Кет Бука

Кет Бука тууралуу (Уикипедия)

Айхандын (Чынгыс хан) баласы өлгөндө хандын каарынан коркуп, эч ким даап айта албай коёт. Ошондо Кет Бука ырчы угузган дешет.

-Туу-туу, туу куйрук,
Тулпар качты, Айханым,
Туурунан ажырап,
Шумкар качты, Айханым,
О, не болот, Айханым?
Алтын боолуу ак шумкар
Айды көздөй сызыптыр,
Алтын боосун тытыптыр,
О, не болот, Айханым?
Күмүш боолуу акшумкар
Күндү көздөй сызыптыр,
Күмүш боосун тытыптыр,
О, не болот, Айханым?

Абадан агала булут сөгүлөт,
Аяктап жамгыр төгүлөт,
О, не болот, Айханым?
Көктөн көк ала булут сөгүлөт,
Көнөктөп жамгыр төгүлөт,
О, не болот, Айханым? – деп, Бука комузун черткенде Айхан падыша анын колунан комузун алат да:
-Туу-туу, туу куйрук,
Тулпар качса карматпай,
Менин туйгунум өлгөн турбайбы!
Ошондо шорум курбайбы!
Алтын боолуу ак шумкар,
Айды көздөй ал сызса,
Менин арстаным өлгөн турбайбы!
Анда бир шорум курбайбы!
Көктөн көк ала булут сөгүлсө,
Көнөктөп жамгыр төгүлсө,
Көзүмдүн жашы турбайбы!
Менин шорум курбайбы!
Кет, кет, Бука, кет Бука!
Кеби жаман ит Бука.
Комузуңду колго алып,
Сүйлөткөнү келдиңби?
Бүгүн Айхан падышаңды
Ыйлатканы келдиңби?
Жолчуханды тапсаңар,
Кыркыңда пашаа кыламын.
Жолчуханды таппасаң,
Башыңарды аламын –деп жооп кайтарып, кан айбалтаны белине кыстарып, Буканы жанына алып токойго кирсе, Жолчуханды жолборс басып жатыптыр. Бука жолборстун маңдайына барып күү чертет. Жолборс күүгө көшүй түшкөндө Айхан аны мээге чаап өлтүрүп, жонунан жоон тасма кайыштай тилип, Жолчухандын өлүгүн айылына алып кайтыптыр», – деп баяндап чертсе, Арстанбек менен Муратаалы «Айхан» деген атта: «Илгерки өткөн заманда баласын кулан тепсеп өлтүргөндө, Бука деген ырчы Чынгызханга мындайча угузуптур:
-Алтын боолуу ак шумкар
Алтын боосун тытыптыр,
Айды карап сызыптыр.
Күмүш боолуу көк шумкар
Күмүш боосун тытыптыр,
Күндү карап сызыптыр,
Ал эмине болучу?
Туу түбүндө көк бука,
Күндү карап өкүрөт.
Алчагай мүйүз, ак эркеч
Айды карап бакырат,
Бул эмине шумдугу?
Асмандан булут сөгүлөт
Аяктап мөндүр төгүлөт,
Көктөн ала булут сөгүлөт,
Көнөктөп мөндүр төгүлөт,
Бул эмине шумдугу?
Чынгызхандын жообу:
-Алтын боосун тытканы,
Айды карап сызганы
Ал кулунум, ботом болгону.
Күмүш боолу көк шумкар,
Күмүш боосун тытканы,
Күндү карап сызганы,
Бул кулунум, ботом болгону.
Тумтук мүйүз көк бука
Туу түбүндө өкүрсө,
Ал атасы болгону.
Алчагай мүйүз ак эркеч
Айды карап бакырса,
Ал энеси болгону.
Асмандан булут сөгүлсө,
Аяктап мөндүр төгүлсө,
Көк ала булут сөгүлсө,
Көнөктөп мөндүр төгүлсө,
Көзүмдүн жашы болгону, -деп, андан ары ачууланып:
-Кет, кет, кет, Бука,
Кеби жаман ит Бука.
Сенин айтар кебиң бул эмес,
Менин угаар кебим бул эмес! –деп, ырчыны капастагы арстан, жолборско, таштап жиберерде, Бука ырчы:
-Кыздары соккон кыялдай,
Кылыгы жакшы Айханым.
Келиндер сайган кештедей,
Кеби жакшы Айханым.
Элчи менен ырчыга,
Кан алдында кай өлүм? – дегенде, Чынгызхан ачуусунан кайтып, ырчыны өлтүргөн эмес экен» – деп таржымалдап чертишчү экен. Караңыз (Белек Солтоноев, «Кызыл кыргыз тарыхы», «Ала-Тоо» журналы. 1989-ж. №4. 82-83-беттер). Ал эми кийинки муундун көрүнүктүү комузчусу Шекербек Шерикулов «Кетбука» деген ат менен күүнү аткарардын алдында: «Айхан алты шаардын ханы болуп, ордосу Үч деген жерде кан уюгу деген ордо болуп, тагы Үч болуп аталган да бара-бара Турпан деген атак пайда болот. Бул шаар үч жерге салынгандыктан Үчкө айланып, Үч турпан аталат. Анын каны Айхан болуп, баласы токтобой өлүп турат. Бир баласы токтоор бекен деп ырым кылып, жар таштын бооруна атайлап үй салдырып, ошондо бактырат. Бала 6-7 жашка келгенде жемиш менен кошо келген каракурт Канбаланы чагып өлтүрөт. калк чогулуп суук кабарды угузалбай турганда, Кетбука деген комузчу ханга ал кабарды минтип ырдап угузган экен:
-Туу куйругун бир кучау
Тулпар качты, Айганым.
Туурунан бошонуп,
Шумкар качты, Айганым.
Алтын така, күмүш мык,
Алтын туур ордунан
Туйган качты, Айганым.
Алтын ордо багынан
Булбул качты, Айганым.
Деңиз толкуп чайкалып
Көл бөксөрдү, Айганым.
Терек түптөн жулунуп
Жер бөксөрдү Айганым.
Алатоо кулап, бас болуп,
Бел бөксөрдү, Айганым.
Берекелүү нур чачып
Эл бөксөрдү, Айганым.
Алтын дайра соолуп
Көл бөксөрдү, Айганым.
Төрөлөрдүн уругунан
Төл бөксөрдү, Айганым.
Кара жандан таптаттуу
Ынак көчтү, Айганым.
Касиети башкача
Чырак өчтү, Айганым.
Айгандын жообу:
-Кет-кет, кет, Бука
Кеби суук, ит Бука!
Карап турган кашымда
Көзүң курсун, ит Бука
Терек түптөн ыйгылса,
Тургузар улам Юшыдыр,- дейт, Ырчы болсо бул суроону кайталап, көзүнө жаш алганда,
Чынгызхан:
-Көзүңдөн жаш чубурду,
Көңүлүң капа болгонбу?
Ырың жүрөк муңайтты,
Жошы өлгөн бейм?-деп, көзүнөн жашын буурчактатканда, Кетбука:
-Сойлөмегө эрким жок,
Сен сойлөдиң, о-ханым.
Ооз ярлыгын өзүме
Туьз (түз) сойледиң, о-ханым.
дегенде Чынгыз хан:
-Кулунун алган куландай
Кулунумдан айрылдым.
Айрылышкан ак куудай
Эр уулумдан айрылдым,-деп, кан жуткузган кайгынын кара туманына каптала эмне кылар айласын таппай отуруп калыптыр.

 

Салкын тоону кыян жууп,
Салт бузулат, сак болгун.
Намыс түгөп, ар түгөп,
Нарк бузулат, сак болгун.
Кара тили калп минип,
Карт бузулат, сак болгу.
Калыс сөзүн айта албай,
Калк бузулат, сак болгун.

Тулпар тоону кыян жууп,
Тул болосуң, сак болгун.
Кудагайсыз, кудасыз,
Кун болосуң, сак болгун.
Кубат-күчүң соодалап,
Пул болосуң, сак болгун.
Кудуреттүү элдерге,
Кул болосуң, сак болгун.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.