Созмо атуу

Оюнчулардын саны: 4—6 киши.

Оюн талаада өткөрүлөт.

Оюнда чакан таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар экиден болушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери менен таш ыргытуучу жерге чыгышып, бири ыргыткан ташты, кичиси ыргытылган ташка, таш атышып тийгизүүгө аракеттенишет. Андан кийин ролдору менен алмашышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу ыргытылган ташка, таш атып тийгнзген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Ыргытылган ташка, таяк ыргытып тийгизүү, ыргытылган таякка, таш ыргытып тийгизүү, ыргытылган таякка, таяк ыргытып тийгизүү, ыргытылган тебетейге, тебетей ыргытып тийгизүү.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга, таш ыргытылган жакта жүрүүгө, ташты төмөн ыктытууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч тарбияланат, мээлөөгө, кыймылдарды так аткарууга үйрөтөт.

Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев
http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.