Тебетейди бийиктикке ыргытып кол чабуу

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада, сахнада өткөрүлөт»

Оюнда тебетейлер колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар диаметри 2—3 метрдей келген тегерек сызышып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден тебетейлерин колдоруна алышып, тегеректе турушуп, бийиктикке ыргытышып кол чабышып кайра жерге түшүрбөй тутуп алууга аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат, Тебетейди бийиктикке ыргытып көп жолу кол чабып кайрадан жерге тутуп алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Тебетейди ыргытып тегеренүү, топту бийиктикке ыргытып кол чабуу, тебетейди бийиктикке ыргытып жерден буюм алуу, топту бийиктикке ыргытып жерден буюм алуу.

Оюндун эрежеси. Бири бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга, оюндун шартын бузууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Тебетейди бийик ыргытуу жөнүндө макулдашып алуу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, шамдагайлыкка тарбияланат, тартипти сактоого үйрөтөт.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.