Бир ырдын сынагы

Келе жаткан жазга арнап «Кыргыз маданият борбору» «Бийиктик» басмасы менен биргелешип «Көктөм» деген темага арналган БИР ЫРДЫН СЫНАГЫН жарыялайт. Сынактын катышуучуларына жашы, жынысы, адабиятка аралашкандыгы, адабий чөйрөгө жакындыгы боюнча чектөө жок. Ошондой эле ырдын формасы жана көлөмү боюнча да чектөөлөр коюлбайт.

Сынактын шарттары:

1) бир автордон бир ыр;

2) сынакка жиберилген ыр буга чейин эч бир жерде жарыяланбаган болуш керек;

3) сынакка жиберилген ырдын сынакка катышуусуна «Кыргыз маданият борбору» уруксат берет. Бул сынаккка катышкан ырлардын кайсы бир көркөм деңгээлин камсыздоо максатында жүргүзүлөт;

4) кайсы бир ырга жазылган пикир катары келтирилген ырлар сынакка катышпайт;

5) сынакка марттын 14үнө чейин жиберилген ырлар катыша алат (сүрөтүңөр менен аты-жөнүңөрдү да кошо жибергиле);

6) сынактын жыйынтыгы 21-мартта жарыяланат.

Сыйлыктар:

Сынактын жыйынтыгы боюнча 1-, 2- жана 3-орун үчүн байгелер жана «Кыргыз маданият борбору» блогунун окурмандарынын атайын сыйлыгы каралган.

1-, 2-, 3-орундардын ээлерин курамына Жыргалбек Касаболотов, Олжобай Шакир, Марат Токоев жана Жумадин Кадыров кирген жюри аныктайт. Ал эми «Кыргыз маданият борбору» блогунун окурмандарынын атайын байгесинин ээси ырларга жазылган пикирлердин негизинде аныкталат.

Сынактын демөөрчүсү «Бийиктик» басмасы жеңүүчүлөргө төмөнкү сыйлыктарды тартуулайт:

1-орун үчүнЖайсаң Үмөт уулу айткан “Айкөл Манастын” 10 томдугу;

2-орун үчүнЧыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдугу;

3-орун үчүнТөлөгөн Касымбековдун чыгармаларынын 8 томдугу;

«Кыргыз маданият борбору» блогунун окурмандарынын атайын сыйлыгыАлыкул Осмоновдун, Турар Кожомбердиевдин жана Жолон Мамытовдун чыгармаларын камтыган үчилтик.

Сынакка ырларды kmborboru@gmail.com дареги боюнча жибере аласыздар.

Сынакка катышкан ырлар

Соц тармактар:

One thought on “Бир ырдын сынагы

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.