Үч тапан

Оюнчулардын саны: 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда чүкөлөр колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар бири биринен 3—10 метр келген аралыкта эки сызык сызылат. Сызыктардын бирөөсүнө бирден чүкөлөр «айкүр» же «таа» конгондон кийин, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден экинчи сызыкта турушуп, колдорундагы чүкөлөрү менен тизилген чүкөлөрдү урушуп үч тапандан алысыраак аралыкка атууга аракеттенишет. Эгерде атып жылган чүкө үч тапандан алысыраакка түшсө, ал чүкөнү аткан оюнчу утуп алып, оюнду кайрадан улантат. Эгерде аткан сака, сызыктагы чүкөлөргө тийбей калса, же тийген чүкөлөр үч тапан аралыкка чыкпай калса чүкөлөр кайрадан ордуна коюлгандан кийин Оюндун кезеги, кийинки оюнчуга өтөт. Оюн, казынада чүкөлөр калбай калгыча уланат. Андан кийин оюнчулар, кайрадан чүкөлөрдү чогултуп, сызыкка тизишкенден кийин, оюңду улантышат. Көп чүкөлөрдү уткан оюнчу жеңүүчү болот оюндун эрежеси, Сызыкты тепсеп же андан өтүп окту атууга, бири бирине тоскоолдук кылууга, керексиз чүкөлөргө тийүүгө, чүкөлөрдү түздөөгө болбойт.

Методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, оюнга ылайыктуу болушу керек. Үч тапан аралыкты тизилген чүкөнү аткан оюнчу өзү өлчөшү керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч, ийилчээктикке тарбияланат, туура мээлөөгө, чамалоого, кыймылдарды так аткарууга үйрөтөт.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.