Чучук

Керектелүүчү азыктар: 300 грамм жылкынын казысы, 200 грамм сулп эт, ичеги, туз, калмепир, пияз, сарымсак, зире.

Даярдоо ыкмасы: Жылкынын казысы менен ичке тилинген этке туз сээп, тууралган пияз, сарымсакты кошуп, тузу сиңгенче бир идишке салып, оозун жаап коюу керек. Тузу сиңгенден кийин туз салынган жылуу сууга бир аз салып, жибигенче коет. Жибигенден кийин калемпир, сарымсак, мурч, зирени сээп, ичке тилинген эттин сыртынан казыны ороп, таза жуулган ичегиге каптап, казанга салып бышырат.

Маалыматтар Т. Бөрүбаевдин “Кыргыз даамы” китебинен алынды,
«Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»)

* * *

Чучук – жылкы этинен жасалат. Чучук жасоо анчалык кыйын эмес. Ал учун жылкынын казысы, кабыргасы, ичегиси, туз, калемпир,  мурч,   сарымсак,зире,  жапайы сарымсактын уругу, лавр жалбырагы керек. Булардын бардыгын аралаштырып, ичегиге салып, эки жагын жип менен бууп коёт. Жасалган чучукту бышырып жаткан учурда чебердеп,акырындап кайнатуу зарыл. Кайнап чыккан учурда ичегинин ашкере көөп чыккан жерин ийне менен сайып туруу керек. Антпесе жарылып кетиши ыктымал. Чучукту 1,5-2 саат чамасында бышырат. Эгер чучукту көпкө сактасаң, анда жалаң гана туз пайдалануу керек

«Эл таануу» китебинен алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.