Айтыке

(болжол менен 1816, Жумгал өрөөнү, Суусамыр жайлоосу – 1887)

Акын, кыргыздын улуу муундагы классик акындарынын бири. Замандаштары Балык, Музооке, Арстанбек, Солтобай, Эсенаман менен катар чыккан. Айтыкенин ырчылыгын Токтогул жогору баалаган. КРнын УИАнын Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун Колжазмалар фондунда «Балык менен Айтыкенин айтышынын» бир нече варианты сакталып турат.

Уикипедия

 

Айтыке менен Чоңдунун айтышы

 

* * *

О, Теңир-ай, Теңир-ай,
Атасынан бабасы,
Жалаң ган төрдө өскөн,
Жыйган чөптөн бөодө өскөн,
Кыйган чөптөн өөдө өскөн,
Залим өскөн кемик, – ай,
О, Теңир-ай, Теңир-ай.
Ушуларды неге албайт,
ушуларга не барбай?
Дагы-дагы мындай бар,
Көлдө сүзгөн куудай бар,
Бир айылда сөз билген,
Жоого тиккен туудай бар.
ошолорду неге алат,
Ошенте берсе ким калат?
О, Теңир-ай, Теңир-ай,
Эки көзү чекирден,
Сөз укпаган секирген.
Падышанын алдында,
Ушак айтып өтүнгөн.
Абийри аштай төгүлсө,
Атка өбөктөп өкүргөн.
Мындайларды неге албайт,
олда пейлиң кеңир-ай,
О, Теңир-ай, Теңир-ай!..

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.