Петрусь Бровка

Ушул ой менен барамын
Мекеним! Баары эсимде,
Мыктыны кайдан табамын…
Сайрандап тууган жеримде,
Ушул ой менен барамын.

Туш тарапты карасам,
Кубануу менен тыңдашат.
Токоюм сага баратсам,
Кайыңдын баары ырдашат.

Жоокерлердей тизилип,
Токоюм сактайт бизди бек.
Сындырса ким ийилип,
Айткым келбейт адам деп.

Кайыңдарга тийген ок,
Алыскы күндү эскерип.
Токоюм барда көңүл ток,
Өткөндөн калган эстелик.

(Которгон Догдурбек Юсупов),
“Кыргыз туусу”, 30.07.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.