Табылды Муканов

(1946-1983)

Акын, журналист. Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында 1946-жылы 17-январда туулган.

1965-жылы Ак-Суу районундагы орто мектепти аяктап, 1965-1970-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинен билим алган.

Эмгек жолун «Кыргызстан Пионери» гезитинде иштөө менен баштап, «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз туусу»), 1976-1980-жж. «Мугалимдер гезити» гезитте-ринде эмгектенген. 1983-жылы оорудан көз жумган.

1962-жылы «Жамгырдан кийин» аттуу алгачкы ыры «Жаш Ленинчи» журналына басылган. Макалалары, очерктери республикалык гезит-журналдарда жарык көргөн.

1988-жылы «Жан дүйнө» ыр жыйнагы Кыргызстан үчүн Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон.

Уикипедия

Табылды Муканов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Сен кетсең кеттиң менин түнөгүмдөн, кетпедиң жүрөгүмдөн

Табылды Муканов, талаа, деңиз, булуттар

«Эки залкар, эгиз тагдырлар, эскирбес саптар…»

Балбан сөз акын — Табылды Муканов

Кетемин мен, кеткенде да келгис болуп, жаш чайган көздөрүмдү жакама катып алып

 

Ырлар

СҮЙҮҮ ЭЛЕГИЯСЫ

Сен сезбестен тагдырымды бир менин
сезгин Жердин тагдырын да,
жылдыздардын тагдырын,
бир шимирип келебиз
ууз нурлардын жамгырын.
Ыйлабагын куурады деп арчаны,
Өкүнбөгүн соолуду деп гүлдү, чөптү… Өмүрдү!
Боздбобогун какшады деп дарыяны,
көлдү… Өңдү.
Кубанбагын айланды деп гүлзарга
жалбырттаган, чөлдү, дөңдү…
Сезбей туруп айкөл Күндүн балдарынын жашоосун,
күлүү мага – артыкбаштык, керексиз.
Бул дүйнөдөн көлөкөдөй
секин жылып өтүү бар
муштумдарды ажалдарга
жашасак деп кезеп биз.
Сүйөм сени кан тамырлар
калганчакты сокпостон,
сиңем сага нурдай, ширин булактай,
мен канбаймын махабатка эч качан,
биздин жашоо –
так түйүлүп…
зоодон учкан улактай!
1967 (“Жан дүйнө”)

 

БИЗДИН СҮЙҮҮ

Швейцарка эшик ачпай
сыртта калдык экөөбүз,
(шаардан чыгып кеттик эле кечээ биз).
Тосуп алды чекирейген жылдыздар,
кекирейген дарактар.
Төө көзүндөй саатты карап
сен чыйрыга баштадың,
Жүрөгүмө кыса тартып өзүңдү,
ачып салдым “шарап толгон вазада”
сырга мелт-калт жүрөгүмдүн капкагын,
ачып салдым…
Бара жаттык ширелип,
жылдыздардын бири элжиреп, бири эрип.
Эриндерим жүзүңө
учуп-конгон калдыркан.
Көздөрүңдө жаш айланып. Билерик
ай кесилген алтын баштай
салып бизди мүшкүлгө
сыйгаланып бара жатты
көк жалтаң “муз” үстүндө…
Самап майдын жаш таңын,
сен кайрадан кылч-кылч эте баштадың.
Жүрөгүңдү кыса тартып, аймалап,
жалынымды алоолонттум толтодон…
Четте жатты ак шалың.
Шыбырдаы сендеги
эжигейдей эки эрин:
– Үйүбуз жок үстүдө,
мүлкүбүз жок ортодо…
билесиңби, биз жашаган
үй да, жылуу төшөк да,
кооз кийим да, китеп да,
башканыкы экенин?.. –
шыбыр какты сендеги
эжигейдей эки эрин:
– Билесиңби ушу шартта баш кошуу
кандай орой экенин!
Билесиңби, ушул саатта,
ушул кирпик ирмемде
ашырашуу кандай оңой экенин?
Ай култ этти батышта,
Чоң Жетиген окшоп “чоюн кашыкка”.
Ак төшүңдө мен сүзүлүп бараттым.
– Сүйүү болсо жүрөгүңдө.
Ошол – үй да!
ошол – мүлк
абийир болсо жүрөгүңдө.
Ошол – кийим!
Ошол – күн!..
Сүйүү аркылуу көз жардыңбы баркырап
бул дүйнөгө,
Сүйрөңдөбөй мени менен кошо өлгүн!
Сүйүүң өлүп, жашап жүрбө дүйнөдө!
… Швейцарка эшик ачпай
тышта калдык экөөбүз,
шаардан бекер чыкканбыз го
кечээ биз!
27.05.1968-ж.

 

КЛАРАГА

Сүйгөнүм, сүрөтүңдү карга тарттым,
кар эрип – агып кеттиң.
Мен сенин сүрөтүңдү жарга тарттым,
жар көчүп – жексенделдиң.
Мен сенин сүрөтүңдү ташка тарттым,
таш сынып – талкаландың.
Мен сенин сүрөтүңдү көзгө тарттым,
көз ооруп – учуп кеттиң.
тарттым мен сүрөтүңдү лайнер канатына
ааламды айлансын деп.
Тарттым мен сүрөтүңдү кеменин капталына
дүйнөлүк толкунадрга аймалсын деп.
Тарттым мен сүрөтүңдү кеменин капталына
дүйнөлүк шамалдарга кайралсын деп…
Сени эми тартар жерим калбай барат.
Колумда кардай барак.
Жардай тик полотно
Колумда таштай боёк.
Колумда көздөй боёк.
Билбеймин, кандай болот…
Билбеймин, кандай болот…
1968-ж. (“Каректеги жер”)

 

КЛАРАГА

Жалп этип терезеңден жарык өчтү,
Үмүттү бир муздак ой таарып өттү.
Жаш сүйүү жүрөгүңдөн өчпөсө экен,
Элесим көз алдыңа көктөсө экен.
Терезем өчпөйт менин таң аткыча.
Жалооруп көздөрүмдөй жумулбаган.
Пардаңа көлөкөмдү түшүрөмүн,
Уксам деп ырларыңды угулбаган…
Уйкуга балдай уюп калсаң керек –
Жымжырттык. Оодарылчы капталыңа.
Айнегин терзеңдин эритейин
Кумарлуу көздөрүмдүн аптабына.
1968-ж. (“Арчадай жашыл элем…”, 2002-ж.)

 

* * *

Сен кеттиң, менден
ыдырап… Сөгүлүп! Суук түшүп
жүрөккө – кандарым
шыргалаң.
Унуттум ырымды сен барда
ырдаган.
Соолуду сен койгон гүл дагы
вазага…
1968-ж. (каттагы ырынан)

 

* * *

Канатына жаз кондуруп жамгырлуу, кытыгылап
Энеден туума дүйнөнү,
Март асылып моюнуна кыздардын арсалаңдайт…
Жүрөктөрдө ойлордун зор үймөгү…
Булуттарды чыт көйнөктөй айра тартып чагылган,
(көпмөк болду жыл чындап)
Кыз эрини элжиреген эжигей,
Ак чайнектей катуу төшү зырпылдап…
Март гүл бүркүп күнгөйгө,
(Күн жалбырттайт жай сылтып),
Күр-шар этет көчкүлөр,
Аюуларды айкыртып…
7-март, 1968-ж. (альбомго жазылган ыр)

 

СОККУ

“Өмүр – поезд рельсадан чыгып кетет бир күнү,
Калдыр-күлдүр, күрсө-тарс
Жаңырыгы булкуп дүйнө жүрөгүн,
чаңга айланып быркырап –
быркырап тарткан алтын, күмүшү!
“Жесир калган балканактай ак жылдыз
башка өмүрдүн алпешинде чалчактап!” –
деп машинист бурку эттирип канжасын.
кан ууртуна,
Жаба берип ак жарык.
Шукшурулат чоң состав,
Кара кылды как жарып.

Рельсалар талтайып,
Чалкасынан түшүшкөн.
Күн кулагын тундурат,
Буу ышкырып түтүктөн.
Тер тызылдайт маңдайда,
Суу буркулдап, май ысып.
Тоо жалп этет, талаанын
кабыргасы кайышып.
“Көңүл – дөңгөлөк, күндөй кызыл өмүрдү
шаттык аттуу, кайгы аттуу разъезддерге жеткирген;
ал эч сезбейт шарактап
оо бир жерден рельсалар үзүлүп,
рельсалар ажырап,
кырчын сапар бүтөрүн” –
деп машинист бурк эттирип канжасын.
– Стакан жок! Оозуң менен жуткун! – деп
Суусун сундум бир шише.
Түшүп калды канжасы,
Талкаланды тайраңдаган ойлору,
кекиртеги ийрең этти бака жуткан
жыланга,
А тиштери чакмак канттай жарк эте,
Жүздөрүндө калбай калды бырыштар…
12.07.1968-ж. (“Жан дүйнө”)

 

КӨЛ ҮСТҮНДӨ

Сен жоксуң,
Ошол түнү улуу көлгө
не деген жылдыз жаады… жылдыз жаады…
Ууртасам толкун сузуп кочушума
башкача суунун даамы… туздун даамы…
Көңүлүм сахнадай ачылды,
сен анда бийлеп жүрдүң ырдап коюп
Ак куулар менден үркүп таң атырдың
Жанымды күн нуруна чырмап коюп,
термелип күтө бердим көл үстүндө…
Сен жоксуң.
Ошол күнү сулуу көлгө
не деген жамгы жаады… жамгыр жаады…
Ууртасам миллион көз көбүктөрүн,
акетай, балдын даамы… балдын даамы…
А жүрөк – жаңы ачылган планета,
сен анда аяр басып, кумар болуп,
Кечи кирди – көлгө кара куулар конуп.
Өзүмдү ай нуруна чырмап таштап,
жээк карап күтө бердим көл үстүндө…
Сен барсың. Келбегениң жаман жорук.
Сырларым кайнап турат жанар болуп,
Көрүнчү, толкундардын арасында
калбайын өзүм жалгыз арал болуп!
1968-ж. (“Каректеги жер”)

 

КЕЧКИ КАЙРЫК

Аркасынан чубалтып кара шалы,
башын жөлөп Жердин чың көөдөнүндө,
жаш сүйүүдөй саргайган сагынычтан
Күн үргүлөп баратты, Күн үргүлөп
толтосунан шыркырап жалын учкан.
Тоо аны кыса тартып рахаттана,
кызганып, булутуна түйүп коюп…
Күндүн алп сүйүүсүнө, аптабына
баратты Жер капкара күйүк болуп!
… А бизчи?
Күндө алардай кезиге албай,
ызгаарлар даң салышып ортобузда,
билбейбиз эриндешүү деги кандай,
айланып сүйүү толгон толто музга.
Суйкайган иреңдерге туткундалып
канчанын жүрөктөрү, билгин, калбыр.
Байкасак, алда канча оор экен
Жер, Күндүн тагдырынан биздин тагдыр.
Жок!
Адамдык тагдырлар улуу, ыйык,
жашоодон кол жуусак да ооруп, жалкып,
Жер менен Күн ортосу кандай алыс,
көрүнөт бирок бизге жолуккансып!
Сыздатып сезимдерди эң наристе
алиге кыянаттык, билгин, тирүү.
Байкасак, алда канча оор экен
Жер, Күндүн сүйүүсүнөн биздин сүйүү.
Жок!
Адамдык махабат бийик, ширин,
болсо да ажырашуу, күйүт мөңкүп.
Жердин көп мөңгүлөрү…
Күндө уу нур көп…
Көрүнөт, бирок бизге сүйлөшкөнсүп!
1968-ж. (“Каректеги жер”)

 

* * *

Билесиңби, алыска кетүү эмнем?
Ал сени өмүр бою эске тутуум,
сагынуум,
өңдөн таюум күзгү чөптөй,
соксоюп жалгыз басуум бир кыз өппөй…
Билесиңби, алыста калуу эмнең?
Күтүү деген улуу отту жагып коюуң.
Карекке жаш терметүң майрамдарда,
жылмаюуң, элесимди
эм кылып кайран жанга.
Мен шаарга кетпей эле кеткенсидим
дүйнөгө муздан бүткөн… кара бороон…
Сен көлдө калбай эле калгансыдың
жалында алоолонгон!
1968-ж. (“Каректеги жер”)

 

УЯҢДАР

Баарынан этияттап четтейсиңер.
Бирок да коркпойсуңар, чочуйсуңар.
Батынып бир маселе чечпейсиңер.
Иймейген бир уялчаак кокуйсуңар.
Алсызды коргогонго барбайсыңар.
Башкага жакшы пикир айтпайсыңар.
Көйрөңдү көтөрө чаап алдайсыңар,
Митаамды далысынан чаап таптайсыңар.
Акмакты акмак дешти билбейсиңер,
Айыбын көрсөңөр да катасыңар,
Иймейип чоң чатакка кирбейсиңер,
Уялып майдасынан качасыңар.
Байкуштар, силер кантип чыдайсыңар,
Кандайча жыргайсыңар уялгандан?
Уялып жаман ишти кылбайсыңар,
Жакшы иш да кылбайсыңар уялгандан,
Жер жүрсо шектүү карап токтойсуңар,
Кечирим сурайсыңар… чочуйсуңар…
Чынында силер такыр коркпойсуңар,
Антсе да уялчаак бир кокуйсуңар.
Бирөөнү сылыксыңар жемелебес,
Өрттөнүп уялгандан өлөсүңөр…
Жолуңар пейлиңердей кенен эмес,
Адам… жок силер адам сөрөйсүңөр…

 

ТААРЫНЫЧ

Кетемин мен, кеткенде да келгис болуп,
Жаш чайган көздөрүмдү жакама катып алып –
көргөзбөй адамдарга, маңыроо Айга…
Бир гана мени жоктойт акын-арык
солууга күчү жетпей,
ташууга алы келбей.
Эх, андан бир стакан басып алып
кетем мен, кеткенде да келгис болуп.
Жаш чайган көздөрүмдү жакама катып алып.
Ал кезде сен уйкунун кулу болуп,
дүйнөгө тынчтык бербей коңуругуң,
түшүңө сүйгөнүң чал болуп кирет
жакындап…
чечип бүтпөй колу курун…
Саа калат:
бөлмө-бөлмө аба калат,
түтүнү, күлү жатат чылымымдын,
бир тамчы жашым калат от жүзүңдө,
айрылып теңи калат ысык ырдын.
Ый калат,
күлкү калат… –
баары калат!
Аларды сен байлык деп баалабастан,
издейсиң жумшап мага кыйкырыгың
күз тоноп, кыш онтоткон кара бактан.
(Мен тургай бактар алек өзү менен,
каап, силкип таштай албай кышкы чакты…)
Туу кылып жүрөм, жаным, таарынычты,
Жер шарын бир чарк айланып чыккычакты,
Жер шарын чарк айланып чыккычакты…
10.12.1969-ж. (“Жан дүйнө”)

 

КЛАРАГА

Мен көлдө көз жаргамын.
Сен да көлдө…
Бирок, мен көлгө аз барам.
Көп барасың.
Сен келе жаткан кезде
көлүм көчүп
бүт мага келаткансыйт.
Сен мага кол сунганда
көлдүн ууз толкундары…
Сен төшкө жыгылганда –
көлдүн бал толкундары…
Чачтарың балыр жыттуу.
Эриниң балык даамдуу.
Көздөрүңдө кайыктай калкып турам.
Шуудурайт кирпиктериң камыштардай.
А күлкүң – мерген аяп,
мерген атпас
күн канат балапандай…
Сен көлгө көп бара бер!
Мен аз барам…
1968-ж. (“Каректеги жер”)

 

* * *

Жалаңкат көйнөк менен,
бир тыйынсыз
кеттиң сен жаз мисалы күкүк үндүү.
Жөө кантип жеттиң экен?..
Үшүдүңбү?..
Баратат эки-экиден аба жарып,
бейтааныш замандаштар.
А шаарга дале тынбай жаап жатат
Сезимдин курчун алып жалаң ак кар.
Жолуңдан бир мээримдүү аял чыгып, Кемселин чечип берер…

“Төрөлүп кереги не
чын болсо бул дүйнөдөн
сүйүүнүн кетиши эгер!” –
дедин эле…
Болдум мен аяз ата,
карга көөмп, ызгаар бүркүп чалкар асман.
Чоюндан бүткөнсүгөн бул көктүгүң,
сени эми кай тарапка алпарат?
Таң…
16.03.1971-ж. (“Жан дүйнө”)

 

ЭЛЕГИЯ

Күттүм сени эшикти ачып коюп,
арашан кан боло жаздап шыргалаң.
Өпкөмдөн өтүп жатты кара шамал,
ыркырап чоочун итттей
талашып мен жамынган ак шейшепти…
бир үмүт алдайт мени шыйпалактап,
алдаймын ал үмүттү өлгөндө араң.

Бир жансыз тымтырс турат көчө, көңүл,
өмүрдү көксөп жатып өчөбү өмүр?
… Эшигимден шар дей түшүп таң далай,
эшигимди мөндүр чертет манжадай,
эшигимди шамал ачат жашыруун,
эшигимди шамал жабат сенден сыпаа, акырын…
Түн мактанат, ай-жылдызын алып чыгып койнунан.
Чымыратып бойду кан –
сен жашаган,
сен дуулаган,
сен өлгөн;
Канча кайгы мени көздөй жаа тартып,
шар жандырат ой-санаамды эми өргөн.
Тургансыйсың каалганы ача албай,
тргансыйсың күтуп мени балкондо…
Ойлор келет, ойлор келет шарактап,
карасы жок, сарысы жок, баары – аппак.
Сен эмессиң, сен эмессиң, а сыртта,
мени күткөн: кара шамал…
жаан…
аптап…
Жаан сенин чачыңдай!
Шамал сенин ачууңдай!
Аптап сенин денеңдей…
1974-жыл (“Жан дүйнө”)

 

* * *

Сен кетсең, кеттиң үйдөн – түнөгүмдөн,
кетпедиң жүрөгүмдөн,
ойноктоп сүзүп жүрдүң кандарымда.
Калдым мен ак жаанында махабаттын.
Жаз маалында ажыроо кандай тозок:
чыйырчыктар экиден учуп барат,
барат сүзүп экиден ак куулар да,
бир уя салып жатат эки ак чымчык,
келет өсүп кош тал чөп ташты жара.
Тиктешет эки бирдей тыйын чычкан
Мончоктой көздөрүнө кумар жыя…
Сүйүүбүз экөөбүздүн кайдан келген
адашып буларга, ыя?
1974-ж. (“Каректеги жер”)

 

КҮТҮҮ

Таңдар атып жалгыздыкта,
жалгыздыкта кеч кирип,
күттүм сени үстүмдөгү көйнөгүм
дал-далынан бөлүнгүчө эскирип.

Күттүм сени, өтүгүмдүн таманы
он жыртылып жез мыктарга толгуча,
куттум сени, чымкай кара плащым
бопбоз болуп оңгуча.

Күттүм, күттүм калгычакты кылдарсыз
боор комузум – эрмегим.
Тоодой-тоодой таш көмүрлөр, отундар
түгөнгүчө келбедиң.

… мен үчүн сен – дүйнөдөн жаш өткөндөй
жыйылбай эч чачпагы…
Аттиң, сени так ушинтип күткүчө
так ушинтип сүйсөм эмне башканы!
1975-76-жж. (“Жан дүйнө”)

 

САГЫНЫЧ КАЙРЫКТАРЫ

I
Арчадай жашыл элем,
Саргайдым кара талдай күзүндөгү,
булбулдар конбой калды бутагыма.
Күн мээрин салбай калды кучагыма –
Элестеп көздөрүңдүн жүзүмдөрү,
Мен өндүү жалгыз меңиң жүзүңдөгү!

Сагыныч желесинде тыбырчылайт,
Жүрөгүм өмүр сүрүп жөргөмүштөй.
Неликтен жерлер туташ болсо дагы,
Тагдырлар айрык бойдон?
Өң көрүшпөй…
Алгамын жаздык кылып каттарыңды,
Төшөгүм жупжукабы, капкалыңбы –
Билбеймин! Көңүлгө ороп таң атырам
Кыялдар жылтылдаган асманыңды.

II
Арчадай жашыл элем.
Эмичи? Көлөкөмдө эч адам жок.
Сен келип олтурсаңчы чачыңды өрүп!
Ууз күлкүң жазга чайкап көңүл күзүн,
Кайрадан шуудурайын барик төгүп…
Капыстан тийген албуут шамалдарда,
Карс этип сынып кетсем эмне болду?
Гүлдөргө төкпө анда жаштарыңды,
Сууй түшкөн Күнгө чачпа аптабыңды!
Жыйып кой жүрөгүңдүн бир бурчуна
Саргайган жалбырактай каттарымды…

III
Арчадай жашыл элем.
Саргайдым саясында сагынычтын.
Мен тосуп бүркөө кечтин чагылганын,
Бурк этип көккө атылса жалындарым.
Ал отту көрөр белең коюу түндө!
О, анда… тростордой үзүлмөкчү
Таш көзөп саа бараткан тамырларым!

IV
Арчадай жашыл элем,
Кагырадым…
Сен качан жаз күнүндөй жадырадың?
Көрсөм, ээ, курагыңды талдан кырчын,
А балким, мөмо байлап калгандырсың…

V
Айланам, сенден эмес алтын жерден,
Айланам сенден эмес, салкын желден.
Айланам, мөңкү аккан булактардан,
Айланам, сагынычтан – уяткарган! –
Сапсары жалбырагым
түшүп бүттү,
Ичкерген манжаларым бүчүр бүрктү.
Күз булбул күүлөрүнө эрип кетти!
Бир ирет көлөкөмө келип кетчи?
Кайрадан бүтүп сынган бутактарым,
Күндү мен өмүрлүккө кучактадым!
1975-76-жж., (“Жан дүйнө”)

 

БРОНЬ

Көңүлүңдү буралбаймын сенин эми
баягыдай ырлар арнап –
чартылдатып сезимдерди…
Сөзүм менен кооз, үлпүлдөк,
Кашым менен Ысык-Көлдүн чабагындай ойноктогон,
сырым менен тумар кылып катып жүргөн,
көзү менен ой толгон.
Тарталбаймын көңүлүңдү баягыдай,
күлкүм менен көөдөндү чарт жарып чыккан,
кыялга батуу менен,
жүрөк менен дүкүлдөп бүт бардыгын
күн мурда туюп турган алыстыктан,
тер менен жүзүм ылдый тызылдаган,
жаш менен,
лапылдаган табым менен
буралбайм көңүлүңдү
баягы кыз кезиңдей,
тагдырым, о ал тургай каным менен…
Санап дагы не кылам калгандарын.
Сен азыр танкасың да огу өтпөгөн
бронсуң абдан калың!
28.02.1983-ж., (“Жан дүйнө”)

 

САГЫНЫЧ

Шыбырап жылдыздарга сагынчыңды
Көп жүрдүң эшикте сен,
Кантмек элең уулуңдун коңуругун
Далай жыл эшитпечең.
Апа, сенин ак сүтүң деңиз болуп
дээримде чалкып жатат
(ант урсун, ак сүтүңдү кечүү издеп кечип кетсем).
Сени мен терметким бар –
Жүрөккө бөлөп алгам,
Сен мага сүйүү бердиң,
Ыр бердиң көөдөн жарган.
Сен алчы эшикти илбей,
Каныңды ыргыштатпай.
Сен тургай магдыроодо,
Тоо уктап, танктар уктап…
Апаке, ай, май томуруп бергениңчи…
Апаке, ай, бергениңчи талкан уучтап!
Дүйнөгө түрүп коюп кулагыңды
Турасың ээн короодо эстеликтей,
Ойлоруң азан-казан,
Төбөңдөн күр-шар этип лайнерлер
майрамдай келаткансыйт балаң саган.
Апаке, мен тирүүмүн, кирчи үйгө,
Бекерге көздөрүңдү күлгө айлантып
шарфымды жыттабачы…
жыттары ачуу!
Күбүрөп жылдыздарга сагынчыңды
Көп жүрдүң эшикте сен…

 

* * *

Бизде неге шаар аз болгон:
мунаралар аз болгон?
Жетпеппи же кубатыбыз курууга?
Тура калмак Токиодой зор калаа
эгер керек болсо биздин урууга.
Колдорунан көөр төгүлгөн усталар
(а тарыхка жазды дейсиң ким аны?)
куруу үчүн жөнөп кеткен шартылдап
Самаркандды, Бухараны, Хиваны.
капчыгайлар шаарлардан да шаңдуу эле,
мунарадан бийик эле аскабыз,
келаткан жоо алда кайдан калчылдап…
Уят менен намыс болчу акчабыз!
… Тоо үстүндө көкөлөтүп чыгарып
сүйөм шаарды!
Бир чындык бул күйбөгөн:
тоолор менен бир төрөлүп калган соң,
тоолор менен бирге өтмөй дүйнөдөн…

 

РЕКВИЕМ

Болгон ишти болгондой
айтамын деп жек көрүндүм, суук көрүндүм канчага,
алар менин кол-бутумду, кескилеп
жаккылары келишет
окшоштуруп арчага.
Сууруп туруп тилимди
итке ыргытып бергилери келишет
чукуп өткүр көзүмдү,
кыялында мени–чындык сепилин
жексендешет,
жеңишет.

Мен келаткан учурда
чурулдашпай жап болушуп жаактары,
мелтирешип калышат
кеп кылышпай дүйнөнү, акчаны,
Мен кеткенде көктөн алып, жерге чаап
ушакташат,
кезенишет муштумдарын түйүшүп
сөөмөйлөрүн чычайтат
мамиле өлүп, сүйүү өлүп…
Шедриндик жүрөк менен
жерди жара каткырып
мен алардын өрттөймүн
ач көздүгүн, өзүмчүлдүк мүнөзүн
ушакчыга токсон өлүм, калайык
бузукуга жүз өлүм!
Менмин–нагыз адамдардын сүйгүнчүгү, кусасы.
Менмин–адамзаттын бутасы!
1974-ж.

 

БОРООН МЕНЕН ДАЙРА

Эбегейсиз бороон келип,
агызам деп зор дайраны
өзү бара жаткан жакка.
калтырбайм деп эч нерсени
жээктен башка, таштан башка.
ушунча бир долуланды:
дайра онтоп бөлүндү онго,
бирок ээрчип аны акпастан,
көөдөн тосуп бууракандап
солго, төгүлдү оңго.
Кайсалады бороон сууну
быт-чыт кылып–уруп шарга
теңирге анан жетип үнү–
кетти озондоп булуттарга…
Акты дайра мурдагыдан
дагы сүрдүү, дагы шаңдуу,
билип өзү бороон эмес,
мезгил менен жарышарды.

 

* * *

Самсаалаган салкын булут–
айкөл булут,
көл булут,
кез-кез ыйлап, унутпачы
кеткенде биз көз жумуп.

Булуттарды өчү бардай
тыткан бороон мыш кылып,
кез-кез бизди эстей жүрчү
бир аз муңдуу ышкырып.

Биз топурак болуп калсак
жолугабыз кайра анан:
Силер менен учуп-конуп
Дүйнөнү чарк айланып!

 

МАЙДАНДА

Кан майданда душманың
добулбасын ажалдын
ачык эле
жерди жара кагып бат,
автоматтан каарын бүркүп, танкасын
түптүз эле жүрөгүңө багыттап,
чарбагыңа ыргытып
же десантын, бомбасын.
ачык эле жутунуп,
ачык эле шаркыратып төксөм дейт
каның менен көз жашың…
Бейпил түндө душманың
эзел өзүн байкатпай,
көйнөк болуп денеңе,
буттарыңа кийилип
куду тыбыт байпактай,
жаткан сага шейшеп болуп оролуп,
сыркоологон жериң менен чогуу ооруп,
жексен кылат бир күнү
туюп калса баратканың тоо болуп.
…О тымызын душмандык,
кумшекердей салып сени чайына
ичип жатат канчалар,
жутуп жатат дары экен деп
сузуп алтын кашыкка,
өзүңдү-өзүң катпай сокур чычкандай
чыгып өлчү жарыкка!

 

ӨМҮР САПАРЫ

Адам жашап бүтпөгөн
Өмүр жатат алдыда,
Нурга жууруп жаштыкты,
Шыркыраган Күн менен
бирге чыккам чалгынга.
Балким ажал тытылган
кара туусун булгалап
жылдыздарды өчүргөнү жаткандыр.
Сезимдерди гүлдөтүп,
Жылдыз, жылдыз–
Көзгө жааган ак жамгыр!..
Аалам–адам чаңкаган
океаны өмүрдүн,
Анын ширин толкунуна чөмүлдүм.
Жаш жүрөгүм–алтын кайык
Күн отурган түнгө сүртүп жарыгын.
Барик байлап мен өстүргөн кыялдар,
Жылдыздарга жайылууда тамырым!
Жалт беремин ажалдын
суук чилдесин
көктөп турган көңүлүмө түшүрбөй.
Канды демеп толтого,
А, күн нуру энекемин сүтүндөй
агып турат диркиреп…
А жер неге ичиркенип силкинет?
Атом?.. Бомба?..
Сезимдерден чарт дей түшкөн чагылган.
Жерди аяп кетемин.
Кана жыттап көөдөнүнөн,
Жөлөк тутуп ашууларын ак кардуу,
Сапар чеккем,
Элесимди калтырып,
солубаган булагына жаш даамдуу…
…Өмүрүмдү Ай, Чолпонго ыргыткам,
Жерде калып: мен жалооруп…
Жылдыз учкан мүнөттөр…
О, күн нуру–улуу жол.
түнт ааламдын элегинен түз өткүр!
Азыр мени тартып барат өзүнө
О не деген планета–
О не деген жүрөктөр!!!

 

АПТАПТА

Калжайган сөксөөлдөр, сөксөөлдөр
көңүлгө көлөкө түшүргөн.
Кунарсыз тагдырлар элестеп,
суулар да сапарын бүтүргөн.
Керимсел желигин токтотпой
кер сары жерлерди шимшилеп,
Жалбарам акактап турсам да:
“О, талаам жүрөккө кирчи!”–деп.
Кеберсип мейкиндер тунжурайт,
кебетем аптапка беттеше.
Үйүмдү ушул жерге курамын
үмүтүм өрттөнүп кетпесе!..

 

КҮТҮҮ

Отурамын бул ааламды
көздөрүмө чеңгелдетип:
дүйнө жымжырт, дүйнө кымгуут
эрлер келип, эрлер кетип.
Алар мага ыр ыргытат,
тосуп алам, ыр ыргытат,
купул толбой улутунуп
өткүр көзүн кылым кысат.
Досум, сени күтүүдөмүн,
Көз жардыңбы? Эржеттиңби?
Же буйдалып… орто жолдон
арча бешик терметтиңби?
Же дуулдап досум али
жүрбөс жерде жүрөсүңбү?
Болуп өзүң чоочун дүйнө
алсам ээ деп бир өзүмдү?
Досум, сени күтүүдөмүн,
билгин өмүр–чылым чегим,
мейлиң, бир аз кечигип кел,
жазсаң болду кылым черин!
Отурамын бул турмушту
жүрөгүмө чеңгелдетип:
дүйнө тымтырс, дүйнө кымгуут
эрлер келип, эрлер кетип.
Уюктарын сапырып
досум канча кумурсканы муңайтты…
–Койсоңчу!–деп түртүп ийсем, муну айтты:
“Кумурскаңдын уюгу эмес… не деген
Империя топуракка айланган!
Эмне деген шаарлар көккө быркырап…
Не деген эл күм-жам болгон майдандан!”

Айыбы жок кумурскалар үйсүз калды тентиреп,
Эт жүрөгүм жатты сыздап:
“Мен уюкмун, келчи!..–деп.

 

АК АЯЗ

Аяз, сага рахмат,
Уят качкан жүздөрдү
Уят сүртүп кызарттың.
Мүштөк сымал морлордон
Түтүн чубап буладай,
Тепең-тепең бийлеттиң
Бий билбеген бийкечтерди субагай.
Троллейбус – муздаткыч,
Автобустар – муздаткыч,
Бүтүн дүйнө – муздаткыч!
(Эх, бузулуп кетет деп
Биз бекерге бадыраңды,
Балыктарды туздаппыз!)
Так түйүлүп, тайраңдап,
Жылан болуп ышкырасың, кар атып,
Келдиң бекен шаарыма
Плутондон адашып?
Марттыгың ий, мех сунган,
Кылыгың ий, бетке урган,
Аял каардуу ак аяз,
Түшсөң керек Нептундан.

 

Соц тармактар:

3 thoughts on “Табылды Муканов

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.