Анасбек Жумалиев

(1947–2006)

Анасбек Жумалиев 1947-жылы Манас районунда Бала-Сару айылында туулган.

1965-жылы Киров районундагы Чоң-Курган орто мектебин,

1973-жылы КМУнун филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

Эмгек жолун өз айылындагы сегиз жылдык мектепте пионер уюмунун жетекчиси болуп иштөөдөн баштаган.

1968-жылдан ошол эле мектепте кыргыз тил, адабияты мугалими,

1983-жылдан окуу-тарбия иштери боюнча директордун орунбасары болуп иштеген.

1979-жылдан бери чыгармаларын жарыялап, негизинен сатиралык чыгармаларды жазган.

1987-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

“Жергемдин көркү (1979-ж.) жана “Толкундуу курак (1984-ж.) ыр китептери жарык көргөн.

Уикипедия

 

Ырлар

БИР МҮМКҮНДҮК – ӨМҮРҮМ

“Улуу Жердик табият.
Уулум ойнойт жанымда.
Милларддаган ата-энем
Туйлайт менин канымда.

Ошол өткөн “миллиарддын”
Бири туулбай калганда,
Бул дүйнөгө мен келбей
Калмак экем “арманда”.

Миллиарддардын канчасы
Келээр менин артыман.
Жашоо чексиз себеби,
Дүйнө чексиз чалкыган.

Эмне арнайм силерге,
Менден кийин келчүлөр?
Менден кийин мага окшоп
Күнгө салам берчүлөр.

Эмне арнайм силерге,
Эмне мурас калтырам?”
Карап түпсүз асманды
Жооп табалбай олтурам…

Улуу Жердик табият,
Уулум ойнойт жанымда.
Бир мүмкүндүк, сан суроо
Туйлайт менин канымда.

Ах, сонунсуң, тирүүлүк!
Чөкпө, сергек көңүлүм!
Сан суроого жооп берчү
Бир мүмкүндүк – ӨМҮРҮМ!

 

ОТУЗ ЖАШ

– Отуз жашка келгиче
Жүрөсүңбү үргүлөп?
Дагы отуздан эки өмүр
Сүрөсүңбү? Ким билет…

Аргымактай арыштап
Алчыланаар курагың,
Ар-намысты жарышта
Камчыланаар убагың.

Акын болсоң, акың жок –
Жай баракат жүрүүгө.
Акындык – бул умтулуу
Билбегенди билүүгө.

Ырларыңды отко сал –
Мааниси жок чийилген.
Сырларыңды топко сал,
Басып чыгып үйүңдөн.

Көздөрүңө чөгөргүн
Көрүп көркөм дүйнөнү.
Тапкын издеп “деңизге
Чөгүп кеткен ийнени”.

Ошону айтып, отуз жаш
Коштошууга үлгүрөт.
Зекигендей негедир
Ойчул курак тирмийет…

… Бул турмушта канча ашуу
Ашаарымды ким билет?
Дагы отуздан экини
Жашаарымды ким билет?

 

ТУУГАН ЖЕРДИН СУУЛАРЫ

Алтын булак аста шыңгырап
Агат тынбай ырдап күнү-түн.
Ошол булак – менин булагым,
Ошол булак – менин үмүтүм.

Туйлап акчу да бир булактын
Турдум карап соолуп калганын…
Ошол булак – менин күйүтүм,
Ошол булак – менин арманым.

Күкүктөнүп жээгин чапчыган
Күмүш дайра күнгө чагылат.
Ошол дайра – менин ардагым,
Алыс кетсем жаным сагынат.

Кубалашып толкун ойногон
Курчап турат тоолор деңизин.
Ошол деңиз – менин сыймыгым.
Ошол деңиз – менин эгизим.

Күн чыкканда күндүн нурлары,
Ай чыкканда айдын нурлары,
Турпатыңа келип куюлган
Тууган жердин тунук суулары.

Өмүрүмдү сенден сугарып
Өмүр бою келет дуулагым.
Өзөнүмдөн аккан сууларым –
Өзөгүмдөн аккан сууларым!

 

1972-ЖАҢЫ ЖЫЛГА

“Кош, эски жыл, чыкпай калдың эсимден!
Кел, жаңы жыл, таалай чачып саламат!”
Декабрдын отуз бири кечинде
Келем басып кыштагымды аралап.

Келем тыңшап музыканын ыргагын.
Сенин үйүң чоң көчөнүн четинде.
Агып түшүп айдын алтын нурлары
Жамалданат кардын аппак бетинде.

Аба тунук, сенин мөлтүр сүйүүңдөй,
Кыялданам кош карегиң элестеп.
Күткөндүрсүң жалгыз калып үйүңдө
Жылды бирге тосуш үчүн келет деп.

Шек бергенсиң, ачык айтып чакырбай
Уяңым ай! Эмнегедир ийменип.
Аяр басып барам мен да батынбай
Айтаар сөзүм бышат кээде ийленип.

Жүрөк туйлайт көөдөнүмдү тепкилеп,
Толтосунда махабатым ырдалат.
Турдум азга терезеңди черткилеп,
Жаңы жылдан жарым мүнөт мурдараак.

Жаңы жылдан жарым секунд мурдараак
Кучагыңа таштап ийдим денемди…
Кош карегиң кош жылдыздай нурданат,
Себепкери – жаңы жылбы, же менби?..

Жаңы жылды бирге тостук үйүңдө
Кол кармашып өтмөк болдук дүйнөдөн.
Январдын бири күнү түнүндө
Сени ээрчитип келе жаттым үйгө мен.

… Кош эски жыл, чыкпай калдың эсимден –
Махабаттуу шоолаларга чулгаган!
Кош, бойдок кез, шарап мисал жетилген –
Өмүрүмдүн өрт жылдарын уурдаган!

 

МАХАБАТТУУ ТЕРЕЗЕ

“Махабаттуу терезе” деп атагам
Терезесин сен жашаган үйүңдүн.
Алгач ирет айнек чертип, себеби –
Алгач ирет даамын таткам сүйүүнүн.

Ал терезең күлүмсүрөп турчу эле
Айга түндө, күндүз күнгө чагылып,
Алыс кетсем калуучу элем аны мен
Айнектей мөл сезим менен сагынып.

Сага таандык нерселердин бардыгын
Кароочу элем бир башкача көз менен.
Өзүңө да периштедей ишенгем
Айтып берүү кыйын аны сөз менен.

… Калдык анан эки жээкте экөөбүз
Кайчы келип көз караштар биздеги.
Муздасак да бирибизден бирибиз
Ал мезгилдин өчөөр эмес издери.

Тагдыр бизди кошпогонго өкүнбөйм.
Сен ойготкон тунгуч сүйүүм уктаган.
Бирок ошол мөлтүрөгөн жаштыктын
Көз тийчүдөй кооздугуна суктанам!

“Махабаттуу терезе” деп атагам
Терезесин сен жашаган бөлмөнүн.
Сенден ысык сүйсөм дагы башканы
Андан сүйкүм терезени көрбөдүм.

“Жергемдин көркү” китебинен, 1979-жыл.

Соц тармактар:

One thought on “Анасбек Жумалиев

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.