«Көктөм» сынагы: Бакыт Жунусалиев

Жаз

Сагынып көлмө саз жерди
Сабалап өрдөк каз келди,
Ырыскы чачып талаага
Ылайды кечип жаз келди.

Күз чечип кеткен бактардын
Көйнөгүн  кайра кийгизди.
Саамайын шамал сылаган,
Сулууга жигит сүйгүздү.

Өзөгү бошоп тузактын
Өзөндөр толо муз акты,
Топчусун чечип ак тондун
Тоолорго кышты узатты.

Жашылдан кымкап жапкандай,
Жашарып тоонун этеги,
Конокко төшөк салгандай
Кызарды талаа кечээги.

Бакыт Жунусалиев,
«К
өктөм» сынагына.

Соц тармактар:

7 thoughts on “«Көктөм» сынагы: Бакыт Жунусалиев

  • 17.03.2011 at 10:40
    Permalink

    Суроттолушу мыкты, салыштырышы Дуйшеевдин стилине окшошуп кетет экен. бирок мыкты ыр десе болот. уйкаштыктары жакшы, мааниси бар ыр! 5 упай менден…

    Reply
  • 17.03.2011 at 10:48
    Permalink

    Мыкты!
    Анткени, азыркы учурда маданият менен адабият анча алыстай тушкон жаштардын арасынан ушундай созго маани берип, аны кокурогундогу сезимдери менен жуурулуштуруп, табияттын жаныдан ойгонгондугун образдуу турдо берген жаштардын, замандаштарымдын бар экендигине, Кыргыз элимдин Бакытка окшогон таланттары бар экендигине аябай кубандым.
    Ыр саптарында жаздын келуусу аябай сонун берилиптир.

    Reply
  • 17.03.2011 at 11:46
    Permalink

    Жунусалиев Бакыт байкенин жаздын келиши менен кыбыр эткендин баарында пайда болгон кубулууларды суроттоосу, айабай бай адабий создор менен кооздолушу ырдын ар бир сабын окугандан сон элестетип коруп ошол кубулушту коз алдына элестетебилууго мумкундук берет экен. Торт куплеттик бул ырда жалпы планетанын жомоктогудай кереметке ээ болуп жатканын айкын суроттоодо. Жигитке жетимиш онор аз дегендей мындай талантыныздында туу чокусунда экенсиз ийгилик каалайбыз ары оркундой бериниз….

    Reply
    • 22.03.2011 at 11:51
      Permalink

      Бакыт мырзанын ырларын кээде гезит-журналдардан окуп жүрөм. Ыр саптарына назар сала турган болсок чоң акындардын жолун жолдоп, усул-ыкмаларын өздөштүргөнү байкалат. “Жаз” темасында жазган ыры чынында суктанаарлык көркөмдүктө жазылган. Уйкаштырууда, салыштырууда чеберликти көрүүгө болот. “5” деген баа берем. Чыгармачылыгы өркүндөп, таскагы күчөй берсин деп тилейли!

      [WORDPRESS HASHCASH] The poster sent us ‘0 which is not a hashcash value.

      Reply
  • 20.03.2011 at 14:46
    Permalink

    Бакыбай, ырын жакшы чыгыптыр.. оз добушумду сага берем. башка ырларындай эле корком, салыштырылышы жакшы анан мазмуну да жакшы экен. баалаган акынын Байдыкенин ырларындай жонокой анан коркомдук жактан мыкты. Ишине жана чыгармачылыгына ийгилик!

    [WORDPRESS HASHCASH] The poster sent us ‘0 which is not a hashcash value.

    Reply
  • 22.03.2011 at 11:40
    Permalink

    Бакыт мырзанын ырларын айрым гезит-журналдардан окуп жүрөм.Чыгармачылыгын баалайм. “Жаз” темасында жазылган ыры өтө терең мазмундуу, сүрөткер илхом менен жазылган, нары көркөм, нары чебер уйкаштырып жазыптыр. Акындыктын белгиси, көрөңгөсү мына ушул чебер уйкаштырууда, сөздөрдү кылдат тандап, окурмандын моокумун кандыра билүүдө. Ылайым Бакыттын өркүнү өсүп, чыгармачылыгы алдыга жыла берсин. “Жаз” атуу ырына “5” деген баа берем.

    [WORDPRESS HASHCASH] The poster sent us ‘0 which is not a hashcash value.

    Reply
  • 22.03.2011 at 12:54
    Permalink

    Менин добушум сизге!
    Талантынызга таазим!
    Чыгармачылыкта ийгиликтер болсун! Бар болунуз!

    [WORDPRESS HASHCASH] The poster sent us ‘0 which is not a hashcash value.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.