«Көктөм» сынагы: Мелис Маматжан уулу

БӨТӨН ЖАЗ
Булут жашы тазалыкты апкелди,
Буурул баскан жер бетине тап келди.
Келгин куштай кайтып келген жыл сайын,
Керемет ай, жаздын башы март келди.

Маанай гүлүн чачып келген жаз дайым,
Москвада тостум быйыл жаз айын.
Жаркыраган күн ордуна ак кар  жаап,
Жан-дүйнөмдүн берип жатты сазайын

Кандай сонун болгон эле өткөн жаз,
Карегиме сулуулугун төккөн жаз.
А бул жакта чек арада тургансыйт ,
Алып-учуп чагылгандай көктөм жаз.

Үн чыгарган чымчыгы жок бутакта,
Гүл тамыры өнбөй турат турпакта.
Берет элем Кыргызстандын жаз айын,
Бергин десе белек кылып урпакка.

Келем дале кыргыз жазын унутпай,
Калем күчүн көккө жаям булуттай.
Жер бетинен чыккым келет көгөрүп,
Жаз айында себип койгон уруктай.

Турмуш жолун баскан менен таманым,
Тегеренип мекениме барамын.
Ант беремин эмки жылы жаз айы,
Айылыман сени тосуп аламын.

Мелис Маматжан уулу,
«Көктөм» сынагына

Соц тармактар:

5 thoughts on “«Көктөм» сынагы: Мелис Маматжан уулу

  • 11.03.2011 at 04:18
    Permalink

    болочок акын десе да болот!
    мага абдан жакты Мелистин ырлары, мезгилдин жазы гана емес кыргыз жеринин накта, нукура жаз айын суроттоптур

    Reply
  • 11.03.2011 at 13:18
    Permalink

    Мен бул сайтка кокусунан кирип калып ырларды окуп калдым.озум да ырга кызыкчуумун.мага Мелистин ыры негедир аруулукту туйдуруп,кыргыз жазын даназалаптыр.Мелис алга демекчимин

    Reply
  • 21.03.2011 at 03:10
    Permalink

    Мен да ыр жазам.ырлардын маанисин карап талдап Мелистин ыры жакты.саптары да жонокой .бирок терен мааниси бар экен.

    Reply
  • 21.03.2011 at 03:20
    Permalink

    Саламатсыздарбы.Кыргыз эли эзелтен эле ыр жандуу келет эмеспи.Коодонун ар дайым “Манас”менен байытып келген.Ошол касиет жаш акындарга да дем болуп келет.мен Мелистин ырынан жаздын келгенин сездим.Айрыкча кыргыз жазынын кандай экенин,баркын билдим.жаш акындар кучтонгуло

    Reply
  • 17.06.2014 at 11:40
    Permalink

    Окуп окуп кайра эле окуй берсен.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.