүнүн китебинде /Иманов А. “XVIII кылымдын экинчи жарымы, ХХ кылымдын башталышында Ысык-Көл өрөөнүндөгү ойчулдар, агартуучулар /Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат аке/, 2-бөлүк. Каракол-1998-жыл./ кезегинде Мойт акенин адилеттүүлүк жөнүндө айткандарын төмөндөгүчө келтирген:
– Адилеттүүлүк – жашоонун туткасы. Адилеттүүлүк болбосо, жашоонун оош-кыйышы көп болот. Адилеттүүлүк болбосо, капачылык, нааразычылык, өкүнүч, андан улам кек сактап кекээрлешүү, кыйкым издеп тирешүү, андан улам жаңжал, кан төгүлгөн кагылыш чыгат.

Адилеттүүлүк – менен теңчилик эриш-аркак. Адилеттүүлүк менен теңчилик болгон жерде ата салты бузулбайт, кара кылды как жарган калыстык уялайт. Калыстык болмоюнча теңчилик жок, теңчилик болмоюнча адилеттик жок, балдар. Мына ушуну эл билермандары бекем тутунушу парз.

Адилеттүүлүк – ак иш. Актын жолунан тайбагыла. Адилеттүүлүктүн жолу узун, эгер ал ыйык тутулса. Адилеттүүлүктүн жолу кыска, эгерде ага арамдык аралашса.

Адилеттүүлүктү бардык адамдар каалайт, эңсейт. Аны өзгөчө эл башчылары, эл билермандары, салттуу, нускалуу карыялар пириндей сакташы зарыл, не дегенде, калк биримдигин, ынтымагын көзөмөлдөөчүлөр – ошолор…”

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 13.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.