«Аптап» аталышындагы бир ырдын сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Бир ырдын «Аптап» аталышындагы сынагына баш-аягы болуп 10 акын ырлары менен катышты. Бул жазында өткөрүлгөн “Көктөм” сынагына салыштырмалуу аз. Жай айларында адам негизи эс алуу тууралуу ойлонуп, сынакка катышууга чыгынгысы келбеди го деген пикирдебиз. Бирок аз болсо да ырлар сапаты жагынан саз болду. Сыйлыкка татыктуулар көп болуп, жюриге жеңүүчүлөрдү аныктоо оңойго турбады. Бирок тандашыбыз керек эле. Сыйлык орундар саналуу. Эмесе жыйынтыкка көңүл бурсак:

1-орундун ээси Жылдызбек Турсунбаев болду.

Андан кийинки 2-орунда Жыпар Исабаева.

Мурдагы “Көктөм” сынагынын жеңүүчүсү Бакыт Жунусалиев бул жолу 3-орундуу болду.

Ал эми блогубуздун атайын сыйлыгынын ээсин аныкташ үчүн “Мой мирде” атайын сурамжылоо жүргүзүп, “Кыргыз маданият борборунда” жарыяланган ырларга жазылган пикирлерди эсептеп чыктык. Бул жерде белгилей кете турган нерсе, жюринин чечими окурмандарыбыздын пикири менен дал келиши. Так ушул үч сыйлыктын ээлеринин ырларына эң көп жакшы пикирлер айтылган. Бирок алар сыйлыктуу орундарга ээ болгондуктан, блогдун атайын сыйлыгына алардан кийин эле көп жакшы пикирлерге татыган ыр болмок. Мурдагы “Көктөм” сыйлыгындай бул жолу да блогубуздун атайын сыйлыгын Москвада эмгектенип келген акын мекендешибиз Мелис Мамажан уулу утуп алды.

Сыйлыгыңар кут болсун!

P.S.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу аземин кечиктирбей сентябрь айынын ичинде кылсак деген ойубуз бар. Аны үчүн атайын чакан поэзия майрамын уюштурууну ойлонушутуруп жатабыз.  

Эскерте кетсек, үч лауреатыбыз жана блогубуздун атайын сыйлыгынын ээси “Бийиктик” басмасыны тарабынан даярдалган сыйлыктарга ээ болушат. Ал эми жылдын жыйынтыгы боюнча, ар бир сынактын жеңүүчүлөрүнүн ырлары жана да мыкты деп табылган 2 ырдан атайын жыйнакка киргизилип, ал өзүнчө китеп болуп басылып чыгарылат.

Ал эми жакынкы аралыкта кезектеги үчүнчү, КҮЗ айына арналган бир ырдын сынагын жарыялайбыз.

КМБ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.