Токол эчки

Оюнчулардын саны: 10—20 киши,

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таяктар, томпойлор колдонулат.

Оюнга даярдануу. Көлөмү 20X20 метр келген аянтчанын ортосуна кесенин көлөмүндөй чуңкур сыйлат, андан кийин колдоруна таяктарын алышып эки бөлүнүшүп оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Биринчи топтун оюнчулары, таяктары менен томпойду аянтчанын ортосундагы чуңкурга түртүп же уруп киргизүүгө аракеттенишет. Экинчи топтун оюнчулары чуңкурду корушат. Томпой чуңкурга киргизилгенден кийин, оюнчулар ролдору менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Ошентип оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Томпойду көп жолу чуңкурга киргизген топтун оюнчулары жеңишет.

Оюндун эрежеси. Бир бирин таяк менен урууга, түртүүгө, кармоого, томпойду кол менен кармоого, тебүүгө болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат, бирдик тикке, бир бирин урматтоого, коюлган максатка жетүүгө үйрөтөт.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.