Александр Блок

(1880-1921)

* * *
Бак-дарактар бүрүндө,
Жамынган жаздын жамалын.
Кездешсек дагы түнүндө,
Өзүңдү келчү карагым.

Нурлары күндүн төгүлө,
Көлчүккө келип чагылат.
Түшүмдө дагы, өңүмдө,
Жүрөгүм сени сагынат.

Жаштыгым жеңип кылымды,
Чагылдырган күзгүнү.
Албууттанган ырымды,
Алар келип түздүбү?

Өткөндү эстеп түшүмдө,
Кыялдарга балкыгам.
Кечинде кудук ичинде,
Жоолугуң сенин калкыган.

(Которгон Догдурбек Юсупов),
“Кыргыз туусу”, 30.07.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.