Каттама

Камырдан жасалган кургак оокаттардын эң кадырлуусу каттама болуп эсептелет.

Керектелүүчү азыктар: 1кг ун, татым туз, 200-250 грамм каймак, 350-450 грамм сары май.

Даярдоо ыкмасы: Камырды кадимки кесменикиндей катуу жууруп, бир аз тыныктырып коебуз. Тыныккан камырды зубалага бөлүп, кесме сыяктуу жука кылып жаябыз. Калыңдыгы 1мм болгондо, камырдын бетине тегиздеп каймак сүртүп, кайра үбөлүккө түрүп туурасынан экиге бөлөбүз. Тилинген камырды ортосунан дагы бир жолу кесебиз. Ошондо камырдын эндиги 3,5-4 см болот. Кесилген ар бир камырды учунан баштап түрүп, биринин үстүнө бирин түрүп, калыңдыгы 1см болгончо жаюу керек. Камырды даярдап алган соң, казанга азыраак сары май куюп, кызыганда, чийки каттаманы салып, адегенде бир бетин бышырып, андан кийин экинчи бетине оодарат. Четтери жабышып кетпеш үчүн, улам кашыктап май куюп туруу зарыл.

Маалыматтар Т. Бөрүбаевдин “Кыргыз даамы” китебинен алынды,
«Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»)

* * *

Камырдан жасалган кургак оокаттардын эң кадырлуусу – каттама. Каттама ысык , кубаттуу, ток жана сый оокат болуп эсептелет. Ал ачыган жана ачытылбаган жаңы камырдан жасалат.

Ачытылган камырдан жасалган каттама

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 1 кг
Сүт – 200 мл
Суу – 300 мл
Сары май – 300-350 грамм
Ачыткы – 2-3 грамм
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

Алгач унду таза элеп, ачыткы, сүт, суу кошуп катуулугу кесменикиндей болгон камыр жасап, 2-3 саатка жылуу ороп коебуз. Камыр жакшы ачыгандан кийин зубала жасап, чекесинен жаябыз. Камырды көп улпактабай, калыңдыгы 1мм болгончо жайып алабыз. Андан соң бетине сары майдан сүйкөп, кайра үбөлүккө түрүп, узатасынан кесебиз. Кесилген камырды узатасынан дагы бир жолу кесип алсак, ар бир тилимдин эни 3,5-4 сантиметрче болот. Тилимдерди тыгыз ороп алып, тегерек формада калыңдыгы 0,5 см болгончо жаябыз.

Бышыруу ыкмасы:

Казанга сары майдан азыраак куюп, кызыганда каттаманы салып, алгач бир бетин, анан экинчи бетин кызарганча кашык менен улам-улам тегеретип бышырабыз. Четтери жабышып кетпес үчүн улам кашыктап май куюп турабыз. 1 килограмм ундан 4 орточо каттама чыгат.

 

Жыттуу каттама

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 1 кг
Зире, сейдене – 1 чымчымдан
Пияз – 2 баш
Сүт – 1 стакан
Каймак – 550-600 грамм
Татымына жараша туз

Жасалуу жолу:

Алгач зире, сейдененин жыттуу талкаланган уругун жана пиязды сууга бир кайнатып, сүзгүч менен чыпкалап алабыз. Чыпкаланган сууга сүттү кошуп, катуураак камыр жууруйбуз. Камырды бир аз тыныктырган соң зубала жасап, жука кылып жайып алабыз. Андан соң камырдын бетине каймакты тегиз сүйкөп, майда тууралган пиязды себелейбиз. Анан үбөлүккө тыгыз ороп, узатасынан кесебиз. Кесилген камырды узатасынан дагы бир жолу кесип алсак, ар бир тилимдин эни 3,5-4 сантиметрче болот. Тилимдерди тыгыз ороп алып, тегерек формада калыңдыгы 0,5 см болгончо жаябыз. Ал эми бышыруу жолу жогоркудай. Даяр болгон каттаманы ысык шорпо менен берсеңиз болот. Тамагыңыз таттуу болсун!

Пайдалуу кеңештер:

Камыр жуурарда унду элеп алса, арасына аба кирет да, жакшы жуурулуп, ийи бат каныгат жана тез ачыйт.

Камырды жылуу сууга жууруу шарт. Ысык сууга жуурулган камыр катуу болуп калат.

Камыр жакшы жуурулсун десеңиз, туз татыган жылуу сууну аз-аздан куюп жуурган оң. Бир жуурум унду чакталган сууга бүт салып ийип жуурса, камыр ойдогудай болбой калат.

Жакшы бышкан каттама, боорсок, жупка сыяктуу оокаттар көпкө бузулбайт.

Каттаманын камырына 1 чай кашык уксус кошуп койсо, кат-кат бөлүнүп турат.

Эгер камырыңыз ачып, бирок аны жасаганга убактыңыз жок болсо, анда камырдын үстүн ным майлык менен жаап койсо болот.

1 кг унга орто көлөмдөгү 1-2 сууга бышкан картошканы эзип кошуп жиберсе, камыр жумшак жана борбоюп калат.

Каттаманын камырын бир багытка карай жаюу керек.

Эгер дүкөндөн каттаманын даяр камырын алсаңыз, анда ал өзү эриши шарт.

Каттаманын камырын курч бычак менен кесүү керек.

Каттаманын камырынан самса, токоч, пирогдорду да жасоого болот.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.