Максым

(Анжеликанын рецепти менен)

– Бул – ачытылган жарма суусундугу. Максым талкандан жасалат. Болгону, анын кайсы дандан жасалышына жараша арпа, буудай, жүгөрү максымы деген түрлөргө бөлүнөт. Максымды эки жол менен да жасоого болот.

Керектелүүчү азыктар: Суу – 4-6 литр, Талкан – 200-300 грамм, Көрөңгө – 200-250 грамм, Тоң май – 1 аш кашык, Ун – бир аш кашык, Татымына жараша туз.

Максым ачытуунун 1-жолу:
Тоң май кошулуп кайнап жаткан сууга үзгүлтүксүз чубуртуп бөлтөк болбогондой кылып талканды саласыз. 25-30 мүнөт жай отто бир калыпта кайнатып, андан соң отту өчүрүп, табы кайткыча коюп коёсуз. Жылуураак кезинде көрөңгө куюп, унду чаласыз. Максым бөлмө температурасында 8-10 саатта ачып калат. Мезгил-мезгили менен чалып турсаңыз да болот. Ачыганга чейин максымга ак ( сүт, айран, сүзмө) кошуп койсо, көбүрүп жакшы ачыйт. Максымдын түбүндө калган коюусун кийинкиге калтырып туруу керек. Ал көрөңгө болот.

Максым ачытуунун 2-жолу:
Тоң майды эритип, ысыган мезгилде ага талканды кууруп, чуурута муздак сууну куюп 20-25 мүнөт кайнатасыз. Калган иш-аракеттин жүрүшү жогоруда айтылгандай эле уланат. Куурулган талкандан жасалган максым даамдуу, ичкиликтүү келээрин эсиңизге сала кетейин.

Максым даамдуу болсун десеңиз, алгач унду тоң майга кызарта кууруп алууну унутпаңыз.

Шарипа Бекташева, www.super.kg

 

* * *

Максым – ачытылган жарма суусуну. Максымдын бышырылышы жарманыкындай. Кайсы дандан жасалышына жа­раша арпа, буудай, жүгөрү максым деп бөлүнөт. Арпа мак­сымдын башка максымдан айырмасы: тунбайт, ичкиликтүү, даамдуу келет. Жасалуу ыкмасы бардык талкандын түрүнө бирдей. Максымды эки жол менен жасоого болот.

1-жолу. Май кошулуп кайнап жаткан ысык сууга үзгүлтүксүз чубуртуп бөлтөк болбогондой талкан чалынат, 25- 30 минута кичине отто жай кайнатып, отту өчүрүп, бир аз муздагыча коёт. Жылуурак кезинде ачыткы куюп, ун чалат. Бөлмө температурасында 8-10 саатта ачыйт. Мезгил-мезгили менен чалып турса да болот.

Ак – сүт, айран, сүзмө кошулган максым көбүрүп жакшы ачыйт. Максымдын көрөңгөсүн (ачыткысын) калтырып туруу керек. Көрөңгө деген жаңыртып ачытуу үчүн идиштин түбүндө азыноолак калтырылган ачкыл.

2-жолу. Тоң майды эритип, ысыган мезгилде ага талканды кууруп туруп, суу кошуп 20-25 минута кайнатат. Калган процесс мурункудай эле болот. Куурулган талкандан жасалган максым даамдуу, ичкиликтуүү келет. Коюу тамактан кийин, же өзүнчө эле суусаганда берилет.

4-6 литр сууга 200-300 грамм талкан, 200-250 грамм көрөңгө (ачыткы), 1 аш кашык тоң май, 1 аш кашык ун жана татымына жараша туз керектелет.

«Эл таануу» китебинен алынды

МАКСЫМ ЖАСООНУ ҮЙРӨТӨБҮЗ

Ысыкка чыдабай көлөкө издеп, суусап турган маалда чаңкаганыңызды кандыра турган суусундук ичип алганга эмне жетсин. Кыргыздын улуттук ашканасы табигый азыктардан жасалган суусундуктарга бай. Аларга жарма, максым да кирет. Максым – талкандан жасалган жарманын ачытылганы. Ал эми жарманы ачытпай, жөн гана ага ак (сүт, айран, сүзмө) кошуп ичкендер да бар. Келиңиз анда, көбүрүп-жабырган максым кантип жасаларын үйрөнүп алыңыз.

Керектелүүчү азыктар:

8-10 литр максым даярдайм десеңиз: Ушунча өлчөмдөгү сууга
тоң май – 2 аш кашык,
ун – 2 аш кашык,
талкан – 400-600 грамм, көрөңгө – 400-500-грамм, татымына жараша туз.

maksym

Билип алыңыз:

  • Унду куургандан кийин бир аз жылуу суу кошуп унду эзип алып, андан соң муздак суу куйсаңыз, куурулган ун бөлтөк болбой, тегиз эзилет.
  • Жарма кайнап жатканда ташып кетпеси үчүн маал-маалы менен чалып туруңуз.
  • Жарма кайнап жатканда маалы менен сапырып турсаңыз, талкан жакшы бышат.
  • Максымды ачытуунун алдында ага 100-200 граммдай айран же сүзмө кошуп койсоңуз, ал көбүрүп-жабырып жакшы ачыйт.
  • Эгер үйдөгү температура төмөн болсо, максымды ачытуу үчүн күн тийген жерге алып чыгып койсоңуз болот.
  • Максым куюлган мискейге темир чөмүчтү калтырып койбой, алып коюп турганыңыз же жыгач чөмүч колдонгонуңуз жакшы. Себеби темир чөмүч максымды тундуруп коёт.
  • Максым ачытуу үчүн көрөңгө жок болуп калса, ачыткы (дрожжи) колдонсоңуз болот.

Ширин Турдакунова, “Супер-инфо”, №605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.