«Аптап» сынагы: Жылдызбек Турсунбаев

Аптапта

Акактаган деми сыртка билинип,
Аптап менен алпурушат тирилик.
Ачуу тийет күндүн нуру чекеңе,
Асман бели калган сымал ийилип.

Теребел үп, айырма жок тандырдан,
Тердеп дене, беттер ысып албырган.
Эмнегедир күздү күтүп жаткансып,
Эч дайын жок шамал, булут, жамгырдан.

Кургап булак, кудук соолуп какырап,
Киринүүгө дайра сайга чакырат.
Көчө чаңып, саратандар ызылдап,
Көлөкөлөр үй артына жашынат.

Чегирткелер мойсоп буудай талаасын,
Чырмоок издейт соолубаштын дабасын.
Анда-санда ийнеликтер ойсоңдоп,
Араң сермейт көпөлөк да канатын.

Балдар таппай ойногонго чыдамын,
Бак-дарактар күнгө кактайт ыраңын.
Ах, ысыкта Көлдү самап бараткан,
Асфальт эрип изи түшөт унаанын.

Жанып турган оттон тандап шеригин,
Жалын кылып төгүп чексиз мээримин.
Жандын баарын талыкшытып, суусатып,
Жай сездирет жалпы журтка ээлигин.

Жылдызбек Турсунбаев,
«Аптап» сынагына

Соц тармактар:

28 thoughts on “«Аптап» сынагы: Жылдызбек Турсунбаев

  • 10.08.2011 at 15:09
    Permalink

    Суроттоо, салыштыруу, ырдын техникасы…
    Кыскасы баардыгы жайында. Эн сонун жазылыптыр! Калеминиз курчуй берсин!

    Reply
  • 10.08.2011 at 15:51
    Permalink

    Калемин курчуй берсин Жылдызбек. Жакшы жазыпсын чындыгында

    Reply
  • 10.08.2011 at 15:58
    Permalink

    Жылдызбектин кайсы темада ошону элестетип окуйсун да… “Аптаптасын” да ошондой элес менен окудум. Сенталанттуу жигитсин Жылдызбек, талантын ташкындап, сенин талантын бизге да анча-мынча жукса суйунот элек… Баптап сїйлєп, айтып, жазган сендей жигиттер турганда кыргыздын тубу кенейип, терендей беририне кумон ныпым жок…

    Reply
  • 10.08.2011 at 15:59
    Permalink

    Жылдызбек кайсы темада жазса, ошону элестетип окуйсун да… «Аптаптасын» да ошондой элес менен окудум. Сен таланттуу жигитсин Жылдызбек, талантын ташкындап, сенин талантын бизге да анча-мынча жукса суйунот элек… Баптап сїйлєп, айтып, жазган сендей жигиттер турганда кыргыздын тубу кенейип, терендей беририне кумон ныпым жок…

    [Reply]

    Reply
  • 10.08.2011 at 17:31
    Permalink

    Мени колдоп жазгандардын баарына чон рахматымды айтып, ийилип таазим этем…

    Reply
  • 10.08.2011 at 17:36
    Permalink

    Талантына таазим Жылдызбек, ыр аябай сонун жазылыптыр. Ноокаттын аптабын суроттоптурсун тимеле. Озумду Ноокатта жургондой сезип кеттим. Азаматсын Жылдызбек эми таймаштын башы бол!!!

    Reply
  • 10.08.2011 at 17:51
    Permalink

    Жылдызбек, абдан сонун жазылыптыр!

    Reply
  • 10.08.2011 at 17:56
    Permalink

    Жакшы сүрөттөлүп жазылыптыр. Калемиң курчуй берсин, Жылдызбек

    Reply
  • 10.08.2011 at 18:11
    Permalink

    Жылдызбек Турсунбаев, талантынызга таазим! Калеминиз курчуй берсин дебесем деле курч экени чындык!

    Reply
  • 11.08.2011 at 13:09
    Permalink

    Саптарына кошуп жайдын элесин
    Создор менен сурот тартып бересин.
    Таштак жолдон таскак салып откондой
    Талант менен тамшандырып келесин!
    Баракелде Дос! Алга, Алга жана Алга!

    Reply
  • 11.08.2011 at 13:10
    Permalink

    эн сонун экен.учурда сиздей алтын калемдин баркын билээр замандаштар коп болсо гана.

    Reply
  • 11.08.2011 at 13:18
    Permalink

    Жылдызбек аганын ар бир жазган ыры менин купулума толот. Кадимкидей ыр окугандай болом. Себеби, бизде азыр “жасалма” акындар кобойуп кетпедиби. Жыке байке сизге “5” эмес, “6” коём! Сизге талант Кудай тарабынан берилген! Ар дайым бар болуп, бизди курч ырларыныз менен кубантып журо бериниз! Калеминиздин сыясы эч тугонбосун! Ийгилик сизге!

    Reply
  • 11.08.2011 at 13:29
    Permalink

    Бах чиркин, керемет экен ырыныз! Ырды окуп атып, кополок кууп жургон чагым эсиме тушуп кетти. Коптон бери ушунлай суроттоо саптарын окуй элек элем, Жылдызбек байке сиз мага чанкап турганда жарма бергендей эле болдунуз! Рахмат сизге! Калеминиздин сыясы тугонбой, мындан дагы мыкты шедеврлерди жарата бериниз!

    Reply
  • 11.08.2011 at 15:20
    Permalink

    Абдан мазмундуу экен, “эн жакшы”,”Эн сонун”!деген баа бердим мага абдан жакты

    Reply
  • 11.08.2011 at 15:24
    Permalink

    Жылдызбек талантына таазим этебиз “АЛГА” демекчимин!!!

    Reply
  • 11.08.2011 at 15:32
    Permalink

    Окуп алып окуя болуп жаткан жерге барып келгендей болосун, бир эле бул ыр эмес, Жылдызбектин калеминен тогулгон ырларынын баары мааниси зор. Жылдызбек – биздин сыймыгыбыз! Азаматсын, онорун мындан ары оркундой берсин!

    Reply
  • 11.08.2011 at 15:34
    Permalink

    Жайдын отуп баратканын коруп, ичим ачышып атты эле. Жылдызбек агамдын “Апатапта” ырын окугандан кийин журогум жылып калды. Ушунчалык таамай, корком суроттолуп жазылыптыр. Эгер чыгарма окуп атканда таасирленсен, ал чыгарма жакшы болгону корунуп турат. Менде дал ушундай таасирленуу болду. Коз алдыма жайкы саратанды, аптапты элестетип окудум. Журоктон чыккан ыр экени байкалып, журокко жетип атат. Жылдызбек Турсунбаевдин баардык темага кайрылган ырлары укмуш, алтургай ырларына обон да чыгып журот. Откондо “Жоролор” тобунун концертин Жылдызбек Турсунбаев алып барат деген маалыматты угуп, Жылдызбек мырзанын куюлушкан созун, чечендигин угайын деп атайын концертке барсам, мен куткон агамдын ордуна Камчыбек Сарыбаев чыкса болобу. Ай деп башымды чайкап, концерт буткончо кыжаалат болдум. Бул дагы созду багып, создун кучтуулугун журокко жеткирген Жылдызбек акындык кучтуу созмордугундо, жамактаган создорундо болсо керек. Дал ошону угалы деп барганбызда. Кыскасы Жылдызбек Турсунбаевди сынакка катыштырбай эле дароо байгени берсек дагы жарашат. Сиздин келечегиниз алдыда. Кыргыздын Жылдызы болуп журо бериниз. Калеминизди, чыгармачылыгынызды баалап жана урматтап карындашыныз Шапу.

    Reply
  • 11.08.2011 at 15:45
    Permalink

    onorun orkundoi bersin doske, sen KG nin emei ele duynonun isigan aptabin surotop jaziptirsin, kaida barba ushul korunush bul ailarda. kalemin kurchup, talantin tashkindai bersin…

    Reply
  • 11.08.2011 at 15:53
    Permalink

    Албетте! Мыкты жазылган баардык комментарийлерго туздон туз кошулам. Бир эле бул ырын эмес баардык ырларын жагат. Талантын оркундой берсин, Атына затын жарашып, Жылдызы бол элиндин. Калемин дагы да болсо коп коп ырларды жарата берсин.

    Сени терен урматтап жана сыйлаган досун Нурбек!

    Reply
  • 11.08.2011 at 16:39
    Permalink

    Баракелде !!! Калеминиз курчуй берсин Жылдызбек байке! Ырыныз эн мыкты суроттолуп салыштырылган !!! Чын эле быйыл ысыкта кирерге ийин таппай журдук го… Асфальт ээрип кыздар кие албал такалуу, деп койсонуз да сонун болмок экен. Анткени такаларыбыз асфальтка батып жатпадыбы.
    Кудайым сиздей акынды Кыргыз элимдин арасында жаратканына ыраазыбыз !!! Англияда жаратып койсо журмокпуз да I dont understand Жылдызбек байке деп(Тамаша)!!!

    Reply
  • 11.08.2011 at 18:57
    Permalink

    “Көчө чаңып, саратандар ызылдап,
    Көлөкөлөр үй артына жашынат” ….

    Мага жакты, образдуулук, создорду колдоно билуу…

    Башка ырларыныз болсо да, жайгаштырып койсонуз жакшы болмок, окуп турганга

    Reply
  • 12.08.2011 at 12:11
    Permalink

    Yr ayabai jakschy jazylgan eken. Azamat! Dobuschum saga. Alystagy tuugan jerdin aptabynyn ilebin sesdim. Birok, jalan ele dos-karyndastarin dobusch bere bergen go. Yrdyn ozuno dobusch berilbei ele, yrga tieschesi jok, “Jyldyzbek konsert alyp barmak ele orduna Kamchy Saribaev alyp bardy” dep ele jaza berische bolo berebi? Akyndyn ozunon murun yryn maktasch kerek tuugandar. Kalemin kurchui bersin!

    Reply
  • 15.08.2011 at 16:53
    Permalink

    Эх чиркин ыр эмес бекен! Ыр деген ушундай болсо окуганда журокту эзип, толкунданып чыгат экенсин? Жылдызбек байке сизге ийгилик! Калеминиз курчуп кыргыздын белдуу акындарынын бири болунуз!

    Reply
  • 18.08.2011 at 11:06
    Permalink

    Жыке, эми китеп чыгарбасан болбой калды! ушунча адамды ырларына суусатып коюп унчукпай отура беруу уят… Каржысын деле мойнуна которуп кете турган суйуктуу окурмандарын бар экен… Ийгилик, Бар бол!

    Reply
  • 01.09.2011 at 11:48
    Permalink

    Жылдызбек Турсунбаев:
    азыркы замандын чыныгы Жылдыз акыны!
    ХХI кылымдын накта кыргыз акыны!
    гул бакчада булбул акыны,
    онор баккан дулдул акыны!!!

    Журналист, ди джей, акын, манасчы- кайсы бирин айталы????Демек, баш байгеге чындап татыктуу жигит!
    Эгемен олкондо эргип ырлар жазып, эркелеп,оркундоп осуп, ийгиликтерге жетише бер иним!
    Сендей таланттар менен элибиз сыймыктана берсин!!!

    Reply
  • 01.09.2011 at 15:50
    Permalink

    Жылдызбек, сыйлык кут болсун!
    Байге сеники болооруна чындап ишенгем.
    Бул сыйлык акыркы болбосун! Ага да бекем ишенебиз а сен аптапта, ызгаарда, колокодо.. ырлар жазып элинди кубандыра бер!
    Омурдун бардык кундорундо ырлар сени менен болсун!!!

    Reply
  • Pingback: «Күз» темасына арналган бир ырдын сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды — kmb3

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.