Алты бакан

Кыргыз элинин эң эски жана кеңири тараган оюндарынын бири. Бак-дараксыз жерде үч бакандын (шыргыйдын) башын бир жагына бууп бириктирип, ошондой эле үч баканды экинчи жагына коюп, ошол алты баканга кош аркан байланып селкинчек салынат.

Алты бакандын үстүнө туурасынан устунча орнотулган учурлар да көп жолугат. Оюнчулар эки жаатка бөлүнүшөт. Арканга эки оюнчу (көбүнчө бир жагына кыз, экинчи жагына жигит) чыгып, арканды  бекем кармап бетме-бет турушат. Оюнга катышуучулар селкинчекти күүлөнтүп коюшат. Андан кийин тээп аткандар өздөрү күүлөшөт. Ошентип, алты бакан селкинчек тебүү кезек менен улантылат. Кайсы жааттын оюнчулары белгиленген бийиктикке көп көтөрүлсө ошол жаат жеңет. Алты бакан селкинчек ыр, бий, куудул сөз менен коштолот.

«Кутман» блогунан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.