Шербет

Бул суусундук жаңы мөмө-жемиштерден же кактардан жасалат. Мисалы, жаңы алма, алмурут, өрүк, кара өрүк, чие жана башка жемиштер.

Керектелүүчү азыктар: Кургатылган жемиш – 200-300 грамм, Кумшекер – 200 грамм, Суу – 1 литр.
Ваниль
Лимон кабыгы

Жасалуу жолу:
Кургатылган какты таза жууп аласыз. Мискейге муздак суу куюп, какты салып 15-20 мүнөт жай кайнатып, андан кийин кумшекер, ваниль, лимон кабыгын, табитке жараша жаңы жемиштерден же мейиз кошуп дагы 5-6 мүнөт кайнатасыз. Шербетти муздаткычта эмес, бөлмөдө суутса, даамы жакшы чыгат.

Шарипа Бекташева, www.super.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.