Боорсок

Боорсок – кыргыздын улуттук нандарынын бири. Боорсок көбүнчө тойлордо, майрамдарда, аштарда бышырылат.

Боорсоктун кеңири тараган түрү – чарчы боорсок. Жумшак жуурулуп, ачытылган камырдан чактап үзүп алып, жукартып жаят (калыңдыгы 0,5 сантиметрдей), узатасынан тилет (туурасы 3-4 сантиметрдей). Ар бир тилимди кыйгачынан чарчылап кесет, казандагы кайнап жаткан майга аз-аздан салып, депкир менен аралаштырып кызарта бышырат. Бышкан боорсокту сүзүп алып, майын сарыктырып, идишке салат. Тоборсутуш үчүн дасторкондун бетине бир азга жайып коёт.

Чий боорсок үчүн камырга май, кумшекер кошуп, катуу жуурат. Камыр ачыганда абдан ийлейт, чактап үзүп алып, жукартып жаят, чыпалактын жоондугундай кылып узунунан тилет, андан кийин бурап-бурап туруп кесет. Бышкан чий боорсоктун жоондугу бармактай, узундугу 4—5 санти­метрдей болот. Мурда бул боорсокту чийдин бетине тоголотуп, чийдин изин түшүрүп жасашкан. Ушундан улам чий боорсок деп аталган.

Көөкөрдүн түспөлүндө бышырылган боорсок көөкөр деп аталат. Көөкөр көбүнчө балдардын туулган күнүнө же баш­ка шаан-шөкөттөргө арналып жасалат. Көөкөрдүн камыры май, кант кошулган сүткө жуурулат, башка боорсоктор сыяктуу эле бышырылат.

Бал боорсок. Катуу ийленген камырды 2 миллиметр калыңдыкта жайып, 1—1,5 сантиметрден узата тилип, аларды туурасынан чийдей жоондукта кесип чыгат. Казандагы кызыган майга бышырат. Бал менен кумшекерди кайнатат. Бышкан боорсокту кенен идишке салып, кайнаган балды куюп, тынымсыз аралаштырат. Муздак сууга чайкалган подноско даяр болгон бал боорсокту салып, түрдүү формага (тегерек, сүйрү, пирамида) келтирет, мейиз менен кооздолот. Бал боорсок тарелкаларга салынып чай менен берилет.

Ширин боорсок. Камыры суюк ачыткы менен ачытылат. Даяр камырды диаметри 2 сантиметрден бурап толгоп, 2 сантиметр узундукта кесип чыгат. 20 минута тыныктыргандан кийин ысык майга үзгүлтүксүз аралаштыруу менен бышырат. Тарелкаларга салып чай менен берилет.

«Эл таануу» китебинен алынды

 

 

ЧАРЧЫ БООРСОК

Керектелүүчү азыктар:
Ун
– 2 килограмм
Каймак же майонез – 200 грамм
Кумшекер – 150-200 грамм
Сүт – 1 литр
Ачыткы – 10 грамм
Май – 1 литр
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
Каймак же майонез, кумшекер, сүт, ачыткы кошуп жумшагыраак кылып камыр жууруп, жылуу ороп 1-2 саатка тыныктырабыз. Камыр ачыгандан кийин чактап үзүп алабыз да, калыңдыгы 1-1,5 сантиметр болгончо жаябыз. Жайылган камырды узатасынан тилип, ар бир тилимди чарчылап кесип алуу керек. Даяр болгон кесимдерди кайнап жаткан майга салып, сүзгүч менен аралаштырып турабыз. Кызарганда сүзүп алып, майын сарыктырып табакка салабыз. Боорсоктун ар бир салымы майдын көлөмүнө жараша болот. Тилимдерди чоң же чакан кесүү кожойкенин өз ыктыярында. Бышкан боорсокту жыгач себетке салып, муздагандан кийин целлофан баштык кийгизип койсоңуз, формасын жоготпой (борсоюп), жумшак боюнча турат.

ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

  • Камырды жакшы эленген ундан жууруса, арасына аба кирет да, жакшы жуурулуп, ийи бат каныгат жана тез ачыйт.
  • Камырды жылуу сууга жууруу шарт. Ысык сууга жуурулган камыр катуу болуп калат.
  • 1 килограмм унга орточо көлөмдөгү сууга бышырылган 2-3 картошканы эзип кошуп жиберсе, камыр жумшак болот.
  • Камырга сууга бышкан бир кесим ашкабакты эзип кошуп жиберсе, камыр жумуртка кошкондой сапсары жана даамдуу болуп калат.

Дамира Арстанова, «Супер-инфо», №470 4-10-ноябрь, 2011-жыл

 

 

БЫШТАК БООРСОК

byshtak_borsokКеректелүүчү азыктар:
Ун
– 1 килограмм
Быштак – 1 килограмм
Жумуртка – 2 даана
Кант упасы – 100 грамм
Суу – 400 грамм
Ачыткы – 1 чай кашык
Өсүмдүк майы – 1 литр
Туз – Татымына жараша

Жасоо ыкмасы:
1.
Жылуу сууга жумуртканы, ачыткыны жана тузду кошуп аралаштырып алабыз.
2. Андан кийин унга быштакты кошуп, суу менен жумшак кылып камыр жууруш керек. Камырды 30-40 мүнөт көтөрүлгөнчө күтүү туура.
3. Камырды кол менен жазылап, жалпак кылабыз.
4. Эми аралыгын 2-3 сантиметрден кылып, узатасынан узун-узун кесимдерге кесебиз.
5. Узун кесимдерди туурасынан кессек, чакан-чакан тоголокчолор келип чыгат.
6. Аларды алаканга салып тоголок формага келтирүү керек.
7. Даяр болгон боорсоктор майга салынып бышырылат.

Бышкан боорсокторду табакка үйүп салып, үстүнө кумшекер упасын себелеп коёбуз.

 

 

КҮЛГҮН БООРСОК

kulgun_borsokКеректелүүчү азыктар:
Ун
– 1 килограмм
Суу – 400 грамм
Кумшекер – 1 аш кашык
Маргарин – 2 аш кашык
Кызыл кызылча – 200 грамм (же 1 кичинекей даана)
Ачыткы – 1 чай кашык
Өсүмдүк майы – 1 литр
Туз – Татымына жараша

Жасоо ыкмасы:
1.
Алгач кызыл кызылчаны кабыгынан аарчып, жарым литр сууга 10-15 мүнөт кайнатуу керек. Кайнаганда суу бууланып, көлөмү 400 граммдай болуп калат.
2. Кызылчаны чыгарып салып, өңү кызыл сууну муздатабыз.
3. Кол күйбөгөндөй болгондо ага кумшекер, туз жана эритилген маргаринди кошуп аралаштырабыз.
4. Эми унга даяр болгон суу куюлуп, жумшак камыр жуурулат.
5. Камыр көтөрүлгөн соң жука жайып, төрт чарчы же тоголок кылып кесебиз.
6. Кайнап жаткан майга бышырып алуу керек. Кызылчанын суусунан улам боорсоктордун өңү күлгүн болуп калат.

 

АШКАБАК БООРСОК

ashkabak_borsokКеректелүүчү азыктар:
Ун
– 1 килограмм
Суу – 300 грамм
Кумшекер – 1 аш кашык
Маргарин – 100 грамм
Ашкабак – 200 грамм
Ачыткы – 1 чай кашык
Өсүмдүк майы – 1 литр
Туз – Татымына жараша

Жасоо ыкмасы:
1.
Алгач ашкабакты кабыгынан тазалап, сууга жакшы бышырып алуу керек.
2. Эми ашкабакты эзип, унга кошуу зарыл.
3. Андан соң кумшекер, эритилген маргарин, туз, ачыткы жана жылуу суу менен камыр жуурулат.
4. Камыр ачыган соң жука жайып, төрт чарчы кылып кесип алыңыз.
5. Камырды кайнап жаткан майга тегиз бышыруу керек.

 

САЙМА БООРСОК
Камыры кадимки боорсоктукундай эле жуурулуп, жайылат. Камыр атайын тиштүү бычак же түр жасай турган ашкана жабдыгы менен кесилет. Мындай боорсок көбүнчө тойго жасалат.

 

ЧИЙ БООРСОК
Бышкан чий боорсоктун жоондугу бармактай болушу шарт. Мурда аны чийдин үстүнө тоголотуп, чийдин изин түшүрүп, анан кесишчү. Ошондуктан чий боорсок аталып калган.

Чий боорсокту даярдоонун дагы бир жолу бул жерде бар.

 

БЫТЫРА БООРСОК
Башка боорсоктордон айырмасы – майда кесилип бышырылат. Адатта бытыра боорсокту чачыла катары пайдаланышат.

 

КӨӨКӨР БООРСОК
Бул боорсоктун өзгөчөлүгү формасында. Ал үчүн консерванын калай банкасынан көөкөр формасында кескич жасап алуу керек. Боорсоктун курамы кадимки боорсоктукундай.

kookor_borsokКеректелүүчү азыктар:
Ун
– 1 килограмм
Суу – 400 грамм
Кумшекер – 2 аш кашык
Каймак же маргарин – 2 аш кашык (100 грамм)
Ачыткы – 1 чай кашык
Өсүмдүк майы – 1 литр
Туз – Татымына жараша

Жасоо ыкмасы:
1.
Унга кумшекер, каймак, ачыткы, туз кошуп, жылуу суу менен жууруйбуз.
2. Камыр көтөрүлгөндөн кийин жука жайып, алдын ала даярдалган калыптын жардамы менен кесебиз.
3. Андан соң камырлар кайнап жаткан майга бышырылат.

Даяр болгон көөкөр боорсогу дасторконуңузга көрк тартуулайт.

Салтанат Мукасова, «Супер-инфо», №541 5-21-март, 2013-ж 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.