Төрт түлүк мал

Төрт түлүк – бул төө, жылкы, уй, кой-эчки. Ар биринин колдоор пири бар:
Жылкыныкы – Камбар Ата, Койдуку – Чолпон Ата, Төөнүкү – Ойсул Ата, Уйдуку – Зеңги Баба.

Малдын жашына карай аталышы:
Жылкы: кулун, бир жаш болгондо – жабагы, 2 жаш – тай, 3 жаш – кунан, 4 жаш – бышты, 5 жаш – асый, 6 жаш – эки асый;
Кой: козу, токту, борук, соолук кой, кунан кой, ирик, дөнөн кой;
Уй: музоо, торпок, ноопас, кунаажын, өгүз;
Эчки: улак, чебич, эчки, серке, теке;
Төө: бото, тайлак, инген, каймал, нар, буура.

Жылкынын өңүнө карата аталыштары:
Ак боз ат – тунук ак эмес
Аккула – ак саргыл
Буурул – ак буурул
Гүлсары – саргыч
Жээрде – сары
Тору ат – кызгылт сары
Кызыл – ак
Кара ат – чымкый кара
Карагер – кара куйрук, жалы саргыч
Чабдар – агыш сары, куйрук, жалы агыш.
Жылкынын кашкасы болсо ал кошо айтылат. Мисалы каракашка.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.