Мхитар Гош

(1133–1213)

12-13 кылымдарда жашаган улуу армян ойчулу. Үч улуу армян тамсилчилердин бири катары да белгилүү (башка экөөсү – Вардан Айгекц жана Оломпиан).

ЖОМОК

ТҮШ ЖОРУГУЧ
Олтурганда илгеркиден сөз баштап,
Анда-санда сүртүп коюп көздөрүн.
Насыяттан айтып берип карылар
Сөзү менен барктуу кылат өздөрүн.
Угуп эле тим калбастан мен дагы
Эске тутуп алгам далай сөздөрүн.
Калемимди жорголотуп кагазда
Мен силерге тартуулайын сөз көлүн.

Кичинекей табышмактуу жомокту
(Мен алардай айтып берем дебейин)
Кызыктырып, келишинче колумдан
Ойго чумкуп, сөз берметин терейин.
Бирок, капка салган кары кептерин
Ырга айлантып жеңил айтып берейин.
Эсте калып, сабак болсун жомогум,
Мен силерге андан бөлөк не дейин?

Ойго батып, бабаларча мен дагы
Жомокторго саякаттап барайын.
Көбүн угуп, окуп, билген күндө да
Эч ким билбейт чынын айтсам, далайын.
Кара сөзгө салбай, жазып ыр менен
Бир аз ишке мен да жарап калайын.
Аракетим баарыңарга тең жетсе
Бул ишимди ийгилик деп санайын.

* * *
Булут жаанды нөшөөрлөнтүп төккөндөй,
Сөз нөшөөрүн акын минти төгүптүр: –
«Тэ-э илгери, бир падыша түшүндө
Көктөн түшкөн түлкүлөрдү көрүптүр.
Түшүн эч ким жоруй албай койгон соң,
Капа болуп, ой көлүнө чөгүптүр.
Акырында, жоруганга берем деп
Казынадан миң алтынды бөлүптүр.

Кыдырышып жар салышат жарчылар
Шаар, кыштакка, айылдарга келгенде:
– «Падышабыз миң алтынды аябайт
Түшүн толук, жакшы жоруп бергенге!»
Барат экен өкүмдарга бир кедей,
Өмүр бою жарыбаган теңгеге.
Түшүн угуп: – «Үч күн өтсө айтам, – дейт
Уруксат бер түштү жоруп келгенге».
Өз башына тилеп алып азапты,
Жардылыктан бөлөк кайгы жогунда
Азап жеди. Күндөр өттү зымырап…
Түш жорулбай, иш болбоду оңунда.
Көрчү, чиркин! – Уктап кетип ойгонсо
Үч күн, Үч түн өткөн экен соңунда.
Айла таппай, басып жүрсө талаада
Бир чоң жылан жаткан экен жолунда.

Шордуу коркуп, чаар балаадан жан сактап,
Артын көздөй шарт бурулуп кетерде,
Адамдарча жылан сүйлөп мындай дейт:
– «Кайда качтың  максатыңа жетерде?
Айтчы коркпой, мага эмне бересиң
Ошол түштү жоруп берсем эгерде?»
Анда берки: – «Миң алтынды алганда
Сени менен тең бөлүшөм!» – дегенде.

Жылан айтат: – «Жолдон калбай жөнө да
Жеткенинде жолугушчу жериңе
Айткын минтип: – Куу түлкүдөй алдамчы
Не бир шумдук заман келди элиңе.
Дал ошону далилдептир түшүңүз,
Болор заман жеткен экен чегине!»
Десең, сага ыраазы болот өкүмдар,
Түшүн жоруп, айткан туура кебиңе.

Төкпөй-чачпай жылан айткан сөздөрдү
Айтат кедей падышага барганда.
Ыраазы болуп, ал бергизет алтынды
Түш жорулуп, жүрөк тынчып калганга.
Үйүн көздөй шашты байып алиги,
Миң алтынды санап колго алганда.
Жыланды го ойлоп дагы койгон жок…
Кала берсин деди окшойт арманда.

Бирок көп күн өтпөй эле, тезинен
Падышадан келет ага чабарман.
– «жүргүн! – деди, – падышабыз түш көрдү,
Бул түшүндө койлор түштү асмандан.
Ал эмнеси, жорусун дейт токтотпой,
Мына жорго, чаарчайм десең баскандан!»
Анда берки: – «Үч күн өтсө барам дейт,
Пайда чыкпайт куру бекер шашкандан!»

Бир ошондо жылан түшүп эсине
Өткөндөгү кылганына кайгырды.
Басып барып касиеттүү досуна
Кечиргин! – деп, көздүн жашын сай кылды.
Жаны тынып, бул түштү да жорутуп
Ызгаар сууктай оор абалды жай кылды.
– «Элиң койдой момундукта жашашып
Берекелүү болот дегин Ай-жылды!»

Деп, жыландын айткандары төп келип,
Иш оңунан чыкканына сүйүнө
Алтындарын толук алып колуна
Доско келди, кайрылбастан үйүнө.
Ич оорутпай, тең бөлүшүп алтынын
Ант беришти дайым туура жүрүүгө.
Колдон келсе, жакшылыкты аябай
Күн бүткөнчө бирге өмүр сүрүүгө.

Канча мезгил өткөндүгүн ким билсин,
Жерди чапчып, кишенеди кара кер.
Учкан куштай тез келгени билинип
Чабарманды баскан экен кара тер.
– «Дагы шумдук түштү көрдү падыша,
Жорусун деп  күтүп жатат сени, шер.
Канжар, кылыч жааган экен асмандан,
Жаман чочуп, тынчсызданат, жоруп бер!»

«Көзү ачык»: – «Үч күн өтсө жоруйм!» – деп
Айтып көнгөн, даяр жообун колдонот.
Өзү шашпай, басып келет жыланга,
Таяп койгон достун күчү зор болот.
Ал беркини тосуп чыгып алдынан
Түштү жоруйт: – «Бөлөк заман, доор болот.
Тегин эмес, бул түшүңүз туш келип
Согуш чыгып, абал өтө оор болот!»

Жоругандай согуш чыгып, жоо каптап,
Оор болуптур ал-абалы жалпынын.
Кан төгүлүп, найза, кылыч жаркылдап
Куурар күнү келген экен калкынын.
Өлбөс үчүн ар ким кылып аракет
Көз ирмемче албай калган жан тыным
Ошондо да, сөзгө туруп падыша
Берген экен берем деген алтынын.

Бүт алтынды алып келип үйүнө,
Жылан достун унутулуп эмгеги.
Берген анттан алтын кымбат көрүнүп
Мурдагыдай бөлүшкүсү келбеди.
«Өлтүрөмүн кылыч менен чаап салып». –
Деген ойлор ага тынчтык бербеди.
Барды дагы, жаза шилтеп, чабалбай
Уятынан бети күйүп, тердеди…

Ошол замат келе калып эсине
«Мен досумдан калдым окшойт айрылып.
Өлтүрөм деп, ага кылыч шилтедим
Жатса дагы мени мынча бай кылып.
Эмне кылам дагы керек болгондо?»…
Деп ойлонуп, турган кезде кайгырып
Таарынбастан жылан келип жанына
Ага мындай деген экен кайрылып:

– «Уялбагын, кайгырбагын адамзат,
Таарынбаймын, сөз айтпаймын каяша.
Сен бул ишти кылган жоксуң атайын,
Баардыгы тең заманга жараша.
Сөзгө турбай, алдаганда биринчи
Түлкү заман кылган эле тамаша.
Койдой момун заман келип, алтынды
Сен бөлүштүң бирге болуп, жанаша.

Кандуу заман келген кезде өзгөрүп
Менден четтеп, абдан эле кирдедиң.
Оңоп жаткан күндө дагы ишиңди
Ичтен далай мени каргап, тилдедиң.
Андан дагы, өлтүрөм деп умтулуп
Жакшылыктын бирин көзгө илбедиң…
Заман кандай, адам дагы ошондой,
А сен болсоң сезген жоксуң, билбедиң».

Суранаарым жомогумдун соңунда: –
«Кел, адамдар, пейлибизди оңойлу!
Ичи тардык, арамдыктан алыстап
Бут тосуунун жолун бөгөп, торойлу.
Колубуздан келет биздин – жакшылык,
Колдоп, сүрөп, аздектейли оң ойду.
Арабызга жолотпойлу жек көрүп
Эки жүздүү, куу, митайым, оройду».

ТАМСИЛДЕР

АЛТЫН МЕНЕН БУУДАЙ
«Бир мени баардыгы тең баалап турсун,
Даңкташып, жалгыз мага моюн сунсун.
Жаны бар, жаны жок да бийик көрүп,
Алдыма жыгылышып, кулдук урсун!»

Деп айтып, хан шайлатат Алтын өзүн,
Баардыгы барышыптыр угуп сөзүн.
Алдында ийилишип, кулдук уруп,
Жалдырап карашыптыр анын көзүн…

Барбаптыр, багынбаптыр Буудай гана,
Баш ийип, жагынбаптыр такыр ага.
– күтөмүн! – дептир Буудай, – Алтын өзү
Биринчи башын ийет келип мага!

МАКТААНЧАК АЙ
Тууганда толуп толгон Ай
Өзүнө теңдеш табалбай,
«күнмүн!» деп – чексиз мактанат
Эч кимден капыр, уялбай.

Анткени эч ким сүйбөдү,
Бирок, ал минтип сүйлөдү: –
«түн эмес, күндүз болсо да
Жарыкка бөлөйм дүйнөнү!»

Жылдыздар айтат: «Жалганчы,
Көпчүлүк тилин алсаңчы.
Күн болуп эмне кыласың?
Ай эле бойдон калсаңчы!»

Бирок ал сөзгө келбели,
Эч кимге моюн бербеди.
«Асманга чыгып, нур чачкан
Күнүңөр – мына, – Мен!» – деди.

Акыры баарын жадатты,
Түн качып күндөн, таң атты.
Асманга алтын күн чыгып
Мээримин жерге таратты.

Шылдыңдан алыс качалбай,
Уялып, оозун ачалбай.
Бозоруп көйрөң калыптыр
Ааламга нурун чачалбай.

Кеп-сөздү укпай, сиңирбей,
Кемисе, – көзгө илинбей,
Жарыкты мындай коелу,
Түндө да калат билинбей.

Мурунду жөнсүз көтөрүп,
Калп эле күлүп, жөтөлүп
Жалганчы атка конбостон
Чындыкты айтып өтөлүк.

ҮКҮ МЕНЕН БҮРКҮТ
Бир күнү үкүлөрдүн падышасы
Бүркүткө жибериптир элчилерин.
Сөзүндө мындай дептир: «бүркүт баатыр,
Момундай сунушум бар, мындай кебим:

Элимде доорун сүргөн Улук болсом,
Сен дагы шаасың – бүркүт, ооба чоңсуң.
Экөөбүз кудалашып алсак кантет?
Сүйүктүү кызың мага келин болсун!»

Дегенге көпкө чейин макул болбой,
Акыры бүркүт ойлоп сөзгө келди.
Чакырып молдолорун, нике кыйып
Үкүнүн баласына кызын берди.

…Келинге караңгы түн – казган көрдөй,
Көздөрү көөдөй түнгө такыр көнбөй,
Экөө тең конокторго шылдың болду
Күндүзү беркинин да көзү көрбөй.
Орунсуз болуп калды тойдун өзү
Үмүтү кудалардын өсүп-өнбөй.

АЮУ МЕНЕН КУМУРСКА
Бакырып, тоо жаңырта, каарын чачып,
Аюунун жини келип, карды ачып.
Туш келип капысынан, талкалады
Уюган Кумурсканын бузуп, чачып.

Көзүнө көрүнгөнүн тере берди,
Көбүн жеп, көбүн басып, тебеледи.
Айрымдар өч алышып чагышса да
Чакканын аюу такыр кенебеди.

Айласы Кумурсканын такыр кетип,
Жөнөндү жолго түшүп, калч-калч этип.
Чиркейлер, Көгөн, Аары, Кенелерге
Жалынып мындай деди акыр жетип:

«Уккула, ушул жерде турганыңар,
Силерден жардам сурайт тууганыңар.
Койбоду жаныбызды Аюу келип,
Жеп койду теңибизди уучтап, терип.
Тез жетип андан өчтү алгылачы,
Ажалдан бизди сактап калгылачы!»

Дегенде, токтоп турбай шашылышып,
Баары тең Кумурсканы көрүп өздөй.
Жөнөштү өч алууга  жабылышып
Түз эле Кумурсканын үйүн көздөй.

Душманга чогуу жетип алигилер
Туш-туштан талап аны, ызылдашты.

Таңыркап аюу иштин мындайына
Көздөрүн алаңдатып, оозун ачты.

Оозуна, кулагына, көздөрүнө
Киргенде талагандар, кайран башты.

Ушунча аман-соомдо сактайын деп
Балпаңдап байкуш кантет, ала качты.

Силкинип, чапкыланып жатса дагы
Тигилер ойлошкон жок ажырашты.

Акыркы, чыдай албай, – айла канча?
Оонады, сүзгүлөдү жаткан ташты.

Жарылып сүзгөн жери, жара болуп
Курттады… Ошондо да жанталашты.

Токойдон качып чыгып, кутулам деп
Шаркырап агып жаткан сууга шашты.

Барды да, түшүп кетип терең жерге
Бүтүрдү келбес кылып өмүр-жашты…

Душманды көзгө илбей, кичине деп,
Калбагын чоң балээге азапты жеп.

Которгон Кубанычбек Басылбеков

Соц тармактар:

One thought on “Мхитар Гош

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.