Тарбагатайлык кыргыздар

Мен Үрүмчү шаарына этнологиялык экспедицияга барганда Шинжаң уйгур автономия районундагы коомдук илимдер академиясынын жаш окумуштуусу, этнолог Аскар Жунус менен тааныштым. Ал өзү Кулжа шаарында төрөлүп, кытай тилинде мектепти бүтүп, Үрүмчүдө тарых факультетин бүтүргөн. Азыркы мезгилде Шинжаңдагы Тарбагатай кыргыздарын изилдеп келет. Кытай тилиндеги кыргыздар жөнүндө булактарды кыргыз тилине которуп, аларды да изилдейт. Силерге анын Тарбагатай кыргыздары жөнүндө макаласын тартуу кылууну ылайык көрдүм.

Тарбагатайга кыргыздар качан барышкан?
Түндүк Шинжаң коңур күздүн башында кыйла салкын тартып, Тарбагатайга бара турган жолдо күздүн желаргысы бетти аймалап турду. Жапжашыл бак-дарактар, керилип жаткан жайлоо, күзгүдөй тунук асман, жайлоо төшүнө батпай жыбыраган төрт түлүк мал, кишиге айтып бүткүс таттуу сезим тартуулап, толкутат.

Тарбагатай аймагындагы кыргыздардын саны көп эмес, жалпысынан 2057 киши жашайт, алар негизинен Чөйчөк шаарына таралган. Ал жакта 1687 жан кыргыз бар. Андан башка Дөрбүлжүн ооданында 276 кыргыз жашайт, калгандары Тарбагатайдын ар кайсы оодандарына чачырай жайгашкан. Тарбагатай аймагындагы кыргыздар Теңир-Тоо кыргыздарына таандык болсо да, ал жердин кыргыздарынан көп айырмаланат. Эки кылымдан ашык убакыттан бери Тарбагатай аймагындагы кыргыздар бир канча зор тарыхый окуяларды баштан кечирди.

Тарбагатай аймагындагы кыргыздар алгач 1740-жылы азыркы Казакстандан Ала-Тоо оозу аркылуу азыркы жашаган жерине көчүп барышкан. 1780-жылдын алды-артында Чиң өкмөтүнүн Тарбагатайдагы туруктуу кеңешчи уазири кыргыздарды Тарбагатайдын Оркашар жана Майлы тоосундагы Мукуртай өрөөнүнө бир келки орундаштырып, аларга төрт мезгилдик жайлоо бөлүп берип, көчүп коно турган жолду да бекитип берген. Ошондон баштап кыргыздар ал жерди байырлап калышкан.

1864-жылы Тарбагатайдагы дуңгандар көтөрүлүшүнөн кийин Оркашарда жашаган кыргыздар чыгышка карай көчүүгө мажбур болгон. Алар алды менен Кобуксарыга (азыркы Кобуксар моңгол автоном ооданы), андан кийин Алтайдын чыгышындагы Кобдага чейин көчүп барган. Чиң падышалыгынын Кобдадагы иш билги уазири чиң өкмөтү атынан аларды орундаштырган. Көчүп барган алгач үч жылда кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн казынадан азык-түлүк жана кийим берилген. Үч жылдан көбүрөөк убакыттай жардамдан кийин алар өз жанын баккан. 1877-жылга келгенде Тарбагатайдын кеңешчи уазири Чың Гуйчиң Кобдага барып, кыргыздардын Тарбагатайга көчүп келүү ишин акылдашкан. 1880-жылдан баштап кыргыздар Оркашар жана Мукуртай өрөөнүнө жайгашышып, мал бакканга өтүшкөн.

1916-жылы орустар Тарбагатай аймагындагы кыргыздардын малын чаап кетет. Тарбагатай кыргыздары андай азуулуу каракчыдан коркпой, Орусияга барып, жылкыларын кайтарып алышкан. Кийин орустар курал-жарактар менен Оркашар районун басып кирип, кыргыздардын жылкыларын ашкере талайт. Кыргыздар буга жапа тырмак каршы туруп, куралдуу каракчыларды ата мекенден айдап чыгып, өз уруусундагы малчылардын мал мүлктөрүн коргоп калган. Ары мамлекеттин, улуттун намысына да доо кетиришпеген.

Алтын мөөрдү аябай ардакташат
– жылы (дагуаңдын 13-жылы) Тарбагатай кыргыздарынан тогуз уруу өкүл Бейжиндеги Чиң падышалыгынын падышасы менен көрүшүп, андан Тарбагатай кыргыздарына сумун (жергиликтүү мамуру апарат) куруп берүүнү сурашкан. Мындан мурда Тарбагатай кыргыздарын муңгул сумундары (уруктары) башкарып келген эле. Чиң өкүмөтү кыргыз урууларынын талабын колдоп, Оркашардагы кыргыз малчылык райондорунда кыргыз сумун куруп, Тарбагатай кеңешчи уазиринин тике башкаруусун алган аларга “тарбагатай касагурт сумуну” деген жазуу оюлган мөөрдү таратып берген.

Бул иш жүзүндө Тарбагатай кыргыз урууларынын койу короолош, ирегелеш жашаган моңгол уруулары менен саясый жактан терезеси тең орунга жеткендигинин символу эле (мындан мурда Тарбагатайдагы муңгул уруулары 8 сумунга бөлүнгөн, бирок, Чиң өкмөтү аларга тараткан мөөр, каттардын баары ойрот муңгул сумун мөөрү деп жазылган). Кыргыз уруулары ошондон баштап ойрот муңгул сумундарынын бийлигинен кутулган. Ошондуктан кыргыз уруулары бул сумундун жез мөөрүн “кыргыздардын алтын мөөрү” деп атап, аны аябай кастарлап, атүгүл сыйынуу даражасына жеткен. Бул мөөрдү сумундардын заңгилери башкарган (заңги сумундун баш иш билгиси, адатта кадыр-барктуу уруу аксакалдары заңги болгон, бул Чиң падышалыгынан тартып минго дооруна чейин чек ара малчылык райондорунда жолго коюлган саясый түзүм).

Ар жылы жаңы жылдын биринчи күнү бүткүл Оркашар кыргыз малчы үй-бүлөлөрүнүн эркектери заңгинин үйүнө барып, алтын мөөргө тооп кылган. Алтын мөөрдү өздөрүнүн маңдайына тийгизип, бир жылдагы бакыт-таалай, амандыкты тилешкен. Алтын мөөрдүн балакетти аластай турганына, ошондой эле жамандыкты жазалап, жакшылыкты ашыра турганына ишенишкен. Эгер бирөөнүн кылмышы бар деп күмөн саналса, ал алтын мөөрдүн алдына алып барып, кылмышын моюндаткан. Эгер кылмышы болсо жазаланган, күнөөсү жок болсо эч нерсе болбогон. Кишилердин алтын мөөргө андай чоң маани берүүсү иш жүзүндө өз улутунун укугуна аябай маани бергендиги жана аны коргогондугу эле. Алтын мөөр борбордук өкмөттүн жергиликтүү бийликти тааныгандыгына, бир жерде жашаган ар улуттун тепетеңдиги символ болгон. Эл арасында алтын мөөрдү уурдоо жана коргоо жөнүндө арбын жомоктор таралган. Булардын баары уруулуу элдин бир түрдүү кара-пайым, чыныгы ыкыласын чагылдырат.

Кыргыз тамгасы кайсыл?
– жылы Иле Тарбагатай окуясынан кийин Тарбагатай ооданындагы (азыркы Чөйчөк шаары) короо-короо мал кайтаруусуз калган. Оодандык өкмөт идеялык кызмат иштөө аркылуу Оркашардагы кыргыздарды Тарбагатай ооданынын ар кайсы мал фермаларына мал багууга көчүргөн. Мына бул азырга чейин кыргыздардын Чөйчөк шаары жана шаар айланасындагы ар кайсы мал фермаларына чачырай конуштануусунун себеби.

Тарбагатай кыргыз малчыларында Энесай кыргыздарынын Таң падышалыгы доорунан бери колдонуп келе жаткан малга тамга басуу адаты калган. Мындай тамга “Z” формасында келет, аны “тегерекей тамга” деп атаган. Мындай тамга азырга чейин басылып келет. “Z” тамгасы басылган малды көрсө, Тарбагатай аймагындагы малчылардын баары анын кыргыздардын малы экенин тааный коюшат. Ошондуктан аны кыргыз тамгасы деп да аташат. Ар бир уруу өз колундагы малдын кулагына эн салып, ошол аркылуу айырмаландырат.

Эки ысымдуу кыргыздар
Тарбагатай кыргыздарынын арасында ажайып кубулуштар бар: кээ бир кишилердин эки аты бар. Кыргызча атынан башка дагы муңгулча ат коюп алышкан. Биз Чөйчөк шаардык эл курултай ишканасынын мурдагы орун басар мүдүрү Токанга амандаша бардык. Ал лама динине ишене турган кыргыздардын аксакалы болуп, азыр пенсияга чыгыптыр. Токандын бир уулунун эки аты бар экен. Мурдагы аты Турсун Байыр экен. Үрүмчүдө окугандан кийин башка боордоштору учурап калганда, өзүнүн муңгулча атын айтуудан уялып, Ботай деп ат коюп алыптыр. Алыстан бир туугандарынын келгенин угуп, аксакал коюн туура тартып, бизден бата сурады. Андан кийин коңшусу бир казак кишини чакырып, коюн сойдуруп, бизге урматын билдирди.

Аксакалдын айтуусуна караганда, 2000-жылы Тарбагатай аймагында 2000 кыргыз болгон. Чөйчөк шаарында 1867 кыргыз жашаган. 1962-жылы 356 түтүн кыргыз көчүп келген. 1958-жылдан мурда кыргыздардан 35 лама диний ишмери, 5 лама чыккан. 1939-жылы кишилер 900 кой, 200 чарчы метрлик жыгач топтоп, топурак курулмалуу күрө (буткана) салдырышкан. Бутканада 2 кыргыз лам, 1 кечил, 90 шакирт турган. 1945-жылы Осмон бандит буткананы кыйратып, мал-мүлктөрдү тоноп кеткен.

1951-жылы Дөрбүлжүн ооданында 4 кыштак кыргыз болсо, азыр 133 кыргыз калган. Кыргыз ламалары азаттыктан кийин үйлөрүнө кайтарылып, үй тигип, бооруна казан аскан. Азыр негизинен көзү тирүү ламалар калбаптыр. Бул жердеги кыргыздар муңгул бутканаларына барып, муңгул ламаларын чакырып диний жосун иштетет экен. Азыр Тарбагатай аймагындагы лама динине ишене турган кайраткерлер чар тарапка чапкылап, жаңыдан буткана салмакчы болуп жатыптыр. Чөйчөк шаарынын Чакыш мал фермасынан жер тастыктатып алса да, бирок ислам динине ишене турган кишилердин каршылыгы айынан азырга чейин салынбаптыр.

1962-жылы бөтөн улуттар менен аралаш жашагандан кийин кыргыздардын казак, муңгулдар менен той жасашы кыйла жалпылашып, тил жазуусу жоголуп баратыптыр. Бул жердеги кыргыздар улуттук айыл куруп, кыргызча мектеп салууну үмүт кылса да, бул ойлору азырга чейин чечилбептир. Абышка-кемпир беш бармак жасап, арак куюп, абдан убараланды. Бул жерде биз кыргыздардын жөрөлгөлүү саймасын көрө ала турганыбызды ойлобоппуз. Токан аксакалдын кемпири өзү сайган туштугун бизге көрсөттү. Туштук түрдүү жиптерден сайылып, өрнөктөрү ошончолук көз тартардай көркөм экенин көрүп аябай таң калдык жана сүйүндүк. Алар айткандай эле башка динге ишенсе да, түбү бир атадан тараган кыргыздар экенин далилдеп турду. Ооба, муну өзгөртүүгө болбойт да!

Зура майрамын кастарлаган Чака байбиче
Үчүнчү күнү жайдары мүнөз, ачык жаркын даалдаган Турсун доктурдун жоро болушу менен биз Тарбагатай аймагындагы кыргыздардын журту болгон Дөрбүлжүн ооданынын Ламажау айылына барып, 70тен ашкан Чака байбиче менен учураштык. 1962-жылы бул жердеги кишилер Чөйчөк шаарына көчүшкөндө ал ынабай калып калган экен. “Бул менин киндик каным төгүлүп чоңойгон жер, көнүп калдым, көчкүм келбейт”, – дейт байбиче.

Байбиченин жайлоодон көчүп келгенине узак болбоптур. Үйдүн сыртында килем, жууркан-төшөк дегендей турмуштук буюмдар үйүлгөн экен. Байбиче бизди үйгө баштап, дасторконуна нанын тизип, сүттүү чайын куюп, биз менен сырдашты. Чоң эне колуна тосут кармап: “Баарыбыз бир кыргызбыз, бизди эстеп, издеп келгениңерге ыракмат, бүгүн аябай кубанып жатам, силерге кыргызча ырдап берейин” – деди толкунданып. Байбиче каргылданган үнү менен кыргызчасы анча келишпесе да, ырдап бергенде отургандардын баары элжиреп жашып кетти.

Чоң эне лама динине ишенип, ар жылы зура майрамын (чырак жагуу майрамы) өткөзөт экен. Чоң эне бизди үйүнүн жанындагы дөбөгө баштап барды. Ал жерде обоо бар экен. Обоо түлөө үчүн дайындалган жер болуп, ал аска-тоо же балбал өңдөнгөн таштар менен урчук сымал мунар формасында жасалат. Мунардын учуна узун мамы тиктелип, мамынын учуна чүпүрөктөр байланат. Төрт жагына арча сырык коюлуп, ага бутак сайылып, түлөө буюмдары тизилет.

Ар жылы зура майрамында чоң эне бул жерде түлөө өткөрүп, чырак жагып, бышкан эт, боорсок даярдайт. Обоонун алдында чоң эне түлөө берүүнүн барышын көрсөттү. Ал чыныга арак куюп асманга, жерге аракты үч ирет чачып: “Кудай, бизди сактай көр, кызыр тоолуктар аман калсын”, – деп ичинен күбүрөндү. Турмушка бакыт тилегенден кийин обоону солдон оңго үч ирет айланып, теңирдин кут-береке беришин тиледи. Чоң эне: “Биз лама дининде майрам өткөзүп, балдарды сүннөткө отургузбаганы менен башка жергиликтүү казактардай эле чочконун этин жебейбиз”, – дейт кайра-кайра такып.

Кудайберген аксакалдын мурасы
Бул жолку сапарыбызда асили Тарбагатай аймагындагы кыргыздардын аксакалы Кудайбергенге салам бермекчи болгонбуз. Бирок, аксакалдын эки ай мурда көзү өтүптүр. Кадыр-барктуу бул аксакал мурда Чөйчөк ооданынын орун басар акими болуп, кыргыз эли үчүн кан-терин аябай төгүп: “Тарбагатай кыргыздары” деген китепти жазган. Ал: “Улуттук талам үчүн биз жарылып-бөлүнбөй өз ара урматташып, ынтымактуу өтүшүбүз керек” деген болчу. Ар кайсы улуттар узак тарыхый өнүгүү барышында бири-бирине таасир кылып, өз ара сиңишип, камыр-жумур болушуп кеткен. Ошону менен эч кимиси да бир-биринен айрылбай турган тыгыз байланыш орноткон. Айрыкча аралаша жашаган улуттар арасында мындай абалдар таасын байкалат.

Тарбагатайдагы сапарыбыз бизди сонуркатып, эсибизден кетпестей болду. Биздин ойлогон жерибизден чегип, бир боорлук сезимди бүт жерден сезинип турдук. Тарбагатайда көптөгөн достор менен тааныштык. Тарбагатайдагы кыргыздардын күчтүү улуттук сезими бизге терең таасир калтырды. Ооба, биз тамырыбыз, каныбыз дагы бир, жүрөгүбүз окшош соккон Манастын урпактарыбыз. Биз Даму, Турсун, Төлөөкан, Базар, Чака эне сыяктуу боордошторубузду эч качан унутпайбыз. Алардын улут деп соккон жүрөгүнүн түрсүлү ар дайым кулак түбүздө жаңырып турары бышык.

Автордун стилистикасы сакталды.
Абылабек АСАНКАНОВ,
УИАнын мүчө-корреспонденти, тарых илимдеринин доктору, профессор,
«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11-18.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.