Майрамбек Токторов

Майрамбек Токторов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Белгилүү акын, Т.Муканов атындагы сыйлыктын ээси, журналист, “Кутбилим” газетасынын башкы редакторунун орун басары Майрамбек Токторовдун “Жаз чакырган жан дүйнө” аттуу ыр жыйнагы жарык көрдү.

Жашоо менен жаштык уңгулаш, жаз менен да маанилеш. Көр-тирликтин чидерине байлана элек кезибизде эркин учкан куштай болчубуз деп жаштыгыбызды эстейбиз. Өлбөгөн жанга жаз келет деп жакшылыктан үмүт үзбөйбүз, бүгүнкү кыштай каарыган турмуш эртең жаздай жадырайт деп ишенебиз, балдарыбыздын бактылуу болушун тилейбиз. Майрамбек Токторовдун ырларын окуп отуруп ушундай маанайды сездим. Кыргыздын байыркысы менен бүгүнкүсүн, топуктуу кең пейилин, эркиндик үчүн өлүмдөн кайра тартпаган көк жал мүнөзүн күрөө тамыр кагышындай ыргакка салыптыр. 2010-жыл, 7-апрелде элдин таламын коргоп, ажалдан жалтанбай бек турган жигиттерибизге арнаган ырын кайталап окудум. “Жер шарынан жарака кетсе, акындын жүрөгүн аралап өтөт” деп улуу Гете айткандай, элдин кубанычы менен кайгысын, сыймыгы менен өкүнүчүн, учурдагы опуртал кырдаалдан чыгып кете алабыз деп келечекке арткан үмүтүн ырдаган Майрамбектин китебин толкундануу менен окуп чыктым. Армансыз, армандуу сүйүү ырлары өзгөчө сөз кылууга арзыйт.

Нукура көркөм чыгарма сөзсүз түрдө жан сергиткен, ойлонткон, кайра окуп чыгууга же эстеп жүрүүгө кызыктырган таасирге ээ болушу керек. Майрамбектин ырларынын көбү ушундай. Чеберчиликтин чеги жок дегендей, айрымдарын дагы да ийине жеткире иштесе болор эле. Бирок ошолордун деле бирден-экиден жарк эткен ажайып саптары бүтүндөй ырдын ажарын ачып, мүчүлүштүктөрүн жууп кетет.

Расул Гамзатов ыр китепке жазылган баш сөздү шарап ичерде айтылчу каалоо сөзгө (тостко) салыштырган экен. Эмесе, сөзүбүздү көп узартпай, акындын ырларына кезек берели.

Жолдош Турдубаев, адабиятчы.

Ырлар

“Жаз чакырган жан дүйнө” ырлар жыйнагы (2011)

 

АЙЛАНАМЫН УЛУУ КЫРГЫЗ ЭЛИНЕН!

Кыргызмын деп айтыш оңой, кыргызым,
Кыргыз болуу кыйын, татаал, азап да.
Жоголбогон кыргындарда миңдеген,
Көңүл буруп, назар чуркат башатка.

А мен билем, менин элим өжөр да,
Эр көкүрөк, дос-душманы сестенген.
Бүркүт кабак, теше тиктейт караса,
Чабыты да кенен батыш беттеген.

Эр көкүрөк, намыс десе тебинген,
Душманына кылыч мизин кайратып.
Ала-Тоонун бүркүтүндөй көрүнгөн,
Айланамын Улуу Кыргыз элинен!

Кыргыз атын бийик сакта бир боорум,
Көтөр башты, баатыр элдин муунусуң.
Элиң барда сен адамсың, бир боорум,
Элиң жокто көргөн күнүң курусун!

Эх, андыктан, биз мактансак жарашат,
Улуу тоонун бүркүтү да, арстаны.
Кыргыз үчүн жаныңды бер, эмгектен,
Азиянын жолборсу кыл балаңды, –

Деп ибарат айтып кеткен аталар,
Биз аларга милдеткербиз түбөлүк.
Эх, андыктан менчик кылбай жер-сууну,
Мекен деген түшүнүктө сүйөлүк!

 

АДАМГА

Балким көптүр, балким аздыр алганың,
Адам болгун аябаган жардамың.
Эстегенде жүрөк зырп дейт пенденин,
Азга түтүп, көпкө түтпөй калганын.

Келет дүйнө аккан суудай тазарып,
Келет дүйнө миң бир түркүн жасанып.
Карыды деп айтуу кыйын адамды,
Тукуму анын турат дайым жашарып.

Жылкы мүнөз дегени ырас адамды,
Күлсө эртеси кайгырганын унутат.
Керек кезде кекээрлигин унутуп,
Муздак колун өчкөн отко жылытат.

 

* * *

Ким бактылуу, ким бактысыз турмушта,
Маңдайына жазганы дейт пенденин.
Тагдырына байлык, бийлик, кут консо,
Унутушат убактылуу келгенин.

Тирүүлүктүн кубанычын, кайгысын,
Адам өзү коштоп жүрөт жаратып.
Кээде айрымдар бактысына туш болот,
Кокусунан көчөдө эле баратып.

Кыйкырыкка кез болосуң жүз ирет,
Сүйлөө кайда, сени жерге көмүшөт.
Азгын тартты ак пейилдүү адамдар,
Жакшыны айтсаң, акмак дешип сөгүшөт.

Акыйкаттык издегендер адашат,
Акча, байлык чындык кылат жалганды.
Баасын бычып бай чиренип олтурат,
Ата журт да арзан болуп калганбы?!

 

ОШ КООГАЛАҢЫНДА

Сулайман-Тоодон Ош көрүнөт чалкыган,
Дүрбүсү Оштун, бийиги Оштун Сулайман.
Көргөнүмө ишенбеймин көз жумуп,
Тоо тараптан калкып турса муң, арман.

Коркпойт азыр, коркпойт эч ким кудайдан,
Жамандыкты жасап коюш арзан иш.
Адилдигиң, тазалыгың тиленем,
Сени тиктеп жаткан кезде Сулайман.

 

* * *

Көзүнөн табияттын чыгат жашы,
Оо Адам, сендеги абийир калган кайда?!
Дүйнөдө эки жер жок алмаштырар,
Жол салып алсаң дагы асманда айга.

Билебиз, түшүнөбүз бүт баардыгын,
Тушабайт бутубузду толгон айла.
Бирок да абийир, чектин жоктугунан,
Билбеймин, умтулабыз кайсыл жайга.

Бул дүйнө жаңылууда, жаңырууда,
Умтулуу көз тойбогон байлыкка окшош.
Өзгөрттүк, ачтык далай ачылышты,
А бирок ар ачылыш кайгыга окшош!

 

ПЕНДЕГЕ

Ойлодуңбу бир саам өлүм жөнүндө,
Өлүм сени чоочуттубу бир ирет?
Тирүүлүктүн нарк-насилин билбеген,
Пендесинен Теңир деле түңүлөт…

Жүргөн кезде майрам, тойдо, үлпөттө,
Кеткен жокпу жылуулугуң азайып?
Күйө алдыңбы жардам сурап келгенде,
Жакын досуң жаны күйүп кашайып.

Байманалуу күндөрдү алыс калтырып,
Жалгыз кээде калганыңда олтуруп.
Басып кеткен күнүңдү эсте кол шилтеп,
Сени жоодур карап калган көздү ойло.

Ойлодуңбу бир саам өлүм жөнүндө,
Өлүм сени чоочуттубу бир ирет?
Топук кылган адам гана шүгүр – деп,
Амандыкта жүргөнүнө сүйүнөт.

 

* * *

Кыздар менен сүйлөштүк,
Жымжырт, жылуу түндөрдө.
Бакыт турчу чачырап,
Бажырайып күлгөндө.

Төшөгүбүз чөп эле,
Ай чыракка айланчу.
Азгырылып дене бой,
Колдор колго байланчу.

Асмандагы жылдыздар,
Бизге жакын сезилчү.
Саманчынын жолунда,
Күндөр бардай кезикчү.

Өрт экенбиз ал кезде,
Курчутулган бычактай.
Куу турмушту билбеппиз,
Жолго койгон тузактай.

Жашоо деген ушу деп,
Азгырылдык, төгүлдүк.
Жакшы жашайм деп жүрүп,
Жаман-жакшы көрүндүк.

Бир карасак алдыда,
Мезгил шашып баратат.
Кайда?! – десек жообу жок,
Күндү кумдай санатат…

 

ЧАРЧАГАНДА

Кадырыңды билбеген адам менен,
Касташпа да, достошпо.
Акыл сурап, жардам сурап кайрылба,
Алыскыны болжошпо.

Жаакташпай өзүң менен өзүң бол,
Сүкүт салгын, чымыркангын, чыйралгын.
Күч издегин, жардам изде өзүңдөн,
Күүсүн черткин өтчү, кетчү жылдардын.

Асты өзүңдү кор кылууга бербегин,
Сакта намыс, арыңды.
Айтпа дагы, сүйлөбө ойго келгенин,
Жайына кой жаныңды.

Эс ал ушул чуулгандуу дүйнөдөн,
Шарт бурулуп кеткин тоого, талаага.
Анан кайра көр түйшүктөн тазарып,
Ишеничтүү кадам ташта калаага.

 

ТОЛКУНДАР

Толкундар да жээкке жетпей калышат,
Жай агымдан жалт беришип жанышат.
Тартылышат кайра келген жагына,
Билем алар бир зор күчтү табышат.

Айрып алгыс назигиндей гүлдөрдүн,
Мен да өмүрдө жээкке жетпес күн көрдүм.
Кээде жээкке жетпей жатып түгөндүм,
Кайра кайттым, толкун өңдүү түрлөндүм.

Турмуш ошол, жай толкундай шыбырап,
Жээкке жетпей чалынат да, жыгылат.
Агымыңды шамал сүрөп турбаса,
Өмүрүң да өкүнүчтүү туюлат.

Санааркадым, жээкке жетпей тартылам,
Бир зор толкун сүрөп өттү артыман.
Ошол толкун сен болбогун курбалым,
Бул турмуштун өп-чабынан жалкыган.
Ошол толкун сен болбогун курбалым…

 

ШААРДЫК ИТ

Жолбун ит таң эртеден базар четтеп,
Шыйпаңдап оокат таппай жыт искеген.
Умсунуп, жалтак карап качат кайра,
Жашаган жарты нандык үмүт менен.

Ал өзү куулугу жок шаардык ит,
Жашоого укугу жок кымындай да.
Бериде борс-борс үрөт оокаттуу ит,
Теңебей жада калса куйругуна.

Ортодо айырма чоң, байкуш итиң,
Болгону элге жукпас, теги начар.
Андайдын багы кайдан болмок эле,
Төрөлбөй жатып эле ачка түшкөн.

Бактысы иттин дагы болот тура, –
деп ойлоп келе жатсам үйдү көздөй.
Кандегим маңдайыман чыга калып,
Бактылуу көзү менен карап турду.

 

– КИМ АРТЫ?

– Биз акыры бул кезектин чубалган,
Силер бизден кийин болуп калдыңар.
Бир азыраак алгым келген кумардан,
Жана дагы бакыттан бар шыбагам.

Турам күтүп. Сатуучубуз лыпылдап,
Ашык бербейт, ченеми бар ар жанга.
Дарманың жок, акың да жок түртүшүп,
Алды жакка эрте жылып алганга.

Узак али биз жеткенче жадаткыр,
Жаныңды жейт, калбаса экен түгөнүп.
Сатуучубуз алкымы чоң киши эле,
Берсе болду баарыбызга тең бөлүп.

Жетсе экен деп чыйпылыктайт жүз адам,
Жетет, жетет деген сөздөн күч алам.
Орто жолдон алдуубайлар түртүшүп,
Кезек күтпөй алып кетип жатышат.

– Биз акыры бул кезектин чубалган,
Силер бизден кийин болуп калдыңар.
Бир азыраак алгым келген кумардан,
Жана дагы бакыттан бар шыбагам…

 

* * *

Жаш куракта каны кызуу жигиттин,
Намысына тийип койсо бийкечи,
Секирем деп тээ үчүнчү кабаттан,
Жулунганын күн да келет эстечү.

Баары жалын, баары толкун түрүлгөн,
Күчү таштай, булчуңдары түйүлгөн.
Текебердүү бир сөз айтсаң тик туруп,
“Өлтүрөм!” – деп бычак ала жүгүргөн.

Ошол жигит азыр мына үйлөнгөн,
Эстүү киши деп коюшат айылында.
Азоо кези калган артта жаштыктай,
Беш баласы жүрөт ойноп жанында.

Азыр аның көр-тирликке берилген,
Текебердүү миң сөз айтсаң кебелбейт.
А балдары жаштыгында өзүндөй,
Күндө аларды кагып-силкип жемелейт.

 

ТУРМУШ

Жакшы деп сөз айттың жолукканда,
Сүйөм деп өзүңө оолукканда.
Күлгөндө гүл болдук бажырайып,
Окшошуп экөөбүз тоолуктарга.

Сен мага тез эле жагып калып,
Мамиле ортодо аныкталып.
Баш коштук баарына кайыл болуп,
Жашоодо жакшы эле арыктадык.

Көрдүк биз көп эле убараны,
Барчу элек жок болсо сураганы.
Жакшы эле уруштук, таарыныштык,
Бул турмуш башымдан сылабады.

Оролдук, торолдук чыйралып,
Жакшыны жактырып сыйладык.
Өткөөлдө бир болдук бөлүнбөй,
Өкчөлбөй, өксүбөй чыйралдык.

Кантсе да тырмыштык намыс деп,
Арадан айтылды калыс кеп.
Сүйүүнүн башаты бакыт го,
Сүйгөндүн жолунда жарык көп!

 

КҮҮГҮМДӨГҮ СҮЙЛӨШҮҮ

– Достор калды азайып,
Кайда калды жаштык кез.
Күн баткансыйт кашайып,
Шашпа өмүр, аштык сеп.

– Жок, эртелеп эшикке чык,
Таңды тоскун жапжалгыз.
Өмүрдү сүр өкүнбөй,
Акыретте актангыс.

– Аз дебегин досторду,
Талаа, тоо сага ыр арнайт.
Бу дарактар, чымчыктар,
Сендей досту таба албайт.

 

ЖАҢЫРЫК

Сен мени сүйөм деп айтыпсың,
Жөн эле! жөн эле, жөн эле.
Сүйүүнү тамаша ойлобо,
Көп эле! көп эле, көп эле.

Чалынып калбагын торуна,
Жооп айтсам жообуңа! жообуңа.
Калп эле деп коюп кат жаздың,
Жоолумду тооруба! тооруба.

Сүйүү бул ооруу да айыккыз,
Кызганыч андан да жаман го.
Кызганбайм, таарынбайм дептирсиң,
Кыйын го! кыйын го, кыйын го.

 

САРЫ КАР

Жаздагы жылуу жамгыр карга айланып,
Чачыңа түшүп жатты майдаланып.
Ал менин сары карым сага жааган,
Жүзүңдөн сүйүп өтөт тайгаланып.

Сары кар, сары карым сабалаган,
Жаз желин ээликтирип чаба жааган.
Сүйүүмдү сенден катып кайда барам,
Бул турмуш сага чын да, мага жалган.

Сары кар кыш акысын эселентип,
Эркелейт жылуу тондун жакасында.
Канчалык уюлгутуп учса деле,
Эриди сулуу кыздын такасында.

Сары кар, сенде балким таарыныч бар,
Сары кар зарыктырган аппак жамгыр.
Күн келет кайра баштан табыштырар,
Сары кар сүйүү үчүн аткан таңдыр.

Кош эми жаздын кары эбеленген,
Жылдыздай асман бербей себеленген.
Сүйүүңдү кышка калтыр жазды ээрчибей,
Төрт мезгил келе берет тегеренген.

 

САГА

Закымдады ал күндөр закымдады,
Аткан таңдай эле го атың дагы.
Саамайыңдан сылагам шамал болуп,
Учурба деп бактымды башымдагы.

Гүл элең го сен анда жазындагы,
Эсимдесиң эрке кыз азыр дагы.
Делөөрүткөн демиңе нан бышчудай,
Коломтодо от болдуң кашымдагы.

Кумдай жылдар бекерге чачылбады,
Берет мезгил өзүнө асыл бааны.
Сен бар үчүн короттум далай жылды,
Сен бар үчүн агарды чачым дагы.

 

КУМАР

(Есенинди туурап көрөйүнчү)

Апакай айдай жарык кымча келин,
Белиңден бекем кармап кыспа,- дедиң.
Акырын шыбырасам кулагыңа,
Калп эле кылыктанып укта,-дедиң.

Кымча белим, кымча келин,
Делөөрүп кысылгансып чыкса демим.
Азгырган бул кумардын аягына,
Алтыным азыр эле чыкпа,-дедиң.

Чыкпа дедиң, укта дедиң,
Кызыгын бул оюндун бузба,-дедиң.
Кылгырып араң турган көзүң менен,
Махабат лаззатынан уурта,-дедиң.

Аялзат сулуулуктун кудайындай,
Сүйүүнүн азабындай, убайымдай.
Шараптай эңги-деңги кылдың мени,
Суйкайган сулуу келин сурайылдай.

Кымча белим, кымча келин,
Акырын шыбырасам укта,-дедиң…

 

* * *

Сездиңби менде болгон сагынычты,
Жүрөгүм сени көрүп алып учту.
Көл сымал толкуп турса көңүл чиркин,
Көздөрүң көгүш мончок тагынышты.

Жарк этип жанда жүрдүң жаңырыктап,
Жакшы окшойт алыс жүрүп сагынышсак.
Баркыңды сезбей кээде жүргөн менен,
Арманга айланасың таарынышсак.

Ак куусуң көлдүн көркүн ачып турган,
Арзуусуң жалт каратып ашык кылган.
Не күч бар билбей келем бир өзүңдө,
Туйлатып жүрөгүмдү ашыктырган.

Болсо да, болбосо да таарынычым,
Тарабайт сага деген сагынычым.
Жанымды жай алдырбас ыр угамын,
Жашоо бар сен бар үчүн дагы узун.

 

МААНАЙ

Кар жаады сезимдерге бубак берип,
Жаз эмес, кышкы ызгаар убак келип.
Өзүмдү буюм сезип турдум азыр,
Койгондой кошунадан сурап келип.

Кейидим кем карчы көп жактарыма,
Кейидим кайгы капа тартканыма.
Өмүр – бул бир көз ирмем бакыт тура,
Өлүмгө анчалык көп шашпагыла.

 

АРМАН КАЙРЫК

Жаңылдык, балким жазган тагдырыбыз,
Түгөндү мүмкүн биздин жакшы ырыбыз.
Издедик ачык күндөн чагылганды,
Унуттук арзышканды, сагынганды.

Учурдук башка конгон бактыбызды,
Унуттук ортодогу жакшылыкты.
Ажарым сур булуттай азгын болду,
Алдымда агарган тоо азгырыкпы.

Баратам, багытымда бозоргон жол,
Ак кушум, арман кылбай кош аман бол.
Өчтү деп өзөктү жейт өткөн сүйүү,
Артымда булгаланат адашкан кол.

Сүйүүнүн мунарасын кура турган,
Баа жеткиз гүлүм элең бир ачылган.
Жүрөктө соолуп турат ошол гүлүм,
Бийликтей бир күндө эле кулатылган.

 

МҮРЗӨДӨГҮ ЖОЛУГУШУУ

Суз тарткан мүрзөлөрдүн арасында,
Турасың баео тиктеп, капилеттен,
Жолуктум, бир көз караш мага тааныш,
Сездиңби бейитиңди карап өтсөм.

Мен сага жолуккандай болдум ырас,
Жүрөгүм эмненидир туйган өндүү,
Токтодум, үшкүрүндүм, турдум ойлуу,
Чын эле мени сезип турасыңбы?..

Мүрзөгө тирүү кезде келип туруу,
Парз экен, аны туйдум сени тиктеп.
Мен эми качан келем, билбейм бирок,
Келсем да тирүү бойдон келсем экен.

 

КҮЛКҮ МЕНЕН ЖЕҢДИРИП ЖҮР КУСАНЫ

Күлкүң өчпөй, бүтпөй жүрсүн жарыгым,
Сарууланып жашоо кыйын айбыга.
Санаа тартсаң сары убайым оор иш,
Жол бошотуш боштук иштир кайгыга.

Пендезаттын майдалыгы, пастыгы,
Жан кашайтып бербей турса отолго.
Көп кайгырба, сарууланба бейпайда,
Ал кейишти күлкү ордуна которбо.

Күлкү, күлкү ал табылгыс керемет,
Күлүп турсаң ал бакыттын жышааны.
Кейий бербей болбогон бир нерсеге,
Күлкүң менен жеңдирип жүр кусаны.

 

КЕЛЕ КЕТЧИ

Сен мени эстедиңби, эстедиңби,
Эстесең эстеп бирок, кеч дедиңби.
Өзүңдү жылдыз кылып ай чырагым,
Сен баскан жолдор менен өтпөдүмбү.

Мен кантип унутайын өткөнүмдү,
Сагындым жоодураган көздөрүңдү.
Жолубуз эки башка болсо дагы,
Жолугуп каламын деп көксөдүңбү.

Жылуулук сенден келген кереметпи,
Жанымды жамгыр кылып себелетти.
Жаз күткөн жалбырагым күзгө жетти,
Жарыгың чачып бир күн келе кетчи.

Соц тармактар:

One thought on “Майрамбек Токторов

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.