Токтораалы Талканбай уулу

Кожо молдо
Жок өткөндүн болжолу,
Тапкан залим олжону.
Бай-манаптар жаатташ,
Эшен, кожо, молдону.
Доорончу болгон молдосу,
Улак, козу олжосу.
Түшкөн жерден ат алган
Ол замандын кожосу.
Тозоку деп коркутчу
Жаман немее окутчу.
Жүрө албаган кедейге
Залимдер атын токутчу.
Бай-манаптын кожосу
Арамдан болгон олжосу.
Баары тегиз шум эле
Дубана, сопу, молдосу.
Ат бергенге тон берчү,
Кой бергенге кол берчү.
Теңге, тыйын бергенге
Араңдан зорго жол берчү

Өлүк-тирик аңдыган
Канчы болчу баарысы.
Айыл сайын кыдырган
Жарчы болчу баарысы.
Элдин камын жешкендей
«Жакшы» болчу баарысы.
Илим кайып айтышкан
Бакшы болчу баарысы.
Соргучтун сөзү эм болгон,
Баарына кедей жем болгон.
Илгерки өткөн бечара
Ар жоруктан кем болгон.
Илгеркинин залымы
Ушу болчу алымы.
Кожо-молдо манаптын
Баарынын окшош калыбы.

«Элбилге» блогунан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.