Тажикстандагы кандаштар кандайсыңар?

3AE71DF4-856E-4971-8DA2-16F9A7D550CD_mw800_mh600Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун Мургаб районунун Шаймак айылындагы этникалык кыргыздар тажик чек арачылары алардын үйлөрүн мыйзамсыз тинтүүгө алып, коркутуп-үркүткөнүн маалымдап, аларды тартипке чакыруу талабы менен тажик президенти Эмомали Рахмонго кайрылуу жолдошкон.

Тажикстандын Мургаб районундагы Кызыл-Рабат айыл өкмөтүнө караштуу Шаймак айылындагы 100 этникалык кыргыз кол коюп, тажик президенти Эмомали Рахмонго жолдогон кайрылуусунда кыргыз-тажик калкы кылымдардан бери ынтымакта жашап келаткан коңшулардан экени, президенттин жүргүзүп жаткан саясатын колдоп, Тажикстандын мыйзамын бузбай жашап келатканын белгилешкен.

Шаймактык кыргыздардын маалыматына караганда Кытай, Ооганстанга чектеш аймакта жашагандыктан ал жерде тажик чек ара кызматы бар. Андагы «Кызыл-Рабат» чек ара бекетинин офицери Зубайдул Тагаев буга чейин эле жайлоодогу малчылардан курут, май талап кылып турган.

Зубайдул Тагаев куралчан эки жоокерди эрчитип алып 2009-жылы 29-сентябрда Хан жолу деген аймактагы малчылардын үйүн тинтип, чабандардын аялдарынан жана кыздарынан курут, май бергиле деп автомат кезеген. Бул кабарды уккан чөп чабыкка кеткен айылдын чабандары бир топ жигиттерден турган өкүлдөрдү окуя болгон жерге жиберишкен.

Ал өкүлдөр келгенде тажик чек арачылары бир чабандын үйүндө жатышкан экен. Алар «мыйзамсыз эмнеге тинтүү жүргүздүңөр?» дегенде, офицер Тагаев автомат менен атып салам деп коркутуп, жергиликтүү жигиттерге атырылганда, алар чек арачыларды куралсыздандырып, кыштакка алып барып райондук коопсуздук кызматына, акимиатка, Мургаб районунун ички иштер бөлүмүнө, 2107 аскер бөлүгүнө рация аркылуу кабар беришет.

Кабарды уккан тиешелүү мекемелердин жетекчилери, Мургаб ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келишип, жергиликтүү эл менен сүйлөшүп, окуяны териштирип, алардан чек арачылардын автоматтарын алышат. Чек арачылардын жергиликтүү элге мамилесин талкуулап, тартип бузган офицер баш болгон эки чек арачыга катуу чара көрүшөрүн айтышып убада берип, чырды басышат.

Ал жердеги этникалык кыргыздар чек арачылар кайрадан ыдык көрсөтүп, «Кызыл-Рабат» чек ара бекетинин офицери Зубайдул Тагаев дагы эле кызмат өтөп жүргөнүн, райондук улуттук коопсуздук кызматынын көрсөтмөсү менен үч айдан бери шаймактыктарды сыртка чыгарбай, тышкы дүйнө менен байланыштырбай жатышканын жазышкан.

Бул окуянын чоо-жайын сүрүштүрүп Тажик Республикасынын Ички иштер министрлигине кайрлыганыбызда, министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Махмадулло Асадуллаев Шаймактагы окуя боюнча маалымат түшпөгөнүн, чек ара кызматы Улуттук коопсуздук кызматына баш ийерин, бул маселени жетекчилерине айтарын убада кылды. Эгерде чындыгында эле шаймактыктар айткандай көйгөйлөр бар болсо, андай маселени Тажикстандын тиешелүү органдары оңдуу чечерин айтты.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматы жана Миграция кызматы, Мургаб районунун акими менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Тажикстандагы Кыргызстандын элчилигинин консулу этникалык кыргыздар маселеси боюнча адистерине тапшырып, бул маселенин чоо-жайын иликтеп, жооп берише турган болду.

Ал эми «Манас-Ата» этникалык кыргыздарды коргоо коомунан Тажикстандын Шаймак айылындагы кыргыздардын кайрылуусун маалымат катары Кыргызстандын президентинин интернет сайтына жана миграция министрлигине жолдошконун маалымдашты.

Кыргыз президентинин басма сөз кызматы болсо президенттин интернет сайтына шаймактыктардын кайрылуусу түшпөгөнүн билдирди.

61A34AC9-9E6A-458F-B939-F0046A017516_mw800_sМургаб районундагы Шаймак айылындагы этникалык кыргыздардын көйгөйү тууралуу маалыматы бардыр деп Кыргызстандын Мамлекеттик Тышкы иштер минстрлигине кайрылганыбызда, аталган министрликтин басма сөз кызматы бул маселе боюнча атайын жетекчиликке кат аркылуу кайрылуубузду өтүнүп, анан жооп беришерин айтты. Аталган министрликке шаймактыктардын катын жана сурообузду факс аркылуу жөнөттүк.

Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн маалымат каражаттарында чагылдырып келаткан журналист Мурзахалим Каримов чындыгында эле Тажикстандагы этникалык кыргыздарга кыргыз өкмөтү, коомчулугу анчейин колдоо көрсөтө бербейт деген пикирде.

Менин билишимче кыргыз мамлекети, кыргыз бийлиги Тажикстандагы өздөрүнүн кандаштарына дайыма көңүл буруп турса. Менин байкашымча, ушул маселе азыркыга чейин көзгө илинбейт. Себеби Жерге-Тал районунун 50 жылдыгы болгондо Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Медет Шеримкуловго атайын чакыруу барагын бергенбиз. Эл депутаттарынан өкүлдөр келип, салтанатка катышып кетиңиз деп. Бирок эч кимиси барган эмес. Эгерде М.Шеримкулов ошол жерге барып кандаштарын куттуктап, бийик трибунадан көрүнүп койсо, элдин духу кандай көтөрүлөт эле. Кыргыз бийлиги ушуну да эсине алып койсо.

Мурзахалим Каримов Тажикстандыгы этникалык кыргыздарга Кыргызстандын бийлиги моралдык колдоо көрсөтүп, маараке-салтанаттарына өкүлдөрүн катыштырып, кыргыз тилиндеги окуу китептер менен камсыз кылып, театрдын артисттери спектакл тартуулап, ырчылар концерт менен «ат тезегин» кургатпай барып турса деген тилегин билдирди.

Маалыматтарга караганда, Мургаб районунда он миңге чукул, Жерге-Тал районунда 25-30 миңге чукул этникалык кыргыздар жашайт.

1992-жылдардагы Тажикстандагы атуулдук жаңжал, саясий оор кырдаалдан улам тарыхый мекенине 20 миңге чукул этникалык кыргыз көчүп келген.

Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 04.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.