Комуз

Абалкы замандарда Камбаркан деген мергенчи жашайт. Аң уулап жүргөн мергенчиге  сыйкырдуу бир үн угулуп, үн чыккан жерге жакын келсе, бутактары куураган бир эски даракка маймыл (башка бир версия боюнча, тыйын чычкан, ред.) секирип ойноп жатып ичи жарылып, ичегиси бутактын башына илинип, өзү жерге түшүп калыптыр. Ичегиси күнгө кургап, шамал болгон сайын жаңырып, сыйкырдуу добуш чыгарат. Аны кесип алып, ичин көңдөйлөп жыгачтан аспап жасап, алгачкы комузду жараткан экен. Бул атам-замандан бери айтылып келген уламыш.

Ал эми тарыхын айта турган болсок, комуздун элеси Мысыр пирамидаларынын бооруна түшүрүлгөн сүрөттөрдүн арасында бар. Арфа деген аспапты орустардан башка бүт дүйнө эли “арпа” деп айтышат. Арпаны элестетсеңер, машагынын тикендери текши келип, узун болот. Музыкалык аспап да ошого окшоштурула жасалып, арпа деп аталып келет. Арпа аспабын көчмөн турмушта алып жүргөнгө ыңгайсыз жана оор болгондуктан колдонуудан чыгып калган. Анын ордуна комуз пайда болгон экен. Ал байыркы замандан ушул күнгө чейин өзүнүн калыбында, өз өлчөмүндө сакталып келген. Комуз ушунча узак өмүр сүргөндүктөнбү, 18 түрдө күүлөнөт. Дүйнөдөгү бардык аспаптар бир же эки которулушка гана күүлөнөт. Демек, комуз дүйнө элинин аспаптарынан кеминде он эсе жогору турат десек аша чапкандык эмес.

Комузга тандалган жыгачты алгач сомдоп, анан кайнатат. Кургатканда “саратан жедирип” деп коет,  жай бою шамал кирбеген, күн тийбеген жерде кургатуу зарыл. Ошондо жарылбай кургап, ийилип, чоюлуп бүтүп, чапканга даяр болот. Мындай чаралар көрүлбөсө, өрүктүн жыгачынын ичи кургагычакты сырты жарылып калышы мүмкүн. Илгери ата-бабаларыбыз комуз жасаардын алдында жыгачын кышында эле кыкка көмүп коюшчу экен. Жазында кык түтөп, кызый баштаганда сууруп алышкан. Ошондо да ал жарылбай жакшы кургаган деп айтышат.

Комузду чапканда көбүнесе катуу жыгачтан чабышат. Себеби, терек, тал сыяктуу жумшак жыгачтан жасалган комуздун үнү чыкпайт. Карагай менен жаңгактан жакшы комуз чыгат, бирок мыктысы өрүктөн. Атактуу кыргыз комузчусу Нурак Абдрахманов комуз чертип, күү жараткандан тышкары комуз да чабат. Ал өрүктү “хрусталь” деп атап коет. “ Өрүк үндү жутпаган укмуштуудай жыгач. Жыгачтын темири десек да жарашат. Өтө катуу болгондуктан, жогорку сапаттагы болоттор да тез эле мокоп кала берет”, –  дейт Эл артисти.

Өрүк багынын сапаты да жерлигине жараша айырмаланып турат. Эң катуу өрүк Чүйдө өсөт экен. Өрүк комуздун мыкты чыгышы бактын жашына да байланыштуу. Дарактын өмүрү канчалык узак  болсо, үнү да ошончолук жакшы, кулакка жагымдуу угулат. Ал эми жаш өрүктүн түшүм берген жагы агыш келип, өзөк жагындагы жыгачы кочкул күрөң болуп, өңүнөн да, сапаты менен да айырмаланып турат. Мындай өрүктөн жасалган комуздун үнү текши чыкпайт.

Комуздун кылын илгеркилер эчкинин, айрым учурларда кашкулактын ичегисинен тартышчу. Бирок, койдун ичегисинен көбүрөөк жасалат. Кыл жасаш үчүн тоодогу койлордун ичегилери жакшы  дешет. Анткени, жем менен багылган койдун ичегиси тегиз болбойт. Жаңы эле союлган койдун ичегисин эки чийдин ортосуна кыпчып алып, челдейт. Ичиндеги челин аппак болгучакты улам сыдырып туруу керек. Сыдыргандан кийин кадимки жиптей кылып ийикке ийрийт. Андан соң, алыс аралыктагы кермеге керип туруп ортосуна салмак илишет. Салмагы оорураак болсо, кыл ичкерип кетет, жеңил болсо жоон болуп калат. Ошондуктан, чоң же кичине кой экенин эсепке алуу менен салмак илүү зарыл. Бүгүнкү күндө көпчүлүгү  кайырмактын кылын тартып алып эле чертишет. Нурак Абдрахманов болсо көпкө издеп, байкаштырып жүрүп, акыры капрон жипке токтолгон. Айтымында, анын үнү ичегиден тартылган кылга жакыныраак. Ичегини тартканда тырмак жооруп, ичегинин өзү да бачым жыртылат. Капрон жиптен тартылган кыл бекемирээк болгону менен, баары бир чыныгы табияттан жасалган нерсеге уккулуктуулугу жагынан жетпейт. Түшүнгөн киши анын үнүнө алымсынбайт. Ичегинин үнү шоодурап, кулакка жагымдуу.

Нурак Абдрахмановдун маалыматында, комуздун наркы абалкыдай баага ээ. Илгеркидей эле азыр да семиз койго жакшы комуз, арык койго өзүнө жараша, аны менен бирге тайчалык бааланган комуздар бүгүнкү күндө да бар.

Наргиза Апсаматова, “Замандаш” журналы, № 4 (93) апрель 2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.